Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Калыстык үчүн

"Өзбекстанга караганда
Кыргызстанда демократия күчтүү"
Редакциядан:
Жалал-Абад облусуна кырдаал менен таанышуу максатында редактордун орунбасары Назгүл Мамытова сапар алып, ал жактан облустун учурдагы абалы менен таанышып, 19-майда чыккан кыргыз-өзбек чыр-чатактары боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Ал төмөндөгү маекти даярдап редакцияга жиберди. Жалал-Абаддагы абалды, ошондой эле башаламандыктын толук иликтөө варианты кызматкерибиз Бишкекке келген соң гезитибизге жарык көрөт. Маек, Сузак районундагы "Давр" укук коргоо коомунун укук коргоочу айымы Сатыбалдиева Рано Вахабжановна менен уюштурулган. Көпчүлүк элдин маалыматына караганда 19-майда кызуулукка алдырган өзбек туугандарды сабырдуулукка чакырып, ынтымакка үндөгөн өзбек айым ушул болгон.


- Рано Вахабжановна, айтсаңыз "Давр" коому эмне иш алып барат?
- "Давр" коому коомдук мекеме болуп саналат. 2005-жылы түзүлгөн. Биз негизинен адамдардын укугун коргоп, карапайым элдин үнүн угуп, жардам беребиз.
- Эже, Жалал-Абаддагы өзбек-кыргыз чырлары боюнча сизди жакшы билет дешет?
- Кадыржан Батыровдун өзбек-кыргыз ортосуна экинчи жолу от жагышы. 2004-жылы да эки элди кагыштырган. Анда да эч бир майнап чыккан эмес. Быйыл ошол адатын дагы карматты.
- Эмне себептен?
- Кыргызстанда жашап жаткан 1млн 250 миң өзбек улутундагыларга өзбек статусун берсин деген талап койгон. Ошондо, биз Жалал-Абадда жашаган өзбектер, Кадыржан Батыровдун бул идеясына каршы чыкканбыз. Анткени, биз Кыргызстандын жарандарыбыз. Бардыгыбыз мамлекеттик тилди колдойбуз. Керек болсо, мамлекеттик тилде сүйлөшүп жазабыз. Ошол учурда ушул биздин коомдун адамдары баш көтөрүп Кадыржан Батыровго каршы чыгып, ошонун негизинде "Давр" коому түзүлгөн. Бул коом учурда Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш алып барууда. Жетекчиси Абакадир Бахарижан. Биз коомдук укук коргоочулар акча албайбыз. Кайрылган элдерге колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Биз улуттук чыр-чатактарга эч качан жол бербейбиз! Бардыгыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз. Кыргызстанда ар кандай улуттун диаспоралары бар. Бардыгы өздөрүнүн маданияты боюнча иш алып барышат. Дагы кайталайм, биз башынан өзбек-кыргыз араздашууларына жол бербейбиз жана мындай нерсеге каршы турабыз.
-19-майдагы башаламандык тууралуу кеп козгосоңуз?
- Кыргызстан өзү кыйналып турган учурда Кадыржан Батыров өзү өзбектерди университетине топтоп, аларды көкүткөнү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Эки элди бөлгөнү үчүн жазага тартылышы керек. Бардыгыбыз Кыргызстандын жараныбыз. Бүгүнкү күндө бул адам официалдуу түрдө издөөдө. Элди уюштуруп, жок жерден өзбек-кыргыз кылып чыр-чатак чыгарып, өзү качып кетти. Эми Убактылуу өкмөт Батыровго тиешелүү чараларды колдонсо, жакшы болот эле. Бейкүнөө адамдар өлүп, жарадар болушту.
