Саясат

Коалициялык өкмөттөн биринчи кайсы партия чыга качат?
Коалиция түзүү - аргасыз никелешүү дегендик
Азыркы өкмөттүн курамына карата радикал революционерлердин көпчүлүгү катуу нааразы болушуп, бийликке мурдагы Акаев менен Бакиевдин айланасындагылар эле келип алышты, мындай боло турган болсо өткөн 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияны ишке ашыруунун кандай зарылчылыгы бар эле деген сөздөрдү айтып келатышат. Бир жагынан андай пикирлерди айткандарды да түшүнсө болот. Анткени, алар элдик революция ишке ашкандан кийин бийлик бутактарына жалаң жаңы адамдар, же жалаң революцияны жактагандар келишет деп ойлошкон. Бирок, элдик революция мурдагыдай бир кландагыларды жана бир тараптагыларды гана бийлик бутактарына алып келүү үчүн жасалбагандыгын, ал биринчи кезекте таза, ачык шайлоо аркылуу чыныгы эл колдогондордон парламент, анын негизинде өкмөт түзүп, коомдогу легитимдешкен бардык күчтөрдүн кызыкчылыктарын чагылдырган башкарууну жүргүзүү үчүн ишке ашырылгандыгын да эстен чыгарбообуз керек. Бул өңүттөн алганда бизде Россияда 1993-жылдын декабрындагыдай кырдаал кайталанды. Анда 1993-жылы октябрда Борис Ельцин Россиянын Жогорку Кеңешин күч менен аткылатып таркаттырып, Мамлекеттик думага жаңы шайлоо өткөргөндө парламентте көпчүлүктү коммунисттер менен солчулдар, улутчулдар ээлеп алышкан. В.Путиндин Бирдиктүү Россиясы түзүлгөнчө Мамлекеттик думада ошолор үстөмдүк кылып турушкан.
Айрым бай партиялар тарабынан каржылык ресурстар мурда болуп көрбөгөндөй сарпталып, ал жагдай шайлоочулардын добуштарына өз таасирин тийгизгендигине карабастан мурдагы шайлоолорго салыштырганда 2010- жылдын 10-октябрында ачык жана калыс өткөн шайлоолордун негизинде парламент түзүп, бир партия да басымдуу көпчүлүк добушка ээ боло албай калгандан кийин босоголук чекти аттагандардан коалициялык өкмөттүн түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Парламентаризмдин табияты ошондой. Италияда неофашисттердин өкүлдөрү менен порножылдыздар, католиктер менен социалисттер жана коммунисттер бир парламентте отуруп алып, кеңешүүлөрдү, макулдашууларды өткөрүшүп, консенсуска баруунун жолун издешкендей эле элдин чечиминен кийин бизде да Акаевчилер менен Бакиевчилер, революциячылар биргеликте өкмөт түзүп, мамлекетти башкарууга милдеттүү эле. "Бул бакиевчил, тигил акаевчил, ал Отунбаева тараптан" деп ич ара сөздөрдү айта, алардын тегеректеринде саясый кажы-кужуларды, ызы-чууларды көбөйтө берсе болот. Бирок, элден ыйгарымдуу укуктарды алып келгенден кийин жагабы жакпайбы, каалайбызбы жокпу, алардын позициялары, кызыкчылыктары менен эсептешпей койгонго да эч кимдин укугу жок. Антпесе парламентаризмдин негизи бузулат, идеясы жокко чыгарылат. Биз парламенттик өнүгүү жолун тандап алгандан кийин бийликтин тигил же бул бутагына Акаевчи же Бакиевчилердин гана эмес, фашисттердин, көмүскө экономикадагы магнаттардын, атүгүл уюшкан кылмышкерлердин өкүлдөрүнүн келип калууларына да психологиялык жактан даяр болуубуз керек. Бирок, аларга мыйзамдык жолдор аркылуу кантип бөгөт коюп, шектүү элементтерди, одиоздук фигураларды кантип келтирбей коюу керек деген, ал өзүнчө башка маселе. Де факто болуп калган көрүнүштөрдү сындап, ашыкча ызы-чууларды көбөйткөндөн көрө, ал энергияларды мыйзамдуу жолдор, үгүт жана пропагандалык иштер аркылуу алардын алдын алып, болтурбай койгонго жумшаган алда канча пайдалуу.
Парламенттик өлкөдө коалицияны түзүү, бул элестүү айтканда, жамгыр нөшөрлөп куйганда ар тарапка бараткандар чогула калышып, бир дарактын же бастырманын түбүнө убактылуу баш паанектей калышкандай эле көрүнүш. Нөшөр аяктагандан кийин алардын баары өз жолдоруна түшүшкөндөй эле кызыкчылыктарына төп келбей калгандан кийин партиялардын өкүлдөрүнүн да коалицияны таштай качышаары да эки жерде эки - төрт дегендей эле нерсе. Биздин коалиция канчага чейин турат? Анын келечеги барбы же ара туулган курамбы?
Азыр республикабыздын коомчулугун кызыктырган мына ушул суроолор болууда.

