Учур маек

Амангелди Муралиев, коомдук ишмер:
"Жаңы келген өкмөткө ишибизди ийгиликтүү өткөрүп бердик"
(Башы өткөн санда)

- Кандай өңүттөрдө эсептешпесин, быйылкы жылдын бюджети чоң өлчөмдөгү таңсыктык менен бекитилди. Бюджеттин таңсыктыгын эмнелердин эсебинен толтурууга болот деп ойлойсуз?
- Бул маселе боюнча мен көп жылдардан бери айтып келе жатам. Сиз жакшы билесиз, бюджеттин киреше жагын толтурууга көп чараларды колдонуу зарыл. Менимче биздин экономикабызды көтөрө турган бир нече жолдор бар. Биринчиден, Ички Дүң Продуктуну өстүрүү керек. Ал үчүн өндүрүштү, айыл-чарбаны, сооданы жандандыруу абзел. Ал азыркы күнү Ички Дүң Продуктунун 16,1% түзсө да, биздин бюджеттин киреше бөлүгүнүн жарымынан көбүн ушул өндүрүш түзөт. Энергетика, газ тармактарында резервдер бар. Финансы чөйрөсүнө көп көңүл буруп, жоготууларды жоюп, бюджетке бир топ акчаны топтосо болот. Азыркы шартта ашыкча салыктарды алып салган эле оң. Жаңы салыктарды киргизбеш керек. Экинчиден, бажы, салык системасындагы коррупцияны жоюш керек. Биз бажы сис-темасын реформалоо долбоорун даярдаганбыз. Анын ток этер жери - бажы кызматкерлерин кыскартуу, электрондук иш кагаздардын жүгүртүлүшүн киргизүү болуп саналат. Ишкерлерге шарт түзүп берип, текшерүүлөргө тыюу салып, аларды бардык жактан колдоо зарыл. Үчүнчүдөн, экономиканын структурасынын реэкспортун кайра иштеп чыгып, даяр продукциябыз болсо, сатыш керек. Мисалы, кийим тигүү тармагы бул жерде үлгүлүү роль ойноп жатпайбы. Төртүнчүдөн, тышкы сооданы көбөйтпөсөк болбойт. Бул боюнча Бажы Союзу менен тил табышыбыз керек. Бешинчиден, туризмди өнүктүрүү маселеси турат. Чет мамлекеттен келген меймандардын коопсуздугун чечсек, МАИнин катарын тазаласак, иш алдыга жылчудай. Алтынчыдан, айыл-чарбасы. Буудай, кант, кызылча, тамеки, төө буурчак, пахта өндүргөн дыйкандарга жардам бериш зарыл. Аларга колдоо жетишпей жатат. Маселен, өкмөт жаңы базарларга чыгыш керек.
Айтылган ойлор бюджетти толтурууга мүмкүнчүлүк берет. Кризиске каршы фонддун каражатын колдонсо болот. Бүгүн жаңы Аткаруу бийлиги кээ бир иш-чараларды жасап баштады. Биз кризиске каршы фонддон жардам сураганбыз жана Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Булар боюнча ишти улантыш керек. Өз учурунда биз келишимдер аркылуу Туркиядан жардам алганга үлгүрдүк, Россия өзүнүн экспорттук пошлинасынан баш тартты. Ал эми азыр Казакстан менен инвестициялык фонд түзүүгө аракеттер бар. Мен коалициялык өкмөт цивилдүү, эл үчүн иштейт деген ойду айтайын деп жатам.
- Өткөн жылы Кыргызстанга келген инвестициялар мурдагы жылдагыдан кыйла аз болду. Быйыл кандай болоор экен? Сырттан инвестицияларды тартууну көбөйтүү үчүн эмнелерди кылуу, кандай чараларды көрүү керек?