- Кадыржан Батыров эмнени көздөп жатат?
- Кадыржандын коюп жаткан маселесин айтсам, Кыргызстанда өзбектердин кадыры жок имиш. Эгерде Кыргызстандагы өзбектердин диплому болуп, билимдүү болсо анан кадыр баркы болуп, жетекчилик кызматтарда иш алып барышат да. Бардык жагынан тажрыйбалуу болсо, буларды тиешелүү жерлер ишке алат да. Колунда диплому болгон күндө да кыргыз тилин билбей жатышпайбы.
- Эже, Батыров Кыргызстанда өзбектердин кадыры жок деп жатат дедиңиз. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Кыргызстанда өзбектердин кадыры жок деген карандай калп. Мен бул маселеге өтө каршымын. Эмне дегенде, бизде жашаган өзбектер абдан жакшы жашайбыз. Бардыгыбызда бир эмес экиден машина, эки кабаттан үйүбүз бар. Дүкөндөрүбүз, кафелерибиз, жерлерибиз бар. "Силер өзбектерсиңер"-деп эч бир кыргыз кадырыбызды жерге урган эмес. Бардыгыбыз тең укукта жашап жатабыз. Эркин жашайбыз. Кыргыз туугандар бизге эч качан кысым көрсөтүшпөйт жана көрсөтүшкөн дагы эмес. Сузак айылындагы круговойду барып көрсөңүз, ошол жердеги кафелердин бардыгы өзбектердики. Бир дагы милиция, УКК, прокуратура, каржы полициясы барып кысымга алып жаткан жери жок. Анан дагы өзбектерге эмне керек? Мен дагы бир жолу айта кетейин, бир да кыргыз өзбектерге каршы каяша айткан эмес. Бул бир гана Кадыржан Батыровдун идеясы. Себеби ал өзбек элинин атынан "Милли Маркес" коомун түзүп, элдин эсебиндеги бардык мүлктөрдү өзүнө приватташтырып алган. Сөзүм кургак болуп калбаш үчүн мисал келтире кетейин. Сузак районунда Сузак айылында кинотеатр "Спутник" деген бар эле. Бул кинотеарт "Милли Маркес" наамына берилип баланста турган. Азыркы күндө Кадыржан ушул кинотеатрды өзүнө приватташтырып алып аны кайра элге 600 миңге сомго сатты. Кадыржан Батыров өзбектер деп жан тартканы менен элди ойлогон жок. Ал Жалал-Абадда өзүнүн мүлктөрүн сактап калуу максатында өзбектерди курал катары пайдаланууда. Кадыржан өзбектерди ойлосо, эки элдин ортосуна от жаккандын ордуна аларды ынтымакка чакырып, тынчтыгын сактамак. Өзбекстанга караганда Кыргызстанда демократия күчтүү.
- Учурда абал кандай болууда?
- Азыр тынчып калды. Кадыржандын тилине кирип, жаңжал чыгарган өзбектер катачылыктарын мойнуна алышууда деп ойлойм. Анткени Кадыржан өзбектерди университетине алдап чакырган. Өзбектер ал жакка эмне себептен чогулганын да билген эмес. Алардын чогулганынан пайдаланып, жогорудагыдай маселени көтөргөн. Анан эл деген ким жакшы сүйлөсө, ошону ээрчип кетет да.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек




