Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:

20 жыл мурда
Ош окуясынын артында ким турган?
Оштогу жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларды түшүнүш үчүн мындан 20 жыл мурун болгон Ош окуясына кайрылуубуз зарыл.


Ал кайгылуу окуя 1990- жылдын 4-июнунда Өзгөндө, 6-июнда Ошто башталган. Биз анда СССР мамлекетинин курамындагы Союздаш республиканын бири болчубуз.
Болгондо да москвалык В.Пономарев деген журналист жазгандай, Союздун ичиндеги "белгисиз республика" деген атка конгонбуз. Анткени Балтика жээгиндеги Эстония, Латвия, Литва республикаларында эгемендүүлүк үчүн күрөш активдүү башталып Кавказда, Молдавия, Украинада жана Россиянын өзүндө эле элдик майдандар (народный фронт) түзүлүп баштаган. Алардын максаттары СССРди кулатып, Союздук республикаларга эгемендүү мамлекет болуу укугун ишке ашыруу аракети башталган эле.
Ал гана эмес 1989-жылы Челябинск шаарында алгачкы жолу СССР аймагындагы демократиялык күчтөрдүн жетекчилери жолугушуп, МАДО (межрегиональное ассоциация демократических организаций) деген уюмду түзүүнү макулдашышкан. Кыргызстанда ал убакытта "Ашар" коомдук уюму чыныгы өкмөткө көз каранды эмес күч катары уюшулуп, кыргыз жаштарынын социалдык укугу үчүн чечкиндүү иш аракеттерди жүргүзүп, Бишкек шаарынын тегерегинде жана Кыргызстандын дээрлик башка шаарларынын, айыл-кыштактарынын айланасында бош жаткан жерлерди жеке үй куруу талабы менен чыккан жаштарга өкмөт жер бөлдүрүп берүүгө аргасыз болушкан.
Ошону менен эле чектелбестен, "Ашар" коому кыргыз тилин мамлекеттик тил кылууну да Парламенттен катуу талап коюп жатып максатына жеткен.
Дегинкиси эле "Ашар" студент жана жумушчу, интеллигент жаштар менен бирге алгачкы саясий митингдердин негизги уюштуруучусу катары саясий, эгемендүүлүк, демократия үчүн жалпы улуттук талаптарды коё баштаган күчкө айлана баштап, кыргыз коомчулугун ойготуп, көптөгөн бейөкмөт уюмдарынын пайда болушуна чоң түрткү берген.
Челябинск шаарындагы демократиялык күчтөр менен байланыш түзүү максатында мен, аркамдан КГБ кызматкерлери күнү түнү көзөмөлдөп калганына карабастан, жалган телеграмма Москвадан урдуруп, амалкөйлүк менен жашыруун учуп кеткем Москвага.
Мен Москвада МГУнун залында СССРдин алгачкы демократ депутаттары менен жолугушуп, МАДОнун өкүлдөрү Литвада Каунас шаарында өтө турган конференцияга барып, СССРдин бардык региондорунан келген лидерлер менен таанышып, ошол МАДОнун уюштуруу комитетинин мүчөсү болуп шайландым. Мен эмне үчүн бул маселеге кайрылып отурам, анын Ош окуясына кандай тиешеси бар деген суроо болушу мүмкүн. Мен муну айтып жаткан себебим, ошол убакытта СССРде б.а. Литва, Кишиневдо, Тбилисиде, Бакуда, Нагорный Карабахта, Алматыда (1986), Дүйшөмбүдөгү ж.б. кандуу окуялар жөнүндө уникалдуу документтерди, видео, аудио тасмаларды көрүп, ал кандуу окуялардын сценарийи бир эле экенине ынангам. Ошол эле убакта 1989-ж. биз жер алып жатканыбызда орустар менен кыргыз жаштарынын ортосунда чагым чыгаруу максатында ондогон улут ортосундагы жаңжал чыгаруу үчүн багытталган провокацияларды алдын ала токтотуп кала алганбыз. Бишкекте улут ортосундагы жаңжалдын болбой калуусун камсыз кылдык эле. Албетте "Ашардын" социалдык талаптары аткарылса эле ар ким өзүнүн көрпенделик иши менен алектенип, саясий таасири деле боло койбойт деп, союздук бийлик божомолдогон экен.
