Сыргак Абдылдаев:
"ПАВЛЮКТУН ӨЛҮМҮ АКЫРКЫСЫ ЭМЕС. БОЛГОНУ БИРИНЧИ АЙЛАМПА АЯКТАды. ЭКИНЧИСИ эми БАШТАЛат."
АЧЫК КАТ!
Ушул ачык кайрылуум менен чыгуума күрөш майданындагы кесиптешим жана жолдошум Г. Павлюктун курман болушу себеп болду.Мен соңку эки жыл ичинде гана айтпай жүргөн нерселерди айтайын. Башкалары туралуу узун сабак аңгеме али алдыда. Эки жыл өлүм оозунда тобокерчиликте жүрүшүмдүн акыры ушуга алып келди. Менин өмүрүмдү погончон кан ичкичтерге берип коюшуптур, бирок ажал мага жылмайып кана өтүп кетти да, мен тирүү калып жатпаймынбы?
Менин тагдырым өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан мезгилден дээрлик бир жыл өткөндөн кийин эми минтип бөтөн өлкөдө жатып алып биздин кемчонтой кыргыз турмушунан башымдан кечирген көп нерселерин түшүнүгө жана акыл калчоого убакыт жетиштүү эле болду. Түшүнүктүү себептерге байланыштуу белгилүү саясий буйрутма өлтүрүүлөр боюнча көптөгөн жашыруун сырларды ачыкка чыгарбайм. Бирок, чындыкты айта турган ал күн да келет, бардык күнөлүүлөр эл алдында жазаланат. Алардын айрымдары болсо абийирлеринин алдында өздөрүнүн өлүмүн тозуп алышат. Башкача болушу мүмкүн эмес. Өлгөндөрдүн жакындарынын каргышы, каны кое бербейт. Өлгөндөр да эртеби кечпи - бир күнү тирүүлөрдүн тили менен сүйлөйт.
Менин көзүмдү тазалоо боюнча ордунан чыкпай калган кол салууга байланыштуу кылмыш иши шектүү адамдар табылбагандыктан жана жабырлануучунун жоктугунан жабылып калышы мени таң калтырган деле жок. Иш мындан башкача болуп аякташы да мүмкүн эмес эле анткени бирөөнүн өлүмүнө буйрук кылган кожоюн ага тиешеси бар күбөлөр менен баш кесерлердин өздөрүнүн да көзүн тазалап коюшат эмеспи.
Мен эми өлкөсү менен элинин тагдырына кайдыгер карабагандар билип коюууга милдеттүү болгон нерселер жөнүндө гана айтайын.
Менин кеситешим жана досум депутат Р. Шаботоевдин өлтүрүлүшү боюнча ызычуу бир аз тынчыганда- 2008 -ж. ноябрь айынын аягында гана анын өлүмүнүн чыныгы себептерин эч бир адамга билгизбей жашыруун иликтей баштадым. Шаботоев кимдер менен байланышта болуп жүргөндөрүн териштирип отуруп, депутатты өлтүргөндөрдүн шектүүсү деп Айдос деген каймана аты бар казактын "букасы" Айдос Серикбаевдин изине түштүм. Казакхстандагы айрым булактар да бул жалданма кылмышкердин Шаботоевди өлтүрүүгө тиешеси бар экендигин тастыкташты. Заказ берген кожоюн боюнча андан аркы иликтөөм русландын өлүмүнүн артында ким тургандыгын мага так көрсөттү. Аны менен, башка бир катар кадыр барктуу адамдар менен жолугушуудан кийин мен Русландын өлүмү криминалдардын чатагы эмес экендигине биротоло ишендим. Оппозициялык депутат саясий заказ менен өлтүрүлгөндүгү туурасындагы божомолдорум чын экендигине толук ишендим. Март окуясында ак үйдүн коменнданты болгон адамдын көзүн тазалоого ким жана эмне үчүн буйрук бергенин түшүндүм.
