Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери п»ї

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 2
п»ї
  Мен кыргызмын!

АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
"Вечерний Бишкек" гезити "Алибини" улутчул гезит кыязында сынга алыптыр. (Бермет Маликова. "На минном поле." 2.07.2010. 11-бет.) Окуп алып ого бетер улутчул боло түштүм, ыракмат силерге. Силерге жана кыргыздарды чырды биринчи баштады деп, күнөөнү бүт бизге жаап,жапайы көрсөтүп жаткан башка массалык маалымдоо каражаттарына да ыракмат! Байдылданын "Улутун кимдер сүйбөгөн, Улутчул дешет билбеген. Кыргыз деп келип дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн" деген саптары миллиондогон кыргыздардын ураан ыры экенин гезит редактору Ким деген корея улутунун өкүлү кайдан билсин. Бермет Маликованын билээри да күмөн.


Гезитибиздин өткөн санында (№39. 6-июль. 2010-жыл.) "Кечки Бишкек" (Вечерний Бишкек) гезитинин моюн толгогону калчудай эме-еес…" аттуу макала жарык көргөн. Ал макала - аталган гезит биздин гезитти улутчул деп сынга алып, тийишкендигине карата жазылган. Макаланын аяк жагында аталган гезиттин кожоюну Александр Кимди сынга алып жатып, аны коммунисттерден депутат болгон Роман Шин менен алмаштырып алыптырбыз. Ушундан эле, кыргыз гезиттери башка улуттарды кодуламак турсун, кимиси ким экенин айырмалап, аркасынан аңдыбаганыбыздан кабар берет. Ал эми "Вечерканын" кожоюну Ким Александр Бакиевге гезиттери менен кандай кызмат көрсөткөндүгү жана ич ара мамилеси жөнүндөгү материалдар гезиттин кийинки сандарына жарык көрөт. "Өзү тийишкен бала ыйлабайт" деген макал бар кыргызда.


