email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Издөө салабыз!

Ийне ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
Жаңы дайындалган Адилет министри Курмантай Абдиевди агынан жарылчы адам деп Акаев доорунда чогуу иштешкен Таластын прокурорлору ооздорунан түшүрбөй, кийин КТРдин "Адилет" укуктук программасы анын сөздөрүн таберик тутуп иштегенин көрүп жүрбөдүкпү.

Ошол Абдиев акебиз Бакиев доорунда деле мурдагы адамдык да, кесипкөйлүк да сапаттарынан жанбай иштеп жүрөбү десек, жүрүш-турушу бир аз өзгөрүлө түшкөнбү, кысталактыкы - түшүнө албай калдык. Ал жакында Адилет министри болуп, биз шадыраңдаган ачык мүнөз адатыбыздан жазбай, аны жаңы орду менен "Алибинин" жамаатынын атынан куттуктап, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап коюуну атуулдук парзыбыз катары сездик. Анан телефон шыңгыратсак, тилекке каршы, министрдин пресс катчысы Бакыт Акмолдоев Абдиевдин убактысы тардыгына жана ишти жаңы баштап жаткандыгына байланыштуу биз менен баарлашуудан баш тарткандыгын билдирди. Аттиң десең. Бийлик адамдарды өзгөртүп салабы?
Интервью бергенге макул болсо, бир-эки жылдан бери жаңы уюшулуп жаткан партияларды, жаңы ачылып жаткан гезиттерди министрлик каттоодон өткөрбөй, жок шылтоолор менен менен "бут тосуулар" болуп келгенин сурабайт деле элек.
Кыргызстандагы бийликтин маанилүү үчүнчү бутагы болгон сот бийлиги 2009-жылы декабрда уюшулгандыгынын 85 жылдыгын белгиледи. Ушул окуяга байланыштуу КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Жаңыл Алиева менен да маек куруп,эл-журтка бул тармактагы ийгилик-кемчиликтер жөнүндө бетме-бет отуруп айтып берели деген асыл ой менен Жогорку Соттун басма сөз кызматы менен байланыштык. Бул мекеменин ушул кызматын тейлеген Карлыгач Кожомкулова Жаңыл Алиеванын "үстүндө кишилер көп болгондуктан", бир нече күн ал кишинин кабинетине кире албаганын айтып, "Алибиден" жаа бою качып туруп алды. Жаңыл Алиеванын маеги жарыялана турган гезиттин пландаштырылган ошол бетин интервью берилбегендиктен, актай калтырып окурмандарга сунуш кылайлы десек (журналистиканын дүйнөлүк тажрыйбасында ушундай да ыкма бар), редакциялык Кеңеш кашайып каршы болуп койбодубу.
Ушундай эле тилек менен республиканын башкы прокурорунун кызматына отурган Нурлан Турсункуловду да кепке тартып, жаңы кызмат ордунда бакыйтып сүрөткө тартып, маек уюштуралы деген тилегибиз да таш капты. Азырынча бакыйа элек баш прокурордун жардамчысы да, басма сөз катчысы да "шеф тиякка кетти эле, биякка кетти эле, убактысы жок болуп жатпайбы, жаңы эле келди да..." сыяктуу шылтоолорду шуулдатып туруп алышпадыбы. "Алиби" баш прокурор менен баш тырмашкыдай бажа беле? Прокурордун интервьюсуна деп бөлүнгөн гезиттин бетиндеги орунду да бош калтырып койсок, андан берки гезитибиздин жарымы актай жарык көрө бермек.
"Алиби" пресс