Ыймандан дилиң тазарат

"КЫРГЫЗ - ЭЗЕЛТЕН САБЫРДУУ
ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ ЭЛ БОЛГОН"
Гезитибиздин өткөн сандарында Калыгул бай уулу олуянын касиеттүү урпагы Көчмамбет молдонун шакирти Сайдин кызы Жаңыл тууралуу жазылып, аны менен чакан интервью уюштурган элек. Бул айтуучу жөнүндө сурап, көптөгөн гезит окурмандары редакцияга кайрылып жатышат. Алардын берген суроолору боюнча Сайдин кызы Жаңылга экинчи ирет кайрылып отурабыз.

- Кыргызстан кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жаткан убакта, биринчи кезекте жалпы элди алдыда кандай кырдаал күтүп турат болду экен?- деген суроо туулат. Элибиз мындан ары да кыйналбайбы? Ач-жылаңач калбайбы?
- Жо-ок! Кыргыз элимди кут даарыган. Элде ачкачылык болбойт. Ыймандуулук ар бирибиздин дилибизден орун алсын. Тобоо кылалы. Кудайдын жолуна түшөлү. Мунун эң биринчи себеби, канчалаган жылдардан бери эле эл өзүн-өзү багып келатат. Болгону - элдин тынчтыгын бузушпаса эле болду эле...
- Тынчтык демекчи, эл дагы бир козголот деген сөзгө ишенсек болобу?
- Эл өзү козголбойт, бирөөлөр козгошу мүмкүн. Бирок, мурдагыдай коркунучтуу болбойт. Элдин талабы күчөйт: жеке адамдар, тактап айтканда, байлардын колуна өтүп кеткен мүлктөрдү - базарларды, пансионаттарды кайрадан мамлекеттештирүү керек деп чыгышат. Бир ууч байлардын кол алдында кул болуп иштеп жүрө берүүдөн тажап калды эл. Эл ушуга нааразы. Бизде бай-кедей болуп эле бөлүнүп калбадыкпы.
- Эми, жакшылыктан ниет кылып, Отунбаева эжебизди президенттикке койбодукпу...
- Ооба, Отунбаеванын жолу жакшы аял деп, өткөндө эле айткам. Ал - жөн аял эмес экени анык. Ал президент болгондо элиме кут түшпөдүбү...Аттиң, ал президенттикте узак мөөнөттө отурса - Кыргызстанды чындап оңомок.
- Ал эми алдыдагы шайлоо кандай өтөрүнө дагы бир ирет кызыгып көрдүңүзбү?
- Шайлоо тынч эле өтөт. Акырында келип төртөө ат салышат.
- Азыр ар кайсы өлкөлөр Кыргызстанга достук колун сунуп жатат. Кимиси менен калуу биздин элге ыңгайлуу?
- Биз көбүнчө Орусияга ыктайбыз. Дегеле, башка өлкөлөргө караганда Орусия Кыргызстанга чын ниетинен жардам берип келген жана жардам бере берет.
- Кыргызстанда, алдыда келе турган жылдарда катуу жер титирөөлөр болот деп адистердин өздөрү айтып келишет. Ушулар тууралуу кандай аян көрдүңүз?
- Кытайда ушул жылы үч жолу катуу жер титирөө болуп өтсө (бирөөсү болду), анда, ошону менен коркунуч өтүп кетиши мүмкүн. Жер да бекер жеринен титиребейт. Жер үстүндөгү эл тынчтыкта жашашы ылаазым. Эгер эл эки-экиден ызылдашып, атышып-согуша берсе,эки жүздүүлөр көбөйүп, ач көздөр тоюнбаса - мындайга жер да чыдабайт.Кудай андайларды каарына алат. Жараткан деле тынчтыкты, бейпилдикти каалайт, анан акырында... А силер "Эмне үчүн Меккеде жер титиребейт, суу ташкындабайт?" деген суроого жооп издеп көрдүңөр беле?
Тынчтык, достук, боорукерлик, кечиримдүүлүк - бардык жакшылыктын башаты. Мына ушул башаттан суу ичүү керек.
- Элибизге, жерибизге бүлүк түшүп бир топ кабыргабыз кайышып турган убакта кандай сөздөрдү айтаар элеңиз? Ал эми сиз жөнүндө сурап аткандарга не дейсиз?
- Сабырдуулук, сабырдуулук жана да сабырдуулук. Нарктуу карыларыбыз жаштарды тизгиндеш керек. Эрегиштен эч ким пайда таппайт. Кызуу кандуу жаштардын кулагына насаат сөздөрдү куюу зарыл. Кыргыз эзелтен акылдуу жана сабырдуу, токтоо жана кечиримдүү эл болгон. Ошондой мүнөзүбүз жана табиятыбыз менен кылымдарды карытып, чачылсак дагы жоголбой, чайпалсак дагы төгүлбөй келе жатпайбызбы. Бу да болсо, жараткандын элибизге жиберген чоң сыноосу чыгар...
Ал эми мага кызыгып суроо салгандарга (0773) 761053 номерине чалсаңыздар, өзүм жооп берем демекчимин.
- Сиз айткандай, ушул сыноодон аман-эсен өтүп, элдүүлүгүбүздү жана мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп кала берсек деген тилек менен баарлашуубузду аяктайлы.

Даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА