Окурмандар жана биз

- "Отунбаева гезит
окуйбу"?
- Ким билет, ага
убактысы да жок го...

Гезитибизге күн куру эмес, окурмандарыбыз чалып, гезиттин кезектеги санында чыккан макалаларга, дегеле Кыргызстанда болуп жаткан коомдук-саясый окуяларга карата, ошол эле коалиция туурасында, "Мегаком" жөнүндө көз караштарын айтып турушат. "Отунбаева силердин гезитти окуйбу" деп маселени кабыргасынан коет бири, биз: "Окуса керек. Роза Исаковна оппозицияда жүргөндө, Акүйгө кире элегинде редакцияга көп эле келди. Билесиңер да, "Алиби" гезити акыркы жылдарда оппозицияны колдоп, кыргыз оппозициясы сыяктуу эле бийликтин куугунтугунда жүрбөдүбү. Роза Исаковна ал күндөрдү эсинен чыгарбаса керек, өзү окубаса да, Президенттин басма сөз кызматы деген бар. Ошол жерде иштеген коллегалар эмне жазып жатканыбызды айтып турса керек" дейбиз. Телефон чалган окурмандын биздин жоопко канааттанып-канааттанбагандай, оор үшкүргөнү угулат: "Анда, окурмандар чалыбатат деп жазып койгула, Бакиев бийликте турганда, "Бакиев да Акаевдин жолоюна түшүп алды" деп жазчу элеңер. Эми Отунбаева аларды туурабаса экен. Нарынга барганда анын президенттик мөөнөтүн узартуу тууралуу суранып атышпайбы" деп, каңырыгы түтөп телефонун коет. "Баягы эле дүжүр сөздөр. Ачуум келди. Кыргызстандын шоруна мына ушу "дүжүр чалдар" менен "дүжүр балдар" калмай болду" дейт бири. Бирөө чалып: "Бийликтин криминалдар менен коюн-колтук алышып алганы чынбы?" деп сурайт да, кайра өзүнө өзү жооп берет: "Антип мен эмес, саясатчылар өздөрү айтыбатат. Эгер бийликтегилер өздөрү криминалдар менен коюн-колтук алышып алса, анан кантип уялбай, криминалитетке каршы күрөш жарыялашат? Аларың Акүйдүн сыртында калган "басмачылар" кимдер "корбашылар" экенин айтып коет деп коркуп жатышат".
Окурмандар эмнелерге гана кызыкпайт, бизге эмнелерди гана айтып бербейт. Садыркуловдун табышмактуу өлүмү, Бакиевдин Кыргызстандан качып кетиши, экс-президент берип жиберген 50 млн., аны кимдер апкелип, кимдер бөлүшүп алганы, 7-апрелден кийин байыган УӨ мүчөсүн "черныйлар" канчага сындырганы, ошол эле саясатчы Бакиев тушунда өтө тоюп алып, "черныйлар" келгенде, үйүнө кире албай бак аралап басып калганы, Жаныш Бакиевдин кейси толо долларлары, бриллианттары кимде экени, "Капризгейт", кайсы бир бизнесмендин токолунун ойношу, айтор не бир, не бир ишенип-ишене албаган нерселер жөнүндө айтышат.
Жаныш Бакиевдин кейсиндеги долларлар жана бриллианттар тууралуу окуя кызык. Бул 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки эле окуя. Кызыгы ушу бул долларлар жана бриллианттар азыр кимдин колунда болду экен? Аны Жаныштын колунан алган киши: "Сен муну баары бир Кыргызстандан алып чыгып кете албайсың, мага бер. Мага берсең, каякка кетсең да жолуң ачык" деген экен. Ушул окуянын чын-жалганын, эгер окуя чын болсо, анда кейсти ким алганын билип берүүсүн өтүнгөн окурманыбыздын өтүнүчүн Жаныш Салиевичтин телефону бизде болбогон үчүн тактап бере албай келебиз.
Бизнесмендин токолу тууралуу окуяны айтпай эле коелу, укса тиги бизнесмен сөзсүз таарынат. Бизге кайдан таарынсын, анын көзүнө биз чөп салып жатканыбыз жок да, алиги көрөр көзүнө таарынат го деп ойлойбуз. Үстүнө үй алперип үлпүлдөтүп багыбатса, эмне кием, эмне ичем десе, баары колунда турса, анан ошого да ыраазы болбой, анысы ойнош күтүп, башка бирөөнү сүйүп, тиги бизнесмендин акчасына багыбатса... анысын билсе алиги бизнесмен таарынбай коебу?
Бир окурманыбыз: "Калп айткандан жаман көргөнүм жок. Бакиевден өткөн калпычы жок деп жүрсөм, алиги аксакал андан өткөн калпычы экен. "Мамлекеттен бир тыйын алган жокмун, жеген жокмун" дейт. Өмүр бою Кыргызстанды жана элдин ырыскысын жеп-ичкен ошол жебегенде, мен жептирминби? Кудайды караса боло, ошол неме элге улуулук тууралуу, мекенчилдик жөнүндө кантип айтат дейм да. Эки жыл болдубу, же жокпу билбейм, бир аферага аралаша коем деп, 200 миң АКШ долларына күйдү дешет. Ак иштеген кишиде 200 миң АКШ доллары эмес, 200 миң кыргыз доллары болсо да, укмуш болбойбу" деп күйбөгөн жери күл болубатпайбы.
Ээ, эмнесин айтасыз, окурмандар менен сүйлөшүп жатып, алардын мамлекет тагдыры, эл тагдыры үчүн чындап күйүбатканына бир сүйүнсөң, алардын айткандарын угуп алып бир күйүнөсүң!
Ушундай! Окурмандарыбыз күн куру эмес телефон чалышат. Бири Келдибековду мактап чалат, бири "Капризге" бардыбы, же жокпу деп тактап чалат. Бири чалып, Атамбаев президент болсо, Кыргызстанды оңдойт эле деп пикирин билдирсе, бири Бабанов президент болсо деп, бири Ташиевди айтат.
... Телефон шыңгырабатат. Ким болду экен?

