Пикир илик

Коалициянын урашына кандай карайсыз?

Жаңыдан түзүлгөн коалицияны кайрадан кулайт деген пикирлер коомдо каңгып жүрөт. Айрымдары муну трагедия кылуунун кереги жок десе, кээ бир саясатчылар жакшы болот эле деген көз карашта турушат. Ал эми карапайым калк кандай пикирде? Мындай суроого жооп издегенге аракет кылдык. Ар кимде ар кыял, ал кыялды ким тыяр дегендей…

Тахмина Акматова, шаар тургуну:
- Коалиция кулап кетеби, кетпейби Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, чындык үчүн жанып-күйгөн жетекчилер келмейин жашоо оңолбойт. Кыргыздардын ар кайсы өлкөлөрдө тентигени-тентиген. Мисалы, кесибим боюнча юристмин. Кесибим менен иштейин десем, иш жок. Аргасыз үйгө отурганга мажбурмун. Мага окшогон жүздөгөн жарандар кесиби менен эмес чет мамлекеттерде ар кимдин кир-когун жууганга чейин барып, ачка таап жүрүшөт. Не себептен? Анткени, жетекчилерибиздин эл үчүн эмес өз "чөнтөктөрүнүн" кызыкчылыктарынын артыкбаш болуп кетүүсүнөн улам. Мен ушинтип күнөөлөйм. Ал эми азыркы учурдагы коалициянын куралганына бир топ болгону менен жыргатаарлык иш аткара электигин ММКлардан окуп алып, жакамды карманып отуруп калам. Бирок, азыркы маалдагы мамбюджеттин абалын көрүп туруп, коалицияны кулатып жибергенибиз менен эч кандай майнап чыкпайт. Акматтын ордуна Ташматтын келгени менен эч кандай өзгөрүүлөр болбостугун тарых өзү тастыктады.


Бекнияз Таштанбеков, тележурналист:
- Мен бир эле коалиция эмес, жалпы парламент тарап кетсе да макул болмокмун. Себеби, депутаттардын арасында жакшылары болгону менен кээ бир коррупцияга белчесинен баткандары толтура... Бийлик башында мындай коррупциялынышкандар турган маалда эч качан өлкө өнүгүп кетет деп үмүттөнгөндүн өзү баш иштебестик. Орусия президенти Дмитрий Медведев баягыда бир жолу айтканы эсиме келип отурат. Анда президент "коррупцияланышкан бийлик өлкөнү жокко чыгарат" деп. Анын сыңарындай, паракорчулукка малынбаган, ал жөнүндө түшүнүгү жок инсандар гана мамлекетти өнүктүрө алат деп ишенсек болот. Владимир Ленин өлкөдөгү бийликти алаардан мурун, жаңы идеяларга бай адамдарды, идеялаштарын чогултуп, анан СССРге айланткандай жалаң жаңы коомду түзүүчү, жаңыча көз караштагы инсандар өлкөнү башкарышы зарыл. Эмнеси болсо да бардык иштерди тынчтык жолу менен чечкени жакшы. Бирок, ал нерсе бизден бир-топ эле алыс… Себеби, маданияттан артта калганбыз да… кыйкырып бири-бирибиз менен тытышуубуз керек…


Мирлан Бекитаев, "7-апрель жаштар кыймылы" саясый партиясынын лидерлеринин бири:
- "Коалиция кулап калат" деп ар кандай пикирлер чыгып атат. Ал эми парламенттик өлкөнүн жаратылышында коалиция түзүлүп, ал өкмөт курамын түзүп, иштей баштайт. Биз азыр ошол кадамды басып өтүүдөбүз. Эки-үч ай болду дегендей... Азыркы маалдагы коалицияны жоюу тууралуу пикирлердин жаралып атканы парламенттик системага көналбай жатканыбыздан кабар берет. Себеби, парламенттик башкаруу формасында митингдерди, нааразычылыктарды аянттарга, көчөгө чыгуу жолу менен эмес, Жогорку Кеңештин ичинде чечүүгө багытталган. Демек, коалициянын ичиндеги пикир келишпестиктердин натыйжасы катары эсептесек болот. Анын себебин башка жерден эмес, коалициянын ичинен издегенибиз оң. Менимче ошол пикир келишпестикти жөнгө салуу аракеттерин жасашы керек. Эгер, мындай тирешүүлөрдүн кесепети менен коалиция жоюла турган болсо, өлкөдө оор кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн. Анткени, мамлекет жакырчылык менен жашап жаткан маалы эмеспи.


