Аксакал гезит "Атажурттан" колуңарды тарткыла дейт
Аксакал гезит "Кыргыз Туусунун" айтымында "Ата-Журт" партиясынын өкүлү Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланып, "Ата-Журт" коалицияга кирип, өкмөттү түзүшүп, башкаруучу партиялардан болуп калса да, көпчүлүк басма сөздөр "Ата-Журтту" жаманаттылоо өнөктүгүн мурдагыдай эле улантып жатат. "Ал түгүл мамлекеттик телерадио каналдар да тымызын бут тосушуп, тескерисинче, "Ата-Журттун" оппонент күчтөрүн даңазалашат…" дейт 87 жашка чыгып калган гезитибиз. Окуп алып, абдан кызыктай абалда калдык. Гезиттин башкы редактору Убактылуу Өкмөт тарабынан дайындалган. Эми Атамбаев Өкмөтү түзүлүп, бийликти бөлүштүрүүдө "Ата-Журт" фракциясынын энчисине кеткен "Кыргыз Туусунун" абалын түшүнсө болот да.




Өрт каптап келатат
Жакынкы Чыгышта тынч эмес. Элдик толкундоолор Түндүк Европага өрт каптагандай чаап кетти. Өрт деген жаман нерсе. Бир жалындап алса, шамал соккон жакка кете берет. Жакынкы Чыгыштагы толкундоолордун эпкини Кыргызстанга таасир этпес бекен? Жакынкы Чыгыштагы окуялардан Россия өзү чочулап тур. Эртең, наркы күнү элдик толкундоолор Европада башталып кетпестигине эч кандай кепилдик жок. Ванга 2011-жылдары Араб өлкөлөрүндө толкундоолор болуп, бийлик алмашат, анан ал толкун Европага, андан Америкага өтөт деген экен. Анда Ванга эненин айтканына эч ким ишенбептир. Нострадамусту окугандар Ванганын айтканы менен Нострадамустун жазып калтыргандары дал келет дешип жүрүшөт.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков кыргыз бийлигин чек ара боюнча чалгындоо иштерин алдын ала жүргүзүүгө үндөбатат. "Орто Азия боюнча Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү жана анын башчылары болуп кеткендердин бардыгы Фергана өрөөнүнөн кеткен. Алар 1999-2000-жылдары, ушул жайда халифат орнотууга аракет жасашкан. Ошондуктан Кыргызстанга коркунуч бар" дейт генерал мырза. Үчүнчү революцияны ушу сакалчандар жасабаса болгону.




"Бөрү карыса бир койлук"
"Кыргыз акындарынын генийи менмин" деген Алик Акималиев ода арнаган Үсөн аке Сыдыков кайрадан баш көтөрдү, жакында чээнден чыгат деген сөздөр бар. Жаз келатпайбы, жазында адам эмес, байчечекей деле жерди жарып, кар алдынан кылтыйып чыгат. Айтымда, Үсөн акенин "Дан азыгын" элестеткен "Жаңы Кыргызстан" аттуу саясый партиясы да өз ишин жандандырып, жер-жерлердеги офистерине жаңы машиналарды алып берип атыптыр. Үсөн аке Сыдыковдун "Жаңы Кыргызстанынан" кимдер гана канат кагып учуп чыккан эмес. Кечээ жакында, Бакиевдин аялдары менен токолдорун мыйзамдаштырып берем деген Марат Таштанович да партиянын туусун көтөргөн. Үсөн аке жандаган киши президент болуп тынчы эле, эми кимиси Үсөн акенин колуна суу куюп жүрөт болду экен? "Жаңы Кыргызстанды" кимдер колдоп, кимдер сүрөп, күдүң-күдүң этишип, эмнеге даярданып атышты болду экен.




