Эшиктен келип, төр меники дегендер

Эл аралык шылуундардын "десанттары" келди

Эки күн мурда Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутатары Семен Богдасаров ("Справедливая Россия"), Алексей Островский (ЛДПР) келип, биздин айрым эл өкүлдөрүбүз менен жолуккандай болду.

Алар чү дегенде эле, "Орусия "Мегакомдун" айланасындагы өзүнүн кызыкчылыгын коргойт"- деп балп эттирсе боло. "Орусия эмес, "Мегакомдун" эң биринчи кожоюну бизди акчага сатып алып, ошолордун заказын аткарып келдик"- дешсе, бир аз ишенимдүүрөк угулмак да, бирок эмнегедир алар антишкен жок. Себеби, аталган депутаттар чындап эле Орусия бийлигинин атынан келди дейин десең, бири жинди чалыш Жириновскийдин партиясынан болсо, экинчиси "Справедливая Россиянын" өкүлү, бир сөз менен айтканда бийликти мыкчып олтурган "Единая Россияга" эч кандай тийешелери жок. Анын үстүндө депутаттар келип карагыдай, "Мегаком" эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган компания болсо да унчукпайт элек, бирок кайсы бир эл аралык шылуундарга тийешелүү фирманын финансылык маселесинен эки өлкө ортосундагы саясий мамиле жасоого аларга кимдер укук берди десең? Эң башкысы, Кыргызстандын аймагындагы маселелердин баарын кыргыз бийлиги өздөрү чечиши керек, ага орус депутаттарынын кийлигишүүсүнө укуктары жок. Себеби, Кыргызстан эгемендүү, өз алдынча мамлекет экенин унутпасак.
"Мурда айрым чиновниктер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттикин алмаштыры алышчу. Революциядан кийин ошондой адамдар мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталабай эстерине келишсе болмок. Ошол эле "Мегакомдун" тегерегиндеги маселени алсак, ага 1-вице-премьердин тийешеси бар экендиги айтылып жатат. Ары-бери айлынчыктап жүрө бербей, чындыкты айта турган учур келди. Орусия эгер анын жарандарынын укуктары бузулуп жатса, өзүнүн кызыкчылыгын коргоого акысы бар. Эгер Кыргызстандын Орусияга же андагы чиновниктерге кандайдыр бир нааразычылыктары болсо, анда жалтактабай туруп ачык эле айтсын"- десе боло С.Богдасаров деген немеси. Анын жанында олтурган кыргыз парламентинин өкүлдөрү (Келдибековдон башкасы) алардын оозун жаба турган жооп айта албаганы өкүндүрөт. Мындай сүйлөшсө тимеле тилдери буудай эмес, чемичке да куруйт. Эмесе, кыргыз жетекчилерин эстерине келтире тургандай, алар ким десең? Анысы го ал дейли, анан бул эргулдардын жалтактабай туруп, ачык айткыла деп бизге опурулганын кандай түшүнсө болот? Ошол жерде Мотуев болгондо, тиги экөөнүн оозун Ошту каратмак беле, ким билет? Анысы аз келгенсип, Финансы полициясынын жетекчисин чакырып алышып, суракка да алышыптыр. Эми өзүңөр элестетип көргүлөчү, Кыргызстандын депутаттары Орусияга барып, Финансы полициясынын жетекчисин чакырып, суракка алып жатканын. Андыктан, тиги депутаттардын чакырганына жаңы дайындалган жетекчи "пошел вон"- деп койсо да жарашмак. Мындан эки мамлекет ортосундагы мамиле бузулуп, алакабызга доо кетпейт.
Айтор, Мамлекеттик Думанын депутаттары Орусиянын эмес, эл аралык шылуундардын кызыкчылыгын коргоп кетти десек болот. Эл аралык дегенибиз, "Мегакомдун" алгачкы кожоюндары Молдовада да уюлдук байланыш менен шугулданышып, андан да кирешелерди жашырып, мыйзамсыз миллиондогон молдовандардын ырыскысын оффшордук аймактарга чыгарып кеткендиги үчүн кылмыш иши козголгонун өткөн сандарыбызда кеңири баяндап бердик эле. Эң кызыгы, көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"- дегендей, алар Молдовада кылганын Кыргызстанда да кайталап, миллиондогон долларларды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги ачыкка чыгып, бүгүнкү күнү тергөө иштери жүрүүдө.
Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондунун директору Даир Кенекеев да, Мегакомду учурда талашып жаткандар эч кандай Орусиялык инвестор эместигин ачыкка чыгарган жайы бар. Кенекеевдин айтымында, алар Орусиянын гана жарандары болбосо, "Орусиялык инвесторбуз"- деп айтууга юридикалык жактан эч кандай укуктары жок. Себеби, "Мегакомдон" мыйзамсыз чыгарылып кеткен акчалар Түштүк Америка жана Кипр сыяктуу оффшордук аймактарга Орусиянын экономикасына такыр жумшалган эмес.
Алардын Бабановго асылып жатканынын дагы башкы бир себеби, тиги кожоюндарынын оңой олжого туйтунган булагын жаап, бууп койгону, кимдин гана кыжырын келтирбесин?
Юристтердин айтымында, Орусиялык депутаттарды Кыргызстанга жиберип, "Мегакомду" талашып жаткан мурдагы кожоюндардан анын 100% акциясын Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеев сатып алган. Ал эми революциядан кийин бийликке келген убактылуу өкмөт аны улутташтырган. Бирок, эмнеге 100%зын эмес, 49%зын гана мамлекеттин карамагына өткөрүп бергендиги да көптөгөн суроолорду жаратууда. Айрымдардын пикиринде, ошол кезде прокуратура тармагын көзөмөлдөп турган Азимбек Бекназаровдун буга түздөн-түз тийешеси болушу мүмкүн. Ушундан улам, эшиктен келип, төр меники деп кайдагы бир шылуундар кайрадан кыргыздын ырыскысына көз артышууда. Бирок, "Мегаком" Кыргызстандын гана кызыкчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттин карамагында калууга тийиш деп ойлойбуз.

