"Дордойдогу" талаш...

Чекисттер менен кызыл шапкечендер "доля" бөлүшө албай...
Эки күн мурда "Дордой" базарынын айланасында нан эле таппастан, чөнтөктөрүн томпойтуп жүргөн күч структураларынын кызматкерлеринин ортосунда аз жерден мушташ чыгып кете жаздаганын кулагыбыз чалды.

Бизге жеткен оперативдүү маалыматтарга караганда, Казакстанга кеткен соодагерлерге "крыша" болуп, "доля" алып жүрүшкөн Улуттук коопсуздук кызматы менен ИИМдин оперлери "клиент" талашып, 19-январь күнү кечке маал ар кими өз жигиттери менен "Дордойдун" айланасында топтолушуп, "разборка" кылышканы дайын болду.
Жыйынтыгында, ар бир топтон "разводилалар" чыгып, "клиенттердин баарына жетээрин, бири-бири менен тирешпей, ынтымакта иштешели"- деп, бир пикирге келишкен экен. Эмесе, алар кызыл-чеке болушканда, эмне болоорун айтуу эмес, элестетүүнүн өзү кыйын...






Нурдан_2011
ал
ал1 ал2 ал3 ал4 ал5 ал6