Ал ортодо Руслан өлгөндөн кийин 2008-жылдын ноябрынын аягында мага шаботоевдин туугандары кайрылып, Кыргызстандын дайынсыз жок болгон жарандарын, анын ичинде Русланды да издөө боюнча жаңы интернет -басылма ачпайсыңбы деп өтүнүштү. Мындайда дайыма каржылоо маселеси кабыргадан коюлат эмеспи. "21-кылым" деп аталган оппозициялык маанайдагы интернет- басылманын ишин колдоого каражат жетишсиз эле. Сайтты коңшу Казахстандын интернет айдыңында бул ишке кызыкдар адамдардын жана саясий топтордун каражатына ачуу жападан жалгыз туура чечим болот деп түшүндүм. Ошентип мен Кыргызстандан сырт жактан мындай булактарды издеп баштадым.
Ошол учурда 2009-жылдын февралында менин казак жолдошторум Казахстандагы Айдос дымын чыгарбай жашынып жатканын, аны өзүнүн эле санаалаштары кайдагы бир эски күнөөлөрү үчүн эсине келтирип койгону жатышканын айтышты. Бирок иш жүзүндө болсо менин досторум аныкташкандай, бул биринчи заказдын айлампасындагы иш экени билинди. Серикбаевге заказ Шаботоевди өлтүргөндөрдүн кожоюунунан экендиги ал Бишкектен алынгандыгы билинди. Русланды өлтүрүүгө заказ берген кожоюундар эми кылмыштын артые тазалап жаткандыгы маалым болду. Мага жана менин жолдошторума Айдоско башка да бир мекеме катуу кызыгып жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү эле. Алар аны менен көзү түрүсүндө жолугуп калууга шашышты. Демек биринчи жыйынтыкты чыгара берсек болчудай - Айдостун чекесине ок кадалаарына аз калыптыр... Экинчи жыйынтык логика боюнча өзүнөн-өзү белгилүү болот- Шаботоевдин өлүмүнүн себеби өлкөнүн президенти алмашкандан кийин деле ачылбаган бойдон калат. Кудай билет... Себеби дагы эки күбөө тирүү.
Ошентип жалданма киши өлтүрүүчүлөрдүн тагдыры эмне боло тургандыгы дагы бир жолу ырасталды - өмүрү кыйылган адам менен аны өлтүргөн адмдын ортосундагы аралык аз эле мезгил болот. Бирок мага машинадагы үчүнчү адам ким жана иш жүзүндө Русланды кимиси аткандыгы белгисиз бойдон калды.
Албетте мен үчүн күтүлбөгөн эң чоң жаңылык - президенттин алдындагы стратегиялык иликтөөлөр эл аралык институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Степановичтин телефон чалышы болду. Ал мага 2009-жылдын январь айынын башында чалып, биргелешип иштөө боюнча сүйлөшөлү деп чакырды. Биринчи эле жолугушуу да ал: - Интернет басылманы каржылоо кандай жылып жатат? Кимдир бирөө менен макулдаша алдыңбы? - деп сураганы мени бир аз сездентти.
Мындан тышкары ал Шаботоевдин өлүмү боюнча бир топ нерселерди тапканы тууралуу да кабары бар экен.
Бул маалыматтарды ал кошуна республикадагы мен жашырын байланышта болгон адамдардан гана алганын түшүндүм. Ошондуктан мен аки-чүкүгө берилбей шыр эле ачык сүйлөшүүгө кириштим. 2009-жылдын январь, февраль аралыгында мындай сүйлөшүүлөрдүн бир нечеси болду. Менин "21-кылым" деген долбоорумду каржылоонун шарттары мен алдыга койгон максаттарыма толук дал келип турду. Кайсы бир жолугушууда басылманын тематикалык структурасы жөнүндө талкуудан кийин Слепченко маселени кабыргасынан койду:
- Сен аягына чейин чыдайсыңбы? Дегеле аягына жеткирем деп ишенесиңби?
Мен тамашага чалып жооп берип койдум:
- Кокус бир нерсе болсо биринчи болуп сиз МЧС (М.Ч. Садыркулов) экөөңүздөр дүңк дей түшөсүңөр. Ал дүңкүлдөк мага белги болот да мен сыртка чыга берем. (Бирок мен жаңылыптырмын- биринчи болуп мени мээлешти).
