![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Мен айтпасам ким айтат? Меңди МАМАЗАИРОВА, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,акын,публицист. ДоМОКЛДЫН КЫЛЫЧЫ Азыр кыргыз башынан өткөрүп аткан кырдаал оңой - олтоң эмес. Гүлдөп турган байыркы Ош күлгө айланды. Жалал-Абад калаасы да оңбой калды. Балдардан баштап, ар кыл курактагылардын ойго келбес мыкаачылык менен ("Кадимки фашизм" ) бейкүнөө кыйылган өмүрлөрү күндүзү көздөн, түнү түштөн кетпей турганы да мыйзамченемдүүдүр. "Бирөөнүн кулагын кессе, кийиз кескенчелик сезилбейт" дегендей, өзүбүздүн эле улутташтарыбыз: "Койгулачы эми, козутпай, провокация кылбай, болду да. Улам айта бергенден, жаза бергенден өлгөндөр тирилип кетмек беле" деген кайдыгер сөздөрү таң калтырбай койбоду. "Ооруну сурасаң айыккандай болот, өлгөндү сурасаң тирилгендей болот" деп кеменгер элим эбак айтып койгон экен. Ошол мындан 20 жыл мурдагы Ош окуясы азыр акыл-эстүү адамдар айтып өкүнгөндөй, өз убагында чыныгы саясый баасын алганда бүгүнкү каргашалуу, кандуу капсалаң болбой калышы ыктымал эле. Менин оюмча, жашырып, таба кылгандын ордуна улам айтып, мындай кыяматты уюштуруучулардын так аты-жөнүн, кандай арам максатты көздөгөнүн, андан тапчу пайданын кунун, ошондой эле үчүнчү күч деп кимдерди айтып жаткандарын бийликчилдер, саясатчылар, УККлар, кыскасы тиешеси бар уюм-мекемелер ачыкка чыгарганы оң. Антпесе, коогалаңдын түпкү маңызын түшүнүп түкшүмөлдөй албаган эки улут, бири-бирине сөөк өчтү кек сакатаган бойдон кала берери бышык. Мунун өзү рак шишигиндей бүтүндөй акыл-эске метастаз берип, бир күнү болбосо, бир күнү дагы чарт жарылбайт деп, ким кепилдик бере алат? Албетте, чындыкты айтуу же моюнга алуу өтө кыйын, бирок, кийинкилерге пайда. "Айта айта азаят, сүйлөй сүйлөй сүзүлөт" дегендей, экинчи жагынан улам жаңырта кайталанган сайын маани- маңызы калың элге жетип, күнөө эки элде эмес, арага от жаккан чагымчылардын иши экени так билинип, жалпы журт тынчымакпы?.. Ушул жерде бир коошпогон, бирок, маңызы бар уламыш эске түшүп жатат. Энеден эрте калган жетим бала бой жетип үйлөнөм деп турганда, капыстан атасы да дүйнө салып кетет. Аябай кайгыга баткан жигит ичпей- жебей жатып калат. Аны байкаган коңшу карыя күнүгө келип баланы тургузуп, атасы мурда ооручу беле, ал эмне деген дарт эле, кандайча тигил дүйнөгө сапар тартып кетти деп сурап, суу жуткуруп, бир сындырым нан жедирип кетет.Бул иш күнүгө кайталана берет. Акыры атасы тууралуу улам сурап, ага жооп берген кызыксыз болуп, жигит жадай баштайт. Карыя эшикти ачып кирип, демейдегидей бир чөйчөк суу менен бир сындырым нанды жигиттин жанына коюп, дагы баягы суроосун берет. Канчадан бери кайталай берип, жадап, жүрөкзаада болгон жигит ордунан атырылып турат да:"Э, өлбөсө доңуз болсунчу!" деп кыйкырат. Жинденген боюнча барып, короодогу малдарын жайытка айдап, тиричилигине киришет. Карыяга ушул гана керек болчу... Канчалык элден жашырып-жаап, чындыкты билдирбөөнүн айла - амалын издеп мээ чаккандан көрө… Бекитип-нетип, капка шибегени катып отургандан көрө… Кандуу капсалаңга Бакиевдердин салымы канчалык, Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдурасуловдордун кылмышы канчалык, деги алар кимдер? Эмне үчүн К.