Кыргыз Республикасынын Өткөөл
учурундагы президенти айым
Р. Отунбаевага
Орун басарлары: А. Атамбаевге,
Ө. Текебаевге, А. Бекназаровго, Т. Сариевге

КАЙРЫЛУУ!

Урматтуу, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү!

"Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" дегендей, бектер келет кетет, ал эми карапайым калың эл кайда барат? Качан элди ойлойбуз? Сиздер убактылуу өкмөттүн башына келгенде, кабыргасы кайышкан кайран эл тебетейлерин көккө ыргытып, сүйүнүшпөдү беле. Эми эмне болду? Учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өз чыйырларын салыштын ордуна, баягы эле эски жолго түшкөнү олтурат. "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген кыргыздын кылымдарды карыткан дагы бир макалы учурдун талабына ылайык келип, турмуштан өз ордун таап олтурат.
Анткени, соңку учурлардагы убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ич ара телефон аркылуу сөйлөшүүлөрү буга далил. Алар кандай гана жол менен актанбасын эл тараза, эл калыс. Калың элге каяша айтып, алдаганга болбойт. "Кыңыр иш кырк жылда билинет". Ошо Роза Исаковна айткандай эле болсун. Элибизде "Бүлүнгөндөн бүчү албайт" деген бир жакшы сөз бар. Өлкөбүздө төңкөрүш болуп, толо турган аягыбыз төгүлүп, канчалаган эр азаматтарыбыз канга боёлуп, өлкөбүз бүлүнүп турган чакта бүчү алам деп, ниет кылган адамдардын, эгерде алардын күнөөлөрү такталган болсо, анда алардын өлкө башкарууга моралдык укуктары жок. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн соңку кездердеги өз ара мамилелери "Көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт" деген ойду каңкуулагансыйт. Анткени, ар кимиси өз оюна келгенин чар жайыт баяндап, пресс конференция өткөрүп, сөз маданияты дегенди таптакыр эле унутуп коюшуп, бири Катани эмес (……) десе, экинчиси Конституциялык Кеңешмеге "мен жана менин катыным жазган долбоорлор деп ар жерден жөнөтүп жатышат" дейт.
Айланайын эл журт, деги биз кимге элибиздин, өлкөбүздүн тагдырын ишенип бердик. "Эсиң бар да этегиңди жап" дегендей, өз ара ыйкы-тыйкыңарды улутубуздун кызыкчылыгы үчүн токтоткула деп суранабыз.
Мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн канчалык кайышса да, кайран эл болуп жаткан окуяларга дагы бир жолу көзүн жумуп койгонго жарайт. Анткени, кыргыз эли айкөл, кечиримдүү. Дагы бир айта кетчү нерсе, Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде, Каарынан кан тамган Сталин атабыз да, мекенибиздин кызыкчылыгы үчүн деп, Жуковдун айрым бетке чаап айткан сөздөрүнө териккен эмес, тескерисинче тилин тишине катып жакшы мамиле жасаган.
Эмне? Учурдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн элибиздин биримдиги менен мамлекетибиздин бүтүндүгү тынчсыздандырбайбы?
Урматтуу кыргыз элим, кыргыз калкым! Учурда кыргыз элимдин ынтымагы, эркиндиги, биримдиги жана мамлекетибиздин бүтүндүгү деген түбөлүктүү түшүнүктөр кыргыздын жадыбалы болушу керек. Андай болбогон шартта, башка бир бизге көз арткан күчтөрдүн курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Андыктан биз биригишибиз керек.
Кыргыздар кыркка бөлүнгөн күндө да, мындай учурларда бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып келишкен.
Азыр дагы "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп бөтөн элге кеп кетет" деген "Манас" бабабыздын улуу осуятын жетекчиликке ала турган учур келди го деп ойлойм.
Сиздердин тез аранын ичинде ынтымакка келишиңерди көптөн көп суранып,
"Кетмен-Төбө" коомунун мүчөлөрү:

Сарымсак Бектоев
Суран Бегимкулов
Турат Байбосунов
Чөкө Жумабеков
Жолдошбек Аманбеков



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сиз кыргыздын патриотусузбу?
2-бет
Аныкы да туура, мунуку да туура, апендинин аялыныкы да туура
3-бет
Өзбекстан миң аскерин киргизип, Сохто кырдаал курчуду
4-бет
Манастын урпактары да!
5-бет
Иттин өлүгү көмүлгөн эмеспи?
6-бет
Кыргызстандагы кыргыз тилдин кыяматы
7-бет
"Өзбекстанга караганда
Кыргызстанда демократия күчтүү"

8-бет
Кутман курак
9-бет
МАМЛЕКЕТ КАЙСЫ КЕСИПКЕ МУКТАЖ?
10-бет
Докемдин доору башталды
11-бет
КАЗАККА КЕТКЕН КАНАЛДЫ КАЙТАРЫП БЕРГИЛЕ!
12-бет
Сурагыла, Жооп беребиз!
13-бет
Партиялар парады башталдыбы?
14-бет
Азыркы жаштардын көйгөйү эмнеде?
15-бет
Төлгө төп келсе...
16-бет
…өрнөгүң калса артыңда, өмүргө кайра кез келет

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
сайт ээси Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!