- Туура. Өткөн жылы чет элден келген инвестициялар 2009-жылга салыштырганда 30% га кыскарды. Себеби түшүнүктүү. Бизде бийлик алмашты, түштүктөгү окуялар өзүнүн таасирин берди. Жаз айынан тартып жылдын аягына чейин негизинен толук кандуу бийлик болгон жок.
Менимче быйыл инвестиция деле мамлекетибизге көп келбейт. Эмне үчүн дегенде легитимдүү өкмөт жаңы эле иштеп баштады. Эгерде жаңы Аткаруу бийлиги мыйзамдарды туу тутуп, коррупцияга жол бербей, коопсуздукту сактап, инвестициялык долбоорлор боюнча коомдук экспертизанын оюн эске алып иштесе, чет элдик капиталдын келиши ыктымал.
Инвестицияларды өлкөбүзгө алып келүү үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, республикада мыйзамдуулук, коопсуздук, туруктуулук сакталыш керек. Маселен, Бакиевдин убагында үй-бүлөлүк капитал диктатурасы гана болбостон, баш аламандык, рейдерлик басып алуулар, саясий тобокелдер өкүм сүрүп турбадыбы. Мындай нерселер, инвесторлорду, албетте, жалкынтат, бизге карата толук ишеним жарата албайт. Экинчиден, баягы эле сазга кирип кеткен коррупцияны жоюу абзел. Бийликтегилердин жана карапайым элдин алдында мыйзамдуулукту сактоо милдеттери турат. Антпесек, бизге капитал келбейт. Мына ушу эки шартты камсыз кылсак, анда инвестицияларды, албетте, тартса болот. Менимче Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык абалына, кен байлыктарынын байлыгына, табиятынын, ландшафтынын кооздугуна кызыкдар инвесторлор арбын. Андан тышкары, сапаттуу кадрларыбыз бар, элибиз билимдүү. Аны колдонуш керек да. Эми чоң капиталга муктаж болгон чөйрөлөр көп. Бул тоо-кен, транспорт, байланыш, коммуникация, соода, энергетика, экология, жаңы технологияларды өздөштүрүү тармактары болуп саналат. Ошондуктан, биз баш аламандыкка, кур митингчиликке жол бербешибиз абзел.
- Россиялык инвесторлор менен биргеликте Камбарата-2 ж.б. ГЭСтерди куруу, Кытай, Өзбекстан менен биргеликте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу жөнүндө көп жылдардан бери айтылып, ар кандай меморандумдарга колдор коюлуп келе жатат. Өлкөбүздүн экономикасы үчүн ушул долбоорлор зарылбы?
- Албетте, керек. Камбар-Ата ГЭСтери Россия Федерациясы менен келишим боюнча иштеши зарыл. Алардын курулушу азыр ички саясаттан гана көз каранды болуп турат. Негизинен экономиканы өстүрүү максатында, инвестицияларды Казакстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдөн чакырса болот. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу келечекте боло турган долбоор. Бул боюнча консорциум түзсө болот. Биринчи этапта Торугарт-Кара-Кече-Балыкчы байланышын түзүү зарыл. Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык макулдашуусу керек. Эгер бул долбоор ишке кирип калса, бизге инвестиция келип, жумушчу орундар түзүлөт. Ошону менен бирге, энергетика, кен байлыктарды өндүрүү маселелерин чечип алат элек.
- Сиз республиканын түштүгүндө да иштеп келгенсиз, маселени ичинен жакшы билесиз. Жалал-Абад жана Ош коогалаңдарынын кесепеттерин жоюу, эки элдин мурдагыдай тынч, бейкам жашоолорун камсыз кылуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?
- Туура. Ал мезгилде түштүк аймагында 1990-жылы болуп өткөн окуялардан кийин абал тынч эле. Себеби, биз туура жыйынтык чыгарып, ал убакытта бүт тармактарда реформа жүргүздүк, коомду демократиялаштырдык, рынок мамилесин калыптандырдык. Жарандардын укуктук маселесин чечтик, эркиндигин камсыз кыла алдык.
