Султан Раев, мурдагы Маданият жана маалымат министри:
"Мен сыйлыкка
жулунган адам эмесмин"
- Сиз Маданият министри болуп турганда "Фонограммага жол бербеймин!"- деп коюп, анысын аткарган жок. Ал тургай эл аралык коноктор келген ШОСто да президент менен сахнада олтуруп, ырчылардын фонограмма менен ырдаганын сыр бербей көрүп олтурду"- деген сындар сиздин дарегиңизге айтылды эле. Буга кандай комментарий берер элеңиз?
- Өлкөбүздө фонограмманы тыюу салган мыйзам жок, бирок мен министр болуп келгенде өзүмдүн буйругум менен ага тыюу салгам. Бул концерттерде таптакыр эле фонограмманы колдонбош керек дегенди түшүндүрбөйт. Фонограмма минус жана плюс болуп экиге бөлүнөт. Минус - музыка фонограмма менен ойной берет, бирок ырчы анын коштоосунда өз үнү менен ырдайт. Плюс - дегени музыка да, үн да фонограммада жазылат, сахнага чыккан ырчы бир гана мимикасын окшоштуруп, "ырдайт". Мисалы, Мирбек Атабеков , фонограммасыз концерт койгусу келсе, анда канча деген музыканттарды чакырып, алардын акысын төлөп бериши керек . Тилекке каршы, мындай учурларда пайда таппай эле чыгымга учурашы мүмкүн. Ошондуктан, концерттерде "минусовкага" уруксат бергенбиз. Бул практика бизде эле эмес, дүйнө боюнча колдонулуп жүрөт. Алла Пугачева ырдаганда, аны менен кошо сахнага чыккан толгон-токой музыкантты көрдүңөр беле? Деги эле дүйнөлүк практикада телевидение тартып жатканда, спецификалык техникалар эске алынып, сөзсүз түрдө фонограмма колдонулушу керек деген талап бар. Себеби, камерага тартылганда үн да, музыка да тунук, динамикалуу болушу зарыл. Ал эми ошол эле ШОСтун фестивалынын жогорку деңгээлде өткөндүгүн К.Бакиев, ал гана эмес В.Путин менен Н.Назарбаев да аябай макташкан. Себеби, ШОС андан мурда Астанада, кийин Душанбеде болду, бирок экөө тең биздикине жеткен жок.
- Сизди маданият тармагындагы кайсы бир адам мамлекеттик сыйлыкты "мен сага, сен мага" деген принцип менен алат деп жазды эле. Анын айткандарынын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Эми андай сөздү ким айтканын жакшы билем. Анын сөздөрү адамдык эмес, профессионалдык ар намысыма шек келтирип жатат. Мен эч убакта сыйлыкка жулунган адам эмесмин жана ал айткан "принцип" үч уктасам түшүмө кирбейт. Министр болуп иштеп турганда, Жазуучулар союзу ошол кездеги мамлекеттик катчы А.Мадумаровго мени "КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер" наамына көрсөтүп барышкан экен. Мен расмий түрдө Мамкатчынын ысымына "Мен сыйлыктан баш тартам, менин ордума карапайым чыгармачыл адамдар алсын!"- деп кат жазып, андан баш тарткам. Ал катым Президенттик администрациянын сыйлыктар комиссиясында бар болушу керек. Эл алсын деп ушул кезге чейин мамлекеттик наам алууга аракет да кылган эмесмин. Ал эми Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка менин "Ханышанын көз жашы" спектак-лим мен министр болуп келгенге чейин эле, кызматсыз жүргөнүмдө көрсөтүлгөн. Түшүнүктүү болушу үчүн айтып коюшум керек, сыйлыкка каралган эмгек эки жылдай этап-этабы менен сыноодон өтөт да, акырында комиссиянын толук курамы аркылуу жашыруун добушка салынат. Менин чыгармама да 23 адамдан турган сыйлык берүү комиссиясы жашыруун добуш берип, анын 19 макулдугун билдирип, мага Токтогул атындагы сыйлыкты ыйгарышкан. Мамлекеттик сыйлыкка арзыган чыгармам көркөмдүк деңгээли менен жогору бааланып, Тегеранда өткөн эл аралык фестивалда, эл аралык "АртШок" фестивалында, Франциянын театр өнөр борборунда жогору кабыл алынып, байгелүү орундарды алган. Москвада ийгилик менен көрсөтүлүп, Орусиянын "РТР-Культура" каналы аркылуу толук тартылып, теледен көрсөтүлүп жүрөт. Ал орус, англис, фарс, өзбек тилдерине которулду. Бул чыгармам Англиянын королевасына да жагып калып, Букингем Сарайына жеке конокко