"Аргасыз нике" баары бир бузулат
Алдыда президенттик шайлоо турат. Өлкөдөгү аздыр-көптүр таасирлери бар саясый күчтөрдүн бардыгы өздөрүнүн келечектерин, мамлекеттин мындан аркы саясый өнүгүүсү жөнүндөгү пландарын мына ушул алдыдагы шайлоого байланыштырып жатышкандыктары эч кимге жашыруун эмес. Бардыгы президенттик шайлоодо өз тарапкерлерин өткөрүү аркылуу позицияларын бекемдегилери келишет. Бири президенттик шайлоодо өз талапкери өтсө, андан кийин парламентти жасалма саясый кризис аркылуу таркатып, референдум уюштура коюп, президенттик формадагы башкарууну кайра ордуна келтирүүнү кааласа, экинчиси, парламенттик президенттик башкаруунун ордунда калуусун, демек азыркы мамлекеттик түзүлүшкө гарант болуучу инсанды мамлекеттин башчылыгына келтирүүгө умтулат. Үчүнчүсүнүн көздөгөнү, кандай жолдор менен болбосун реванш алуу. Демек, азыр коалиция эң узак турду дегенде деле президенттик шайлоого старт берилгенче эле жашайт. Укуктук жактан президенттик шайлоонун мөөнөтү күзүндө аныкталган менен негизги саясый партиялардын ал ишке иш жүзүндө май, июнь айларында эле кирише баштоосу толук мүмкүн.
Бул өңүттөн алганда "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" партиялары коалицияга кирбей коюп туура кылышты. Эсептелүү айлардан кийин эле негизги шайлоо кампаниясы баштала турган болгондон кийин азыркы оор мезгилдин жүктөрүнүн, комплекстеринин баарын моюндарына илип алгандын стратегиялык жактан эч кандай партияга пайдасы жок, ал эртеңки шайлоодо өз баштарына муш болуп, электораттарын кемитүүгө гана кызмат кылуусу мүмкүн. Бул жагынан коалицияга кирген партиялар өлкөнүн оор мезгилдеги жоопкерчиликтеринин баарын өз моюндарына алышып, тобокелчиликке барышты. Өлкөдөгү саясый туруктуулукту сактап, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша экономикалык, социалдык маселелерди чечүүгө аракеттенип баталгага баштарын коюшкандыктары үчүн аларга ырахмат гана айтса болот. Бирок, коалицияга кирген партиялардын эч биринин өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалга толук жоопкерчиликте болуп, жөнөкөйлөштүрүп айтканда эң четки болуп калгысы келбей тургандыгы да түшүнүктүү. Экономикалык абалыбыз оңолуп, баалар турукташып кетсе жакшы деңизчи, бирок, айрым өкмөт мүчөлөрү өздөрү айтып жатышкандай, апрель, май айларында азык-түлүктөрдүн баалары дагы жогорулап, инфляция чектен чыгып, же күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе, анда алар үчүн ким жооп бериши керек?
Андай нерселер үчүн, албетте, толугу менен аракеттеги Өкмөткө, аны түзгөндөргө жооп берүүгө туура келет. Бул тутумдан алганда коалицияга кирген партиялардын жетекчилеринин бири бирин аңдып, качан четке чыга качканга аракет кылат дегендей маанайда бири экинчисинен шектенип туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Айрым маалымат каражаттарынын билдиргендерине караганда андай варианттарды караштырып, кредит дебеттерин салмакташтыруу азыр эле башталды. Убакыт илгерилеп, президенттик шайлоо жакындаган сайын андай аракеттердин да арта бере тургандыгы бышык. Бул жагынан "Ата-Журт" партиясындагылар коалиция түзүлөөрдүн алдында эле андай кадамга даярдана башташканбы деп ойлоого болот. Анткени, алардын бир да салмактуу фигурасы өкмөткө кирген жок. Үчүнчү, төртүнчү деңгээлдеги фигураларын гана айрым министрликтерге, ведомстволорго сунуш кылып коюшту. "Бүтүн Кыргызстанда" жүргөндөр да "Ата-Журтка" ыктап, алардын колдоолору менен бир нече министрлик орунга ээ болгондуктарына караганда президенттик шайлоого алар бир блокто чыгышат, же бири бирине каршы иш жүргүзбөө жөнүндө макулдашышат деп болжолдоого болот. Ал эми КСДП менен "Республика" партиясындагылар Өкмөттүн чечүүчү орундарын ээлөө менен чоң жоопкерчиликти өздөрүнө алышты.
Албетте, президенттик шайлоо кампаниясы башталганда кандай талапкер үчүн болбосун өз сөзүнүн жарымысында актанып, жарымысында кычык суроолорго жооп берип жүргөндөн көрө атаандаштарын ачык жана көшөгөлөнгөн түрдө аёосуз сындап, өзүн суудан таза, сүттөн ак көрсөтүп тургандын артыкчылык жактары көп. Алдыдагы президенттик шайлоо кампаниясында "Ата Мекен" менен "Ар- Намыстын" талапкерлери андай артыкчылыктардан ашыгы менен пайдаланышат. Бирок, андай артыкчылыктарга толук болбосо да жарым жартылай болсо да ээ болууга дагы кимдер укук алышат? Коалициянын ичинде мына ушул үчүн күрөш жүрөт, мына ошол үчүн коалицияга кирген партиялардын лидерлери ыңгайлуу учурду аңдып турушат. Мына ошондой учур келди дегенде коалицияны торпедаланган кемеден айырмасы болбой калат. Андай учурдун качан келе тургандыгы, албетте, өлкөдөгү жалпы абалдын өнүгүүсүнө, биринчи кезекте экономикалык, социалдык кырдаалга жараша болот.
Теориялык жактан алганда, коалицияга киргендер социалдык, экономикалык жактан көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерди жаратышып, бириңдеп таркабастан шайлоого ишенимдүү активдер жана аргументтер менен кирүүсү да мүмкүн, бирок аны практикалык жактан ишке ашыруу абдан эле кыйын, убакыт өтө эле аз. Ага караганда "кемеден түшө качмай" ыкмасынын ишке ашуусу реалдуурак деп ойлойбуз.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