Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Абылабек Асанканов, КРнын президентинин аппаратынын этникалык өнүгүү, дин саясаты жана жарандык коом менен биргеликте аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, профессор:
"Өзүбүз бирикмейинче өлкөдө биримдик болбойт"
- Азыр сиздер, "КРнын этникалык саясат жана коомдук биригүү боюнча Концепциясын даярдап жатыпсыздар. Буга чейин деле концепциялар, программалар көп болгон. Бул концепцияны иштеп чыгуунун зарылчылыгы эмнеден келип чыкты?
- Концепциянын демилгечиси Президентибиз Роза Отунбаева болду. Ал өзүнүн ушул жылдын башталышындагы жарлыгы менен концепцияны иштеп чыгып, долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топ түзгөн. Анын негизинде коомчулуктун өкүлдөрүнүн кеңири катышуусунда Концепциянын долбоору даярдалды. Ага Улуттук илимдер Академиясынын, ЖОЖдордун окумуштуулары, билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын, Кыргызстандын элдеринин Ассамблеясынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Биздин бөлүм координатордук милдетти гана аткарды. Концепциянын долбоору республиканын облустарынын борборлорунда, Ассамблеяда, академиялык илимий чөйрөдө, өкмөттүк эмес уюмдарда, аялдардын конгрессинде жана башка жерлерде талкууланып, көптөгөн сунуштар түштү. Алардын көпчүлүгү Концепциянын долбоорунун акыркы текстин түзүүдө эске алынды. Концепциянын автору жалпы коомчулук. Бул биринчиси. Экинчиден, көз карандысыздыкка жетишкенден кийинки жылдарда "Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз" деген, анан "Кыргызстан- адам укуктарынын өлкөсү", "Таза коом", "Биримдик аркылуу өнүгүү" деген сыяктуу концепциялар, саясый идеологиялык платформалар кабыл алынган. Бирок, алар декларациялык саясый максатта, мурдагы президенттердин жекече саясый коньюнктуралык кызыкчылыктары үчүн гана түзүлгөндүктөн иштеген жок. Алардын баары республикадагы элдерди интеграциялоо үчүн эмес, иш жүзүндө сегрегациялоого алып келген. Бул Концепцияда Кыргызстанда жашаган элдерди консолидациялап, интеграциялоо максат кылынып коюлган.


Өткөн жылдын июнь айында республикабыздын түштүгүндөгү этностор аралык кагылышуулар өтө оор трагедияларга алып келди. Жүздөгөн адамдар өлүп, 2300гө жакын адам жарадар болду. Өлкөбүз аябагандай чоң материалдык жана финансылык, чыгымдарга учурады. Канчалаган адамдар ушул убакка чейин канкакшап жүрүшөт. Ал трагедия өлкөбүздө улуттук саясаттын, интеграциялык иш аракеттердин начардыгынан келип чыкты. Мурдагы бийликтегилер Кыргызстанда жашаган этносторду саясый, психологиялык жактан бир элге айландыруу боюнча иш жүргүзүшкөн эмес. Бизде улуттук саясат декларациялык мүнөздө гана болуп келген. Түштүктөгү окуялардан кийин декларациялык түрлөрдөгү эмес, реалдуу мүнөздөгү улуттук саясатты иштеп чыгуунун зарылчылыгы келип чыкты. Концепция мына ушул зарылчылыктан улам даярдалды.
- Концепция кандай формада кабыл алынып бекитилет жана анын жүзөгө ашырылуусу кандай болот?
- Концепциянын долбоору даяр, ал азыр брошюра түрүндө чыгарылганы жатат. Ал жакында 17-18-июнда боло турган Кыргызстандын элдеринин курултайына катыша тургандарга таркатылып, ал жерде талкуулангандан кийин Өкмөткө, Жогорку Кеңешке өткөрүп беребиз. Жогорку Кеңеш аны мыйзамдык акты, Өкмөт программа катарында кабыл алса дейбиз. Концепцияда мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарын, илимий жана билим берүү, маданий мекемелердин ж.б. уюмдардын 2020-жылга чейин аткара тургандары так көрсөтүлгөн.
