email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Кыргыз Республикасынын Президенти
К.С.Бакиевге!
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин төрагасы А.С.Тагаевге!
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин депутаттарына!
Кыргыз Республикасынын
премьер-министри
Д.Т.Үсөновго!
Кыргызстандын калкына
"Манастын урпактары" кыймылынын

Кайрылуусу

Урматтуу Курманбек Салиевич!
Урматтуу Айтибай Тагаевич!
Урматтуу Данияр Токтогулович!
Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!
Акыркы бир айдын ичинде президент тарабынан реформа катары элге сунушталган орун которуштурууларды карапайым калктын кабыл алуусу кыйын болууда. Ошондой кадамдарга баруунун алдында системаны өзгөртмөйүн биз кимдерди кайсыл орунга алып келсек дагы коррупциядан арылуу, өлкөнү өнүктүрүп кетүү мүмкүн эместигин жар салган президенттин айткандары менен анын бүгүнкү жасаган иштерин көрүп отуруп элди алдоонун кезектеги бир спектаклине күбө болдукпу деп ойлоого аргасыз болот экенсиң.
Кечээ эле иштеп жүргөн жогорку кызмат ээлеринин заты эмес аты өзгөртүлгөн бийлик структураларында кайрадан иштеп жатышы, эл үмүт арткан азаматтардын көчөдө калышы, жаштарга болгон мамиле биздин президенттин системалык өзгөртүүлөргө бара албастыгын жана аны каалабай тургандыгын дагы бир ирет тастыктады.
Тескерисинче, реформа деген шылтоо менен өнүктүрүү, инновация жана инвестиция боюнча борбордук агентствону түзүп, ага өз уулу Максимди алып келиши, Улуттук гвардияны жоюп, анын укуктук базасын иниси Жанышка ыйгаруу президент Бакиевдин эл бийлигин эмес, өзүнүн үй-бүлөлүк бийлигин чыңдоого белсене киришкендигинен кабар берет.
Президент өзүнүн бул кадамдары менен өлкө жарандарынын нааразычылыгын жаратып жаткандыгын жашыруунун эч кажети жок деп эсептейбиз.
Президенттин жасаган бул иш-аракеттерине кошул-ташыл болуп өлкөнүн премьер-министри Данияр Үсөновдун электр жана жылуулук энергияларына бааларды көтөрүү боюнча билдирүүсүн биз кыргыз элине чыккынчылык катары баалайбыз. Электр жана жылуулук кубаттуулуктарына баалардын көтөрүлүшү маселенин бир гана чети экендигин, негизги маселе ошол шылтоо менен азык-түлүккө, башка товарларга баалардын асмандашы болоорун биз азыртадан эле билип турабыз. Мындай нерселерди "Манастын урпактары" кыймылы кыргыз журтчулугуна карата геноцид катары кабылдайт.
Бүгүнкү президенттик бийлик Данияр Үсөновдун иш-аракеттери аркылуу эл менен өкмөттү бири-бирине карама-каршы коюуда. Элге пайдасы жок Камбар-Ата ГЭСтерине жумшалуучу акча каражаттарын бааны көтөрүү жолу менен карапайым калктын эсебинен чогултууну көздөөдө.
Канчалаган жылдардан бери бүтүндөй Кыргызстанды гана эмес, кошуна Казакстанды, Өзбекстанды дагы электр кубаттуулугу менен камсыз кылып келген Токтогул ГЭСин аянычтуу абалга жеткирип, эки жылдан бери жарык менен жылуулуктан элди мукураткан, электр кубаттуулуктарынын жоготууларын 45 пайызга жеткирген "энергобарондор" эмне үчүн өз жазаларын алуунун ордуна президенттин сүйгүнчүктүү адамдарына айланууда? Мунун сырлары эмнеде?
Бул суроолорго ким жооп берет? Президентпи, Жогорку Кеңештин төрагасыбы же дүңүнөн "Ак Жолдун" депутаттарыбы? Премьер-министрби?
Кимдир бирөө кайсыл бир убакта аны шайлаган элдин алдында жооп берүүгө милдеттүү. Эл кызыкчылыгы, элдин каалоосу менен эсептешпей, аларды үчүнчү же жүзүнчү планга калтырып жасалган иштердин аягы жакшылыкка алып келбесин ар кимибиз түшүнүүгө тийишпиз. Бул Кыргызстандын ар бир жаранынын эсинде ар дайым жаңырып туруусу керек. Биз ошондо гана алдыга жылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.
Кайрылуу 22-ноябрда Талас жергесинде кабыл алынган.