Ыр дүйнө

Гүлшайыр Садыбакасова, "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси:
"Тобумдагы 280 кызды күйөөгө узаттым"
- Гүлшайыр эже, учурда ыр жаздырып, клип тарттыруу оңой эмес. Сиздерде топту каржылаган демөөрчүңүздөр барбы?
- Мурда анча-мынча демөөрчүлөрдүн жардамын көргөм. Бирок, акыркы мезгилде колдоо көрсөтөм деген адамдарга өтө этияттык менен мамиле жасайм. Себеби, биздин менталитеттеги айрым түшүнбөстүктөрдөн улам, бир жардам бергенин милдет кылып алмайы бар. Өзүнүн тою аз келгенсип, алыскы тууган-уругунун тоюна чейин чакыра берип жүдөтүшөт. Ошондуктан, бир Кудайга жана элге ишенип, демөөрчүлөрдөн оолак эле болгонду дурус көрөм.
- Сиз менен Кенже Дүйшеева экөөңүздөрдү айрымдар жарашкан дешсе, айрымдар дагы эле таарынышып жүрүшөт дешет?
- Кенже жөнүндө таптакыр сүйлөгүм келбейт. Өмүрүмдө эки сүйлөгөн адамдарды жактырбай келем. Мени менен жарашып, "АКГ" тобу тарады деп сөз берип алып, беш күндөн кийин Бек Борбиевдин концертине катышкандарын кандай түшүнсө болот? Кыздардын мындай мамилесинен улам, алардан толук ирээнжип, мамилемди үзүп койдум. Болбосо, Кенжени турмушка узатып жатканда өзүм айдап жүргөн Мерседес үлгүсүндөгү машинамды сатып, той өткөрүп бергем, бирок ал менин жакшылыгымды түшүнбөдү.
- Топтогу кыздардын колун ата-энесинен эмес, сизден сураган учурлар болобу?
- Биз карапайым элдин тоюнан баштап, презденттик иш-чараларга чейин чакыруу алабыз. Андай чакырууларга мен сөзсүз барам. Менден кыздарымдын колун сураган мырзалар көп болот. Жакында самолётто үй-бүлөлүү эле, абройлуу бир саясатчы менен катар отуруп калдым. Ал мага "Сизден тобуңуздагы бир кызды сураганымда мага бербей койдуңуз эле. Мына эми акыбети эмне болуп жатат?"-деп мени кекетти. Мен ал кишиге "кандай гана учур болбосун, топтогу кыздарымдын биринин да этегин эч кимге тебелетпейм"- дедим. Ар-намысты бийик коюп, мындай сунуштардан баш тартып келгеним үчүн, атка минер мырзалардын арасында душмандарым көп.
- Топтогу кыздар турмуш куруп кеткенден кийин, кайра келип "Кыз-Бурак" тобунда ырдайбыз десе кабыл аласызбы?
- Ушул убакка чейин тобумдагы 280 кызды күйөөгө узаткан, №1 Баатыр энемин деп мактансам да болот. Бир жылдары турмуш курган кыздарды топко кайра алганымда күйөөлөрү кызганып, ар кандай түшүнбөстүктөр болуп кетип иштеше албай койгонбуз. Бирок, быйылкы жылдан баштап кайрадан турмушка чыккан кыздар күнүн да, түнүн да ыр дүйнөсүнө арнап, музыканы үй-бүлөсүнөн да биринчи орунга коюп, андан ары "Кыз-Буракта" ырдайбыз дешсе, алар үчүн эшик ачык. Эгерде, жолдошу шоу-бизнести түшүнгөн искусство адамы болуп, чыгармачылыгына жолтоо болбосо, биз менен иштешсе болот. Бирок, бир жылда бир жолу ырдап кой дегенге каршымын. Мен өзүм адамгерчилик деген сапатка ишенип, контракт түзбөй коё албайм. Топтогу кыздар менен да, керек болсо өз кызым Сайкал менен да он жылдык жазуу түрүндөгү келишимибиз бар. Биздин тартипке көнүп ырдап, топко эмгектенип берген ар бир кыздын эмгек акысын берип, жеке концертин өткөрүп, керек болсо машина же дагы башка кымбат белектерди берүүнү топтун салтына айлантканбыз.