Нурдин Ырсалиев, шаар тургуну:
- Бу боюнча ар кимиси ар кандай пикирлерди айтып жүрүшөт. Бирок, мен жаран катары айта кетсем, коалиция түзүлүп атканда эле "ээрге" кыйшык отурду. Себеби, биринчи "Ата Мекен" КСДП жана Республика биригип атканда депутаттар же фракциянын лидерлеринин амбициясы элдин кызыкчылыгынан оголе чоң болуп, алгачкы түзүмдү түзө албай Атамбаевдин башы шылкыйбадыбы. Андан кийинки коалицияга кирген партияларды карасак Курманбек Бакиевдин "Ак Жол" партиясынын мүчөлөрү кирди. Бул неден кабар берет? Бул Кыргызстандын дагы да болсо өсүшкө эмес артка кетүүнүн жолу катары эсептейм. Мен ушундай ойлордон улам коалицияны жоюп, көпчүлүктүн коалициясы түзүлсө өз жемишин бере алат деген ойдомун.


Канат Нурдинов, студент:
- Мен коалициянын ыдырап кетишин туура деп эсептейт элем. Анткени, азыркы таптагы коалицияга кирген фракциялар өлкөнүн жүгүн өйдө көтөрүп кетээрине ишене албайм. Мисалы, "Ата-Журт" "Республика" жана КСДП фракцияларынын курамын карасак бүттүгү мурунку Акаев, Бакиев тушундагы "жеп-ичерлер". Булардын ичинде айрымдары бардыр, жаңыдан бийликке келгендери. Бирок, анын бардыгы жеп-ичүүгө алдамчылыкка үйрөнүшөт. Ошондуктан коалицияны гана эмес, парламентти кайрадан таратып, кайра шайлоо өткөзүшүбүз мезгилдин талабы болуп калды өңдөнөт… Шайлоонун астында люстрация мыйзамын кабыл алып, мурун бийликте жүргөндөргө мораторий жарыялап, бийликке келүүгө бөгөт коюу керек. Ошондо гана Кыргызстанды өнүктүрүп кете турчу инсандар бийликке келет. Патриоттор келет. Патриот болумуш болгон жасалмалар эмес, чыныгы эл үчүн иштеп берүүчү жаштар чет жакаларда жүрүшөт. Аларда Кыргызстанды өнүктүрүп кетүү потенциялы күчтүү. Мына ошолор келмейин өлкө өнүгүүгө багыт алды деп айтуу популизм болуп калат го…


Нурила Кулова, дарыгер:
- Ушундай кыйын кырдаалда коалициянын урашын ойлонгонубуздун өзү туура эмес. Анткени, коалиция мыйзамдын негизинде түзүлүп, өз ишин аткарып атат. Ал эми канчалык деңгээлде аткарып атканын убакыттын өтүшү менен аныктаса болот. Иштегенге да убакыт бериш керек. Бир нерсе болуп кетсе эле ызы-чуу кылып салып саясий шоуларды уюштуруу туура эмес деп ойлойм. Эл мындай ызы-чуудан тажады. Мен элдер менен сүйлөшүп калган маалымда "тынчтык болсо экен" деп эле кудайдан суранып калышканын көп угам. Менин баамымда, коалицияны кулатуунун кажети жок. Анда дүйнөгө шерменде болобуз го?


Камчы Дүйшөбай уулу, шаар тургуну:
- Коалицияны жоюлат деп телевизордон көрүп атам. Айрымдар коалицияны кулап калса жакшы болот десе, кээ бирлери болбогон нерсе деп айтышууда. Анын баарын анализдесем, жоюлуп кеткени жакшы эле болчудай деп калдым. Себеби, парламенттик өлкөдө жашаганыбыз менен президенттик башкаруу системасын калаагандар ошол коалицияга бириккен фракциялардын айрымдары ачык эле айтып жатышпайбы. Президенттик башкаруу формасын канча жылдан бери кандай экенин көрдүк го. Эч ким жыргап кеткен жок. Ошол үчүн мындай идеяны туу тутуп келген фракциялардын бийликке турушун туура эмес деп ойлойм. Муну трагедия кылууга эч кандай негиз жок го дейм.


Улукбек КУТМАНБАЕВ