Эрендер эмне кеп айтат?

Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
"Оппозиция десе эле бийликти сөккөндөрдү түшүнүп жатабыз"

- Мирослав Жумабекович, айтсаңыз, дегеле оппозициянын табиятын кандай түшүнөсүз?
- Албетте, оппозиция болушу керек. Бүгүнкү күндө "оппозиция" дегенде бийликти сөккөндөрдү түшүнүп жатабыз. Оппозицияны мен альтернативдүү мамлекеттик, экономикалык, социалдык, айыл-чарба ж.б. көз карашын билдирген, аларды кантип көтөрүп, кандай жолдор менен социалдык абалыбызды өзгөртүшүбүз керек деген топ деп түшүнөм.
- А биздеги оппозициялык күчтөрдүн бүгүнкү күндөгү дарамет-деңгээлине кандай баа берээр элеңиз?
- Айрым саясатчыларда мамлекеттин ишине туруктуу көз караш бар. Бирок, көпчүлүк учурда оппозиция бийлик жасаган ишке каршылык көрсөтүп, бирок, өздөрүнүн бул боюнча альтернативдүү сунуштарын, кайсы жол менен кайда барыш керектигин билдирбей жатышат. Бул алардын оркойгон кемчилиги. Мамлекеттик ишмер менен саясатчынын айырмасы бар. Мисалы: француз президенти Жорж Помпиду: "Мамлекеттик ишмер - бул саясатчы, бирок, өзүнүн акылын, тажрыйбасын, деңгээлин эл үчүн деп иштеткендер. Ал эми саясатчы да мамлекеттик ишмер, бирок, ал адам өз кызыкчылыгына көп иштейт", деген. Бизде саясатчылар көп, ошол эле оппозициянын арасында, бийликте да. Тилекке каршы, чындыкты айтканда, мамлекеттик ишмердин башы көрүнбөй жатат.