чакырылганмын. "Акыркы керээз" деген пьесам англис тилине которулуп, Би-Би-Сиден берилди. Деги эле Англияда биздикиндей тааныш, "по блату" деген түшүнүк такыр жашабайт. Аке, үкө,таэке деген түшүнүктөн Кудайга шүгүр англичандар алыс. Бул кыргыз драматургунун Би-Би-Сиде коюлган биринчи спектакли болуп эсептелет. Кийинчерээк англичандар "Дүйнөнүн 7 керемети" деген аталыштагы компакт диск чыгарып, ага дүйнөнүн эң мыкты 7 драматургду киргизип, ошолордун алдына менин ысымымды жазышыптыр. Драматург катары Монголиянын президентинин жарлыгы менен "Чыңгызхан" медалынынын, Түркиянын "Ататүрк" алтын медалынын ээси болуп калдым. Менин чыгармаларым, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда коюлуп, ар кандай жогорку сыйлыктарды жеңип келгендигин көрө албагандар жогорудагыдай сөздөрдү таратып жатышкандай.

Суроо салган
Аида АСАНБЕК кызы




  Кыргыз жерим, атың кана?

Ата - бабаң калтырган, ата - бабаң?
Мурдагы Союз мезгилинде республикабыздын, өзгөчө ири шаарларынын калкынын орус тилдүүлөрү ( аларга орустар гана эмес, украиндер, немецтер,белорустар, татарлар, корейлер ж.б.) өздөрүн дайыма артыкчылыктуу абалда сезишип, жергиликтүү титулдук этностун өкүлдөрүнө дайыма жогортон карашчу. Ага омоктуу негиздер бар эле. Ири шаарларыбыздын тургундарынын басымдуу көпчүлүгүн орус тилдүүлөр түзчү. Заводдордо, фабрикаларда, курулуштарда, илимий жана башкаруу мекемелеринде негизинен ошолор иштешчү. Орус тилдүүлөр жана орус тилин жакшы билгендер кызматтарга кабыл алынууда жана билимдерин улантып, карьераларын өстүрүүдө, а түгүл квартираларды, беделдүү эс алуу жайларына жолдомолорду алууда да дайыма артыкчылыктардан пайдаланыша турган. Ал убакта алар андай кастадагыларга таандык экендиктерине мыйзамдуу түрдө сыймыктанышчу, ачык айтышпаса да көпчүлүгү ичтеринде "бул койчумандардын тилин үйрөнүп эмне кылам. Анын мага кандай пайдасы бар? Ансыз деле келечекте СССРде жашаган элдердин бардыгы орус тилинде сүйлөгөнгө, жазганга өткөнү жатпайбы" дегендей ойлордо жүрүшчү. Бирок, андай психологияда жүрүшкөндөр Союз таркаганда аябагандай оор соккуга туш болушту, титулдук этностун тилине жана маданиятына негизделген мамлекетте кантип жашап, жаңыча реалийлерге саясый жана психологиялык жактан кантип ыңгайлашарын билбей да калышкандыктан көпчүлүгү тарыхый ата мекендерине биротоло көчүп кетишти. Ал эми бул жерде калып калышкандарынын аң сезимдеринде дискомфорттук маанай, жартылык комплекс биротоло орноп, титулдук этностун өкүлдөрүнүн тарыхка, тилге жана маданиятка байланышкан аракеттеринин бардыгына шектүү карап, кара далы кыздай алардан өздөрүнө доо кетирчү нерселерди гана издеп, шектүү дегенге шылтоо болгудай бир нерсе табылса эле долулана чыр чыгарууну өнөкөткө айландырып алышты. Ага бир мисал катарында мындан бир нече жыл мурда Бишкектеги Киев көчөсүн Апсамат Масалиев көчөсү деп атоого, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун аталыштарын өзгөртүүгө борбор калаада жашаган славяндардын өкүлдөрүнүн уюшуп каршы чыгышкандыктарын көрсөтүүгө болот. Эгерде андай каршылыктардын келечеги, же алардын аракеттеринде тарыхый объективдүү процесстерди эске алган акыл эстүү логика болсо биз эч нерсе демек эмеспиз. Тарыхый объективдүү процесске каршы иш кылуунун ташты жогору карата тоголоткондон же шамалга каршы түкүргөндөн айрымасы жок. Бирок, мурдагы Союз да, социалисттик система да биротоло кыйрап, алардын идеалдары тарыхтын таштандысына сүрүлүп, Украина биз үчүн пайдасы да, зыяны да жок алыскы өлкөлөрдүн бирине айланган чакта борбор калаада райондордун Свердлов, Октябрь, Биринчи май, Бишкектин чок ортосундагы чоң төрт көчөнүн биринин Киев деген аталыштарын сактап туруунун кандай зарылчылыктары бар? Ал деги акыл-эстүү логикага ылайык келеби?