Эмне жөнүндө сүйлөшпөйлүк жана эмне маселе талкуулабайлык -алар турасында азыр ачыкка чыгарбаймын. Айтарым - бийликтин мерээздиги менен ачык кармашууга мен даяр элем.
Сергей Степанович менен акыркы жолугушум 2009-жылдын фералынын аягында болуп, биз акыркы чечимге токтоп, "21-кылымдын" ишин баштоого акчаны МЧС менен жекече жолугушканда алаарымды, бул жолугушуу 10-марттан кийин болоорун макулдаштык.
Андан ары болсо болчу иштер дүңк дей түштү. 3-март күнү Бишкектин борборунда мен 29 жеримден бычак жеп, колу-бутум сындырылып, өз каным менен жуурулушуп көчөдө калдым. Ошондон он күндөн кийин Садыркулов менен Слепченко буйрутма өлтүрүүлөрдүн биринчи айлампасына чекит коюшту.
Бардыгынын көзүн тазалоо боюнча ушул кандуу окуялардан кийин ооруканада жатып жашоонун логикасы жана өзүн-өзү сактоо инстинкти аларга кеч боло электе токтогула деп божомолдогом. Бир аз тыным алып чынчыл журналисттердин үстүнөн ачыктан-ачык мыкаачылык менен жазалоолордон кийин андан аркы аракеттер турасында ой калчоого мүмкүнчүлүк болду. Бирок, ооруканага Павлюк кирип келгенде мен жаңылып жатканымды түшүндүм.
Геннадий менен биринчи жолу 2001 же 2002-жылы таанышсам керек эле, эсимде жок. Биздин таанышуубуз каймана айтышуудан башталып, мамилебиз сууй берген. Ар кайсы жолугушу, конференция, башка жыйындарда биздин талкуу тымызын тирешүүгө жеткен. Кыргызстандын саясатындагы бир катар принципиалдуу позициялар боюнча экөөбүздүн көз карашыбыз карама-каршы эле. Таанышканыбыздын алгачкы минутасынан баштап эле биздин мамилелер жакшы болбой кыртышыбыз дал келбей калган.
Анын мага жакпаган кебетеси ооруканадагы менин жаткан бөлмөмдөн көрүнө калганда менин таң калганымда ошондон. Гешка мени алыстан айлантып кепке тарта баштады. Анын жөндөн жөн келбесин мен билип эле турдум. Ошондуктан анын сөздөрүн мен салкын, кыртышын сүйбөй кабыл алып жаттым. Анын үстүнө мага журналист журтундагылар гана кызыкпастан мени көрсөтмөлүү өлүм менен жок кылууга буйрук алгандар, бирок жок кыла албай калгандар да кызыгып жатышкан. Менин мамилемди түшүнгөн Генка ишке өттү. Анын биринчи суроосу мени өтө таң калдырды. Ал менин айрым адамдар, алардын ичинде курман болгон Слепченко менен жолугушуп жүргөнүмдү билет экен. Слепченко менен жолугушумдарды каяктан билип алгандыгы мен үчүн азыркыга чейин табышмак. Мындан тышкары аны Шаботоев боюнча казып чыккан маалыматтар өтө кызыктырды. Бирок, мен анда павлюктун бир да сөзүнө ишенген жокмун жана аны ороюраак тамашалап, экинчи көзүмө көрүнбөсүн айттым. Анын мага чалгынга жиберип, мен шыр эле сырларымды ачып берет деп шекшинип койгом.
