Амалкөйдүн арманы

Күздө күтүрөгөн Кадыржан жазды неге эңсөөдө?

РЕДАКЦИЯДАН: Ушул жуманын 13-сентябрында Түштүк коогалаңына түздөн-түз тиешеси бар Кадыржан Батыровдун Видео кайрылуусу (http://www.youtube.com/watch?v=BmuQvXONass) интернет -сайтында пайда болду. Биз бүгүн аталган кайрылууну жалпы окурман журтунун назарына сунуштап олтурабыз. Ал эми аны ким кандай кабыл алат, ар кимдин өз эрки. Редакция автордун позициясын бөлүшпөй тургандыгын алдын ала эскертет. Бирок, Кадыржандын кыргыздарга кылган кыянатчылдыгы эч качан унутулбайт!!!


Кымбаттуу мекендештер!
Саясый каршылаштарым мени адилетсиз жана негизсиз куугунтукка алып, Кыргызстандын азыркы бийлиги Мекенимди калтырып кетүүгө мажбур кылышты. Бирок, мен бир да күн Кыргызстан менен байланышымды үзбөстөн республикадагы жолдош-жоролорум, улуту жана социалдык абалы боюнча түркүн адамдар менен баарлашып турдум. Ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалга чын дилден күйгөн аракеттеги бийликтин айрым өкүлдөрү менен мамилемди улантып келдим. Мен Кыргызстандан аргасыз кетүүгө мажбур болгон үч айдан ашык мезгилде республика эмне менен кантип жашап тургандыгын жакшы билем. Мына ушунун өзү жанды кейитет.
Биздин мекен өз алдынча күн көрө баштаган мезгилден тарта биринчи ирет ушундай оор жана терең кризиске кабылды. Бул кризистин башкы себеби, алар айта жүргөн кайдагы бир сепаратизм же автономия түзүүгө далалат жасоодо эмес, саясий, социалдык, экономикалык жана криминалдык проблемалардын тереңинде, талкаланган Бакиевдин режиминен кийин пайда болгон маселелерди азыркы бийлик чечүүдөн тайсалдап тургандыгында жатат. Себеп: Бекназаров, Текебаев, Исаков, Мырзакматов мырзалардын жеке амбициясында, жана саясий авантюризминде жатат. Алардын талап тоноочулуктан кийинки тарых жана эл алдындагы адилетттүү соттон өлөсө корккондугу жатат. Ошол эле учурда бизге түшкөн азап-тозок үчүн жоопкерчиликти бардык саясый күчтөр: кечээги жана бүгүнкү эл башындагылар, кечээги жана бүгүнкү оппозиция өз моюндарына алышы керек. Албетте, мында кимдин күнөөсү канчалык экендиги, кимге кандай жарлык илинери өзүнчө маселе. Бирок, бул чексиздикке кеткен жол, мындан аркы конфронтацияга, акырында мамлекеттин кыйрашына алып баруучу жол. Мындай ишке көп улуттуу Кыргызстандын эли: кыргыздар менен өзбектер, орустар менен дунгандар, түндүк менен түштүк , мусулмандар менен славян калкы, саясый көз карашы боюнча түркүн адамдар эмес, Кыргызстандын душманы кызыкдар болуп жатат. Биздин бардыгыбыздын мекенибиз бирөө гана- келечек үчүн биз ич ара келишүүгө үйрөнүшүбүз керек. Бул соңку учурда жасалган кылмыштардын бардыгы унутулууга тийиш дегендикке жатпайт. Жок! Жалпы элдик тил табышуунун бирден бир шарты республиканын түштүгүндөгү июнь окуяларын толугу менен ар тараптуу жана обьективдүү иликтеп чыгуу болуусу керек. Чынчылдык жана калыстык гана ич ара ишенимди жарата алат.
Болуп өткөн окуяларга карата ар бир саясатчынын жана чиновниктин ролун аныктап, Роза Отунбаева жана Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү мага бир нече ирет кайрылып, Республиканын түштүгүндөгү өзбек калкынын К.Бакиевди колдошуна жол бербөө үчүн, аларга өкмөттөн кызмат берилерин сунуштоо менен абалды жеңилдетүү өтүнүчтөрүн эскертип коюу зарыл. Мен жана менин тарапкерлерим бардык күчүбүз менен республиканын түштүгүндөгү тынчтыкты сактап калууга аракет жасадык, Бакиевдин жана анын айланасындагылардын республикадагы кырдаалды бошоңдотууда этникалык факторду пайдаланышына каршы турдук. 7- апрелде революция ишке ашты, Бакиевдин режими кулады, бирок Бакиев түштүккө качты. Анын келиши менен түштүктө, тагыраак айтканда, Жалал-Абад облусунда тирешүү күч алып, чыңалуу борбору түндүктөн түштүккө ооду. Президент Бакиев, өзүнүн туулуп өскөн айылы Тейитте штаб түздү. Бир туугандарын, тарапкерлерин өз кланын чогултту.