Октябрь революциясынын, социалисттик системанын даректерине эч качан жаман сөздөрдү айткым келбейт, биз үчүн алар улуттук кайра жаралуунун даңазалуу этаптарынан болгон, бирок, борбор калаабыздагы райондордун бардыгын коммунисттик бийликтин символдору менен атап жүрө бергидей Бишкек коммунисттик идеологиянын же анын тарыхынын цитадели да эмес . Биз үчүн Бишкектин картасында Лениндин ысмы калса деле жетишет, чоңураак көчөлөрдүн бирине Сталиндин ысмын берип койсо андан туура болмок, жердешибиз Фрунзенин ысмы эч качан өчпөшү керек, бирок азыр Россиянын айрым окумуштуулары сионисттердин жашыруун лидерлеринин , террорду уюштуруучулардын биринен болгон деп жатышкан Я.М. Свердловдун, Биринчи май деген саясатташтырылган майрамдын аталыштарынын эч кандай кереги жок. Биздин сионисттерге да, террористтерге да эч кандай тиешебиз жок.
Мурда Бишкектин эки чоң көчөсү Ташкент, Алматы деп аталчу. Алардын аттары өзгөртүлүп, Ташкент алгач Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы, анан Жибек жолу, Алматы Курманжан деп аталып калды. Менимче, ал көчөлөрдүн аттары өзгөртүлбөстөн мурдагы бойдон калтырылып, Курманжан энебиз менен Жибек жолу деген аталыштар Москва, Киев, Донецк сыяктуу көчөлөргө берилсе туура болмок. Эмне дебейли, майда-чүйдө кандай таарынычтарыбыз болбосун Казакстан менен Өзбекстан жакын кошуналарыбыз, боордошторубуз. Жалпы Түрк атадан таркаган боордошторубуздун борбор калааларынын урматтарына коюлган көчөлөрдүн аттарын жоюп таштап, кайнаса кандары кошулгус, бир нече өлкөлөрдөн ары бир нече миңдеген чакырым алыстыктагы украиндердин борборунун атын аздектеп отуруу - чындыгында эле түшүнүксүз. Тагыраак айтканда, жөн эле алаңгазарлык көрүнүш. Ташкент, Алматы шаарлары убагында биздин алгачкы улуттук кадрларыбызды даярдоодо да аябагандай чоң роль ойногон. Экономикалык, маданий, илимий байланыштарыбыз да тыгыз. Республикабыздагы жалпы өзбектердин саны бир миллионго жакын, казактар 50 миңден ашат, ал эми украиндердин саны 40 миңге жакынды эле түзөт. Өзбектер менен казактардын сандары жылдан жылга көбөйүп баратса, орустардыкындай эле украиндердин сандары да жылдан жылга азаюуда. Бул жагынан деле Ташкент менен Алматынын алдында Киевге артыкчылык бергенге эч кандай негиз жок. Же Киев шаарынын борбордук бөлүгүндө Бишкек же Кыргызстан деп аталган көчө бар бекен?
Биздин оюбузча Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын жаңы жетекчилиги өз ишин мына ушул маселелердин талдап, тастыктагандан баштаса туура болмок. Ал эми комиссиянын эски жетекчилиги демилгечи болуп, резонанстарга ээ болгон сунуштар жөнүндө кийинки макалабызда сөз кылабыз.

Папан Дүйшөнбаев