Сайкал Садыбакасова, ырчы:
"Апаман корккон үчүн жигиттер менен сүйлөшпөйм"
- Сайкал, кечээ жакында болуп өткөн "бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" сынагына кандайча катышып калдың?
- Кандай гана сынактар болбосун апамдын уруксаты менен катышам. Бул жолу да Рахман Раззыков менен "НБТ" каналы биргелешип уюштурган сынакка катышуумду апама чалышып сурашкан экен. Беш күндүк концертке эрке бала атка конгон Жеңишбек Айтиев менен жуп болуп чыктым. Ырчы болсом да, кемпирдин ролун жеткиликтүү аткарганга аракет жасап, куудулданып да көрдүм. Эл добушу менен экинчи орунга илинип, калыстар тобунун чечими менен акчалай сыйлык алдык. Мурда апам мындай учурда жанымда болуп, моралдык жактан колдоо көрсөтүп турчу. Эми акыркы мезгилде телефон да чалбайт. Кыязы, иш-чараларга өзү жеке аралашып, үйрөнсүн деп жатат окшойт.
Ырчы айымдар арасында "Мисс-Шоу-бизнес" сынагы болгондо жеңилип калып, апама чалып ыйлаганымда: "кызым, турмушка ошентип бышасың. Жеңилгендин баары жерге жатып калбайт. Утулган сайын тирилип, курчуп, алдыга багыт алыш керек",- деп соороткон. Ошондон улам апам жеткен ийгиликтер, жеңиштер кантип жаралаарын сезип, жакшы нерсе оңой келбээрин түшүндүм.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- (Күлүп) Апаман корккон үчүн жигиттер менен сүйлөшпөйм. Чынын айтсам, жигит жандаганга убактым деле жок. Өзүм да 25 жашка чейин турмушка чыккым келбейт. Телефонума сүйүүсүн билдирип смс жиберген жана чалган жигиттер өтө эле көп. Бирок, анын баары менен сүйлөшө берейм. Өгүнү Новосибирсктен апама Наргиза деген эже чалыптыр. Ал эже "иним Сайкал менен ооруп калып, жумушуна да чыкпай жатат. Экөөнү тааныштырып койбосок болбойт" деген экен. Апам андай болсо мени менен эмес, иниң кызым менен сүйлөшүп көрсүн деп телефон номеримди бериптир. Арадан канча убакыт өтсө да, анын иниси чалган жок. Демек, ал чындап катуу сүйгөн же жасалма сүйүп, ойноп чалган деп калдым. Машинама жумшак оюнчук менен кошо телефон номерлерин калтырышып же үйгө гүл жөнөткөндөрүн кабыл алганым менен азыр мага жигит менен, сүйлөшкөнгө эрте деп ойлойм.
- Сөзүңөн улам Гүлшайыр эже тартипти катуу кармаары байкалып турат. Курбуларың менен дискотекага барасыңбы?
- Ортоңку муундагылар жаратылышка чыгып эс алганды жактырса, азыркы жаштар дискотека, түнкү клубдарга барганды жактырабыз да. Апам тартипти катуу кармаганы менен жаштардын да каалоосун эске алып, дискотекага, клубга, кинолорго жиберип турат. Бирок, саатын чектеп коюп, жаныбызга жан сакчы дайындап, анан жиберет. Айрым учурда биздин сыртыбыздан ким карап турганын өзүбүз да билбейбиз. Эми мунун баарын апам биздин коопсуздугубуз үчүн жасаса керек.

Маектешкен Аида АСАНБЕК кызы