Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 2
  Артык кылабыз деп тыртык кылбаса...


Майа Көлбаева, Камчы Көлбаевдин апасы:
"Менин жана неберелеримдин өмүрү коркунучта!"

"Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин энеси азыркы бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан жолуна нааразы болуп, "булар чылпагын алабыз деп, көзүн чукуп жатышат"- деген ойду ортого салат. Эгер мындайды токтотпосо, мунун арты жакшылыкка алып барбаарын эскертет. Майа эженин айтымында, "уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп жатабыз" деген бийлик өкүлдөрү көл элине эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанга "кара пиар" жасап, туристтерди үркүтүшүүдө.
"Туристтер менен жан багышкан эл мындайга азыртадан кабатырланып, бийликке азуусун көрсөтүүгө чамынып жатат. Эгер, туристтер келбей калса, буга азыркы бийлик күнөөлүү болот. Андыктан, мындай терс көрүнүштү болтурбоонун алдын алыш керек"- дейт Майа эже.

- Майа эже, бүгүнкү күнү уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чоң кампания башталгандай. Бирок, эмнегедир бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан мындай ыкмасына сиз нааразычылыгыңызды билдирип келиптирсиз. Ушул нааразычылык эмнеден улам келип чыкты?
- Булардын күрөшүү ыкмасы чылпагын алабыз деп, көздөрүн чукуп жатышкандай эле болуп жатат. Минткенимдин себеби, укук коргоо органдары бүгүнкү күнү Чолпон-Ата шаарындагы жаш балдардан аксакалдарга чейин куугунтук көрсөтүшүүдө. Өткөн жылы 7-апрелде Талас менен Нарындын эли дүрбөлөңгө түшүп жатканда, аларды уккан Ысык-Көлдүн жаштары да кыжырданышып, көл жээктеги пансионаттар менен кымбат баалуу үйлөрдүн баарын өрттөйбүз, тонойбуз деп чыгышкан. Ал кезде уулум Камчыбек Кыргызстанда эмес, чет жерде болчу. Ал дароо айыл аксакалдарына телефон чалып, "ар бир айылдын өкүлдөрүнөн куралган "координациялык кеңеш" түзүп, көл жээгиндеги имараттарды тоногондон, өрттөгөндөн сактап калгыла, , талкаланып калса, оңдоп-түзөгөнгө элдин эле акчасы кетет"- дептир. Ошентип, "координациялык кеңеш" жаш балдардан элдик кошуундарды түзүп, Өрүктүдөн баштап Сары-Камышка чейинки көлдөгү мүлктөрдүн баарын кайтарууга алып, сактап калышкан. Эгер, өрттөнүп кетсе, канча миллиондогон доллар зыян келээрин айтпай ак коелу. Эми бүгүнкү күнү ошол "координациялык кеңештеги" жигиттерге өкмөтүбүз көл жээгиндеги пансионаттарды аман-соо алып калгандыгы үчүн ыраазычылык билдирүүнүн ордуна, ар бирин куугунтукка алып, кысым жасап жатышат. "Координациялык кеңештин" эле эмес, уулумдун айылдаш жолдошторун, классташтарын жана инилеринин баарын жөн иштетишпей, Улуттук коопсуздук кызматы менен ИИМдин өкүлдөрү көчөдөн кармап, себеби жок эле суракка алып жатышыптыр.
- Күч структуралары аларды суракка алгандарын кайсы бир негиздер менен түшүндүрүп жатышабы?
- Эч кандай негиз жок эле кармашып, эптеп баштарын оорутмай менен алек. Алгач райондук, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына асылышып, "силерди бул кызматка Камчы Көлбаев дайындадыбы? Ал менен кандай байланышыңар бар?"- деп сурашыптыр. Алар "ой депутаттарды бир адам дайындабайт, эл шайлайт, ал эми Камчыбек байке менен бир айылдан болгондон кийин, айылдаш, бир атадан таркаган киндиктеш катары байланышыбыз бар"- деп жооп беришсе, кийин мамлекеттик кызматтагы башка адамдарды да чакырып алышып, ушундай эле суроолор менен баштарын оорутушкан экен. Андан соң мектепти жаңы бүткөн окуучуларды токтотушуп, "силердин шаарыңардын положенеци ким, "разборкаларыңарды" ким чечет?"