Бийликти өткөрүп берүүгө эч качан макул болбогондугун ачык айтып, бийликке кайтып келүүгө даярданды. Жалал-Абаддын калкы тынчсызданып, абал начарлай баштады. УӨ бул тууралуу билген жана К.Бакиев менен бир нече жолку сүйлөшүүлөргө жасалган аракеттерден майнап чыккан жок. Бул ортодо түштүктө бийликти ээлеп калууга бар нече ирет аракеттер жасалып, митингдер өтүп жатты. Акырында 15 -апрелде ОШ шаарында митинг болуп өттү.Өз тарапкерлери менен жүздөгөн адамдардын коштоосундагы Оштогу митингге келишин таяк менен тосуп алышты. Ал эптеп жанын алып качууга үлгүрдү. Шылдың менен кайтып келгенден кийин өлкөнү таштай качууга мажбур болду. Ал эми анын бир туугандары жана кланы Тейит айылында кала беришти. Бул тууралуу УӨ билген жана бул штабды орду түбү менен жок кылууну, бир тууган Бакиевдерди кармоону көздөгөн. Алар атайын операцияларды жүргүзүшүп, аны түздөн түз Ички иштер министри, УККнын биринчи орун басары жетектеген. Бирок операция толугу менен кыйроого учурады. Анткени милиция жана УКК кызматкерлеринин көпчүлүгү Бакиев тарапта болучу. УӨтүн аргасы түгөнүп турганда , абалды колго алган Бакиевчилер 13 майда бийликти тартып алууга жан үрөштү. Бул аракет ишке ашты. Бакиев жана Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери Жалал Абад, ОШ, Баткен облустарынын мамлекеттик администрацияларын, түштүк борборун басып алышты. УӨ Кыргызстанлын элине кайрылуу менен чыгууга мажбур болду. Алар Борбордук телевидение аркылуу УӨтү колдоону ачык айта башташты, анткени революциянын жеңиши коркунучта калды. Элди аянтка чакырышып, Бакиев менен Үсөновдун тарапкерлерин бардык күчтөр жана каражаттар менен жок кылууну көздөштү. Бир нече жолу мага кайрылышты. УӨтүн мүчөлөрү бул маселени кайра кайра карашып, ОШ , Жалал-Абад облустарынын губернаторлору бизден колдоо сурашты. Өтө оор тирешүү сакталып тургандыгына карабастан 14үндө биз мындай колдоону көрсөттүк. Бир күндүн ичинде шаардын борбору жана облустук администрация басып алуучулардан толугу менен тазаланды. Бул бир нечелеген адамдардын каны жана жаракат алышы менен жетишилди. Ап эми Жалал-Абад облусунун губернаторун өз кызмат ордуна алып келдик.
Революциялык окуялардын жүрүшүндө биз өз биримдигибизди жана уюшкандыгыбызды көрсөтө алдык.Таасирдүү саясый күч катары биз менен эсептешүүгө туура келерин аныктадык.Мындай кырдаал жаңы бийликке жаккан жок. Мына ушундан кийин Ош жана Жалал Абад облустары этникалык конфликттердин себепкерине айланды. Отунбаева жана анын жан жөкөрлөрү Текебаев, Бекназаров, Исаков бул шылтоого шыноо катары мени жана бир катар абройлуу өзбектерди пайдаланып, улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракет кылган деп күнөө коюп , кылмыш ишин козгошту. Ошентип, камакка алуу башталып, өзбек маданий борборунун президенти Ж. Салахуддинов кармалып, президент Р.Отунбаеванын кийлигишүүсү менен ал кайра бошотулду. Абдусаломов Улугбек, Мырзалиев Шухрат, Аблясов Осмонали, Аскаров Азимжан,Ахмедов Махамаджан жана башкалар камакка алынды. Алар бүгүнкү чейин камакта жатышат жана кыйноого кириптер болушууда.

Мекендештер!
Мен ким менен болбосун, кризисти тезирээк жоюуга аракет кылгысы келгендер менен сүйлөшүүгө даярмын. Ап эми кырдаал калыбына келер замат өз мекениме кайтып келип, аны кайра жаратууга катышууну көздөйм. Кандай болбосун ал күн жакын арада келерине ишенем. Менин кайтып келишиме бут тоскон башкы себеп, бийлик кумарына баткан айрым адамдардын өз абалынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн саясый этникалык жана улуттар аралык тирешүүнү курал катары пайдаланып жаткандыгы болууда. Бирок мындай күчтөрдүн келечеги жок.! Алардын мезгили жакында бүтөт. Биздин мезгил чынчыл жана жоопкерчиликтүү адамдардын мезгили, улутка жана саясый көз карашка карабастан келет! Күттүргөн жаз да келет!