"МегаКомдун" жаңы ээси табылдыбы?

Кыргызстандагы "MegaCom" чырдуу окуясында жаңы бурулуш. Serpeus Inc компаниясы "Альфа Телеком" жабык акционердик коому ("MegaCom" соода маркасы) ага таандык экенин жар салды. Чырдуу окуянын башка катышуучуларынан анын принципиалдуу айырмасы - жүзүндөгү эмоцияга алдырбаган токтоолугу жана колундагы документтердин калың топтому.
"Компания жабык акционердик коомдун мыйзамдуу ээси болуп туруп, уюлдук оператордун айланасындагы абалга кабатыр болуу менен, суроонун объективдүү каралышын күтөт. Эмки жумада Кыргызстанга Serpeus Inc расмий өкүлү келмекчи" деп 17 мартта Бишкекте өткөн брифингте Serpeus Inc өкүлү Артем Юношев белгиледи. Анын айтымында, ЖЧК акцияларына мыйзамдуу ээлик кылууга бардык документтер парламенттик комиссиянын колунда жана компаниянын өкүлү жакында Бишкекке келип менчигине өз укуктарын жарыяламакчы.
Украиналык бизнесмен Сергей Сукалонун Serpeus Inc компаниясы "MegaCom" соода маркасы менен 2009-жылдын августуна чейин уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүп келген "БиМоКом Лтд." компаниясын көзөмөлдөйт. Serpeus Inc өкүлдөрүнүн айткандары боюнча компаниянын менчиги болгон БиМоКомдун телекоммуникациялык жабдуулары жана радио жыштыктары "Альфа Телекомдун" балансына казакстандык байланышчы Виталий Кучуранын мыйзамсыз аракеттери жана операциялары аркылуу өткөн. Ошондо эле "Альфа Телекомду" негиздеген адвокат Алексей Елисеев өзүнүн казакстандык клиенти үчүн В.Кучурадан кызыкчылыктардын келишпестиктерине байланыштуу юридикалык жардам тууралуу келишимди жокко чыгарууну талап кылган. Эгерде Serpius Inc мобилдик операторго өзүнүн укугун далилдей алса, "МегаКомдун" айланасындагы чубалган чырга акыркы чекит коюлат деген мүмкүнчүлүк бар.





  Коррупция

Актанам деп айыбын ачтыбы?
Газетабыздын мурдагы сандарынын биринде Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Кыдыкбек Исаевге карата ар кандай багыттарда онго жакын кылмыш иши козголуп, ал мамлекетке жалпы суммасы 300 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги үчүн айыпталып жаткандыгын маалымдаган элек. Айыптоо-бул кылмышкер катарында табылгандык эмес, анын канчалык деңгээлде күнөөсү бардыгын бир гана сот аныктайт. Бирок, республикабыздагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында өзү жөнүндө айтылып, жазылып жаткандарга нааразы болгон мурдагы губернатор "Вечерний Бишкек" газетасы менен байланышка чыгып, ал мамлекеттен, элден эч кандай мүлктү же акча каражатын уурдабагандыгын, ал губернатор болуп турганда жерлердин бардыгы тийиштүү мыйзамдардын негизинде аукциондор аркылуу гана сатылгандыгын, ал аукциондордо төрагалык кылган менен бирок комиссияда андан башка да 10 мүчө болгондугун, демек сатуу коллегиалдуу түрдө чечилгендигин, ага карата кылмыш иштери саясый буйрутмалардын негизинде гана козголуп жаткандыгын айтыптыр. Анын айткандарынын канчасы чындык экендигин, ал эми канчасы чындыкка ылайык келбей тургандыгын, жогоруда айткандай, албетте, сот гана аныктайт. Бирок, бизди бул жерде Исаевдин айткандары эмес, эгерде ал үй-бүлөсү менен АКШнын Виржиния штатына көчүп барып, кадимкидей орун очок алып, балдарын окутуп, өз бизнесин ачып, иштетип жаткандыгы чын болсо, ал алардын баарына каражаттарды кайдан таап жатат?- деген суроо гана кызыктырат. АКШда үй деген арзан эмес, эң кеминде бир нече жүз миң доллар турат, балдарды мектепке окутуу үчүн да акча төлөө керек, өз бизнесиңди ачуу үчүн сөзсүз ири өлчөмдөгү базалык каражаттын болуусу зарыл. Булардын баарын кошкондо бир нече миллион долларды чапчып түшүүсү мүмкүн. Исаев төрөлгөндөн бери губернатордун айлыгын алып, алардын бир тыйынын коротпой чогултуп келген күндө деле айтылгандардын ондон бирине да жетмек эмес. Эгерде Кыдыкбек Исаев элдин, мамлекеттин каражаттарынан эч нерсе уурдабаса, жерлерди саткандан кымындай да жекече пайда көрбөсө, деги анда анча акчаны кайдан таап жүрөт? Ага Америкадагы байлардын бири мурас калтырып кеткен беле?
Ушундан улам экс-губернатор актанам деп жатып, тескерисинче өзү байкабай өзүнүн айыбын өзү ачып жатабы,- деген ой кетет

