Айткандарын аткарбаган Касиев
Бул инсан Ошко губернатор болуп барганда ар ким билгенин, көнгөнүн кылат дегендей, башкы санитардык врачтан бетер облустагы ооруканалардын, врачтык амбулаториялардын, ФАПтардын баарын кыдырып чыгып, анан кайра-кайра элдик жыйындарды, чогулуштарды өткөрүп, ашыкча ыгым-чыгымдарды талап кылган ысык-суук мааракелерге каршы чоң кампанияны баштаган. Ал кампания иш жүзүндө болбосо да сөз түрүндө ошол убактагы бийлик тарабынан колдонуп, өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттары кудум шайлоодогудан бетер бир ызы-чуу түшүп алышкан эле. Бирок," молдонун айтканын кыл да, кылганын жасаба" , "малды көрсө, пайгамбар да жолдон чыгат" деген сөздөрдө калет жок. Анын үстүнө биздин кыргызда мамлекеттик чиновниктин жыйындарда, чогулуштарда бирди сүйлөп, бирди жактаса, иш жүзүндө алардын теңирден тескерисинче иштерди жасашаары да көндүм болуп калган. " Ашыкча шаңданбайлы, ысырапкорчулукка барбайлы" деп какшаган Накебиз уулун үйлөгөндө үч жерге үч жолу ар бирине бир миңден ашык адам катышкан той берип, өзү мурда үгүттөп келгендеринин баарына түкүрүп салгандыгын, Оштогу эң чоң жайда өткөргөн тоюна тыйын-тыпырлуу дыйкан чарбаларынын, соода жана тейлөө түйүндөрүнүн жетекчилеринен бери чакыртылгандыгын, конверттер таңгак-таңгак болуп жыйылгандыгын күбө болушкандар алигиче тамшана айтып жүрүшөт.
Бу киши иши же оратор сөзмөрлүгү же тобокелчил кайраттуулугу жагынан өзгөчөлөнгөн жан эмес. Ал туптуура он жыл саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген менен тармакты башка чөйрөлөргө салыштырганда жакшыртып деле жиберген жок, бул "Накен Касиевич Касиевдин тушунда бүткөрүлгөн же курулган" деп айтарлык көзгө көрүнөрлүк деле иштерди аткара албады. Врач катарында кандай жөндөмдүүлүктөрү бардыгын деле эч ким билбейт. Анткени, ал атка минер болуп жүрө берип , түздөн түз сыркоологондорду карап, дарылоо иштеринен өтө эле алыстап кеткен. Кан басымды өлчөгөндү, жүрөктү жана көкүрөктү тыңшаганды унута элек болушу керек, ал эми калган жагынан мединститутта үйрөнгөндөрүнөн, практикада өздөштүргөндөрүнөн канчасы калгандыгын бир кудайдын өзү билет.
Накебиз мамлекеттик катчылыкта эки жылдай иштегенде деле эч жагынан өзгөчөлөнө албады. Же тарыхты, же маданият менен искусствону, эч болбоду дегенде адабиятты жакшылап билбесе, андан кандай жыргаткан идеолог чыкмак эле. Акайыч кол койгон кагаздарды адресаттарга тапшырып жүрүп мөөнөтүн өтөдү. Ал эми өндүрүштө бир күн да иштебеген адамды республикадагы эң чоң облуска губернатор кылып дайындоо биринчи ажонун чоң катачылыктарынын биринен болгондугу талаш туудурбайт. Анда саясый номенклатурадан Накебиздин көп жылдардан бери түшпөй, а түгүл биринчи ажонун ишенимине биротоло кирип, анын Касы уулун потенциалдуу мураскерлердин бири катарында карап келгендигинин себеби эмнеде?