Жылдыз эженин жылдызы түшүп
Курманжан Датканын урпактарынын бири Турсунай Өмурзакова "Курманжан Датка" фондунун төрайымы Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошевага нааразы экенин "Акча жасап, бизнес жасап, сүйлөгөн сөзү эле акча... Курманжан Датка китебин да чыгарып миң сомдон сатып, 150-200 миң сомду жыйнап кеткен учурларын угуп эле жүрөбүз. Чындыгында улуттун абийир, энелик үлгү болгон эненин атын алып жүргөн фонд өтө эле акча менен алектенбеш керек эле" деп "Азаттык" радиосуна берген маегинде билдирди.
Ысык-Көл жээгине "Курманжан Датка" тарыхый комплексинин курулушуна жергиликтүү тургундар негизинен каршы эмес болсо да, мунун артынан бизнес жасап, 20 гектар жерге эс алуу жайын курууга макул эмес.
Жергиликтүү элдин айтымында ал жерге "мейманкана, яхта, бассейн, концерттик зал курулат экен. Курманжан Датканын аброюна шек келип калат. Анын атын жамынып алып эле пансионат салынып атат". "Балдарыбыз беш сотиктен жер ала албай жүрсө, бир киши келип эле Датка эненин атына жамынып, 15-20 гектар жер алып, "пансионат" курубатканы чынында эле туура эмес го" дешет алар. Карапайым элдики деле туура го. Колунда байлык, же байланыш жок болсо, кантишсин!




Ливия
Учурда ыңкылаптардын толкунуна кабылган араб өлкөлөрүндө үчүнчү болуп нааразычылык күчөгөн Ливияда куралдуу кагылышуулар кырчылдашкан абалга чейин жетип, кезектеги ыңкылап босогодо турат. Такталбаган маалыматта 800дөн ашык киши курман болгону кабарланса, эл аралык уюмдар 400 киши каза болгонун айткан. Мындан эки күн мурда өлкөнүн ички иштер министри Абдель Фатах Йунес Абиди кызматынан чегинип, аскерлердин баарын эл тарапка өтүүгө чакырды. Ошондой эле буга чейин Ливиянын бир катар өлкөлөрдөгү элчилери дагы кызматтарынан чегинишип, элге кошулууга чакырык жасашкан. Ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрү дээрлик демонстранттарга кошулуп кеткени айтылып жатат. Шаршембиде (23-февралда) буга чейин оппозиция көзөмөлдөп калган эки чоң шаарга Тобрук шаары да кошулду.
Буга чейин Каддафи Венесуэлага качты деген кабар тараган. Бирок ал учурда 1986-жылы АКШнын куралдуу күчтөрү тарабынан бомбаланган өкмөттүн бузук резиденциясында жашап жатканы белгилүү болду. Эл аралык уюмдар, ошондой эле Европа биримдиги жана БУУнун коопсуздук кеңеши Каддафиге карата ар кандай санкцияларды колдонууга белсенип, бийликтен кетүүгө чакырык таштоодо. Ал эми Каддафи бийлик колдон жылмышып баратканын сезип, өлкөдөгү нефть куюлган базаларды жардырууга белсенгени кабарланып жатат. Ал эми өз элине абадан сокку уруп, кызыл жаян канга боегон Муаммар Каддафи өзүн өлкөдөгү ыйык адам деп эсептеп, өмүр бою бийликтен кетпесин жарыялап, бийликте туруп өлөм деди. Ошондой эле ал өкмөткө каршы курал алып чыккан ар бир адам жок кылынаарын эскертип, эч качан бийликти колдон чыгарбасын байма-бай айтып жатат. Буга чейин эч качан Египеттен кетпейм, бийликти тапшырбайм деген.
Хосни Мубарак акырында өлкөдөн чыга качканын эске алганда, 1969-жылдан бери бийликте турган Муаммар Каддафи дагы жанын өлүмгө байлап, акыркы саатка чейин кармашта калаарын айтуу кыйын.

Түндүк Корея
Түндүк Кореянын Кытай менен чектешкен Синыйджу калаасында атайын текшерүүдөгү операциядан курман болгон дүкөн ээсин колдоп чыккан эл менен атайын борбордон жөнөтүлгөн полиция күчтөрүнүн ортосунда тиреш чыгып бир нече адам каза болгондугун Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" басылмасы жазып чыкты. Буга чейин жыл сайын өлкө лидери Ким Чен Ирдин туулган күнүнүн урматына жергиликтүү калкка арзан баада берилип турчу азык-түлүктүн токтоп калышына жергиликтүү калк нааразы боло башташкан. Мындан тышкары бул шаар Кытай менен тыгыз байланышта болгону жана аймакта контрабанда, жашыруун чет элдик валюталарды ташып кирүү сыяктуу чуулгандуу көрүнүштөр орун алып турганы менен белгилүү.
Адилет АЙТИКЕЕВ