Кыргыздын келечегине "Алиби" күйбөгөндө өзбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыровдун кыргыздарды, анын бийлигин сындап сүйлөгөн сөздөрүн комментарийсиз эфирге чыгарып, өзбектерди улутчул иш аракеттерге чакырган Оштогу "Мезон ТВ", "ОшТВ", "ДДД" телестудиялары күймөк беле?
Кыргыздын келечегине "Алиби" күйбөгөндө Сан Санычтын (А.В.Ким) "акылман жетекчилиги" менен Бакиев бийлигинин колуна суу куя коюп тил табышып, эми болсо Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Өмүркуловдорду чайга чакыра коюп көңүлдөрүн алып, суроо-жооп уюштуруп, жаңы бийликтин да батасын алууга жетишкен "Вечерний Бишкек" күймөк беле?
Же, кыргыздардын келечегине алган айлыктарын "адам укугу" деген жаттама сөздөр менен актап, ылайыгы келген жерде да, келбеген жерде да аны көзүр тутуп көтөрө чапкан Азиза, Төлөйкан айымдар күймөк беле? Жеке адам эмес, өзүнүн тарыхый мекенинде жашап жаткан бүтүндөй бир "кыргыз" деген улуттун укугу тебеленип, тукум курут болуп бараткан шартта бул эки айымга кыргыз эмес, кыргыздан башка келгин улуттардын укугу маанилүү тура...
"Алиби" гезити "Де-факто" менен бир мезгилде Бакиев бийлигине каршы күрөшкө чыккан гезит. Бакиевдер бул эки гезитти муунтуп баштаганда "Де-фактонун" журналисттери туш-тушка тарап, гезит чыкпай калды. "Алибиге" миллион сом айып салганда, аны төлөп бүткөнчө "Ачык саясатты" чыгарып, эми Бакиевдерди мурдагыдан да "ачык сая" баштаганыбызды эл билет. Анан "Ачык саясат" эки гезитке бөлүнүп, ортодон үчүнчү гезит "Назарды" чыгарып жибердик. Бакиев бийлигин сындаган башка гезиттер акырындап куйруктарын кыпчып, коңулга кире башташкан. Ошол учурда "Алибинин" миллион сом айыбын төлөп бүтүп, эми бир эле кожоюн - юрист Бабырбек Жээнбековдун жетекчилиги менен "Ачык саясат", "Назар", "Алиби" газеталары оппозициянын опол тоодой тиреги болуп, Бакиев бийлигин үч "фронттон" кысып киргенбиз. Азыркы бийлик башында отургандардын, отурбай калгандардын дээрлик бардыгы ушул гезиттерден өз үнүн элге жеткирип, эки күндүн биринде редакцияга келип турушкан. "Эртең Элдик Курултай болот" деген 16-март 2010-жылдагы "Ачык саясат" жана "Назар" газеталарына АКШда баш калкалап жүргөн оппозиционер Р.Жээнбековдун макаласы жарыяланып,Бакиев бийлиги эми бул эки гезитти ар бирин 5 миллион сомдон айыпка жыгып, чыгарууга тыюу салып койду. Күрөштүн экинчи этабы башталды. Үч гезиттен ошентип "Алиби" аман калып, күрөш улана берди.
4-апрель күнү кечинде редакцияга Р.Отунбаева, А.Сасыкбаева, Т.Үмөталиева, Ч.Жакупова, башка оппозиционерлер келип, 6-апрель күнү редакциянын короосунда бир боз үй тигилип, ал жерде бизге окшоп жабылып калган "Азаттык" радиосунун, "СтанТВ" телесинин жана "Ачык саясат", "Назар" газеталарынын журналисттери ачкачылык баштайбыз деп, макулдашып тарадык. 5-апрель күнү түндө башкы редактор Б.Жээнбеков жана мен Таластагы элдик Курултайды уюштурууга БЭКтин атайын тобунун мүчөлөрү катары жөнөп кеттик.
(Таласта бийлик 6-апрель күнү эле - Курултайга даярдык көрүү учурунда тартып алынгандыгын дүйнө билет.) Өмүрүбүздү тобокелге салып, жаныбызды оозубузга тиштеп жүрүп, эски бийликти кетиргенге аз да болсо салым коштук, эмки жашоо жакшы нукта өнүгөөр деп жүргөндө Ошто өзбек-кыргыз (кыргыз-өзбек эмес!) чатагы чыгып кетти. "Кыргыз", "Кыргызстан" дегенде өмүрүбүздү тобокелге салып (ошол учурда журналисттер С.Абдылдаев бычакталып, Г.Павлюк Алматыга азгырылып барып өлтүрүлгөнүн унутпаңыз), макала жазып жүргөн жаныбыз, бу сапар да түпкүлүктүү улутка ушундай кыйын учурда жардам берүүнүн ордуна, сынагансып сыртынан көз салып турушкан түпкүлүктүү эмес улуттарды сындап жаза баштадык. Кыйын-кысталышта кыргыздарга жардам беребеген, алар менен бир болбогон башка улуттардын эмнесин мактап жазмак элек?!