Бирок Генка бир ишти баштаса андан баш тартпай турган профессионалдардын бири экен. Аны экинчи жана акыркы жолу 2009-жылы июлда өз үйүмдө жолугуштум. Ал жооп алмайынча кетпей турганын айтты. Ал мени "Казахстандагы Садыркуловдун адамдарына" таанаштырып коюну суранды. Павлюк "Ата-Мекен" партиясы менен байланышып алганын мен билип калгам. Сыягы Текебаевдин командасына кошулган окшойт. Ошондуктан мен аны мурдагыдан бир аз жумшарып кабыл алдым. Сөзүбүз узак бирок мааниси аз болду. МЧСтин кишилери менен байланышууга чыныгы себептери эмне экендигин билейин деген аракетиме Генка Садыркуловдун өлүмүн жекече иликтөөгө алам деп түшүндүрдү. Мен ага анча ишенген жокмун да минтип жооп бердим:
- Геш, сен менин абалымды көрүп турасың го. Ушул сага аздык кылабы? Менден кийин дагы эки өлүм болуп кетти. Сен кайсы ишке аралышып жатканыңды билип жатасыңбы? Мен кокустуктан эле аман калганымды түшүнсөң боло. Кудай бир сактады. Бирок, эт турагычтын ичинде эки жолу аман калуу болбойт. Эгер сен менин жолум менен барсаң, сени да мага окшотуп коюшат. Керемет экинчи жолу кайталанбайт. Алар эми мага окшотуп сени аман калтырышпайт.
Кыскасы мен ага "жок" -деп кесир айтып бул жолу да биз өйдө-төмөн айтышып коштоштук. Көрсө акыркы жолку коштошуубуз экен.
Эгерде мен ошол күнү Павлюкка бул канал менин партиямдын интернет басылмасын каржылоо үчүн керек болуп жатканын билгенимде мен сөзсүз башка жолду тапмакмын да балким Гена өлбөй калмак. Мен муну өтө кеч түшүндүм. Генка болсо менден кетип жатып өз өлүмүнө бараткан экен. Мен ошондо өлүмдүн биринчи айлампасынан кийин сөзсүз экинчиси да башталат деп жан терим менен сезиптирмин.
Менин ал кооптонуум чын чыкты. Эми бул жерде - Швецияда акыры кезек ага да жеткенин билип отурам.
Керемет эки жолу кайталанбайт эмеспи. 21-июлда алар мени табышып, түндө менин квартирамдын эшигинин сыртына бор менен мага берилчү буйрукту жазып кетишиптир. Эртең менен кан ичкичтер мага тамаша иретинде өзүмдү тигил дүйнөгө жөнөтүүчү тажияма даярдана беришимди сунуш кылышты. Андан 20 минут өткөндөн кийин менин досум менин бир нече эле күндүк өмүрүм калгандыгын эскертти. Менде бир гана жол бар эле. Ошондуктан мен бүгүн дүйнөнүн саясий картасынан гана билген ушул өлкөдө жашап жатам сыягы бул менин узак мезгилге экинчи Мекеним болот окшойт. Ал эми мен эртеби-кечпи Кыргызстанга кайтам деген үмүтүм бар. Бир күнү эртең менен ойгонсом эле мурдагыдай болуп өз тереземден Ала-Тоонун заңкайган тоолорун көргөнгө үмүттөнөм.
Павлюктун өлүмү акыркысы эмес экендигине ишенем. Болгону биринчи айлампа аяктап, экинчиси башталганы. Алар эч нерсени жана эч кимдин алдында токтошпойт. Бийлик үчүн согуш каршылашын толук жок кылуу жаратында жүрүп жатат жана азыркы бийликтеги үй-бүлө үчүн адам өмүрү жалданма киши өлтүрүүчүнүн баасына айланып калды. Мен ачык эле айта алам- эгерде колума автомат алуу мүмкүнчүлүгүм бар болсо, мен мекениме кайтам, менин колдорум калтырабайт!
Ал тургай менин жакындарымдын өлүмү да мени токтото албайт...
Мына, барын айттым окшойт.
М.Садыркулов, С. Слепченко жана Г. Павлюктун үй-бүлөлөрүнө чын көңүлүмөн чыккан көңүл айтамын.
Жаркын Кыргызстан үчүн күрөштү улантып жаткан патриотторду терең урматтайм.
Сыргак Абдылдаев
Швеция, Стокгольм.
22.01.2010-ж.

PS. Алматыда болгонумда Р.Шаботоевди өлтүргөн адамга Бишкектен берилген заказ аткарылганын билдим. Айдос Серикбаев белгисиз жагдайларда өлтүрүлүптүр. Мени, менден кийин Садыркулов, Слепченко жана Павлюкту жыга тартышкан биздин букалар али тирүү болду бекен?
Алынган булак -
baisalov. Livegournal.com