|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Эрендер эмне кеп айтат Эсенгул Өмүралиев, экс-губернатор; "Калктын жонунан кайыш тилгендей болуп калды" - Эсенгул Касымович, өткөн жылы, "Ала-Тоо ынтымагы" деген коомду түздүңүздөр эле. Эмне иштер менен алектенүүдөсүңөр? - Бул коомдун негизги максаты өлкөдөгү, региондордогу ыдырап бара жаткан ынтымакты калыптандыруу, ордуна келтирүү болуп саналат. Буга жердештик катары түзүлгөн коомдордон тартып, өлкөдөгү аттуу-баштуу адамдар биригип, ынтымакка карата өзүбүздүн үгүт-насаат иштерибизди жүргүзөлү дегенибиз. Ошондой эле элдердин ой-пикирин уга билип, алардын пикирлерин бийлик өкүлдөрү менен талкуулап, эл менен бийликтин ортосундагы үзүлүп кеткен байланышты улап, мунун аркасында бийликтин ынтымак тууралуу жүргүзүп жаткан саясатына түрткү болсокпу деген ойдо түзүлгөнбүз. Азыр ушул максаттардын тегерегинде иш алып баруудабыз. - Ошол тилеген максатыңар "таш каап" калган жокпу? - Тилегибиздин баарына жеттик деш кыйын. Коомубуз адеп түзүлгөн соң, бир айдан кийин биз Президентке жолугуп, төрт-беш маселенин тегерегиндеги суроолорубузду койгонбуз. Ал маселелердин мазмунуна өлкөдөгу ички миграцияны токтотуу , жападан-жалгыз мамлекеттин инструменти болгон суу-энергетика байлыгын колдон чыгарбоо, кадр маселесинде калыстык кетип, майдаланып жатканын токтотуу кирет. Ушул өңдөнгөн көкөйгө тийген көйгөйлөрдүн абалы туурасында ажого кулак кагыш кылганбыз. Ажобуз анын айрымдарына макул болуп, айрымдарына ынанган эмес. Жыйынтыгында биздин туура багытта иш баштап жатканыбызды кыйыткан. - Силердин сунуштарыңар канчалык деңгээлде ишке ашып жатат болду экен? - Эми бир жылдын ичинде сунуштарыбыздын баары ишке ашып кетет деш кыйын да. Бир-эки маселе боюнча бийлик тараптан жооп болду. Кадрлар жана ички миграция боюнча иш алып бара жатышканын кабар кылышты. Ал эми энергетика-суу маселесинде биздин ой-пикирлерди бийлик эске алган жок. Бул боюнча алар бүгүн өз саясатын жүргүзүп жатат. - Өкмөттүн ушул маселедеги аргументтерине кандай көз караштасыз? - Биздин оюбузча мамлекет суу-энергетиканы бириктирип, өз колуна кармаш керек. Ошондо гана биз кошуна мамлекеттер менен туруктуу кызматташтык чөйрө түзө алабыз. - Жаңы жылдан тарта электр энергияга болгон тарифтердин кутургандай кымбатташына кандай пикир айта аласыз? - Негизинен минтип өтө чукул көтөрүп жиберишкендери туура эмес. Энергетик катары ошондо эле тарифтерди тез арада эмес, этап-этап менен көтөрсөңөр болмок сындуу оюмду айткам. Мындай сокку карапайым калктын жонунан кайыш тилгендей болуп калды. Менимче Президент кайра комиссия түздүртүп, ишти кайрадан каратып жатканы кетирилген катаны оңдогону жатканы болуш керек. - "Ала-Тоо ынтымагы" коому президенттин кабыл алуусунда болгонуңарда өзүңөрдүн сунуштарыңарды сунуштап тим болбой, кызмат да сурап ийгениңер айтыла калып жүрөт? - Кайдагы кызмат, ал жөнүндө сөз да болгон эмес. Андан бери бир жылга жакын убакыт өттү. Эч кимибизге кызмат сунушташкан жок. Тек гана коомдогу орун алган терс жагдайларды президентке жеткирүү максатын көздөгөнбүз. - Сиз жетектеген коомдогуларды бийлик тарап кызматташууга чакырып, "кресло" кучактатса барат белеңер? - Эгер биз сунуштаган идеяларды колдоп иштешүүгө чакырса анда маселе жок. Тартынбастан барабыз. Ал үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз абзел. Аркы жээк, берки жээкке туруп алып, бири-бирибизди укпай куру кыйкыргандан маселе чечилип кетпейт.Мамлекеттин, элдин келечегин көздөп, компромисс издеп алдыга жылуубуз керек. - 2005-жылдын 24-март окуясына беш жыл болду. Революцияга чейинки жана андан кийинки убактардагы жергиликтүү бийлик анабашчыларынын иштөө дараметтеринде кандай айырмачылыктар бар деп ойлойсуз? - Мен жаңы бийликтин келиши менен губернатор болдум. Мурунку бийлик тушунда өкмөттө иштеп тургандыктан төмөнкү звенодогу кызматкерлердин иштерин ачык айтканда анчейин деле билчү эмесмин. Бирок, кийин салыштырсам айырма деле жок экен, иштейм деген кишиге кандай гана убакта болсо да ишти алып кетсе болот деп ойлойм. - Эл турмушунун жылдан-жылга итке минип баратканы сизге байкалуудабы? - Жылдан жылга турмуш оорлоп баратканы чындык, бирок көпчүлүк эл итке минип калды деген да туура эмес! Маселен, мен үч жылдан бери колу-жолум бош болгондуктан айылга тез-тез барып турам. Албетте, бир