" Баш бербесе да бак берсин" дегендей, Касы уулунун саясый карьерасынын узактыгынын себеби - анын мүнөзүнүн ийкемдүүлүгүндө, жогорудагыларга карата дайыма лоялдуулугунда. Эгерде ал биринчи ажонун өзүнө гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнө да жагып, канайымдын ишараттарын дилгирлене аткарып, уулун Айдакелеп, кызын Берметка деп эркелетип, алардын алдыларынан кыя өтпөй жүрбөсө, анын саясый карьерасы анчалык узакка созулмак эмес. Аны менен бирге иштешкен көп мамлекеттик чиновниктердин бириникиндей эле бир жерде чорт үзүлмөк. Бирок, Накебиз канчалык куу, жер тыңшаар Мамыттай аяр болгон менен Салымбековдор менен атаандашып, алардан мандат талашам деп чоң жаңылыштык кетирди. Салымбековдор базарларында отургандарды Ат-Башыга жаап жиберишип эле мандатты алып коюшту. Анан ага каршы тымызын жүргүзүлгөн "Касиевдердин теги кыргыз эмес, калмак, ага каршы добуш бергиле" деген маани мазмундардагы үгүттөр да өз таасирин тийгизген деп жүрүшөт. Анын Феликс Кулов менен жакындашып, генералдын камчысын чабышып жүргөндүгү да ошондон дешет. Бирок, "орустун тегин бир аз териштирсең эле ар жагынан татар чыгат" дегендей, бизде деле "арийлерден" бери келаткан таза кыргыздар аз. "Курама жыйнап журт кылдым..." деп Манас бабабыз бекеринен айтпаса керек. Маселе - кимдин кайсыл уруудан экендигинде эмес, анын кандай адамдыгында. Жакындан билишкендер Накен Касиевичти аябагандай адамгерчиликтүү, бирөөгө катуу айтпаган, өзгөчө сыпаа жан дешет...

Дани Сарыке



Досун катуу таарынткан "Кун-Цзу"
Академик Аскар Чукутаевич деген инсан мейли, чоң , же кичине жан болсун, мейли, окумуштуу же жазмакер болсун, алар менен кобурашканды аябагандай жакшы көрөт. Жакшы тааныштары, кээде тааныш эместер деле телефон чалып, анын кийинки сүйүктүү темасындагылар же Нурмолдо, Молдо Нияз, Калыгул олуя, Арстанбек, Жеңижок ж.б. бири тууралуу сөз козгоп калышса, "бир жерден жолугуп кобурашсак жакшы болот эле" деп, анан Нурмолдонун же Арстанбектин ырларынан бир шиңгилди айтып жиберет дешет. "Кийинки сүйүктүү темасындагылар" дегенибиздин себеби, Чукутай уулунун биринчи сүйүүсүндөгүлөр сакалдары сапсайган, биринин башы айнектей жалтыраган Марксизм-ленинизм деген илимдин негиздөөчүлөрү болчу. Ал Марксизм-ленинизмдин илимий коммунизм деген предмети боюнча студенттерге отуз жылдай лекция окуп, дүйнөдө мындан туура илим жок деп "кобурап" жүрүп, көптөрдүн "мээлерин кагып", жок нерселерди айта берип жаштардын көбүн жолдон чыгаргандыгы үчүн күнөөгө да белчесине чейин батты. Анын биринчи ажо менен ынак болуп кетүүсүнө да ошол "сакалчандар" себеп болгон. Ошол убакта партиянын Борбордук Комитетинин илим жана жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган менен физикадан башка нерселерге жакшы түшүнбөгөн Акай уулунун орун басары болуп иштеген Чукутай уулу ар шумдуктарды айтып "кобурай" берип, анын башын биротоло айландырып алгандыктан ал Чукутай уулун "акылы Конфуцийдикиндей (кыргызчасы Кун-Цзу) адам" деп тамшанчу экен. Акай уулунун кокустан багы ачылып, адегенде Академиянын, андан кийин