Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 2
  Имиш уккуңуз келеби?

Кантип уккуңуз келбесин, факт өтө ачуу нерсе...
Ушак уккуңуз келеби? Анда угуп туруңуз. Кайдан окуганыбыз эсте жок, Интернет сайттарынын бири "экс-"акжолчу", олигарх Аскар Салымбеков президентттик күрөшкө эртелеп камынып, айланасына команда топтогонго киришкени байкалды.
Аскар мырзанын жеке баамында, шайлоодон утуп чыгууга ишеними бар экен. Президенттик кармашка 40-50 миллион долларды чапчыган сумма керектелет, бу жаатында олигарх байкебиз кыйналбайт шекилдүү.Себеби, Салымбеков 100 миллион долларбайды камдап койгону чынбы? Эгерде мындай болсо, бүтүндөй кыргыз элин болочок талапкер жыргатары, анан кыйналып-кысталбай эле хан тактыга отурары ажеп эмес. Ким билет..." деп жазыптыр.
Окуганын окуган менен, анчейин деле таңгалган жокпуз. Мындай "өрдөктөрдү" ким гана учуруп, ким гана атып алып жаткан жери жок. Биз силерге ушак айтып берели деген жокпуз. Болгону, ушул имишти окуганда Совет көчөсү менен Жибек Жолунун кесилишинен Дордой базарына кетип бараткан жолдогу Кычан Жакыпов атындагы парк-тын азыркы кейпи көз алдыга тартылды. "Чөптү кордогон көзгө зыян" дейт. Ушул парктын кара куурай басып, айтылуу Терентьевдин үйү бир эмес, он жолу өрттөлүп, күлү сапырылып турганына он беш-жыйырма жыл болуп калды. Ушул убакыттын аралыгында шаарда канча шаар башчысы алмашкан жок. Бирок, эмнегедир ошолордун бирин да бул парктын тагдыры, Терентьевдин үйүнүн аянычтуу абалы ойлонткон жок. Кандай өкүнүчтүү!
Ошол парктын түндүк жарымын Кыргызстандын төртүнчү президенти боло турган Аскар мырза Салымбеков алып, аерге заңгыраган стадион салып, кооз көз жоосун алган жайга айлантып койгон менен, парк үстүндө үйрүп алар кийими жок токолдун баласындай болуп, бечара кейпин кийип турат.
Андай болгондо Аскар мырзанын "Дордой" стадионунун жанындагы кара куурай баскан парктын абалына кайдыгер караганына, көрсө да көрмөксөн болгонуна жол болсун. Же ошол паркты да өз менчигиндеги стадиондун абалына келтириш үчүн сөзсүз эле президент болуш керекпи?
Бек Мамашов




  Эсен болуп, эстей жүр!!!

24чүлөр...

Кечээ эле жаңы жылдын босогосун аттагандай болду элек. Ачып-көздү жумгуча 24-март келип калыптыр. 24-мартты эстегенде, эмнегедир менин көз алдыма дайыма 2005-жылдын 24-марты эмес, эсил кайран жигиттер Үсөн Кудайбергеновдун, Жыргалбек Сурабалдиевдин, Раатбек Санатбаевдин, Баяман Эркинбаевдин, Тынычбек Акматбаевдин, Рысбек Акматбаевдердин, Санжар Кадыралиевдин жаркын элестери тартылат.

