Экономика

Өкмөттүн быйылкы экинчи экономикалык программасы

А йрымдар азыркы өкмөттү, өлкөнү өнүктүрүү боюнча прог-раммалары жок деп айыптаганды жакшы көрүшөт. Бирок, бийликтегилер башка нерселерден таңсык болушса да программалардан жана концепциялардан,идеялардан жана идеологиялардан жуташкандыгын көрө элекпиз. Быйыл эле Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча бир эмес эки программа кабыл алынды. Ушул жылдын 26-январында бекитилген биринчи программа "Кыргызстанды 2011-2013-жылдарда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн орточо болжолдуу прогноздору жөнүндө" деп аталса, премьер-министр А.Атамбаев 3-июнда "Кыргызстандын өнүгүүсүнүн келечектери. Жаңы программанын жалпы концептери (2012-2014)" деген дагы бир жаңы программаны бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

Дүйнөлүк банктын техникалык жактан колдоосу аркылуу даярдалган бул программада "Кумтөрдөн" алтын өндүрүүнүн болжолдуу жыйынтыктарынын өзгөрүлүүсү, бюджеттик кызматкерлердин маяналарынын көбөйүүсү, азык-түлүктөргө, нефтепродуктуларына, алтынга карата баалардын өсүшү эске алынуу менен 2014-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички дүң продуктусунун көлөмүн 367117,7 миллион сомго жеткирип, орточо номиналдуу айлык акынын көлөмүн 2,1 эсеге көбөйтүү же азыркы 7307 сомдон 15601 сомго жеткирип, пенсиялардын өлчөмүн 1,7 эсеге жогорулатуу же 2800 сомдон 4776 сомго чыгаруу милдет кылынып коюлган.
Алдыдагы жакынкы жылдарда дүйнөлүк экономиканын орто эсеп менен жыл сайын 4,5 пайыздан , ал эми биздин жакынкы өнөктөштөрүбүз Россия менен Казакстандын экономикаларынын 5-7 пайыздан өсүш берүүсү күтүлүүдө. Эл аралык эксперттер быйыл биздин экономикабыздын 6 пайыздан ашыгыраак өсүш берүүсү мүмкүн экендигин айтышууда. 2010-жылы биздеги ИДПнын ар адамга бөлө келгендеги үлүшү 886 доллардан айланса, 2014-жылы 1411 долларга жетиши, тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 8 миллиард долларга жетип, тескери сальдонун 200 миллион долларга азаюусу, экспорттун жалпы көлөмүнүн 3400 миллион долларга жетүүсү күтүлөт. 2014-жылда сырттан 1 миллиард долларга жакын инвестициялар тартылып, ички дүң продуктунун 12 пайызынын көлөмүнө жетет деп болжолдонууда.
Мындай көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу үчүн үнөмчүл катаал финансылык саясатты жүргүзүп, көмүскөдөгү экономиканы легалдаштыруу, соода- сатыктарды жана өнөр жайын, чарбалык субъектилердин иштерин жандандыруу, инвестициялык климатты жана бизнестик чөйрөнү, башкарууну, бажылык төлөмдөрдү өндүрүүнү жакшыртуу аркылуу алык-салыктардын базаларын кеңейтип, салыктык жана бажылык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүн өткөн жылдагы 39362,4 миллион сомдон 67201,3 миллион сомго жеткирүү пландаштырылууда. Же бир сөз менен кыскартып айтканда, Дүйнөлүк Банк-тын колдоосу менен Экономикалык жөнгө салуу министрлиги тарабынан даярдалган экинчи программага ылайык келечегибиз жаман болчудай эмес. Бирок, ошол эле мезгилде булардын баары аткарыла турган реалдуу нерселерби же Дүйнөлүк Банк бөлгөн грантты өздөштүрүү максатында даярдалган жакшынакай каалоо тилектердин жыйындысыбы?-деген суроо да пайда болбой койбойт. Анткени, бизде грант бөлдүрүү же бөлүнгөндөрдү өздөштүрүү үчүн кандай программалар, концепциялар болбосун, шуулдатып жаза берчүлөр аз эмес экендигин жакшы билесиздер.

Бакай Чилтегин




Эйфориядан чыгып, экономика менен
эсептешүүгө мезгил жетти
Экономикада эркиндик болмоюн эл турмушу оңолбойт

Э кономикада эркиндик болмоюн эл турмушу оңолбойт. Бул эки жерде эки төрт дегендей эле айдан ачык маселе. Эгер 20 жылдан бери экономикабыз өнүгө албай, элибиз эзилип келаткандыгын эске ала турган болсок, анда экономикабызда эркиндик жок экен деген жыйынтыкка келүүдөн башка аргабыз жок көрүнөт.