Ал эми, туптуура бир жылдан кийин эле "Кыргызстан демократиялык кыймылы" (КДК) уюшулуп (26.05.1990) чоң массалык саясий оппозициялык күчкө айланып, Кыргызстанга оңбогондой саясий өзгөрүштөрдү алып келерин күтүшпөсө керек. Айтайын дегеним СССРдин убагында эле, чечилбеген өтө курч социалдык маселелер менен улуттар ортосундагы каршылаштарды көрсө да көрмөксөнгө салып, керек болгондо пайдалана турган картасы катары сактап келишкен.
Болбосо так ошол эң эле жоош, Москванын оозун тиктегенден башканы билбеген "белгисиз республика" дагы чоң оппозициялык күчтү КДКны пайда кылып, Борбордук Азияда "жаман" үлгү болуп кетиши Москванын түшүнө да кирбесе керек.
Анткени КДК 26- майда 1990-ж. түзүлсө, Ош окуясы 4-6 июнда башталып жатпайбы. Бул эмне жөн эле кокустукпу? Башкача айтканда он чакты күндөн кийин эле. Ооба, ар бир улутта улутчулдар, сепаратисттер, ал эмес фашисттер да болбой койбойт.
Кеп анда эмес, так ошол караңгы күчтөрдү өз убагында пайдалана билгендерде.
Балтика республикаларынын эле чечкиндүү жүрүш жасап, СССРдин курамынан чыгып кетиши, башка республикалар да козголо баштаганда "жооштон жоон чыгат" болуп Кыргызстандагы КДКны тамыры менен жок кылуу керек болгон. Кантип жок кылат эле? Түз эле демократияга каршы чабуулга өтүшсө, анда дүйнөдө оңбогондой Москванын абийирин кетиришмек. Анда эмне кылыш керек? Албетте улут ортосундагы жаңжал бул максатка ылайык "разделяй и властвуй" -деген, империяны сактап калуунун бирден бир гана жолу эле. Демек ал жаңжалды уюштуруш, мурдунан алысты көрө албаган кыргыз бийликтегилердин колу менен сепараттык, улутчул чөйрөлөр аркылуу ишке ашыруу керек. Болбосо, ЦК КПССтин башкы катчысы М.С. Горбачевдон кийинки эле орунду ээлеген Е.Лигачев эмне үчүн биринчи эле Кыргызстанга келгенин, борборубуз Бишкекке эмес Ошко, анда дагы Ош обкомунун биринчи катчысына эмес Өзбек улутундагы барып турган өзбек мафиясынын анабашынын дасторконунан баштаган.
Ошол эле Е.Лигачевду "ысык" тосуп алган сөрөй андан бир аз эле мурун Сулайман-Тоонун элесин түшүргөн аябагандай чоң тортту Андижан облусунун губернаторуна тартуулаганы жана Оштук өзбек улутундагы согуштун, эмгектин ардагерлери М.С.Горбачевго Ош өзбек автономиясын түзүүнү өтүнүп, атайын кайрылганын кантип жашырабыз.
Е.Лигачев кайра Москвага учуп кетери менен жаңжал башталганы эмнени айтып турат?
Демек, Е.Лигачев жаңжалга санкция бериш үчүн келген эмес-пи деген суроо туулат, анын эмнеге мамлекеттик маселени чечиш үчүн Ошко келип кеткени эч жоопсуз кала берген.
Ал эми, ошол кездеги Ош обкомунун биринчи катчысы Ү.Сыдыков так ошол мурдунан алысты көрө албагандыгынан кимдир бирөөнүн колундагы эле марионетка болгон. Анда биздегидей саясий тажрыйба деле жок болгондуктан, ошол кандуу окуяга түздөн түз күнөөсү бар бойдон кала берди. Эгерде биз дагы "Ашардын" жетекчилери туш - туштан бизге каршы болуп жаткан провокацияларга, бийлик тарабынан бизди массалык түрдө каралоо компаниясын тынымсыз жүргүзгөн ММКларына жана бизди түздөн-түз куугунтуктаган укук коргоо органдарынын аракеттерине кичине эле каршылык уюштурсак, Бишкекте жарандардын согушун, улуттар ортосундагы кагылышуунун оту башталышы өтө реалдуу болчу.
Жок биз кызыл кандуулукка, эмоцияга жана коркутууларга өтө токтоолук мамиле кылгандыгыбыздан тынчтыкты сактай алдык Бишкекте. Ал убакытта 80%га жакын башка улуттар борборубузда жашаган соң, оңбогондой өрт чыгып кетмек. Ал эми менин үстүмөн кылмыш ишин атайын жашыруун комиссиянын (алардын курамында ЦКнын, Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын, КГБнын, МВДнын жана башка тиешелүү органдарынын жетекчилиги жана өкүлдөрү) көрсөтмөсү боюнча 9 ай суракта болгомун.
Дагы бир Ош окуясына байланыштуу таңгалыштуу да табышмактуу да көрүнүшкө токтолоюн.
(Уландысы
кийинки санда)




