Дени сактын көөнү сак
Өзүңдү өзүң айыктыр

Ооруну дарылагандан көрө алдын алган пайдалуу демекчи, эгерде адам өзүн сүйсө, сыйласа жана аны курчап турган чөйрөгө жакшы мамиле жасап, туура ойлонсо, ден соолук дагы чың болот экен. Майда бирок, маанилүү дегендей ички дүйнө, маанай, башка адамдар менен болгон өз ара мамиле дагы көп нерсени чечет. Ошондуктан кыргыз элинде денедеги жарат бат эле айыгат, ал эми жүрөктөгү жараттын айыгуусу кыйын деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Анткени, кайгы-муң, кечирбестик, коркуу, татыксыздык сыяктуу терс ойлор билинбегени менен ден соолукка олуттуу зыян алып келип, канчалаган тагдырларды талкалап жатат. Бул тууралуу Америкалык белгилүү психолог жана жазуучу Луиза Л. Хейдин " Өзүңдү өзүң айыктыр" аттуу китебинде жазылган.

Дене
Адам баласы денеден, жандан жана рухтан турат. Эгерде адамдын ички дүйнөсүндө тынчтык болбосо, терс ойлор денеде ар кандай оору-сыркоону пайда кылат. Анткени, биздин дене-мүчөбүз ички дүйнө, акыл-ой, аң-сезимибиз менен тыгыз байланышта. Эгерде биздин ойлорубуз таза, ички дүйнөбүздө тынчтык болсо, ден соолугубуз дагы чың болот. Көрсө, билинбей эле биздин дене-мүчөбүз биз менен сүйлөшөт экен. Ошондуктан, алтындай болгон убактыбызды өзүбүзгө арнап, дене-мүчөбүз менен сүйлөшүүгө дагы убакыт бөлүүбүз керек. Анткени, дене-мүчөбүздөгү ар бир клетка биздин оюбузга, сөзүбүзгө маани берип, андан таасир алат. Маанайы пас адамдын ичиндеги ойлору дагы жакшы эмес. Албетте, көпкө каарданган, ызага малынган, таарынычтан тура албай, өч алууну гана көздөгөн адамдардын нерв системасы туруксуз болуп, ал адам өз денесине кандайдыр бир ооруну чыкырат. Ошол себептен психикасы бузулган адамдарга дарыгерлер биринчи кезекте жүрөгүн тынчтандырууга, эс алууга кеңеш беришет. Оорунун келип чыгуу себеби нервден экенин ооруканалардын дубалдарында бакыйып эле жазылып турат. Жада калса ашказандагы жара, рак оорусу дагы нервден келип чыгары алда качан эле окумуштуулар тарабынан изилденип, дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Ошол себептен, ар кандай илдетти биз өзүбүз эле пайда кылабыз деген сөздүн төгүнү жок деп ойлойм. Адам баласынын дене мүчөсүндөгү ар бир орган белгилүү бир кызматты гана аткарбастан, өзүнчө бир табигый таасир жана күч болот.
Баш кандай адам экенибизди толук чагылдырат. Башыбыз аркылуу биз дүйнөнү тааныйбыз жана дүйнө бизди тааныйт. Ошондуктан бир нерсени туура эмес жасап же болбосо кыймыл-аракети кызыктай көрүнгөн адамда кандайдыр бир көйгөй бар экенин байкайбыз.

Чач - күчтүн белгиси
Биз аябай корккон мезгилде бул сезим алгач ийин булчуңдарына барат, андан соң башка, кээде көзгө чейин жетет. Чач чач өстүрүүчү каптардан өсүп чыгат. Адамдын ички дүйнөсүндө коркуу сезими күчтүү болгондо баш сөөктөгү чач өстүрүүчү каптар автоматтык түрдө жабылып калат. Эгерде адам коркуу сезиминин туткунунда көп убакыттан бери жүрсө, баш сөөк эркин дем алалбай алсыздап, чач түшө баштайт. Натыйжада ал адамда таз болуп калуу коркунучу туулат.

Кулак - угуунун символу
Эгерде адамдын кулагы ооруса, анда ал адам эч кимди уккусу келбей, ар бир айтылган сөздөн баш тарта берет. Демек, кулактагы оору айтылган ар бир кепти кабыл албай, кыжырдануудан пайда болот. Мисалы кичинекей балдар кулак оорусу менен байма-бай ооруп турушат. Анткени аларга үйдө уккусу келбеген сөздөрдү угууга туура келет. Ошол себептен ата-эне маңызсыз эле сөздөрдү сүйлөп, ачуусун балдардан чыгаруунун кажети жок. Анын ордуна анын жакшы жагын көп айтып, жылуу маанайда баарлашуу пайдалуу.

