|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Өзү кожо, өзү бий Эки тоонун шыбагын жеген Жакшымбеков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамы: 11-берене. Мамлекеттик кызматчы төмөнкүлөргө укуксуз: "Негизги иш милдеттерин аткарууга жолтоо кылбай турган педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү башка ишти аткарууга;" Өлкө башчысы дүйнөлүк каатчылыктын айынан экенин же мамструктуранын ичине маанисиз малынып алышкандардын ордун табайын дегениненби, айтор, мамструктурада реформа жасабады беле. 15пайызга мамлекеттик кызмат орундарын кыскартып, мамбюджетти толтуруунун жолун мына ушул тараптан көргөн. Бир канчасы майлуу ордунан айрылып, анан кайгырып, чөп башы бир аз кыймылдагансыды. Бирок, ажо "айт" десе "кыйт" этчү кызматкерлери кээде кожосун деле тогото беришпейт өңдөнөт. Анысына азыр биз сөз кыла турган Талас облустук мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө уюмдарынын профсоюз комитетинин башчысы кызматында олтуруп, аны менен катар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын Талас жана Чүй облустары, Бишкек шаары боюнча борбордук аймактын өкүлчүлүгүнүн башкы адиси катары, эки кызматты бирдей аркалап жаткан Акылбек Жакшымбеков мырзанын иши айныксыз далилдеп жатпайбы. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат" жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин талаптары боюнча мамлекеттик кызматкер башка акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө болбостугу белгиленген. Талас облустук мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө уюмдарынын профсоюз комитетинин башчысы жалпы комитеттин мучөлөрү аркылуу шайланат жана ал кызмат ордунда бир адам толук иштөө керек деген мыйзамдуу чечимди тоготпогон Жакшымбеков мырзанын, бул эки кызматтын өзгөчө майлуураак болгон профсоюздагы ордунан оңой олтоң оодарылгысы келбей жүргөндүгүнүн бир сыры бар өңдөнөт. Аталган профсоюз комитетинин өзүнүн бюджеттик каражаттары, кызматтык автомашинасы ошондой эле эң негизгиси, Кыргыз Республикасындагы эс алуучу жана ден соолукту чындоо жайлардын жолдомолорун"муктаж болгон" мамлекеттик кызматкерлерге берүү укугу көрсөтүлгөн жайы бар эмеспи. Ошол себептен, үч жылдан бери мыйзамды тоготпой эки кызматта жүрүүсүнүн сыры так ошол жолдомолордо болуп жүрбөсүн деген ойго келбеске аргаң жок. Акылбек Жакшымбековдун мындай мыйзамсыз кадамдарга барганын эч ким билбей жаткан жери жок. Талас облустук профсоюз кеңешинин башчысы алтымыштан ашкан аксакал А.Кайбылдаев 2006-жылдан бери, Акылбек Жакышымбеков мыйзамсыз аракеттеринин негизинде жогорудагыдай эки кызмат орунда иштеп келе жатканын айтып, тийиштүү жетекчилерге арыздын негизинде кайрылган. Буга мисал катары айта кетсек, А.Кайбылдаевдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө уюмдарынын профсоюздарынын борбордук комитетинин төрайымы Өмүрова Апал Өмүровнага жазган каты, жана Жогорку Кеңештин адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш, жана Конституциялык мыйзамдар комитетинин мурдагы башчысы З.Курмановго жолдогон кайрылуусу гана жетиштүү болуш керек эле. Аксакал А.Кайбылдаевдин кайрылуусун кубаттаган депутат Зайнидин Курманов кезинде бул иш аракеттер эч бир мыйзамга дал келбестигин, ал үчүн Жакшымбеков мыйзам жообуна тартылаарын айткан каты менен жооп берген имиш. Акылбек Жакшымбековдун одоно мыйзам бузуулар менен мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз айлык алып, ошондой эле командировкалык чыгымдарды эки мекемеден тең колдонуусун, өз кызматынан кыянаттык менен пайдалануу деп эсептесе болот. Жең ичинен ыргытылган сөөктүн эти бүтүн болсо, мына ушинтип билгениңди жасап бийлигиңди жүргүзө берет турбайсыңбы. Минтип айтканыбыздын себеби, Апал Өмүровна жөнөтүлгөн өтүнүч катка калыс пикирин билдиргендин ордуна мыйзамды уруп ойнобогон Акылбек Жакшымбековду "ал эч кандай айлык-акы албайт, кызматы үчүн оклад коюлган эмес, болгону айына 500 сом акча чегерилген" деп колдогонун кантип түшүнсөк болот. Чынында эле Акылбек Жакшымбековго 500 сом акча айына чегерилген. Профсоюз комитетинин иш тартиби боюнча көрсөтүлгөн бардык чечимдер коллегиялык курамда чечилүүсү тийиш деген негизги жоболорду карап да койгон эмес. Бирок, акчасы ашынып кеткенсип, жалпы президиумдун макулдугу жана чечими менен бекитиле турган 500 сом айлык маянаны жалгыз өзү кол коюп, ал акчаны алуудан баш тарткан чечимди чыгарганы да бир мандемди билдирет. Кайсыл жетекчи кылган иши үчүн акы алуу укугунан баш тартат? Өзү Жакшымбеков, айрым адамдардын укугун ушул тараптан коргоп жүрүп, бирок айлык алуудан баш тартып калуусуна таң бербей кое албайсың. Анда ал кимдин укугун мыкты коргоп берет деп ишенесиң. Сыягы маанисиз маянадан баш тартып майлуу орундан кол жуубай, кенече кыбырап башка тарабынан соруп жүрө бергенди артык көргөн өңдөнөт. Ал эми, Талас профсоюзун ушул кезге чейин созуп келген жоругу жолдо калгыр Жакшымбеков мырзанын жана Апал айымдын иштерин текшерип койгонго эмнеге эч ким даабай жатты экен. Мындай иштерди текшерип-тескеген мекемелер барбы өзү? Мамлекеттик кадрдык кызматынын Талас жана Чүй облустары, Бишкек шаары боюнча борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси болуп иштеп туруп кайрадан экинчи кызматы Талас облустук профсоюз комитетинин башчысы кызматына алынып жатканда, тийиштүү жетекчилик анын кабыл алган документеринен эки кызмат орунда иштеп жатканын билген эмес дейсизби? Билген. Демек бул жерде да бийликтеги билермандардын "кыргызчылык" кылып жибергени даана байкалат. Баланын оюнуна окшогон мындай көрүнүштөр кимди болбосун таң калтырбас эле. Эгер Жакышымбеков мырзанын бул иштери текшерилип, мыйзамсыз экендиги аныкталса, анда аны экинчи кызматка кабыл алган мекеме да мыйзам алдында жооп берүүсү тийиш.Бул биздин журналисттик гана иликтөөбүз тийиштүү жетекчилик же териштирип-тескеген мекемелер мындай мыйзамсыз иштин изине түшсө бир тарабына такталат эле. Мыйзамы алсыз өлкөдө уурусу менен баңгиси күч болот деген ушул. Баймырза НАКАЙ
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||