Банкрот кылуу бизнестин бир түрүбү?

Же силер дагы банкрот кылууну
жакшы көрөсүңөрбү, анда биз деле?..

Акчаны иштеп табууну билүү жана жеңилүү абалынан чыгып кетүүгө жол табуу - бизнестин эң маанилүү өзөгү болуп эсептелет. Бирок, бул инвестицияга таянган жана мыйзамдарды сактай билген заманбап бизнес үчүн мүнөздүү. Тилекке каршы, айрым компаниялар оюнду эрежесиз ойногонду улантышып, кыргыздын эң ири мобилдик оператору -" "Мегакомду" өзүлөрү үчүн эң башкы байге катары аныктап алышты.

Мыйзамдуу кожоюндун жана өлкөдөгү алдыңкы телекоммуникация компаниясынын инвесторунун туруктуу иши бардыгы үчүн кызык болору талашсыз. Инвестор, компанияны өнүктүрүүгө 250 миллион доллар жумшап, бир канча жылдардан бери биринчиден оператордун кирешесинен дивиденд алууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү түзүлүп жана толук кандуу салык төлөмдөрү төлөнөт, акыр аягында, Кыргызстандын тургундары күткөн байланышты өнүктүрүүнүн сапаттуу тейлөөсүн жана жеткиликтүү тарифтери камсыз кылынат.

Шектүү курал
Бирок, Кыргызстандын бир катар сотторунун чечими менен "Мегакомдун" жетекчилигин бошотууга Penwell компаниясынын көшөргөн терс пикирлери да бар. Serpeus мыйзамдуу кожоюндук кылган "Мегакомду" талашууда мыйзамдуу негиздер жок болгондуктан, биринин артынан бири өзүнүн алсыз экенин билдирген шектүү куралдары пайдаланыла баштады. Атаандаштардын дарегине коррупциялык схема, саясый басым, негизсиз айыптоолор натыйжа бербегенде, "Мегакомду" талашкандар, адаттагыдай компанияны банкрот кылууну чечишти сыягы.
Бул жөнүндө, жакында эле РТК-лизинг компаниясынын билдирүүсү күбөлөндүрүп, анда, компаниянын жетекчилиги, "Мегакомдун" операторунун мүлкүнө ээлик кылган "Бимокомго" 2007-2008-жылдары жалпы наркы 80 миллион долларлык жабдуу алып келгенин тастыктайт. Ошол учурда, "Бимоком" компаниясын "Пенвелл" жана "Форнтек" фирмасынын өкүлдөрү башкарып турушкан. Ал эми андагы "Бимокомдун" кожоюндары алкымы айды жанган, шылуун өзүбүздүн жердеш Бакиев жана россиялык Рейман болгон. Карыздын "пайда болгонунан" бери 3 жылдан кийин жогорудагыдай окшош билдирүүнүн чыгышы, бул аталган "лизинг" деген "Пенвеллдин" ийгиликсиз оюну - "Мегакомдун" туруктуу ишин бүлгүнгө учуратуу үчүн жасалган ар тараптуу жүрүш го.

Кайгылуу тажрыйба
Эң кызыгы, "Питерлик байланышчылардын" банкроттук негизде түзүлгөн бизнестеги биринчи эле тажрыйбасы эмес, буга "Панвелл" да тиешелүү. 2009-жылдын июлунда эле "Панвеллге" да, кичүү Бакиевге да кезеги менен ийгиликтүү иштеген, компаниянын активдери Максим Бакиевдин өздүк "Альфа телекомуна" өткөндө да Андрей Силич башкарып турган "Мегаком" дал ушул жолду басып өткөн. Ошол убакта Силичтин башкаруусундагы "БиМоКом" "Ыссык-Көл ИнвестБанк-тан" 80 миллион доллар кредит алган да, (дал келүүбү же сүйүктүү санбы?) кайрып берүүдөн баш тартып, акырында аталган компания банкрот болуп, мүлкүн "Альфа телеком" сатып алган. 2010- жылдын башында "Альфа телеком" "БиМоКомдун" бүт түзүлгөн келишимдерин кайрадан өздүк кылып түзүп, уюлдук операторлордун бүт штатын өзүнө каратып алган. 2009- жылдын август-октябрь айларында "БиМоКомдун" сатып алынган мүлкүн кабыл алууда баягы эле Силич мырза "Альфанын" атынан кол коюп акты түзгөн. Бакиевдердин республиканы башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбаганда , бул афера эмне менен бүтөрү белгисиз бойдон калды.
Молдовадагы "питерлик байланышчылардын" телекоммуникациялык активдеринин мисалында, бул окуянын өнүгүүсүн божомолдоого болот эле.
Молдовалык уюлдук оператор Eventis Mobile 2006-жылы түзүлгөн, анын активдеринин 51% Eventis Telecom Holdings (ETH) (бизге кыргыз окуялары менен белгилүү болгон Penwell Business Limited комппаниясы) компаниясына тиешелүү. Өткөн жылдын башында Eventis Mobile өз ишин токтотуп, банкроттук процедурасын баштаган.
Бул уюлдук оператордун тегерегиндеги болуп жаткан көрүнүш Молдованын Генпрокуратурасын кызыктырган. Прокуратуранын изилдөөсүнүн негизинде ЕТН GSM-лицензиясын алганда берген сөзүнө турган эмес, компаниянын айтуусунда 114 млн доллар инвестицияга жумшалат деген, бирок долбоорго 48 млн доллар гана жумшап, аны да кредит түрүндө берген. Мындан сыртары, прокуратура ETHдин Eventis Mobileга которгон 2 миллион доллардын кайра Россияга кайтарылган фактын да аныкташкан. Укук коргоо органдарынын кызыктар болгонуна карабастан, россиялык инвосторлор өз кызыкчылыктарынан баш тарткан эмес. Мындан көп узабай алардын уюлдук оператордун келечегине байланыштуу таң каларлык чектен чыгуулары байкала баштаган. Eventis Telecom Holdings компаниясы тарабынан Россия-Молдова компаниясы банкрот болгон Atel Systemsдин уюлдук операторду 40 млн. лейге (3,3 млн.долл.) сатып алуусу, бул сумма оператордун 110 млн лей (9,6 млн.долл.) карызын толук жаппаганына карабастан, эч суроо туудурган эмес. Ал эми Eventis Mobile компаниясынын мүлктү сатуу аукционунун натыйжасында Victomax компаниясы уюлдук оператордун активине 120 млн.лей (10,5 млн.долл.) сунуш кылганын Eventis билгиси келген эмес. Victomax компаниясы аталган сумманын жартысын которгонуна карабастан келишим түзүлгөн эмес, натыйжада Victomax компаниясы Eventis Mobile компаниясына которулган акчанын эки эсе кайтарылышын талап кылган. Мына ушундай эле жол менен "Панвелл" өзүмдүк деп эсептеген активдердин жасалмалуу банкрот болушуна мурда эле көз артып, "Мегакомду" басып алуусу ишке ашпай калгандыктан аны банкрот кылуу чечимине келген деген ой туулат. Албетте өзүнүн пайдасына.

