Ташиев талкалайбы?
Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, коалиция азыр мына-мына бузулат деп турат. Мындай пикирин ал Орусия Думасынан келген депутаттардын маалымат жыйынынан соң билдирди. Анын айтымында, "Мегакомго" байланыштуу Өмүрбек Бабановго карата айтылган айыптар боюнча соттун чечими жок кимди гана болбосун, айыптоо туура эмес болуп калат. "Ар түрдүү кептер жүрө берет жана кала берет, бирок эң башкысы - чечим болушу керек. Ошондуктан, кайсы бир адамды далилсиз айыптоо туура эмес болуп калат", - деди Ташиев. "Эгерде Ө.Бабановдун бул иш-аракеттерге тиешеси бар деген фактылар далилденсе, биз коалициядан чыгабыз". Коалиция канчалык деңгээлде туруктуу деген суроого жооп берип жатып, К.Ташиев мындай деди: "Мен билбейм, коалиция иштеп жатат. Биз бир дагы жолу премьер-министр менен да, биринчи-вице-премьер министр менен да жолуккан жокпуз. Бир дагы жолу жолуккан жокпуз, эч кандай маселелерди жана пландарды талкуулаган жокпуз", - деди депутат. К.Ташиев ошондой эле, учурда "коалиция иши кылдын учунда илинип турат жана ал араң гана иштеп жатат", - деди ал.




  Таркайт, таркабайт

Коалицияда эмне өчүңөр бар, ыя?
Ушундай каңшаар акыркы күндөрү катуу жүрүп жатат. Ал түгүл айрым гезиттер кийинки өкмөттүн курамы кандай болоорун дагы божомолдоп ийишти. Баарынан кызыгы, көпчүлүгү кумир тутуп жүргөн Өмүрбек Текебаев дагы коалиция жакын арада ураарын сүйүнчүлөгөнгө үлгүрдү. Бирок, бул сүйүнүчтүү кабар эместигин көпчүлүгү жон териси менен сезгендиги үчүн, эч кимиси сүйүнчүгө бир нерсе ыроолой элек.




  Берет, бербейт...

Беларусия К.Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербесе, анда ...
Коомдук ишмер Өндүрүш Токтонасыров 10-март күнү Беларусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгып, экс-президентти Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылды.
Анын айтымында, Беларусиянын борборунда кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык, ага кол койгон мамлекеттер башка өлкөнүн кылмыш кылган президентин өзүнүн аймагында жашырууга укугу жок.
"Алгач Лукашенко Бакиевди өзүнүн коногу катары кабыл алды дейли, ананчы? Бакиевдин саясий качкын деген да статусу жок. Эгер, алар Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербесе, анда өзүнүн биздеги өкүлчүлүгүн жаап кетиши керек"- дейт ал.




И. Масалиев акталды, Ү.Сыдыков
6 жылга шарттуу кесилди
Кечээ Биринчи май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова элди бийликти кулатууга үндөгөн деп айыпталып жаткан , Кыргызстан коммунисттеринин мурдагы лидери Исхак Масалиевди толугу менен актоо жөнүндө чечим чыгарды.
- Соттук кароодо Исхак Масалиевдин күнөөлүүлүгүн аныктай турган бир да факты ырасталган жок,- деди Кымбат Архарова,- тергөөнүн айыптоолору жалаң божомолдорго негизделген. Ошондуктан актоо тууралуу чечим чыгарылды.
И. Масалиев менен бирге кармалып, кийин үй камагына чыгарылган Үсөн Сыдыков жана Керим Макеев экөөсүнүн күнөөлөрү далилденди деп табылып, Үсөн Сыдыков шарттуу түрдө 6, Макеев 4 жылга эрктеринен ажыратылышты. Судья өз чечимин жарыялап жатканда Сыдыковдун 68 жашта экендиги, мурда соттолбогондугу эске алынып, айып коюлган берененин эң минималдуу өлчөмүнөн да төмөнкү жаза чектелгендигин, анын бир жылы гана сыноо мөөнөтү катарында эсептеле тургандыгын баса белгиледи.


  Чаң сапырылып...

"Тазалык" таза иштеп жатабы?
Илгери Арстанбек ырчы "Этеги жок, жеңи жок чапан чыгат деп угам, атасынан баласы тапан чыгат деп угам"- деп ырдаган экен. Азыр Арстанбектин көзү тирүү болгондо, Бишкекте жаз илеби келип, кар эригени, көчөлөрдөн чаң чыгып, топурак ызгып эле калганын көрүп эмне деп ырдар эле? Албетте, "атасынан балдары тапан чыгат" деп ырдамак эмес. Биз ырчынын эмне деп ырдарын Бишкек мэриясына караган "Тазалык" ишканасынан сурайлы деп турабыз. Шаардыктар, асыресе таксистер "Тазалык" ишканасы кышында кар жааганда, кар үстүнө кум себиштин ордуна топурак сээп жатышты деп айтышты, мүмкүн ушул чын болуп жүрбөсүн, ыя? Калп дейин десең, көчөлөрдөгү чаңдын асманга сапырылып жатканы факт.




  Газ-маз-аз...

Кыргызстан кайрадан карыз
Алдын ала маалыматтарга караганда, "Кыргызгаз" ААКтын "УзТрансГазга" карызы 3,4 млн. АКШ долларына жетти. 10-мартка карата "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы - 295,4 миллион сом, "Бишкекжылуулукэнерго" - 119,7 миллион сом карыз. Калктын керектеген газ үчүн карызы 208,2 миллион сомго барабар. Анын ичинде бишкектиктер - 111,8 миллион сом, чүйлүктөр - 8,2 миллион, оштуктар - 60,4 миллион, жалалабаддыктар - 5,3 миллион, баткендиктер - 22,5 миллион сом карызга батышкан.


  Көк-Ой дегенде ой-оой

Паспорт столун да көчүрүшсө...
"Элди бийлик ойлобойт деле окшойт. Биз ушуга акыркы мезгилде абдан ынанып баратабыз" дейт Таластагы элдик революциялык комитеттин комиссары Э. Малабеков. Буга бир мисал катары Талас райондук паспорт столу Көк-Ой айылында жайгашканын айтат. Бул бир чети туура, район борбору, акимчилик да Көк-Ойдо жайгашкан менен, паспорт алганга келгенде, бир баскан жерин он басып, карапайым эл кыйналып жатпайбы. Райондук ЗАГС бөлүмү деле Талас шаарында жайгашкан, паспорт столун деле шаарга жайгаштырып койсо болот дейт. Жаңы паспортубуз болгон AID карт билинбеген көп кыйынчылыктарды жаратат экен.


"Алиби" пресс