Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 "AS-анкета"

Аликбек Жекшенкулов
Аты-жөнү: Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович
Туулган датасы: 1957-жыл, 25-май.
Туулган жери: Нарын областы, Кочкор району, Чолпон айылы.
Билими: Украинадагы айыл чарба академиясын аяктаган.
Илимий даражасы: 1996-жылы Алматы шаарындагы Казак мамлекеттик университетинде экономика илими боюнча кандидаттыгын жактаган;
2000-жылы Москва шаарындагы Россия мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында саясат таануу илими боюнча докторлук диссертациясын коргогон.
Иштеген кызматтары: 1990-жылы Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты;
1992-жылы Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар боюнча комитетинин жетекчиси;
1994-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, 1-орун басары;
2000-2004-жылдары Кыргызстандын Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия, Израилдеги элчиси. Ошол эле учурда Кыргыз республикасынын ОБСЕдеги, БУУдагы туруктуу өкүлү;
2004-2005-жылдары Президенттик администрация жетекчисинин орун басары, президенттик администрациянын тышкы саясат боюнча жетекчиси;
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
2007-2008-жылдары эл аралык өнүгүү жана саясат боюнча агенттиктин жетекчиси;
2008-2009-жылдары "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору.
Үй бүлөсү: Эки кыз, эки уулдун, эки неберенин чоң атасы.




Акылды акча бийлеген заман
Иса Өмүркулов:
"Билим берүү тармагындагы "көрсоодагерлерди" тыйыш керек"
КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, экс-темир-жолчу, мындагы саяпкер Иса Өмүркулов менен тек гана билим-илим жаатында маектештик. Ортоктош болуңуз…