академиялашкан Кыргызстан деген бир бечара өлкөнүн ажосу болгондо жолдон таап алган Кун- Цзусун кайда болбосун ала жүрдү. Адегенде жалаң "кобураганды" жакшы көрчүлөр иштечү бир институтка раис кылды. Анан өзүнүн администрациясына жетекчи, анан билим берүү жана илим министри, акырында алып барып Улуттук университетке ректор кылды. Ал жерде "кобурашчулар" абдан көптүгүн, жанына жакыныраак тартпаса "Кун-Цзу" акылын аны менен бөлүшпөстөн ансыз деле кобуракты жакшы көргөн жан ал жердегилерге эч нерсесин калтырбастан таркатып жиберет дедиби, же биринчи ажо өзү да "кобурашмайынча" тура албай калган беле, айтор, Чукутай уулун өзүнө кеңешчи кылып алып жүрдү. Биринчи ажого анын кандай кеңештерди бергенин билбейбиз, бирок ал убакта ал "экинчи сүйүүсү" менен чындап "ооруп жүргөндүгүн" эске алганда Чукутай уулу Акай уулун да Нурмолдочу, Арстанбекчи, Молдо Ниязчы кылып жиберди окшойт. Ошол убакта кыргыз этносунун 2300 жылдыгы кеңири белгиленип, Нурмолдонун килтейген тому Чукутай уулунун баш сөзү менен жөн жерден чыкпады көрүнөт.
Калыстык үчүн айтсак, мурда марксист философ болсо кийин элдик философиянын эң чоң билермандарынын бирине айланган Чукутай уулу Аскар убагында аты уйкаш инисин келинчегине кошуп алы жеткенче даңазалады. Ал ректор болуп турганда Улуттук университеттин фойесинин полунан башка жерлеринин бардыгында биринчи ажонун жана канайымдын сүрөттөрү илинип турчу. Бирок, биринчи ажо качаары менен ал сүрөттөрдүн бирин калтырбай алдырып таштап, КТРКга келип "Акаевдин тушунда куугунтукка учурагандардын бири менмин" дегенде мурда оппозицияда жүргөндөрдүн айрымдары "алда кудай ай, биз да Чукутай уулундай куугунтукка учурасак минтип Ак үйдү штурмалайт белек" деп ыйлап жиберишкен дешет. "Кун- Цзунун" азыр мурдагы дайыма "кобурашмайынча " тура алышпаган ини досу менен мамиле байланыштары кандай экенин билбейбиз, бирок биринчи ажо ага катуу таарынып, андан кабар алганы баргандардын биринин "сизди сатып кеткендердин кимисине өзгөчө нааразы болуп жүрөсүз?" деген суроосуна биринчи Чукутай уулунун сүрөтүн көрсөтө "мобу № 1- чыккынчыга" деп жооп берген дешет. Эски эки достун мындан аркы мамилелелери кандай болот, ал жөнүндө ачык айта албайбыз, бирок марксист атеисттиктен кудай жолунан чыкпаган молдолордун тарапкерине , а түгүл колго илинер бир эмгеги жок туруп элдик философиянын академигине айланып кеткен философ азыр айрым Бакиевчилер ооздору кыйшайбай же элден уялбай "мен душмандын лагеринин ичиндеги силердин тыңчыңар болуу үчүн аларга кошулган болчумун" деп жүрүшкөндөй, " Кун-Цзунун баланча жердеги ыкмасындагыдай кылып, алардын штабында болуп жаткандарды сизге убагында билдирип туруу үчүн ошого барганмын" деп досунун таарынычын жазып, кайра тилин таап алуусу да мүмкүн, кокус "эми анын мага зыянынан башка кандай жардамы тиймек эле, ал да бир убагында майлуу нан таап жедирген марксизмдей нерсе болду да " деп койсо, Акай уулун биротоло эсинен чыгарып, башкалар менен деле "кобурашып" жүрө берүүсү ыктымал. Аларга баш оорутуп эмне кылабыз, убагы келгенде көрө жатаарбыз.