Кайран Үсөн аке! Ал оттой болуп күйүп-жанган, өрттөй дуулдап алоолонгон адам эле. Ал аз жашады. Мүмкүн далай-далай асыл максаттарына жетпей да кеткендир. Мени өкүндүргөнү, эми анын баскан изин андан башка эч ким кайталап баса албагандыгында. Ал аткарган ишти эми эч ким аткара албагандыгында. Биз тирүүлөр өлгөндөр алдында, "биз сенин иштериңди улантабыз" деп ант бергени менен, анын өзү өзүбүздү өзүбүз алдаган, өзүбүздү өзүбүз соороткон нерсе. Бакиевди бийликке апкелген революция эң биринчи мына ушул чыгаан уулубуздун башын жуткан болчу.
"Жыргалбек Сурабалдиевди атып кетиптир" деген кара кабарды угуп, Тыныстанов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине келгенде, кайран жигит Дантестин огунан жан берген Пушкиндей болуп суналып, үстүнө чүпүрөк жаап коюшкан экен. Мына ошондо бул каргаша буюртма киши өлтүрүүлөрдүн акыркысы эмес экенин түшүндүк. Ошондо "Кезекте ким" деп ачуу кыйкырган элек.
... Ошол түндө жааган ак кебездей жумшак кар али эсимде. Кыштын түнү болсо да, ушунчалык бир жылуу, жумшак түн болучу. Ошол ак кар сампарлап жааган кечте телевизордон Кыргызстандын калкы Раатбек Санатбаевдей уулунан айрылганын угушту. Ушул балбан жигит бирөөгө душман болчу жигит беле? Кайсы колуң сынгыр атты да, ким ага буюртма берди?
Баяман Эркинбаев... аны баардыгы өз улутунун, өз элинин чыныгы патриоту болгон деп айтышат. Бул талашсыз чындык. Баямандай жигиттерден айрылуу улуттук трагедия экендигин, андай жүрөгүндө жалы бар азаматтар күн сайын эле төрөлө бербестигин бир айтабызбы, эки айтабызбы, эми баарына кеч болуп калды.
Тынычбек Акматбаевдин кандай жагдайда кайтыш болгону, анын өлүмүнө кимдер кызыктар болгону, эмне себептен аны менен бирге СИЗОго бара турган депутаттар акыркы мүнөттөрдө баш тартканы белгисиз бойдон калды. Бир жигит созулуп келип, созулуп кете берди да. Кайран өмүр... ал кимге жамандык кылды эле?
Рысбек Акматбаев... Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизелерин калтыраткан Рысбекти "Кыргыздын Робин Гуду" деп айтабызбы, же "Вор в законе" деппи, мунун баарына тарых жооп берчү мезгил келет. Мезгилди шаштырганда эмне?
Санжар Кадыралиевди үйүнүн кире беришинен атып кетишти. Анын депутат коллегаларынын бири 2006-жылдын ноябрь митингдеринин тушунда "Санжар патриот жигит..." деп айтканын уккан жайыбыз бар. Бүгүн ал тирүү болсо, эмне жаман болот беле?
2005-жылдын 24-мартын эстеген сайын асыл жигиттерибиздин элеси көз алдыга тартылат. 2011-жылдын 7-апрелин көрбөй кеткен кайран Докебиздин, Дооронбек Садырбаевдин, Чыңгыз Айтматовдордун элеси көз алдыга тартылат. Өлсө да, элестери элдин эсинде өчпөй калган жигиттерибиздин элеси көз алдыга тартылат да, 2005-жылдын 24-марты эске түшөт. А күнү түшкө жуук "АзияТВ" телекомпаниясынын жетекчиси, досум Жээналы Камбаралиев экөөбүз анын машинасы менен, Көк-Жар жаңы конушунун батыш тарабындагы Алматы менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги митингге барып катыштык. Атамбаев баштаган лидерлер сөз сүйлөгөндөн кийин, топтолгон митингичилер Акүйдү көздөй жөө жыла беришкенде, биз машинага түшүп, эртелеп жүрө бердик. Анан Ала-Тоо аянтына келип, "Эркиндик" эстелигинин жанында кайдан-жайдан экенин өзүм да түшүнбөйм, Роза эже Отунбаева менен катарлаш туруп калыпмын. Бул учурда, эртеден бери тынч, ак кепкачандар жана милиция кызматкерлеринен башка эч ким жок, жымжырт турган аянт дуулдап, Акүйдү тегеректеген эл бир артка качып, бир кайра милицияларды артка сүрүп, бийлик менен элдин ортосунда каршылашуу жүрүп жаткан экен. Мага ошондо эмнегедир, ак кепкачандар, колуна дубинка, калкан көтөргөндөр элди катуу сүрүп, Акаев бийлигин кулатууну башкы максат кылгандардын ындыны өчө баштагандай таасир калтырды. Аянтка келгендердин алды тарай баштаптыр. Жээналы артка кетип бараткан элге: "Кетпегиле. Тарабагыла. Атамбаевдердин кишилери жакындап калды. Качпагыла" деп кыйкырганы кулагымда калыптыр. Ошондо мен Роза Исаковнадан "Эми эмне болот" деп сурагым келди. Бирок, сураганым жок. Атамбаев баштаган митингичилер эмнеге кечикти деп, аларды утурлап, Ала-Тоо кинотеатрын көздөй басканыбызда, Атамбаев үстүндө турган машина Тыныстановдон бери өтүп калган экен.
... Ошол күнү түштөн кийин эл бийликти өзүнө алып койду.
... 24-мартты эстеген сайын эр жигиттердин элеси көз алдыга тартылат. Эсил кайран жигиттер Үсөн Кудайбергенов, Жыргалбек Сурабалдиев, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Рысбек Акматбаевдер, Санжар Кадыралиев. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун.
Болотбек Таштаналиев




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/11/0322_4.htm on line 41