Гүлназ Бакир кызы:
"Сүйүүдө бирде назик, бирде катаалмын"

Биздин маектешибиз келечегинен көптү үмүттөндүргөн булбул үндүү, күн жүздүү жана келечегинен көптү үмүттөндүргөн кыздардын бири. Учурда "Мин Кыял FM" радиосунда канчалаган боз уландардын жүрөгүнө чок салып, алардын сүйүүсүнө арзып турган кези. Бүгүн Гүлназ гезитибиздин окурмандарына өзүнүн жан дүйнөсү, жеке турмушу тууралуу азыноолак баяндап берүүнү чечти.


Үй-бүлөдө. Ата-энемдин жалгызымын. Бала кезден эле абдан сезимтал болуп өстүм. Буга бир чети, ата-энемдин ортодо бир нече жыл бири-бири менен айрым бир түшүнбөстүктөрдөн улам чогуу жашабай калганы себеп болду окшойт. Ошондуктан бир чети эрке болгонум, бала кыялым эрте калып, эрте токтолдум. Ошол кезде апам жумуштан чарчап келип же кичине кабагы бүркөлүп калса мен алапайымды таппай, ичимден сызып, кадимкидей кыйналчумун. Анан дагы бир жаман көргөнүм, бир үйдө апам экөөбүздүн жалгыз жашаганыбыз болчу. Кадимкидей ыйлагым келип, "неге менин бир туугандарым жок" дей берчүмүн. Бирок, жашоо деген ушундай тура. Кимдир бирөөнүн кетирген каталарына кайра өз нугуна салып коюу жараткан үчүн түккө турбаган нерсе. Азыр эми, атам менен апам экөө 5-6 жылдан бери чогуу жашайт. Ага-тууган менен алыш-бериш дегендей кадимкидей баары түгөл, үй-бүлөм бар. Бирок бири кем дүйнө, менден улуу эжем дагы менден кийинки бөбөктөрүм да чарчап калышкан. Мага эми, чыныгы бир тууган орду эч качан толбочудай сезилет.
Ошентсе да, менин ушундай адам болуп чоңоюп жетилишим үчүн, өзүнүн бүтүндөй өмүрүн арнаган апамдын асыл тилегин орундайын деген үмүт менен жашап келем жана жашай берем.
Сүйүүдө. Бирде алсыз, назик, бирде катаалмын. Анткени, табийгат бизге-аялзатына ушундай мүнөз берген турбайбы. Баары өзүбүз каалагандай, биздин көңүлүбүзгө төп келип турганда гүлдөй жайнап кулпуруп кетебиз. А тескерисинче, кичине эле бир нерсе жакпай калса ичибизде бороон-чапкын болуп кетет. Бирок айымдарга сулуулукту, аруулукту, назиктикти, жароокерликти белек кылган жаратылыш бизди амалкөйлүктөн да куру кол калтырган эмес. Ошондуктан, ар бир аялдын сүйүүгө болгон өзүнчө көз карашы жана жеңишке жетүүгө атайын ыкмалары болсо керек. Менде деле ушундай. Керектүү жерден өз сезимимди жашырып, ичиме катып койгонум менен турмушта чыныгы сүйүү-махабат менен бактылуу жашагым келет. Сүйүүгө зар болгон кунарсыз миң күндөн көрө арзуунун азабына батып, сүйүнүчүнө бөлөнгөн көз ирмемдер баалуу эмеспи.
Балалык. Мектепте окуп жүргөндө 5-6- класстан тартып көркөм адабиятка абдан кызыгып кеттим. Буга менин кыргыз тили жана адабияттан берген мугалимим түрткү болду. Күндөп-түндөп адабиятты казып окуп, андагы сүйүнүчтүү окуяларга кадимкидей кубанып, капа болсо кабак буркөп, ошол китептер менен жашап калган. Менин эсимде калганы Узакбай Абдукаимовдун "Майдан" деген китеби болду. Андагы каармандар менен кошо жашап, ыйлап эле жүрчүмүн. Көрсө, ал чыгармалар мени өмүрдүн өзөгүн тандоого үндөп, азыр мен жашап жаткан дүйнөгө чакырып кетишкен тура.
Хоббим: Секелек кезимден эле түрлөнтүп тамак жасаганга абдан кызыкчумун. Апам тамак жасаса жанынан чыкпай айланчыктап, бир нерсеге экинчисин кошуп жаңыча даамдарды чыгарып жиберчүмүн. Кичине чоңойгондон кийин кадимкидей даамдуу тамак жасап калдым. Азыр деле ошондой бош болгон күндөрү үйдө көңүлүмө жаккан тамакты жасап, эс алгым келет. Андан башка бир кийимден башка кийим жасап жиберем. Чоңду кичирейтип дегендей. Бул да мен үчүн хобби. Өзгөчө кийимдерди ойлоп таап, кыялымда дизайнер боло берем. Балким кийин бул чындыкка айланаар.
Бейшен Кадыр





  Гүлчамбар

Артыңда калдык буркурап...
Арман дүйнө! Мындан бир ай мурда үй- бүлөгө күйүмдүү жана камкор атабыз Чекиев Тынчтыкбек Бешкемпировичтин кырчындай өмүрү кыйылып, жүрөгүбүздү күйүткө, ыйга толтуруп, зыркыратып, аска- зоодой болгон тирегибизди шум ажал арабыздан алып кетти. Адамгерчилиги бийик, жайдары мүнөз, чечкиндүү, жүрөгүндө оту бар, эли- жери үчүн күйгөн такшалган саясатчы, маданияты бийик, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн, каада- салтты барктап билген адам эле. 18- сентябрда 49 га толуп 50 жашка кадам таштамак. Таш боор тагдыр ал күнгө да жеткирбеди. Биздин үй- бүлө орду толгус жоготууга учурап, таянар тообуздан ажырап, жазмыштын салганына аргасыз баш ийип, сыздап кала бердик.
Ардактуу Атаке! Бизге берген тарбияңыз, айткан насаат сөздөрүңүз, жасаган ишиңиз жүрөгүбүздө дайыма сакталат!

Мөңгүлөр ыйын тыя албай,
Мөлтүлдөп тамат көз жашы.
Солкулдап Тогуз- Тороонун
Соолуп барат көз жашы.

Саймалуу Таштын таштары,
Саамайлап акты жаштары.
Алп Тобок баба күмбөзү,
Ал дагы көзүн жаштады.
Беш- Көлдүн көлү бешөө тең,
Беш убак ыйлап баштады.

Эмгегиң элге жакты эле,
Эл кеби сага жакшы эле.
Эл- жер деп соккон жүрөккө,
Эмнеге тагдыр каршы эле.
Жети-Өгүз менен Ак-Сууга,
Эмгегиң ашуу ашты эле.

Сапарың узаар алдында,
Санаага баарын салдың да.
Алпештеп багып өстүргөн,
Ата- энең калды арманда.

Уул- кызың бойго жеткенде,
Урматын көрбөй калдың да.
Кубаныч менен Максатың,
Томсоруп калды артыңда.

Толукшуп тоолор ыр курап,
Тоолордун тоому тунжурап.
Жалгыз кыз эрке Майрамың,
Атакебай деп зыркырап.
Алганың жарың Сайрашың
Артыңда калды буркурап.

Бир бооруң, урук тууганың,
Ботодой боздоп турушат.
Тагдырлаш досуң тамырың,
Айла жок арман кылышат.
Айттырбай келген ажалга,
Айласыз моюн сунушат.

Жубайы Сайра, уулдары: Кубаныч, Максат, кызы Майрам, келини Жылдыз, небереси Абдыбек.