А. Бостон




Өлбөгөн жанга жаз келди…

Ошентип жаз да келди. Бак-дарактар бүчүр байлап, айланада чымчык сайрап дегендей. Эшикте күн жаркырап, көчөдө жеңил кийинген адамдар. Тротуардын жээктеринде билинэр-билинбес чөптөр биринен сала бири жарышып чыгып жатат. Ал эми шаардын сыртына көз чаптырсаң, баягы эле түбөлүктүү мөңгүсүн төбөсүнө жамынып, кылымдар бою кебелбеген ак карлуу тоолор дале ошол калыбында. Ал эми 3 айдан бери күпшүйүп кийинген кышкы кийимдерге көнүп калган каректер кыска юбкачан аялзатын көргөндө бир башкача боло түшөт. Аялзаты демекчи, жаздын көркүн ачып, кыймыл баштаган дагы ушулар. Эмнеге дегенде бардыгы 8-марттан башталат. Майрамга карата күркөлөрдө жайнаган кызыл-тазыл жоогазындар, розалар. Ал эми күркөсү жок бечаралар эптеп акча табайын деп алып-сатарлык кылып, жол боюнда кичинекей табуретка коюп алышып жигиттердин жолун карашат. Биздин көзгө болбогон эле бир нерседей көрүнгөнү менен бир дана гүлдүн арзаны 30 сомдон башталат. Андан ары 50, 70 сом болуп кете берет. Розанын чүрүшкөнү эле 100 сом. Жыттуу, келбеттүүсү 150 сомдон өйдө. Эми элестетип көргүлө, ушул гүлдөргө эле канча акча кетет.
8-марттын жөнү го түшунүктүү. Баарынан дагы бүйүрдү кызыткан окуялар быйылкы жазда башталды. Бир ирет адатымча ЖоКени (Жогорку Кеңешти биз теңтуштары ушинтип тергейбиз-автор) байырлап, эмне кабар бар, тыңшай кетейин деп кирип баратсам аянт тарапта жайнаган жаштар, ураалаган үндөр… Дагы эмне балекет башталып кетти деп жетип барсам концерт болуп жаткан экен. Ага чейин жаштар министри Алиясбек Алымкулов сүйлөптүр. Көрсө ошого ураалап жатышкан экен. Жылда белгиленбеген туу күнүн белгилеп жатышыптыр. Анын демилгечиси да ушу жаштар иштери боюнча министрлик экен. Андан соң манасчысы, комузчусу, эстрада ырчылары аралаш концерт беришти. Буга удаалаш эле 5-мартта "Калпак күнү" дегенди башташты. Эки күн мурда көчөнүн баары кызыл желек көтөргөн жаштарга толуп чыкса, 5-март күнү калпак кийген жаштар. Арасында жарашыктуу калпак кийинген жаштар да аз эмес. Айрымдары кийет деген ушу деп бакай калпактарды кийип жүрүшөт. Негизи эле кийимдин жарашыгын карап кийишсе дейсиң. Кандай болгон күндө дагы бул жакшылыктын жышаанасы деп калдым ичимден. Мына ушундай идеялардын айланасына жаштарды топтогон Жаштар министрлигинин жасап жаткан иштери көз кубантат. Албетте медалдын эки бети бар. Эртеси баягы аянтты барып карасам күндөгүдөй жайнаган жаштар болгону менен калпак кийгендерин көрө алганым жок. Менин айтайын дегеним, баягы эле популисттик мамиле. Эмне үчүн кыргыз баласы калпакты күн сайын кийип жүрбөйт? Ага эмне себеп? Же биздин жонубузга кылыч такаган бирөө барбы? Эгер ошончолук улутуңду сыйласаң анда күнүгө кийип жүрсөң ким