сындырым нанга жетпегендер деле бар. Ал үй-бүлөлөр көбүнчөсү ичип кеткендер, же жалкоолор болуп чыгат. Ошол эле элетте бүгүн, орто, тың оокат кылгандар, мал-аягы тескери жайылып байыгандар деле аз эмес. Маселе тенденцияда, бул жагынан алганда биринчи жагындагы элдин саны көбөйүп баратканы өкүнүчтүү. - Ошентип жаңыдан ирденип келе жаткандарды салык-тарифтердин асмандаган баалары менен сулата чаап жатышпайбы? - Бийлик жаңыдан бутуна туруп келе жаткандарды көтөрмөлөгөндүн ордуна жогорудагыдай айрым саясаты аркылуу басып жатканы туура эмес. Тариф,салык саясаты көтөрүмдүү, мотивациялуу болбосо, турмуш оңолбойт, алдыга жылуу болбойт. - Мындай алешемдиктердин аркасында калктын кыжырдануусу күчөп, чоң нааразычылык акцияларын өткөрөбүз деп чамынышууда... - Андай деле өтө курч кырдаал түзүлгөнүн байкаган жокмун, ошол эле убакта мындай кадамдарга чакырык таштаган оппозициялык күчтөр да жок эмес. Бардык проблемаларды элдин жаалы күчөп, кыжырдануусун жеткен чегине жеткизбей, ийри олтуруп түз кеңешип чечсе болот. - Нарын элинин кыжырдануусу күчөп эле бир жарым, эки миң киши толкуп чыкпадыбы… - Нарындагы толкуган элдин негизги талабы менин маалыматым боюнча бийик тоолуу өрөөнгө айлык-акы, пенсияга кошулган "коэффициентти" алып салышкандарына кыжыр кайнап чыгышкан. Эгер ошондой болсо, бул туура коэффициент эмес. Муну өкмөттүн алып салууга акысы жок болучу, себеби бул коэффициенттер мыйзам менен бекитилген. - Ушул өңдүү чалды-куйду саясат өлкөгө 2005-жылдын март окуясын алып келбейби? - Тарифтер орду жок көтөрүлсө, сөзсүз алып келет. Эгер электр, жылуулук тарифтери өз ордунда калса, же этап-этап менен көтөрүлсө, анда ички рынокто олуттуу деле кымбатчылык байкалбай эл ичи тынч болот деп ойлойм. Маектешкен Калыгул Бейшекеев AS-Анкета Бешимов Бактыбек Жолчубекович 1954-жылдын 13-сентябрында педагогдордун үй-бүлөсүндө туулган. Кичи мекени - Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылы. Балалыгы айылда, чоң атасынын колунда өткөн. 1977-ж. КМУнун тарых факультетин артыкчылык менен, 1981-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1990-ж. Эстониядан саясий илимдердин эл аралык мектебинин курсунан өткөн. 1993-ж. АКШ билим берүү академиясынан; 1996-ж. БУУнун Нью-Йорктогу окуу борборунан; 1999-ж. НАТОнун Маршалл борборунан (Германия) стажировкадан өткөн. 1980-87-ж.ж. КМУда окутуучу, доцент, окуу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 1987-90 ж.ж. - Билим берүү министрлигинин коомдук-саясий илимдер бөлүмүнүн башчысы. 1991-92 ж.ж. - Президенттик Администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы. 1992-98 ж.ж.- ОшМУнун ректору. 1995-98 ж.ж.- ПРООНдун "Лайф" программасынын Улуттук Координатору. 1998-99 ж.ж.- БУУнун Фергана өрөөнүндөгү Өнүктүрүү Программасынын Улуттук менеджери. 1998-2000 ж.ж. - ЖК Эл Өкүлдөр Жыйынынын депутаты. 2000.06-2005 ж.ж. - Кыргызстандын Индия, Непал, Шри Ланка, Бангладештеги элчиси. 1994-99 ж.ж. - Ага Хан фондунун эл аралык билим берүү комиссиясынын мүчөсү. 1996-ж - ушул убакка чейин - "Ош-Сулайман Тоо-3000" коомдук фондунун төрагасы. 2005- 2007 ж.ж. Борбор Азиядагы Америка Университетинин академиялык маселелер боюнча вице-президенти. 2007-2010.03.03 ж.ж.- Кыргызстандагы социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган. КСДП депутаттык фракциясынын лидери. 2009-жылдын 15-сентябрында Вашингтондогу Жон Хопкинстин Борбор Азия жана Кавказ институтунда, студенттерге лекция окуп жатып, Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу жашыруун чыгып кеткенин билдирген. О.э., кыргыз бийлигинин өз оппоненттерине болгон кысымына россиялык саясий күчтөр жана жергиликтүү криминал жардам берерин айткан. Ал эми 28-сентябрда ММКларга "Менин артымдан көптөн бери аңдып жүрүшүп, августта жок кылууну пландашканын билип калгандан кийин, өлкөмдү убактылуу таштап кетүүгө аргасыз болдум" - деген билдирүүсүн тараткан. 2010-ж. 4-мартта БШК расмий түрдө депутаттык мандатынан ажыраткан. Бир катар илимий китептердин, макала, эссе жана очерктердин автору. Саясий маселелер боюнча көптөгөн өлкөлөрдө конференция, семинар, тегерек стол, саммиттерге катышкан. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи наамынын ээси. Тарых илимдеринин кандидаты. Профессор. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||