- Бизде концепциялар , программалар кабыл алынган менен адатта эки-үч жолу илимий практикалык конференциялар өткөрүлгөндөн кийин иш бүттү деп эсептелинип, унутулуп калат. Же саясый кырдаал өзгөрүлүп кетет. Бул концепциянын акыр аягына чейин ишке ашырылуусуна кепилдик болбосо да үмүт барбы?
- Сиз туура айтып жатасыз. Мамлекеттик деңгээлде көп эле документтер кабыл алынат, алгачкы убакыттарда ишке ашыруу боюнча аздыр- көптүр аракеттер болот да анан унутула баштайт. Аны моюнга алышыбыз керек. Бирок, бул концепция ишке ашат го деп ойлоймун. Биринчиден, бул турмуштун зарылчылыгынан улам келип чыкты. Экинчиден, Концепция коомчулуктун кеңири катышуусу менен даярдалды. Аны даярдоо азыр да улантылууда. Биз концепцияга реалдуу жүзөгө ашырганга мүмкүн болгондорду гана киргизүүгө аракеттенүүдөбүз. Концепцияга этникалык саясаттын кадрдык, тилдик, маданий, экономикалык ж.б. маселелери, аларды чечүүнүн жолдору кеңири камтылган.
- Сиз жогоруда Кыргызстандын элдеринин Ассамблеясы тууралуу айттыңыз. Коомдо бул уюмга ыраазы болгондон нааразылар көп. Айрымдар аны элдерди интеграциялоочу эмес сегрегациялоочу уюм деп жүрүшөт. Концепцияга Ассамблеянын ишин реформалоо же өзгөртүү жөнүндө маселелер камтылганбы?
Ассамблея ар кандай этностордун маданий борборлорунун баштарын коштуруп, тилдерин, маданияттарын сактап өнүктүрүүгө, алардын түйүндүү маселелерин убагында башкаруу органдарына жеткирип туруу менен бирге интеграциялык милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн. Тилекке каршы, Ассамблеянын буга чейинки иштеринде интеграциялык эмес, сегрегациялык көрүнүштөрдүн басымдуулук кылып келгендиги чындык. Маданий борборлорду, алардын жер-жерлериндеги финалдарын уюштуруп коюп, эми өзүңөрчө боло бергиле дегендей мамиле болбоосу керек. Титулдук этноско тилдик, маданий жактардан интеграциялоочу иштердин да жүргүзүлүүсү зарыл. Бул максатта Ассамблеянын интеграциялоочу ролу жогорулатылганы жатат. Мурда ага отуздай маданий борбор гана кирсе, аны кеңейтүү каралууда. Же маданий, этнографиялык мүнөздөгү коомдук уюмдардан дагы кошулат. Ошондо ал өлкөбүздөгү этнос-тук палитраны адекваттуу чагылдырат. Анын ичинде Кыргызстан баарыбыздын түбөлүктүү мекенибиз. Биринчи кезекте Кыргызстандыкпыз - деген идея артыкчылыктуу боло баштоосу керек. Орустар Москваны, өзбектер Ташкентти, казактар Астананы карап, ошол жактардын идеяларын гана өзүбүздүкү деп отура беришсе болбойт.
