Бейнелерге сүртүмдөр

Немиске айланган кыргыз
же Аммиан фон Бек жөнүндө

Жашында түшүнө
ким көп кирген?

Амангелди агабыз тили чыгып, өңү менен түшүнүн айрымасын сезе баштагандан тартып, күндүз уктаса деле, түндө уктаса деле түшүндө цыгандардыкындай алайган капкара көздөрүнөн өзгөчө нур чачырап, адамдын ички дүйнөсүндөгүлөрдү аңтара көрүп турган, жар кабактуу, куш мурун, узун бойлуу бир адам "Аммиан, Аммиан" деп эркелете берчү экен. Бейнекерибиз мектепте окуп жүргөндө ал адамдын немис улутуна таандык экендигин жүрөгү сезгенден кийин кыргыз тилине да көңүл бурбай, күндөп, түндөп аракеттенип жүрүп немис тилин үйрөнүп, анан жалаң ошол тилде гана китептерди окуй баштайт. Кыргыздардын арасынан биринчи болуп Улуттук университеттин чет тилдер факультетинин немис тили бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүп, анысы аркылуу мекенчилдик, улутчулдук жагы бар ошол убактагы ректор, ыраматылык С.Табышалиевдин назарына илинип, токтоосуз Москвага аспирантурага жөнөтүлөт. Ал жакта мурдагыдан бетер немис тилинин лексикасын, грамматикасын казып окуй баштайт.

Амангелдинин
Аммианга
айлануусу

Немистердин байыркы гот тилин окуп үйрөнүп, ал сабактан экзамен тапшырып жүргөндө гот тили менен байыркы түрк, азыркы кыргыз тилдеринде айтылышы да, мааниси да окшош сөздөрдүн аябагандай көп экендигин көрүп болочоктогу Аммиан бул жөнүндө катуу ойлонуп, "эгерде "к" деген тамга менен башталган сөздөрдүн бардыгы кыргыздарга тиешелүү деп жүрүшкөн теңирчилердин теоретиктеринен болгондо мындан аябагандай чоң саясый, тарыхый, мүмкүн геосаясый жыйынтык чыгарышмак, мен андай чоң жыйынтык чыгарбай эле кичине да болсо готтордун тарыхын үйрөнөйүн, окшоштуктардын сырлары тарыхта болуп жүрбөсүн" деп немис, англис тилдериндеги готтордун тарыхтары жөнүндөгү китептерди калтырбай окуй баштайт. Окуганда эле готтордун биздин замандагы 3-8 кылымдарда түрктөрдүн түпкү аталары гунндардын беш кылымдык ээлигинде болгондугун, ал жакка түрктөрдү айтылуу Атилла баатыр баштап барып, немистердин сары чачтуу, ак денелүү, көк көздүү аялдарынан алыс кете албай, кымыз менен аталаны чанып, биротоло алардын көбүргөн пиволоруна өтүп, өзүнүн көптөгөн жоокерлери менен ал жакта калып, бир нече кылым аларга үстөмдүк кылып тургандыгын билгенден кийин кичинекейимде түшүмө көп кирип жүргөн Атилланын тукумдарынан эмес болду бекен деп тынчсыздана баштайт. Ошентип окуган сайын чочуп, кудай уруп Гитлер менен Геббельс да бизге тууган чыгып калабы деп жүргөндө баягы көзү алайган адам дагы түшүнө кирип "сен биз жөнүндө көптү билип алдың, дагы билимиңди өрчүтөсүң. Эми ушуларды жазбасаң Атилла бабаңдын каргышына каласың. Мен Гетемин, мен да андан тараганмын, анда мен да каргаймын" деп кеткенден кийин аргасыз келечектеги тарыхый романдары үчүн материалдарды чогултууга киришет. Чейрек кылым материал чогултуп, аларды жайгаштырганга кеңирсиген кабинетинде түгүл компьютердикиндей башында да жай калбагандан кийин гунндар жана Атилла, Өлдүң, Баламы бер деген баатырлар жөнүндөгү трилогиясын жазууга киришет. Аларды жазып бүткөндө баягы адам дагы түшүнө кирип, "эми сен Амангелди эмессиң, Атилла бабаңдын досу Аммиан фон Бексиң. Чыгармаларыңды ушул ат менен жарыяла" деп кетет.

Аммиан
Хайриддинге
жолукканда

Атилла баатырдын арбагы колдодубу же Гете да түшүндө "шүү" деп коюп кеткенби, айтор Аммиан фон Бек байыркы гунндар жана алардын баатырлары жөнүндө жалпы көлөмү 2000 беттик трилогияны аяктап, аны менен токтоно албай дуңгандардын тарыхтары боюнча да килтейген бир романды шилтеп таштап, аларды түбү кытай эмей эле тектери араб кылып чыгаргандан кийин анын мындай эрдигине ыраазы болгонбу же өзүнө карата айтылган каймана идеяны көргөнбү, айтор, бир күнү түшүнө дүйнөдөгү адмиралдардын адмиралы деп эсептелген түрктөрдүн улуу аскердик кол башчысы Жакып уулу Хайриддин же немистердин тили менен айтканда Хайриддин Барбаросса кирип, өзү жөнүндө көп чындыктардын ачыкка чыгарылбай жаткандыгын айтып муңканат. Аммиан фон Бек ал улуу бабасынын өтүнүчүн да көңүлүнүн сыртында калтырган жок. Эки жылдын ичинде ал жөнүндө да жалпы көлөмү 1500 беттик трилогияны жазып, аларды басканга акчасы жетпей баратканда бир квартирасын сатып килтейген үч томдук кылып чыгарып таштады.

Курманбек
Аммианды
кууганда

Аммиандын мындай жан аябагандай эмгекчилдиги, жемиштүүлүгү карасакал "тарыхчылардын жана адабиятчылардын көпчүлүгүнүн ичтерин ачыштырып, куйкаларын куруштура баштайт.Анткени, чыныгы немис иштегенге жаралса, чыныгы кыргыз сындаганга, чукулаганга туулат эмеспи. Аммиан өзгөчө мурдагы ажонун жанынан шыйпалаңдап чыкпаган, башы улуу чөлдүн дарбызындай даңкайган менен ичи дагарадай бош, илимпоз деп эсептелген менен илимге кандай салым кошкондугун эч ким билбеген бир окумалга өзгөчө жакпай, анын ичинен кан өткөрүп, ичкенин ирим, жегенин желим кыла баштайт. Ал Аммиандын дуңгандар жөнүндө жазган романын көтөрүп алып ажого кирип "бул жөн жерден дуңгандардын тарыхын чукулап жаткан жок, бул..." деп, тарых түгүл роман менен повесттин айрымасын деле билбеген,андай нерселерге өмүрүндө кызыкпаган, окумалдардын ой жорууларынан көрө жүз элүү граммды басып алганды өйдө көргөн немеге ар нерселерди айта берип жүдөтүп, анысы аз келгенсип анын ордуна мен барсам жакшы болот эле деп күңкүлдөй берип жадатып бүткөндө ажо үч жүз граммды басып алып, "Аммиан фон Бек Улуттук университеттен айдалсын" деген жарлыкка кол коюп таштайт. Бирок, кутумдуктун айынан куулса да Аммиандын кылы кыйшайбай КРСУдагы декандык кызматын аткарып, жаңы чыгармаларды пландаштырып, студенттерге сабагын берип эле жүрөт. Анын адабий чыгармаларынын өмүрлөрү да узак эле болот окшойт.

Дани Сары Бекмырза