Бакай
Чилтегин




  Анын бетин ары кылсын

Эртең бир еврей депутат
болуп келсе, тооратты жайып, ант береби?
Турсунбай Бакир уулу журналисттерден качпаган, оңду-солду интервьюларды шатырата бергенди жакшы көргөн адам. Бирок, эмнегедир ал канчалык интервьюларды көп берген сайын, өзү жөнүндө канчалык көп айткан сайын, биз ал тууралуу ошончолук аз билерибизди сезебиз. Парламентте ант берген учурун эле алалы. Жогорку Кеңештин депутаттары алдында ант берип жатып, Конституциянын үстүнө Куран китебин коюп, анан ал жоругуна комментарий берип, анан ант берип жатпайбы. Турсунбай Бакир уулу саясатта биринчи жылы жүрүп жаткан жери жок. Саясатты да, мыйзамды да бизге караганда, алда канча жакшы билет. Кыргызстан шарият жоболору менен жашаган өлкө эмес. Бир жолу өзгөртөбүзбү, миң жолу өзгөртөбүзбү, өлкөнүн өз Конституциясы бар. "Аргымакты жаман деп, тулпарды кайдан табасың, агайыңды жаман деп, тууганды кайдан табасың" деген сөз бар го. Анысы кандай, Конс-титуциябыз канча жолу өзгөрбөсүн, жакшыбы, же жаманбы, ал Кыргыз Республикасынын бардык аймагында айныгыс күчкө ээ Башкы мыйзам. Президенттен, депутаттардан бешиктеги балага чейин, аны каалайбы, каалабайбы, аткарууга тийиш. Муну тоонун башында жүргөн учкан кулаалы, же базардын маңдайында конуп олтурган чымчык билбесе да, Турсунбай Бакир уулу билүүгө тийиш болчу. Башкасын майдалап айтпаганда да, өңгө эмес, өзү мына ошол Баш мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңешке шайланып келбедиби. Анда неге ал баарын билип туруп, Конституциядан Куранды жогору коюп олтурат? Тилекке каршы, мына ушу окуяга күбө болуп олтурган Р.Отунбаева деле, БШК төрагасы деле, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу деле, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф.Кулов деле, жаңы Конституциянын авторлорунун бири жана демилгечиси Ө.Текебаев деле, жана башка депутаттар деле баш көтөрүп унчугуп коюшкан жок. Адатта, мыйзамда эмнеге тыюу салынбаса, ага уруксат деп айтышат. Эртең бир жүүт депутат болуп шайланып, Кыргызстандын Конституциясынын үстүнө Тооратты жайып, ант бере турган болсо, эл кандай кабыл аларын элестетип көрүңүз. Кой, Кудай андан бизди сактасын!





  Кландашкан бийликте

ОПГдан мурда коррупцияга
күрөш жарыялаш керек
Кыргызстан татаал мезгилде жашап жатат. Саясатыбыз да, бизнесибиз да, базарыбыз да, мектебибиз да, ушак-айыңга, имиш-имиштерге толуп кетти. Мындай имиш-имиштердин артында, карапайым калк эмес, саясатчылар өздөрү турушат. "Гүлчөтай, жүзүңдү ач" дегизип, алардын жүзүн ачсак болор эле. Бирок, бул өтө опурталдуу жана да коркунучтуу. Анткени, кыргыз бийлиги капкачан эле кландашып жана криминалдашып бүткөн. Криминалдарга каршы күрөш жарыялап, ОПГларды кармап жатабыз дешет, болуптур, анысына макул бололу, андай экен, бийлик эмне үчүн коррупцияга каршы күрөш жарыялабайт? Же Кыргызстанда коррупция жокпу, урматтуу президент айым, урматтуу депутаттар? Эмнеге коррупцияга каршы күрөшкөндөн коркобуз?


Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