Бирок, өлкөдөгү саясый, социалдык жана этникалык абал үчүн республикадагы калк-тын 70 пайыздан ашыгын түзгөн, титулдук деп эсептелген биз кыргыздар өзүбүз жоопкерчиликте экендигибизди да эсибизден чыгарбообуз керек. Каалайбызбы, жокпу республикадагы этникалык азчылыктарды түзгөн элдердин тагдырлары, келечектери да биздин мойнубузда. Кыргызстандын бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн алар да жоопкерчиликте. Кыргыздар жана башка этностордун өкүлдөрү өз ара жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликтерин сезип иш кылуулары керек. Тилекке каршы, башка этносторду бириктирмек түгүл биз кыргыздар түндүк- түштүк, сарбагыш-бугу, саяк болуп бөлүнүп, өзүбүз бирикпей жатпайбызбы. Башка этностордун өкүлдөрү биздин андай дартыбызды көрүп турушат, айрымдары кыргыздар өзүңөр бирикпей жатып, башкаларды кантип бириктиресиңер"- деп ачык эле айтышат.
- Көз карандысыз мамлекеттердин бардыгында элдерди ичтен баш коштуруу басымдуу көпчүлүктү түзгөн титулдук этностун тилинин, маданиятынын базасында жүргүзүлөт. Алсак, Россияда туруктуу жашагандардын арасынан орус тилин тиричиликтик деңгээлде да болсо билбегендерин табуу кыйын. Ал эми бизде кыргыз тили жана маданияты интеграциялык функцияны аткарбайт. Кыргызстанда жашаган элдердин арасында бирдиктүүлүктүн жоктугунун негизги себеби ушунда эмеспи?
- Сиздин пикириңизге кошулам. Башка элдерде Россиядагыдай титулдук этностун айланасына маданий, тилдик жактан тыгыз интеграцияланып, биз баарыбыз бир элбиз, бирдиктүү саясый улутпуз, максатыбыз, тилегибиз, келечегибиз бир дегендей саясый, психологиялык маанай калыптанмайынча күчтүү мамлекет түзүлбөйт. Мамлекеттин күчү көлөмүндө, калкынын санында эмес, анда жашагандардын бирдиктүүлүгүндө. Бирок, Кыргызстанда жашагандардын кыргыз тилинин, маданиятынын базасында тыгыз интеграцияланбай жаткандыгына ким күнөөлүү? Албетте, кыргыздар өзүбүз. Биз өзүбүз биригип, этникалык азчылыктарга үлгү көрсөтө албай жатпайбызбы!
Өзбектер "Мектептерди кыргыз, өзбек кылып бөлбөйлү. Балдарыбызды аралаш окуталы" -деп ачык эле айтып жатышат. Кыргызстанда жашаган калктын 90 пайыздан ашыгы түрк тилдүүлөр. Кыргыз тилин түшүнүшөт, маданиятыбыздын, тарыхыбыздын түбү бир. Биз аларды боорубузга тартып, алардын тилдерин, маданияттарын сыйлоо менен бирге күчтүү интеграциялык саясат жүргүзсөк эле жуурулушуп кеткени турат. Анан ал процесс-ке башка этностордун өкүлдөрү да тартылышмак.

Папан Дүйшөнбаев




"Кыргызнефтегазды" Жеңишбек Назаралиевич жетектеп жатат дейби?...
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев июнь айынын башында түштүккө барган иш сапарында "Кыргызнефтегаз" ишканасына кайрылып, ишкана менен жакындан таанышкан. Ага чейин жетекчиликти талашкан ызы-чуулар аталган ишканада бир топ ирет кайталанган. А.Атамбаев барганга чейин эл менен мурунку жетекчилиги тарабынан тиреш болуп, жаңжал чыгып кетүүгө чейин барышканы айтылганы менен ызы-чуунун өзөгүн жашырып-жаап келишкен. Премьер-министрдин "Кыргызнефтегазга" барган сапары утурумдук жетекчи кылып Жумашев Жеңишбек Назаралиевичти дайындоо менен аяктаган. Учурда аталган ишкананы Жумашев жетектеп турган учур, башка жетекчи келсе орун бошотобу же кызматтын даамын татып калган Жеңишбек мырза бир топко жетектөө үчүн жеңишке жетеби, аны убакыт көргөзөөр...








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??