- дешкенде, алар "ой бизде "положенец, смотрящий" деген шаарыбызда жок, талаш маселелердин баарын аксакалдар, он башылар (Чолпон-Ата шаарынын тургундары 9 атадан тарап, ар бир атанын балдарын он башылар башкарышат авт.) чечишет"- дешиптир. Менин уулум адамдарды ар кандай мамлекеттик кызматтарга дайындагыдай эмне өкмөттүн "начальник отдел кадры беле"? Күч структураларынын өкүлдөрү ушундай суроолорду берүү менен өкмөт башындагылардын алсыздыгын көрсөтүп жаткан жокпу? Айылдагы жаштар бүтүп, 50 жашка келип калгандарга чейин асылышып, "сен ОПГ эмессиңби? Мынча байлыкты кайдан топтодуң эле?"- деп ак эмгек менен нан таап жүргөндөрдү сурамайга өтүшүптүр. Андан көрө ошол эле көл жээгине көздүн жоосун алган "зыңгыраган пансионаттарды кайсы акчага курдуңар?- деп анын ээлерин сурашса, ошолордон бир майнап чыгат го. Ой болсо бешөө же оноо ОПГ болсун, бирок айыл ичиндеги кыбыр эткендин же бутуна тургандын баарын эле "ОПГсың" деп ак жерден күйгүзүп, күнөөлөй берген болбойт да. Бул деген жанагы диний экстремизм менен күрөшөбүз деп сакал койгон же селде жамынгандардын баарын эле "Хизбут-Тахрирсиң"- деп айыптагандай эле көрүнүш болуп жатат. Эгер, укук коргоо органдары ОПГ менен күрөшөбүз дешсе, анда ар бир адамга индивидуалдык "подход" менен этият мамиле кылбаса, артык кылабыз деп тыртык кылып алуусу толук мүмкүн. Себеби, укук коргоо органдарынын мындай аракеттерине эл учурда нааразы болууда. Уктап жаткан ажыдаарды ойготуп албайлычы дегим келет.
- Уктап жаткан ажыдаар деп сиз уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн айтып жатасызбы же элдиби?
- Албетте, элди айтып жатам. Себеби, кыргыздар баарына чыдаган, бирок чектен ашса кимди болбосун ордуна коюп коюуга жөндөмдүү, эч кимден тайманбас эл экендигин дүйнө элине бир эмес, эки жолу көрсөттү. Минтип жатканымдын себеби, мына Кыргызстанда, өзгөчө Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтор менен активдүү күрөш жүрүп жатат деп массалык маалымат каражаттарынан кайра-кайра берип жатканы айрым биздин бутубузга туруубузду каалабагандардын чырагына май тамызгандай эле болууда. Алыс кетпей мобу Казакстан менен Орусияны эле алсак, алардын мамлекеттик телеканалдары гана эмес, спутниктен көрсөтө турган менчик каналдары да эки саат сайын "Ысык-Көл "ОПГнын" мекени, анда криминогендик абал курч"- деп эки саат сайын кайра-кайра кайталап көрсөтүп жатат. Бийлик Кыргызстанды дүйнөгө жакшы жагынан көрсөткөндүн ордуна кыйналып турган маалыбызда, ушинтип өзү-өзүнө кара пиар жасап, олчойгон залака келтирип олтурат. Ушинтип, жатсак көлүбүзгө ким келет? Туристтердин келиши менен бюджетибиз бир топ бутуна туруп алат эле го. Качанкыга чейин ар кимдин колун, көзүн карай беребиз? Эгер уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкүсү келишсе, ач айкырык салып, туристтердин баарын үркүтпөй, цивилдүү жол менен деле күрөшсө болот да. Себеби, Ысык-Көл көлдүктөрдү эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанды багып келүүдө. Көлдүн касиетинен айланса болот, мында өлкөбүздүн бардык регионунан келишип, оокат кылып жүрүшөт. Баарыбыз жакшы билгендей, акыркы 3-4 жылдан бери өлкөбүздөгү туруксуз, олку-солку абалдан, ызы-чуудан улам, туристтердин келиши солгундап, жарытарлык иш болбой келди. Көлдүктөр ушу туристтик сезондо 1,5 ай ичинде эптеп, өздөрүнүн нан, чайын чогултуп алышчу. Эми жанагыдай кабарлар менен бийлик башындагылар ушуларды ошол ырыскысынан да айрып олтурушат. Ушинтип мокочо кылып көрсөтө берсе, казактар өздөрүнүн Капчыгайына, орустар Түркияга кетип калбайт деп ким кепил боло алат?
- Ушундан улам, сиз бийлик өкүлдөрүнө эмне деген сунуш айтмакчысыз?