Ошондо биз кадрларды даярдоо маселесине көп көңүл буруп, бардык улуттардын кызматтык тең салмактуулугун карап чыгып, кылдаттык менен профессионалдык гана эмес, улуттук жагын да карап, адилеттүү чечкенбиз. Биз Ош обл-администрация (анда Баткен облусу жок болчу) менен Андижан, Фергана, Ленин-абад акимиаттар ортосунда түзмө-түз досчулук мамилесин өркүндөтүү, биргелешип кызматташуу ишин алып бардык. Суу, чек ара, кырсыктарга байланыштуу маселелерди талкуулап, аларды аягына чейин бүтүргөн элек.
Элдерди бириктирүү максатында, биз Ош жергесинин керемет жерин, руханий жана тарыхый бермети болгон Сулайман Тоосун шайман катары колдонгон элек. Аны реконструкциялап, жаңы музей куруп, Фергана өрөөнүнүн тарыхын чагылдырган комплексти ачканбыз. Ал жерде ар кандай улуттардын өкүлдөрү Сулайман-Тоого келип зыярат кылышып, достошуп кеткен мисалдар арбын.
Андан тышкары, "Ош жаңырыгы", "Уш садоси", "Эхо Оша" гезиттерин теңме-тең, калыс колдоп жүрдүк. Жумушсуздук маселесин жоюу - биздин көңүлдүн борборунда турду. Ошто текстиль, жибек комбинаттар үзгүлтүксүз иштеп турчу эле (азыр алар токтоп турат). Араван, Кара-Суу райондорундагы пахта өндүрүүчү ишканаларын, Кадамжайдагы сурьма, Айдаркендеги сымап, Кызыл-Кыядагы көмүр комбинаттарын жандандырып, ишке киргизгенбиз.
Ошол эле учурда, элдин турак-жайлары үчүн жер берип, университеттердин жатаканаларын, жаңы корпустарын, сот системасынын, жарандык укук коргоо уюмдарынын имараттарын курууга жардам көрсөткөн элек. Укук коргоо органдарынын алдында тартип маселесин катуу коюп, талаптарды күчөтүп, алардын каржы маселелерин чечкен учурлар алигиче эсимде. Орто жана чакан бизнести, ишкер адамдарды дайым колдоп жүрдүк. Мисалы, патенттик системаны киргизгенбиз.
Дагы бир айта турган сөз. Башка облустардан айырмаланып, биз Ошто Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын биринчи филиалын ачканбыз. Ал аркылуу элдерди ынтымакка чакыруу идеясын көтөрүп чыккан элек. Ушул жогоруда айтылган тажрыйбабызды жаңы өкмөт иш жүзүндө колдонот деген үмүт бар.
- Республиканын түштүгүндөгү окуяларды иликтеген Улуттук комиссиянын жыйынтыктарына карата көз карашыңыз кандай?
- Эми комиссиянын иши тууралуу оң же сол деп айтуу кыйын. Кандай болгон күндө да, бул проблема кылдаттык менен каралып, адилеттүү болушу абзел. Азыр эл аралык комиссиянын, Жогорку Кеңештин бүтүмүн күтүш керек. Шашылбастан, буга карата жасай турган иш-чаралардын камын көрүшүбүз зарыл.
- Жаңы өкмөттөн кызмат сунушташтыбы?
- Сунуштар болгон. Бирок, апам карып калды, атамдан жана 2 инимден ажырап калдым. Ошон үчүн элчилик ишке ынабадым. Мамлекетибизде проблемалар көп. Элимде калып, өкмөткө жардам берейин деген ойдомун. Мен азыр "Кыргызалтын" Акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенүүдөмүн. Мен биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп турганда, ал убакытта акысыз беш айлык отпуск алгам. Азыр өз ордума кайрадан келдим.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова