Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Миң кыял

Рыспай Исаков, манасчы:
"Манасты укканда Эстен тангандар да болду"
- Раке, Океандын ар жагына барып келипсиздер. Ат-көлүк аманбы?
- Рахмат. Кудайга шүгүрчүлүк.
- Канча күн жүрдүңүздөр?
- 23 күн
- Канча киши?
- 12 киши.
- Кайсы жерлерде болдуңуздар?
- Аризона, Нью-Мехико, Калифорния штаттарында.
- Ким-ким болуп бардыңыздар?
- "Ордо-сахна" фольклордук- этнографиялык топтун жааматы. Ичинде ырчылар Бакыт Шатенов, Дамира Ниязбекова, Комузчу Руслан Жумабаев өңдүү белгилүү инсандар бар.
- Барып калышыңардын себеби кандай? Сунуш кайсы тараптан болду?
- Интернет деген жарыктык бар эмеспи. Ошондон биздин топтун кабарын алган экен. Өзү түпкүлүгү Тувалык Александр Бапа деген уюштурду. Көптөн бери Американы туруктап, азыр ошол жактын жараны экен.
- Каржы жагын кандай кылдыңар?
- Ал жагын топтун жетекчиси менен ошол Бапа экөө билет. Биз аны ойлоп түйшөлгөн жокпуз.
- Демек, чөнтөгүңүздөрдөн чыгарган эмес экенсиздер да?
- Ошондой.
- Ал эми эмгек акы, гонорар жагы кантти?
- Ал сөзсүз да.
- Капчыгыңар калың кайттыңарбы?
- Эң негизгиси көңүл ток кайттык. Жеңиш менен кайттык.
- Эмне жарыш болдубу ал жакта?
- Барганыбыздын өзү жарыш болду. Американын ачык рыногуна фольклор жаатында, жалпы Борбор Азия боюнча биринчи биз чыйыр салыптырбыз.
- Ачык рынок дедиңиз. Эмне ал жакта өнөр базары да бар бекен?
- Бардык нерсе бааланат. Чыгармачылык да ошондой. Ал жакта өнөр жөн эле адамдын ышкысы эмес, эң биринчи кезекте тирилиги да. Бизде канча өнөр бааланбай калууда. Ал жакта андай эмес.
- Айтсаңыз, демек базар болсо, эмне кадимки соодагерлер көр-жерин жайып алып, каскатар турган өңдүү тизилип туруп алып өнөрүңөрдү көрсөттүңөрбү?
- Ар ким өз кудугундай ойлой берсе, океан жөнүндө түшүнүк кайдан жаралат? Базар десе эле жогоркудай кабыл албаш керек. Биз өнөрүбүздү тартууладык. Алар кадимкидей билет алып көрүштү. Мунусунда биздин кандай экенибизди сынап келишсе, кийинкисине уюштуруу милдетин алгандар көп болду. Мына биздин аягыбыз Кыргызстанга тие электе, артыбыздан 25 жерге чакырык келип олтурат.
- Ал жактын эли кандай кабыл алышты?
- Аябай жакшы. Ырыбызга ыргалып, күүбүзгө термелип угушту.
- "Манас" угуп жатып эстен тангандар да болушту дейт. Ушул чынбы?
- Андайлар да болду. Бул ыйыктыкты укканда көпчүлүгү сүкүткө түшүп кетет экен.
- Тилди түшүнбөсө, кантип угушту?
- Ички касиетин, кубатын аңдаш үчүн тилди билүүнүн деле кажети жок. Буга жеке турмушумда көп эле күбө болдум.
- Эми башкача өңүттөн суроо берейинчи. Америкага жетүүнү көксөгөндөр ак эткенден так этип жүрүшөт. Мурунку барып келгениңизде да "калып эле калбайсыңбы" дегендер көп болду эле. Бул сапар канттиңиз? Калууну ойлонуштурган жоксуздарбы?
- Кажети канча? Ансыз да күзүндө кайра барууну болжолдоштуруп келдик. Эми, буюрса, Америкага ат тезегин кургатпай барып турабыз.
- Демек, алгач баргандагы эле ишиңер ийгиликтүү болгон экен да?
- Ошол үчүн жогоруда жеңиш менен кайттык деп айттым да. Жүрүшүбүз жеңиштүү да, жемиштүү да болду.
- Кыргыздарга жолугуп аттыңыздарбы?
- Барган эле жерден кыргыздар тосуп алып атты. Белгилүү мушкерибиз Алмазбек Раимкулов да кучак жая тосуп алып, барпалактап коноктоду.
- Ал жигитибиз кандай жүрүптүр?
- Кудайга шүгүр. Басса-турса мекени жөнүндө сөз козгойт. Ыдык көрсөткөндөрүнө карабай, желегибизди колунан түшүрбөй жүрөт. Жалпы Кыргызстанга салам жолдоду.
- Саламат болсун. Ал эми сиз элибизге эмне дейт элеңиз?
- Жалпы журтка эсенчилик каалайм. Алмазбек сындуу Журт намысы деп жулунган жаштарыбыздын саны арта берсин. Эр жигитке эл намысын ойлогондордон ыйык милдет болбойт. Намысы жок жигит- өлгөн жигит.
Бийлик кетсе шүгүрлүк
конот бойго,
Байлык кетсе тирүүлүк
болот олжо.
Алп кара куш күрпүйгөн
тоок болот,
Ар намысын боюнан
жоготкондо
Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкен
Кадырбек Темир



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
"МУРДА АКАЕВДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮН БАГЫП КЕЛГЕН
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАРДЫК ИРИ БИЗНЕС БАКИЕВДЕР
КЛАНЫНЫН КӨЗӨМӨЛҮНӨ ТОЛУК ӨТТҮ"

2-бет
"Эки доочу бир келсе…"
3-бет
Петровка жаңжалы оппозициядан өч алуубу!
4-бет
Сыргак Абдылдаев, мурдагы КГБ кызматкери, журналист:
Бакиев башаламандыктарынын кыскача таржымалы

6-бет
АЛДАНБА КЫРГЫЗ, АЛДАНБА!...
7-бет
Эсенгул Өмүралиев, экс-губернатор;
"Калктын жонунан кайыш тилгендей болуп калды"

8-бет
Султан Раев, экс-министр:
"Мамажановдун аты, обондору сыйлыктан жогору турат"

9-бет
Рыспай Исаков, манасчы:
"Манасты укканда Эстен тангандар да болду"

10-бет
Кайрылуу
11-бет
Алешем чечимдин азабы же
Конституцияны "буйлалаганды"
токтотпойлубу

12-бет
АЧЫК КАТКА АЧЫК ЖООП
13-бет
Эки тоонун шыбагын жеген
Жакшымбеков

14-бет
Шайлоо канга бөлөндү
16-бет
"... Ооба, Замирбек Үсөнбаевдин
баласымын".


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!