"Искра" айылында байып бараткан дунгандар кыргыз балдарын компьютер ойноочу залга киргизбей токмоктосо, Петровкада көпкөн күрттөр 4 жашар (!) орус кызын зордуктап, арызданам деген таенесин асып өлтүрсө, аларга калыстыгын айтып жан тарткан кыргыздарды мылтык менен атып кирсе, Көк-Жаңгакта түрмөдөн мыйзамсыз бошоп келген күрт жигити 8 жаштагы секелек кыргыз кызды көпүрөнүн астына баса калып зордуктаса, Жалал-Абадда жеңил машинелүү өзбек жигити 9 жашар кыргыз кызын машинесинин ичинде зордуктаса, ошол эле Жалал-Абадда өзбек боордошубуз Кадыржан Батыров он чакты жылдан бери өзбек тилине расмий статус, өзбектерге автономия берилсин деп элди козутуп, кыргыздарды Алтайга көчүп кеткиле деп келатса, кыргыздын ыйык мамлекеттик атрибуттарынын бири - желегин эл көзүнчө өрттөшсө, Сох, Шахимардан, Ворух анклавдарында жашашкан өзбек, тажик боордошторубуз ушул айылдар аркылуу өтүүчү кыргыздарга каалагандай кордук көрсөтүшсө, малын кыргыз жайыттарына суроо-сопкуту,уруксаты жок эле жайып -айдап жүрүшсө, ушулардын баарына чыдап, "сизиң-бизиң" деп тил табышып эле келдик го. Бирок, казинодогу чатакты шылтоо кылып, Оштогу "Алай" мейманканасынын жанындагы Ош университетинин үч жатаканасындагы кыргыз студент балдар-кыздарга түнү менен каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөндө, чыдамдуулуктун чегинен чыгып кеткен тоолук кыргыздардын жарылуусу келип чыкты.Ушунун баарын көрүп-билип, угуп, аралашып жүрүп, анан кантип жоош момун, энөө, айкөл, кең пейил, маңыроо кыргызды сындабай коё аласың. Оозунан жемин алдырып жаткан кыргызды, кыздары башка улутка кордолуп жаткан кыргызды, жаратылыш байлыктары, айылы, жайлоосу, суусу, пансионаттары башка улутка өтүп жаткан кыргызды, тили басмырланып, обон-күүсү бузулуп, "Манасы" баш болуп руханий баалуулуктары жок болуп бараткан кыргызды, бийлик,байлык, кызмат десе башка бардык асыл нарк нерселерди садага чапкан кыргызды кыргыз сындабаганда, кыргыз намысына келтирбегенде орус же өзбек, дунган же уйгур, немис,кытай, күрт, даргин, ингуш - айтор, Кыргызстанга башы кирип, көчүгү баткан башка эл намыстантмак беле да, башка улуттар күймөк беле!
Дал ушундай улутчулдук, улутмандык макалаларды тынбай жазып келаткандыгыбызды "Вечерний Бишкек" деген орус тилдүү, курсагы ток гезитте (2.07.10. №118) Бермет Маликова деген кызыбыз улутчулдар таризинде сындап жазыптыр. Үзүндү келтирейин:
"В этой же газете из номера в номер автор Машакбай Рахманкулов развивает националистические идеи. Он пишет: "6-7 апреля, когда кыргызы вышли на борьбу против авторитарной системы, рядом с ними не стояли ни русские, ни дунгане, ни уйгуры, ни татары, ни узбеки, ни корейцы, ни ингуши вместе с даргинцами и не помогали убивать этого змея (имеется в виду старая власть), все они, спасая свои черные души, наблюдали из окна".
Ужасает, что количество подобных выступлений в кыргызскоязычной прессе бесконтрольно растёт".

Ооба, кыргыз тилдүү гезиттерде бизди ээрчип элдин улутчулдук маанайын көтөрүү башкы темага айланып баратканы кубанычтуу. "Вечерний Бишкекти" туурап сылап-сыйпап жазган "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоого", үстүрт көрсөткөн КТРга даба жок, алар чынжырдан чыкканча бир топ. А силер, орус тилдүү гезиттер жана "киргиздер" жылуу-жумшак орундарда, эшик-терезелери тор менен тосулган үйлөрдө бекинип алып, элдин баарын түпкү тегин билбеген, наркын билбеген, намысын тебелеп жатса да кыңк этпеген, энесин атып өлтүргөн Жоламан Дөнөнбаевге айланткыңар бар. Жоламан кайсы журналист эле деп чоочубай эле койгула. Эне-Бейит жөнүндө улуу Чыңгыздын легендасын дагы бир жолу окуп койгула, маңкурт эмессиңер го?

Орус тилдүү гезиттердеги "абысындарымды" терең урматтап, улутчул агаңар

Машакбай
РАХМАНКУЛ уулу.








Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 43

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 43

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 43

кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 43

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 43

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/0709_5.htm on line 43




а ­е¦Є.НҐй«