Так көз караш
Кандай гана татаал абал болбосун ишкердик адептен чыкпаган, оператордун контролдук пакетинин ээси Serpeus компаниясына тан берилиш керек,.
"Биз РТК-лизинг компаниясынын алдында алган милдеттерин "Панвелл" жана"Фонтек" компанияларынын өкүлдөрү тарабынан бузушуна өкүнөбүз. 2008- жылдын октябрь айларына чейинки "Бимокомдун" абийирсиз адамдарынын кесепетинен РТК-лизинг компаниясынын дагы Серпеус сыяктуу "Бимокомдун" жалган банкрот болушу биз үчүн кайгылуу. Биз "РТК-лизинг" компаниясынан "Мегаком" уюлдук байланыш операторун өнүктүрүү үчүн жеткирип берген жабдуулардын документтерин берүүсүнө ыраазычылык билдирет элек. "Мегаком" уюлдук байланыш операторунун менчик укугуна жана активдерин башкаруу мүмкүнчүлүгүн алгандан кийин, биз "Мегакомдун" тейлөө кызматтарынын чындап эле төлөнгөн жана төлөнбөгөн эсептерин камсыз кылуу колубуздан келет. Жабдууларды ташып жеткирген тараптарга болгон карыздар боюнча, эгерде чын эле биздин кызыкчылыгыбызды жактабаган жабдуу келген болсо, анда бул биздин бизнес жүргүзүбүздүн этикасына туура келбейт, деп жазылган Serpeus Inc компаниясынын кайрылуусунда.
Чынында эле "Мегакомдун" лизинг келишимдери боюнча карызын тастыктаган документтери пайда болобу жана канчалык деңгээлде алар ишенээрлик болот, эми эң кызыгы ушунда жатат?

Аида Асанбек кызы




  Penwell ачык эле коомчулукту алдап жатабы?

"Альфа телеком":
Penwellдин
жарнамалары
калп айтат
Өткөн жумада Бишкектин көчөлөрүндө "Россиялык Penwell - MegaCom компаниясына бирден бир 100 миллион доллар инвестиция жумшаган компания" деген жарнамалар пайда болду. Бирок ЗАО "Альфа Телеком" уюлдук оператордун ишине аталган жарнамалардын эч кандай тиешеси жок деген официалдуу арызы менен кайрылышкан.
Жада калса Penwell Business Limited компаниясынын MegaCom компаниясын инвестициялоо маселеси талаш пикирди жаратып жана соттун иликтөөсүндө турат.
Ушуга байланыштуу, ЖАК "Альфа Телеком" Penwell компаниясынын алдын ала билдирүүлөрдү кармануусун суранат, себеби, Penwell компаниясы таратып жаткан маалыматтар талаштуу жана MegaCom компаниясынын ишкердик аброюна зыян келтирүүдө.

Кыргызстандын финансылык
чалгындоосу Serpeusтун
оффшордук компаниясы боюнча
парламентке эч кандай маалымат берген эмес жана
бериши мүмкүн эмес деп билдирди
Кыргызстандын финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматы, "Serpeus" оффшордук компаниясына байланышкан маалыматтарды Жогорку Кеңештин комитеттерине да, депутаттарына да берген эмес жана бериши мүмкүн эмес деп билдирди. Мындай маалыматты бүгүн аталган мекеменин басма сөз кызматы ырасмий түрдө таратты.
"Ошондуктан, депутат Өмүрбек Абдырахмановдун финансылык чалгындоонун маалыматына таянып, MegaComго ээлик кылгысы келген "Serpeus" компаниясы Кыргызстандын каттоосунда турбайт жана эч салык төлөбөйт деген билдирүүсү эч кандай негизсиз." - деп айтылган финансылык чалгындоо кызматынын билдирүүсүндө.
"Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндөгү" мыйзамына ылайык, козголгон кылмыш иштери боюнча ырасмий кат жүзүндөгү өтүнүчтүн негизинде, финансылык чалгындоо терроризмди каржылоо жана кирешелерди легалдаштырууга байланышкан жалпылаштырылган материалын тергөө органдарына, прокуратурага, сотко берет", - деп эскертет финансылык чалгындоо кызматы.

www.24.