Рысбүбү БӨЛӨКБАЕВА, жазуучу:
БАТАГА БАСЫП КЕЛБЕГЕН РЕКТОР
(Башы 10-бетте)
Ушундан улам ой келет: илимдин кандидаттары көп болгон жакшы го, бирок атына заты жооп берсе дебейсиңби? Жогорку билимдүү деген дипломдор көбөйдү. А тургай кээ бирөөндө экиден-үчтөн бар, бирок сапаты жок. Билим берүү тармагындагы мындай чиеленишкен көйгөйдү жоюуга да мезгил жетти го!
Жетекчи даанышман болбосо иштин баарын ойрондотот. Баарыбыз эле "базар", "акча", "пайда" деп ички рухий дөөлөтүбүздү ого бетер жардыланта берсек миллиарддар деле жардамга келбей каларын көрбөдүкпү. Ошондуктан, экономикалык кризис жан дүйнөбүз эсен болсо, акыры оңоло турган нерсе экен го. Аң-сезим кризисинен кудай сакта дешибиз керек. Ал тереңдеп кетсе кантип адам болобуз, кантип улут болобуз?!
Сөзүмдү Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин Дайырбек жөнүндө айткан ою менен аяктайын:
"Дайырбек Казакбаев менен Шүкүрбек Бейшеналиев бир эне, бир атадан туулган бир боордоштор экенин баары эле билишпесе керек. Экөөнүн кулк мүнөзү, жүрүм-турумдары, адамга мамилелери, көз караштары бири-биринен айырмаланып турчу. Дайырбек билими терең чоң маданияттуу, жазгандары да агасыныкына такыр окшобогон, кыска-нуска ой айткан, токтоо, сабырдуу жазуучу экенин баса айткым келет".
"Заман Кыргызстан" газетасы, 2.04.2010

Дайырбек түндүк-түштүк деген кыргыздын кендирин кескен жаман адатты жактырчу эмес. Ал пенде эле сыйлаган эмес, кудай сыйлаган АДАМ эле.. Ал кошоматкөй эмес, эл ичинен өсүп чыккан чыныгы АДАМ эле!

Маектешкен Машакбай РАХМАНКУЛОВ
Сүрөттө: бир туугандар, Кыргыз эл жазуучусу Ш.Бейшеналиев жана Д.Казакбаев Москва ш. 1962-ж.