кой деп жатат? Башка улуттар айрыкча калпак кийип жүргөн адамга өзгөчө суктанышат. Анчалык намыскөй болсо эмне үчүн бардык шартка ээ болуп туруп, кедей жашап жаткан бугүнкү абалыбызга намыстанбайт? Көчөдө бомж болуп ар кайсы жерде тырайып жаткан кыргызды көргөндө ошол намыскөйлөрдүн намыстуу сөздөрү кайда? Ал эми ошол биз намыстанып кийгенден уялып жаткан калпак бул өткөн тарых, кылымдар бою бабалардын башында келе жаткан баш кийим экени жалганбы? Айланып келип эле балекеттин баары кыргыз атпайга такалып жатат. Туубуз туура эмес болуп калган деп аны күнкарамага теңеген, колхоздор кийет деп калпакты чанган, жумуртка баскан катын деп борбордогу периштенин айкелине таш ыргыткан, гербдеги шумкардын элесин тоокко салыштырган деги койчу ушунун баарын калмак же кытай баштап жаткан жери жок да. Анан калса кыйшык сүйлөгөн жетекчини дароо башка улутка чаптай салмайыбыз бар. Муралиев өзбек дейт өткөндө бирөө. Кандайча десем Ошто иштегенде өзбектерге жан тарткан имиш. Ушу кезге чейин Акаев менен Куловду калмак деп келишкени менен алардын калмактарга кандай байланышы бар экенин эч ким далилдей элек. Өгүнү Салижан Жигитов агайдын кыргыз тууралуу айткандарынан мисал келтирип жатсам "ал сүйлөй берет, анткени ал калмак" деп оозумду Ошту каратпадыбы. Эми элестеткиле, Салижан агай Өзгөндө туулуп өскөн адам. Ал жакта мен билгени калмактын жыты да жок. Баарынан кызыгы, Бакиевди дунган деп жүрүшөт. Сураштыра келсек таенелеринин бири дуңган имиш. Эгер апаларын сүрүштүрө турган болсок анда кыргыз калбайт го. Чыңгыз Айтматовдон баштап санап кете берсең тили бурууларга жээн болгон кыргыздын тыңчыкмалары толтура. Айтор бу кыргызга түшүнбөй кетесиң. Албетте мындай оору боордош казак туугандарда дагы бар. Алар дагы бирде Назарбаевди кыргыз, бирде калмак деп тергеп алышат ачуулары келгенде. Ошондой эле Каримовду еврей кылып жүргөн өзбек туугандар толтура. Деги эле адам ушундай жаралганбы, түшүнүп болбойт. Кандай болгон күндө да калыс ой жүгүрткөнүбүз дурус деп ойлойм.
Бул жолку тополоңдун башында Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчылар турат окшоп калды. Мына, жаздын келиши менен баягы кышы бою сен мага тийбе, мен сага тийбейм принциби менен келишкендер азыр ачык тирешүүгө өтүштү. Бул тирешүүнү баштап кеткен баягы эле орустар да. Мамдуманын эки депутаты келип Бабановду күнөөлөп коюшту эле, араң турган саясатчыларыбыз аны шылтоолоп коалицияны кулатканга өтүштү. Кышкы чилденин музуна тоңуп билинбей келген ирик-чириктер ушинтип сасый баштады. Кандай болгон күндө дагы жакшы жышаан эмес. Аксакалдар айтмакчы, өкмөт жаңы эле ант берип, катуу ишке кирише баштаганда капталдан жыра тартмайдын кереги бар беле, таң гөрү десе…

Адике