Улан Мамбетов




  Кара пиар

Бабанов депутаттык комиссия түзүүнү төрагадан суранды
Биринчи вице-премьер Ө.Бабанов Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибековго кайрылып, "Мегакомду Орусиялыктардын пайдасына чечип берүү үчүн 50 млн. доллар сурагандыгы" тууралуу ушактын чын-төгүнүн аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүүнү суранганы маалым болду. Депутаттык комиссияга ЖКдагы бардык партиялык фракциясынын өкүлдөрүнүн кирүүсү зарыл.
Бабановдун өзүнүн сөзүнө кулак салсак, аталган маселеге анын ысымын жармаштырып жатышканынын башкы себеби, аталган тармакты ал координациялап жаткандыгына байланыштуу.





  Чын-төгүнүн иликтеп

Парламентте "Мегакомдун" маселесин караган топ түзүлдү
Парламент төрагасы А.Келдибековдун айтымында, Мегакомдун айланасындагы чууну иликтей турган депутаттардын тобу түзүлдү.
Спикердин сөзүнө караганда, Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары менен болгон жолугушууда, инвесторлордун корголушу тууралуу сөз болгон.
"Мамлекеттик думанын депутаттары Орусиялык инвес-торлор тарабынан Мегакомго 110 млн. доллар инвестиция салынганын жана акыркы кезде алардын укуктарынын бузулганын айтышты"- дейт Келдибеков.
Төраганын билдирүүсүндө, учурда компаниядан мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен 50 миллиондой доллар боюнча Финансы полициясы тарабынан тергөө жүрүп, аудиторлор компаниянын кирешесин изилдеп-иликтеп жатышат.
Андыктан, компания таза ишкердүүлүк жүргүзгөн деп айтуудан алысмын, демек анын ишмердүүлүгүнө байланышкан тигиндей же мындай деген чечимди сот гана чыгара алат. Ошондой эле аталган маселе боюнча Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фонду менен экинчи тарап өз ара сүйлөшүп, тынчтык келишимине барышса болот. Албетте, бир шарт менен. Бул учурда юридикалык тарап өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке керектүү акчаны (жашырылган салык, киреше, мыйзамсыз чыгарылып кеткен акчалар ж.б.) төлөп бериши керек"- дейт төрага.
Ал өз сөзүндө Бабановдун Мегакомдун айланасындагы чууга эч кандай тийешеси жоктугун белгилеп, ага аралашпаганын билдирди. Ал бир гана өзүнүн кызматтык милдети катары аталган маселени көзөмөлдөөрүн айтып өттү.
"Мындан саясат жасап, чуу көтөрө берүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Андыктан, мамлекет башынан оор күндөрдү кечирип, бюджетибизде дефицит көп болуп турганда, коомдук-саясий абалды ары-бери чайпабай турууну суранам"- деди парламенттик өлкөгө айланган Кыргызстандын спикери.