- Бизде чет өлкөлөрдөн окуп келген жаштар көп деп келебиз. Алардан биздин өлкөдө мамкызматта иштегендери барбы?
- Менин оюмча бизде чет өлкөнүн эң бир мартабалуу, билим берүүнүн флагмандары аталган университеттеринен бүтүп келген жаштардын 95 пайызы бизде иштебейт. Демократиялык өлкөбүз деп төш кагып мактанганбыздан тарта чет өлкөнүн жогорку окуу жайларынан заман талабына жараша билим алып бүткөн жаштар келишкен. Бирок, алардын көбүнүн мизи кайтып, бөлөк өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушту. Анан да менин жеке пикиримде айрым өсүп-өнгөн өлкөлөр экономикалык жактан чабал өлкөлөрдүн илим-билимдүү студенттерин өздөрү окутуу менен аларды өздөрүнүн мамлекеттерине алып калышууда. Анүстүнө бизде деңгээлдүү түрдө ордуларын таба алышпай, шарт-жагдайларга канааттанбай, башка Орто Азия өлкөлөрүнө кетүүгө аргасыз болушууда. Мунун да себептери бар.
- Мисалы, кандай себептер?
- Биринчиден, бизде кадр маселеси объективдүү болбой, тааныш-билиш, аке-таякелердин амири менен чечилет. Алыс барбай ушул эле Жогорку Кеңештеги жүрүп жаткан реформаны алалычы. Албетте, мен реформаны сындай албайм, керек болсо кош-колдоп колдоочуларданмын. Бирок, ошол реформа демиш болуп Жогорку Кеңеш аппаратынан эки жүздөн ашык кызматкерлердин саны кыскарды. Ушул эле эки жүздөй адамдын кыскарышы менен Жогорку Кеңештин аппаратынын негизги функциясын анчейин билбегендер калышты.
Өз адистиктери менен эмгектенгендер да саналуу гана. Жогоруда айтканымдай ушундай көрүнүштөрдөн улам сырттан бүтүп келгендер бизде иштебей чет өлкөлөргө тарап кетишүүдө. Ал эми жаңыдан окуу жайын бүтүп жаткандар учурдагы шарт-кырдаалдарды байкап деле келгилери келбесе керек.
- Аларды ишке тартуу үчүн мамлекет кандай чара көрүүсү керек?
- Аларды алып келиш үчүн эл агартуу системабызды жакшыраак жолго коюп, айлык-акыны деңгээлдүү түрдө көтөргөн соң гана келиши мүмкүн. Азыр бизде мурдагыдай "жаш мугалимдердин депозити" программасы иштебесе, быйылкы жыл үчүн мугалимдерге мамлекеттик казынадан кошумча каражат каралбаса, бизге кайсы билимдүү кадрлар келип иштейт. Учурда Чүй боорунда эмгектенген мугалимдер казак жергесине иш которуп кетишүүдө. Аныгы бизден эки жарым же үч миң сом айлык алса, казак жергесинен биздин нарк менен он сегиз, он тогуз миң сом алышууда.
- ЖОЖ ректорлорун, институт мүдүрлөрүн шайлоо маселеси, аларды кызматка бекитүү укугу "октябрь реформасынан" тарта президентке берилип калды. Бул демократиялык принциптерге сыябы? Же совет таасирине кайрадан кайрыла баштадыкпы?
- Албетте, демократиядан артка карай эле чегиндик. Мурун ректорлорду шайлоо жолу менен тандасак, эми түздөн-түз буйрук аркылуу дайындалып калышты. Бул иш эң болбогондо премьер-министрдин буйругу менен чечилиш керек эле. Президент бекиткен соң эч кимиси андан башка жетекчилерди эгерим тоотпой калат. Аткаруу бийлиги болгондон кийин өкмөткө баш ийиши туура болмок. Жалпысынан осол иш катары көрүнөт.
- Учурда экс-чиновниктер, жетекчилер китеп жазышып, жазган эмгектерин студенттерге, мектеп окуучуларына кыйнап саттыруу күчүнө кирип барат. Борборубуздагы Көлмө конушундагы №78 орто мектептин 3-классынын окуучуларына экс-мамкатчы Дастан Сарыгуловдун философиялык багыттагы китебин саттырышкан. Мектеп жетекчилиги бул жогорку жактын көрсөтмөсү деп алакан жайышат. Мындай жагдайды кантип токтотсо болот?
- Китеп жазууга эч ким тыюу сала албайт, жаза беришсин. Китеп жаз, жазба деп чектөө да киргизе албайбыз. Бирок, "Медалдын эки бети бар" демекчи, жеке тааныш-билиш, жетекчилер аркылуу өкүм-зордук менен саттырган "көрсоодагерлерди" сөзсүз тыйышыбыз абзел. Ушу тапта өлкөгө эмес, бир районго таанылбаган айрым ырчыларбыздын концерттерине билеттерин кызматтагы жетекчилер аркылуу кол астындагыларга "аласыңар, сатасыңар" деп омуролоо көнүмүш болуп калды. Мындай карасаң бул өтө уят иш. Китеп жазабы, концерт коёбу окуучулардын, студенттердин чөнтөгүн кагып алгандарга сөзсүз түрдө тыюу салышыбыз керек. Өкмөт андай иштерге эзели аралашпашы абзел. Мындай шартта ата-энелер мектеп жетекчилигине "алсаңар дүңүнөн өзүңөр алгыла, элге таңуулабай" деш керек эле.
- Жогорку Кеңештеги билим берүү комитетин жетектеп өткөн төрага катары айтсаңыз, илим тармагы боюнча мыйзам долбоордун деңгээлдери кандай?
- Бул жаатта көптөгөн мыйзамдар бар экени анык. Кеп ошол мыйзамдын аткарылышында болуп жатпайбы. "Мугалимдердин статусу жөнүндө" мыйзам аткарылбай жатат, ошол эле мугалимдердин кошумча эмгек акысын төлөө боюнча мыйзамдар өз күчүндө эмес. Дегеле билим берүү тармагына байланышкан мыйзамдардын сапаты төмөн болууда. Жазылган мыйзамдарың аткарылбай турса, мыйзам үстүнө мыйзам жазуунун кажети деле жок да.
- Аткарылбай жатат деп эле шүк отуруш керекпи?
- Мен шүк олтурган жокмун. Өз позициямды дайыма айтып жатам. Адеп эле илим тармагын реформалашыбыз керек эле. Учурда жыйырма бештен ашык илим-изилдөө институттарабыз, элүүдөн ашык ар кандай лаборатория, мекемелерибиз бар. Булардын баардыгына мамлекетик казынадан жүз кырк миллион сом каралган. Мынча каражат жумшалгандан кийин алар бизге не берүүдө? Академиктерибиз эмне жөнүндө китептерди жазып чыгышты? Ошол китептер каралып чыгуудабы? Ушундай маселелердин баардыгын өкмөт карап, тез арада реформа баштабаса, билим берүү жаатыбыз өтө начар абалга кептелип турат.
- Өткөн аптада өкмөттүн ЖОЖдордогу аскердик факультеттерди таптакыр жабуу токтому токулду. Таптакыр жаап салыштын зарылчылыгы бар беле?
- Бир сөз менен айтканда аскер факультеттери жабылбаш керек эле. Буга дейре биздин уландар аскер кафедраларынан билим алып келишкен. Учур студенттерине өз адистиктеринен тышкары аскердик билим жаатынан, патриоттук духка үндөгөн, кошумча билимге ээ болушкан студенттерге жакшы көрүнүш болмок.
Маектешкен: Калыгул Бейшекеев






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
5-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Ачык саясат" - кыргыз элинин рупору
2-бет
ТҮГӨНГӨН САЙЫН ТҮТӨЙЛҮ!
3-бет
"Оппозиция десе эле бийликти сөккөндөрдү түшүнүп жатабыз"
4-бет
Фокусник
5-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевге
Бириккен элдик кыймылдын штаб-башчысы А. Бекназаровдон
Кайрылуу

6-бет
"Кыргызстанда сөз
эркиндиги чектелүү"

7-бет
Сыргак Абдылдаев:
"ПАВЛЮКТУН ӨЛҮМҮ АКЫРКЫСЫ ЭМЕС. БОЛГОНУ БИРИНЧИ АЙЛАМПА АЯКТАды. ЭКИНЧИСИ эми БАШТАЛат."

8-бет
Турнабай салсам көзүмө...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов
10-бет
Дүрбөлөң дүйнө
11-бет
Бийликтин алсыздыгы
12-бет
Буюккан
жылдыздарым...

13-бет
Олуя Калыгулдун болочок заманга кайгуул салганы
14-бет
Элтай Ашыралиев, 1-топтогу майып:
"Тогуз жылдан бери
ысык тамак ичелекмин"

15-бет
Акылбек Куштаев обончу, ырчы:
"Мен "Рыспайчы" ырчылардын биримин"

16-бет
Тата УЛАН:
"Менин мүйүзүм жок"











??.??