- Элибиздин түшүнүгүндө оппозиция десе эле бийликке таарынгандар жана бийликтен ыдык көргөндөр калыптанып калышкан…
- Албетте, таарынгандар жок эмес. Көрүп жатпайбызбы, оппозиционермин дегендер бир күнү бийликке келип калууда. Ошондуктан бул бийлик менен туруктуу оппозиционерлердин эсептешүүсү кыйын болуп баратат. Оппозициядагыларга жумуш берип койсо эле кете берет экен, принциптери жок. Буларды эч качан оппозиционерлер дей албайм. Бийлик менен келишпей кеткендер бар. Мен дагы кызматыман бийликтегилер менен келише албай баса бергем. Ошол эле үч тамга башчысы Табалдиев, Исаков жана айрым депутаттарыбыз баш болуп белгилүү да, белгисиз да себептер менен кетип жатышпайбы.
А дүйнөлүк практикада оппозиция - бир көз караштагы адамдар мамлекеттик, экономикалык түзүлүш боюнча, каржылык стабилдүүлүк тууралуу атайын адистерге бир команда болуп түзүлүп, ошол команда менен биргеликте бийликке барат, же бийликтен кетишет. Команда деген сөз болушу абзел. Ал жок болсо, оппозициядагылардын "мен кыйын, мен президент боло коймокчумун" дегендери куру сөз. Ошол сөздүн аркасында программа, шарт болушу керек. Анын тегерегинде дасыккан адистер чогулуп, таза кадрлар болсо, буларга эл ишенмек. Мына, биздикилер БЭК аттуу кыймыл түзүп жатышат. Алардын Кыргызстандын келечеги боюнча көз карашы менимче, бирдей эмес. Булар бийликтегилерди кызматтан түшүрүш керек деген ойдо. Андан кийинки көз караш өзгөрүшү мүмкүн. Ошол себептен бизге жогорку деңгээлдеги оппозиция керек болуп жатат.
- Учурда оппозиция лидери болуш үчүн "капчыктын калыңдыгы" роль ойноп кетип жатпайбы. Ушуга макулсузбу?
- Уюштуруп, иш жүргүзөм десең албетте, акча керек. Таптакыр кереги жок дей албайм. Мындай жагдайларда уюштуруу иштерин көңүлгө толоорлук жүргүзсө бизнесмендер колдошу мүмкүн. Албетте, акча жок оппозициянын ишин жүргүзүш оор болушу турган иш.
- Сиз парламенттик башкарууга каршы чыгып келесиз. Себеби эмнеде?
- Эң биринчи- президенттин укугун кыскартыш керек. Себеби, бизде президенттин үй-бүлөлүк башкаруусун ооздуктай албай атабыз. Ал эми парламенттик республика болсо, мисалы жүз депутат болсун дейли. Ошолор премьер-министрди өздөрүнүн ичинен дайындашат. Министрлерди дайындашат. Ошол жүз депутаттын куру дегенде ондон туугандары бар да.Ошондо ал жүз депутатты туугандары менен кошо кантип ооздуктай алабыз? Ар бир нерсенин өз учуру болот. Азыр демократия, базар экономикасы бутуна тура электе андай башкарууга өтүү эртелик кылат. Бүгүн биз акылдуу, эл-журтка башы көрүнүп калган, түз жүргөн, таза лидерлерге таңсыкпыз. Тилекке каршы,бүгүнкү күндө президенттик башкаруу системасы күндөн-күнгө күчөп кетип атат.
- Анда биздеги мамлекеттик түзүлүш деги кандай болушу керек?
Эң оболу айыл өкмөттөрүнөн тарта эл шайлап, эл жоопкерчилигин алып, жер-жерлерге бийликти берсек туура болмок. Андан соң аким, губернатор, мэрлерди бийликке ээ кылышыбыз абзел. Дегеле, дүйнөлүк практикада цивилизациялуу өлкөлөрдө биздегидей кош бийлик жок. Муну баса белгилеп айтышыбыз керек. Ар бир регионго аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн өздөрү тандоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек эле. Бийлик болсо жер-жерлердеги башкарууга калыс карап, адилеттүү саясат жүргүзсө, мамлекеттик башкаруубуз оң жолго түшмөк. Бийлик каршы болсо да эртели кеч ошондой башкарууга эл өзү келет. Өзгөчө азыркыдай депутаттык копустун кереги жок. Анткени, жер-жерлерде өкүлчүлүк жок болуп баратат. Жеке пикиримде, парламенттин теңи парттизме менен, теңи региондордон шайланып келсе, анан бир эле палаталуу мыйзамчылар болсо жетиштүү болот эле. Албетте, куру кыйкырык менен эмес, иштин да, мыйзамдын да маңызын чыгаргандардын келиши учур талабы болуп турат. Европадан, Москвадан бүтүп келген билимдүү, заман талабына жараша ой калчаган жаштарыбызды четке какпай, аларды башкаруу системабызга ишке тартуу өзгөчө маанилүү.
- Бүгүнкү бийликке эмне жетпей жатат?
- Жаман мыйзам менен, бирок, жакшы чиновниктер менен мамлекетти жакшы башкарса болот. Мыкты мыйзам, бирок, жаман чиновниктер менен мамлекетти башкарууга болбойт. Бизде эң оболу акыл, андан соң тажрыйба жетишпей жатат. Ушу бөксөлүктөрдү эмнеси болсо да толукташыбыз керек.
- Бизде оппозиционерлердин талабы аткарылыш үчүн алар сөзсүз бийликке келиши зарылбы?
- 2005-жылы Акаев качып кеткен соң оппозициядагылар бийликке келишпедиби. Бирок, эмнелер өзгөрдү? Турмушубуз кайрадан оорлоп, элдин нааразычылыгы көбөйүп кетти го. Бул жерде жалаң гана бийликте күнөө эмес. Жалпыбыздын, оппозициянын, элдин да мүчүлүштүгү бар. Оппозиция бийликти жамандаса эле баары жакшы болуп кетпейт. Андыктан, көзүбүздү чоң ачып, оппозицияда жүргөн адамдарды терең көз караш менен караганыбыз туурадыр. "Тиги айтты, муну сокту" деп эле баалай берсек жаңылабыз. Үчүнчү ирет жаңылсак элди, мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Эмитен бизге кандай бийлик керек деген суроого жооп издешибиз шарт. Элди күч, куру кыйкырык менен эмес, чоң акыл-көрөңгө менен ээрчитчү эл башы керек.
- Ушундай адамдарды мамлекеттик кызматтагы адамдардан деле карасак болобу?
- Мамлекеттик кызматта иштегендердин арасында да идиректүүлөрү жок эмес. Албетте бар. Алар, депутаттар баш болуп үнүн басып, башын көтөрбөстөн бийлик айткан буйруктардан чыга албай калышты. А бирок, көпчүлүк депутаттардын элге кыпындай да пайдасы жок.
- Болочок президентти конкреттүү атабасаңыз дагы, барбы ошондой киши?
- Кыргызстандын жүгүн чындап аркалайм дегендерди көрө албайм турам. Президенттик шайлоо учурунда бир да кишиге кошулбай койдум. Себеби, Кыргызстанды кризистен сууруп чыкчу лидерди араларынан көрө алган жокмун.
- Демек, азыркы оппозиция арасынан чыныгы лидерди сиз өңдүү адамдар көрө албай турса, анда жөн гана кызмат үчүн чуркап жүрүшкөндөр турбайбы?
- Жок. Кызмат кууп жүрүшөт дегенден алысмын. Алардын дагы ич күйгөнү, нааразычылыктары көп болуп жатса керек. Бул бир жагы. Экинчиден, ошого деңгээли жетиши керек. Мен айткандай, бизге мамлекеттик ишмер керек.
- Оппозициянын бийликке коюп жаткан талаптары өтөөсүнө чыгуусуна ишенсек болобу?
- Оппозиция негизинен эл кызыкчылыгын көздөөдө. Буга оппозиция эмес эле, эл да каршы чыгууда. Исаковдун иши боюнча, саясий террорчулук иштери боюнча бул иштердин бардыгына жооп берчү учур келет. Эртеби-кечпи мындай иштери үчүн суралчу күн келер. Эл койгон, оппозиция койгон талаптар аткарылыш мүмкүн.
- Уруу-уруу, оң канат, сол канат деген бөлүнүүлөргө кандай көз караштасыз?
- Кийинки учурларда жаңы коом пайда болууда. Жердештер, аксакалдар, тааныштар деген сындуу процесстер көп жүрүүдө. Оң канат, сол канат деген ж.б.у.с. процесстердин жүрүшү жакшы жышаана. Мындайлардан коркпошубуз керек. Ушул процесстерди толук колдойт элем. Анткени, бул динамикалуу жүрүүдө. Муну менен өлкөбүздөгү кайдыгер эмес адамдардын көптүгүн билсек болот. Мындай процесстердин аркасында элди-жерди бириктирип, башкара алган татыктуулар чыгат.
- Сиз өзүңүздү кай тараптамын жана киммин деп эсептейсиз?
- Менин азыр өз көз карашым, акыл-тажрыйбам, позициям бар. Өзүмдү оппозициямын деп эч качан эсептебейм. 25 жыл коопсуздук кызматында иштедим, бүгүнкүдөй оюндарга аралашпай, өз позициямды билдирип келем.
Маектешкен Кубаныч Зайнидинов