- Уулум Камчынын күнөөсү болсо, кармап, мыйзам чегинде күнөөсүн далилдеп, бетине койсун. Ар ким керт башы үчүн өзү жооп берсин. Бирок, анын артынан жолдошторун, классташтарын, айылдаштарын мени жана неберелеримди кысымга алууну токтотушсун. Алар менин баламды эле эмес, бүтүндөй көл элин жаманатты кылууда. Буга көлдүктөрдүн кыжыры келип, "бийлик күчкө салганын токтопосо, күчкө каршы күч да табылат"- деген ойлорун билдиришүүдө. Ошондуктан, эгер бийликке уулум керек болсо, аны кармап, күнөөсүн бетине коюп беришсин, бирок айылдаштарын, тааныштарынын баарын эле кармап, "сен ОПГсың"- дегенин токтотпосо, көл толкуп чыгышы толук мүмкүн. Эгер көл толкуса, аны токтотуу кыйын экенин айтып өткүм келет. Неберелеримди (Камчыбектин балдарын) кимдир-бирөөлөр жашырынбастан ачык эле сүрөткө тартып кетип жатышыптыр. Мына бүгүнкү күнү менин, балдар-кыздарымдын жана неберелеримдин артынан шектүү адамдардын аңдышкандарын байкоодобуз. Алардын кандай ойлору бар экендиги мага белгисиз, мага өзүмдөн да неберелеримдин өмүрү кымбат. Учурда, менин жана неберелеримдин өмүрү коркунучта. Ушундан улам, неберелеримди катып, жашырынып жүрүүгө аргасыз болуудабыз.
- Өмүрүңүздөргө мурда да коркунуч болду беле?
- Эң биринчи, 2000-жылы 6-декабрда "взрывчатка" менен үйүмдү жардырышып, өрттөшкөн, бирок бактыга жараша аман калганбыз. Кычыраган суукта неберелерим менен талаада калгам. Кийинчерээк 2003-жылы өмүрүмө кол салышты. Мени башка эшиктен чыгат деп атканга даярданып күтүп туруптур, бирок мен башка эшиктен чыгып калып, анын атканы Кудай өзү сактап тийбей калган.
- Анан сизди кимдер атканы кийин табылдыбы?
- Мен өзүм мени аткандарды да, үйүмдү жардырып, өрттөгөндөрдү да далили менен таап, көрсөтүп бергем. Бирок, алар кайдыгер мамиле жасап, кол шилтеп коюшкан.
- Өзүңүз эмне жумуш кыласыз?
- Жолдошум Асанбектин көзү тирүү кезинде Чолпон-Атанын Арал деген жеринен үлүш жер алып, ага кашар салып, 1998-жылы өзүбүзчө үй-бүлөлүк бизнес баштаганбыз. Ал ошондон ушул кезге чейин өнүктү-өстү, кирешеси Кудайга шүгүр көбөйдү. Анда таза кандуу жылкылар өстүрүлүп, ар кандай мелдештерге катышып, байгелүү орундарга жетишүүдө. Сүттү мол берген жана жалаң эт багытындагы уйларды да кармоодобуз. Атап айтсам, "головей" деген породадагы уйлар бир тоннага чейин эт берет. Бир жашка жетпеген торпогунун базардагы баасы 50 миң сомго чейин барат. Ошол эле көл аймагындагы пансионаттарга эт, сүт өткөрөбүз. Биз өзүбүздөн арткан кирешенин булагын кыйналган элдин катмарына жумшап, ар кандай кайрымдуулук иштерин колубуздан келгенче кылып турабыз.
- Жашыруун болбосо, кандай кайрымдуулук иштерин кылдыңыздар?
- Эми анын баарын айта берүүнүн кажети жок, аны милдет да кылгыбыз келбейт. Суроо берилип калгандан кийин, эки-үч мисалды гана айта кетейин. Апрель окуясынан кийин чет мамлекеттеги ири бизнесмендер, өлкөбүздөгү патриот жигиттер өздөрүнчө акча топтошуп, курман болгон 87 адамга материалдык жардам көрсөтөлү деп, "апа, ушуну биздин атыбыздан сиз тапшырып коюңуз"- дешип, мага алып келишиптир. Каза болгондордун жакындарын "Консул" ресторанына чогултуп, ар бирине 300 миң сомдон материалдык жардам көрсөткөнбүз.
Ак-Суудагы жетимдер үйүн жана Өрнөктөгү мунжу балдар үйүнө жыл сайын колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Кайрымдуулук иштерин жасоого Камчыбек балам эле эмес, кыздарым Айгүл, Раушан да активдүү катышат. Себеби, алардын атасы 30 жылдан ашык спорт тармагында иштеп, өзгөчө улуттук оюндардын өнүгүшүнө зор салым кошуп, айыл ичинде кадыр-барк күткөн адам эле. Тилекке каршы, 2000-жылы анын көзү өтүп кетти. Өмүрлүк жолдошумду жоготуу мен үчүн оор сокку болду, ошентсе да белди бекем бууп, кайгыга алдырбай, жашоодогу тоскоолдуктар менен күрөшүп келатабыз.
- Уулуңуз Камчыбек тууралуу эмне айта аласыз?
- Камчыбек балам мектепте 8-классты бүтүрөөрү менен эле Бишкектеги спорт мектебине кетип, ошол жакты аяктаган. Союз тараганда бизнес баштап, үйлөнүп, эки эркек уулдуу болду. Тилекке каршы, жогорудагыдай иштерге аралашып алып, эми чет өлкөдө убактылуу баш калкалап жүрүүгө аргасыз болууда. Эми, анын да келер күнү бардыр.

Маектешкен Улан МАМБЕТОВ,
bloknot23@mail.ru

P.S. Чолпон-Атанын тургундарынын жогорку бийлик өкүлдөрүнө болгон кайрылуусу 11-бетте.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0222_8.htm on line 55