Кыргыз экономикасы, өндүрүштүк комплекси совет мезгилинде борбордун күчү менен гана кармалып келгендигин билебиз. СССРдин кулашы менен алар да токтоп, экономикабыз эси оой түшкөн. 20 жылдан берки эркиндикте жакыр турмуштун кучагынан чыга албай, коррупциянын курмандыгы болуп келдик. Мына эми итибиз чөп жейт деп турабыз. Анткени азыр мурдагыдай бир президенттин монополиялык бийлиги жок, анын ордуна тең ата болуп атаандаша турган бийлик системасы калыптанып калды. Бийликте монополия жок, демек экономикада да монополия жок. Бул чыныгы конкуренция аркылуу реалдуу өсүш дегенди билдирет. Маселен, экономикалык объектилерди декреттин күчү менен улутташтырып алуу - бул инвесторлорду коркутуп-үркүтүп алууга барабар деп түшүнүүгө болот. Ал эми экономикалык проблемалардын тамырына карабай эле, көчөгө чыгуу саясатын кечээки күн катары артта калтыруубуз керек.
Баардыгыбызга белгилүү болгондой, азыркы мезгилде, Кыргызстанга инвесторлордун инвестиция алып келүүдөгү кооптуулугу жана туруксуздугу (зона риска) өтө жогору деп эсептелинет.
Ал үчүн инвестициялык климатты жакшыртуудан өтө турган эффективдүү механизм жок. Инвестициялык климат демекчи, сөзүбүз куру болбош үчүн "Кристалл" ишканасы боюнча өкмөттүн кечээ кабыл алган чечимин мисалга тарткым келип турат. "Кристалл" ишканасы Кыргызстандын стратегиялык мааниси бар объектилеринин бири. Өндүрүштүк жана сырьелук базасынын уникалдуулугунан улам жаңы технологиялардын элементтерин, алсак кремний, жарым өткөргүчтөрдү өндүрүү мүмкүнчүлүгү зор. Анан калса Таш-Көмүр шаарынын калкын толук иш менен камсыз кыла турган орустар айтмакчы "градообразующий" ишкана болуп саналат. Анткен менен иши аксап, элге да, өкмөткө да баш оору болуп келет.
Акыры мына 6 млн. АКШ долларына сатуу боюнча өкмөттүн чечими чыкты. Антпеске айла да жок болуп турат. Анткени ишкана реалдуу кызыкчылыгы бар инвестордун колуна тиймейинче иши оңолбойт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Айрымдар арзан сатылып жатат деп чачын жулган түр көрсөтүшү мүмкүн. Бирок, аны ишке киргизүү үчүн бери дегенде эле 200 млн. доллар жумшоо керек экен. Мынча акчаны өкмөттүн чөнтөгүнөн табуу караңгыда ийне издегендей эле кеп.
2010-жылдагы саясый реформалардын арты менен мамлекеттик башкаруу сис-темасы оптималдашты. Эми экономика маселеси калды. Кыргыз өкмөтү өзү ачылыш кылып эмес, жогоруда көрсөтүлгөн экономикалык механизмдерге таянуу менен иш алып барса, "Кристалл" же Кыргызстандын дагы бир эң ири заводунун бири "Майлуу-Суу электро лампа заводунун" эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын эпке келтирип, элдин турмушун жакшыртууга толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Андыктан "Кристалл" же "Майлуу-Суу электро лампа заводун" сатуу бул мыйзам ченемдүү, ал тургай зарыл иш деп айтса болот. Эми аны реалдуу инвестор алабы же иш алып бара албаган бирөөнүн колуна тийип, маселе бышпай тура береби? Кеп ушунда. Айтайын дегеним, Кыргызстанда ири заводдор менен ишканалар жүрөгү таза инвесторлордун колуна тийсе, алар тараптан чоң суммадагы инвестиция жумшалса, "Кристалл" заводу ишке кирип, канча деген жумушчу орундарды пайда кылса, ал эми "Майлуу-Суу электро лампа заводу" канча деген жумушчу орундарды сактап калат эле, себеби, бүгүнкү күндө Майлуу-Суу заводунда 3000 ге жакын адам эмгектенүүдө. Мындан тышкары, өкмөттүн казынасына салык түрүндө көбүрөөк акча түшөт эле. Инвесторлордун бардык иш аракеттери чын жүрөктөн завод жана башка ишканаларды ордунан которуу болсо, Кыргызстандын келечегине чоң үмүт туулабы дейм. Канткен менен ал ишкананын баары биздин Кыргызстандын жеринде жайгашкан, аларды инвесторлор эч качан өздөрүнүн өлкөсүнө которуп кете албайт, өздөрү кетсе да, ишкана бизде калып, биздин урпактарга чейин кызмат кылаарына ишенишибиз керек. Акырында айтаарым, эйфориядан чыгып, экономика менен эсептешүүгө мезгил жетти. Ал эми экономикада эркиндик болмоюн эл турмушу оңолбой тургандыгын баса белгилей кетмекчимин.

Эсенгул
Шаршеналиев