Батыров Жалал-Абаддын түпкүлүктүү элине, коомчулукка кооптуу иштерди жасаган ( май айларында)? Коомдук тартипсиздикке нааразы болуп барган кыргыздарды, өзүнүн менчик университетинен эмне себептен ок атуу менен тосуп алган? Андай укукту ага ким берген эле? Эмне үчүн жаштарга илим-билим берген жерде курал- жарак, ок-дары болот? Ал кандай максат менен даярдалган? Ким уруксат берген? Жергиликтүү бийликпи же Убактылуу Өкмөт дем, дымак берип, сыр алдырып койду беле? Андай болсо анын түпкү себеби эмнеде? Уюткулуу элди тоотпой аткылаган Батыровго сурак жокпу? Жергиликтүү бийлик ээси Асанов ал кезде каерде, эмне кылып отурду эле? Борбордогу Убактылуу Өкмөт кантип эле кабарсыз калган да, чарасыз отурган? Дегеле элдин ишенген кожосу барбы акыры? Дагы таңдандырган суроолор туулат. Ансыз деле коюн-колтук жашаган элбиз. Бири-биринин тилин, дилин бир кыйла түшүнөбүз. Кыргыздын түшүн жооруган же өзбекче суудай сүйлөгөн адамдарды табуу дегеле кыйын эмес. Конституцияны, бюллетендерди өзбек тилине которуунун эмне кажети бар эле? Окшош тил эмес, баары орус тилинде болгондо деле жашап, шайлап келбедик беле? "Буканы кутурткан эки энеги" дегендей, Батыров, Абдурасулов, Салахитдинов, жана башкаларды кутурткан, канын козутуп, делөөрүткөн, өткөн бийликтен кек алуу көздөн учкан көк жээк болгон, жеке кызыкчылыктын кулуна айланган айрымдарыбыз эмеспи? Эмне үчүн жергиликтүү бийлик ээси Бектур Асановдун айланасында сасык тумандай самсыган өсөк сөздөр алиге ээрчийт. Айрым видеотасмаларда Батыров менен шынарлашып жанаша жүрөт го Бектуров? Бейөкмөт укук коргоочулар: Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдурасуловалар кыргыз кыздарынын мыкаачылык менен (так фашисттерче) кордолгонун эмнеге жан талаша жалганга чыгарууга аракет жасашты? Эмне үчүн эки элди элдештирем деп жан үрөгөн Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги мууздалып, башы кесилип, кызмат аткаруу мезгилинде каармандык менен каза болсо, өлгөндөн кийин "Эрдик" ордени менен сыйланып же "Баатыр" деген наам ыйгарылып, барк менен көмүлгөн жок. Азыр Ош шаарындагы жана жакын айылдагылар дегеле бүтүндөй Кыргызстан эли "Дагы эмне болуп кетер экен. Кайсынысы: махалладан чыга калабы же дагы кара сакалчаныбы, Кадыржан Батыровдун баш кесерлери кирип келеби?" деген жүрөктүн сары суусун алган кооптонуу менен жашап жатабыз. …Биздин эрага чейинки 5-кылымдын аягында жашап өткөн Сиракузалык тиран Дионис жакын көргөн Домокл деген жан жөкөрүнө өзүнүн тактысын бир күнгө берет. Окуянын урматына уюштурулган шаан-шөкөттө жыргап отурган Домокл так төбөсүндө аттын кылына байланган жалаңдаган кылычтын салаңдап, асылып турганын көрөт. Бул тирүүчүлүктүн чындыгы эле. Азыр ар бир кыргыздын башында Домокл-дын кылычы салаңдап илинип турганын тана албайбыз. Шибегени капка катканыбыз менен кайсы маалда төбөбүздө салаңдап турган Домоклдын кылычы мойнубузду кыйып кетишин күтүп тура беришибиз керекпи?
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||