Көз - көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт
Көз ооруга чалдыккан адам өзүндөгү же курчап турган айлана-чөйрөдөгү кээ бир нерсени көргүсү келбейт. Мисалы көз айнек тагынган кичинекей балдардын үйүндө сөзсүз кандайдыр бир көйгөй бар. Ошол жагдайды өзгөртүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин жакшы түшүнгөндүктөн, алар өзүнүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө зыян келтирүү менен терс жагдайды көрүп, карап туруудан өз ниети менен баш тартууга аргасыз болушат.

Баш
Баш оору биз өзүбүздү кандайдыр бир нерсеге татыксыз сезгенде же болбосо кемсинген учурда пайда болот. Эгерде башыңыз ооруса тынчтанып, кайсы жерден эмне себептен өзүмдү басынттым деп ойлонуңуз. Анан мурда кылган ишиңизге кайгыра бербей, өзүңүздү кечиргенге аракет жасаңыз.

Моюн жана тамак
Моюн - бул ийкемдүүлүк, же болбосо белгилүү бир жагдайды жана башка бир адамды түшүнүү, кабыл алуу болуп саналат. Мойну ооруган адам ийкемдүү эмес, эчкидей кежир болот экен. Ал эми тамак оорусу дайыма кыжыр-данып жүрүүнүн натыйжасы, адамдагы ачуулук.

Бел
Бел таяныч жана колдоо системасын камсыздайт. Бел оору адам жетиштүү колдоого ээ болбой жатканда пайда болот. Көпчүлүк учурда бизди үй-бүлөм жана жакын адамдарым колдоп жатат деп ойлойбуз. Бирок, чындыгында ошол жакын адамдар аркылуу Кудай колдорун көбүбүз сезе бербейбиз.

Ашказан
Ашказандын жарасы татыксыз, керексиз болуп калуу коркунучунан улам пайда болот. Мындай учурда адам тегерегиндегилерге таарына баштайт. Андан кийин ачууланат, ызага батат. Башкача айтканда анын ичинде жек көрүү сезими пайда болуп, көкүрөгүнө таарыныч уялайт. Демек, ашказан ичтеги таарыныч менен ызаны сиңире албайт.

Рак ооруусу
Рак - бул жанын жай алдырбаган таарынычтан пайда болот. Мындай таарынычтан адам акыры өзүн-өзү жей баштайт. Кечире албай аябай таарынган адам өзүн байкуш сезип аяй берет. Тунгуюкка кептелгенсип, жакшылыкка ишенбейт, кичинекей эле нерсеге көңүлү ооруй берет. Бул дартка чалдыккандар өзүн-өзү сүйө баштаса, терс ойлордон арылып, жакшылыкка үмүт байласа, рактан айыгышы толук мүмкүн экен.

Жүрөк - сүйүүнүн символу
Ал эми кан - кубаныч. Эгерде адамдын жүрөгүндө кубаныч жана сүйүү болбосо, анда жүрөк тырышып муздак тарта баштайт. Натыйжада кан айлануу жай болуп, анемия, жүрөк жана кан тамыр оорулары пайда болот. Тилекке каршы, учурда адамдар ушунчалык түйшүккө батып кеткендиктен, айланада болуп жаткан кубанычтарды байкабай жүрөк кубантууну билбей калышты.

Ички дүйнөдөгү өзгөчө күч
"Сен кимсиң?" "Эмне үчүн бул дүйнөгө келдин?" "Бул жашоодо кимге ишенесиң?" деген суроого жооп алуу үчүн адамдар миңдеген жылдарды коротушкан. Ушундай суроонун артынан кууп жатып, алар ички дүйнөдөгү өзгөчө бир күчкө барып такалышкан. Ички дүйнөдөгү күч Кудайдан болсо адамды айыгууга, жакшылыкка жана ийгиликке жетелейт. Ал күч ар бир адамдын өз ара жылуу мамилесин шарттап, турмушта өсүп-өнүгүүнү камсыздайт. Мындай жакшылыктарга жетүү үчүн адам баласы алгач жашоодогу ошол кубанычтардын бар экенине ишенүүсү керек. Андан кийинки кадам - жамандыкты чакырган эски жашоо образынан арылуу. Эгерде биз жан дүйнөбүздү тазалаганга далалат жасасак, өз жашообузга өсүп-өнүгүүнү жана сүйүүнү чакырабыз. Адамдардын жашоосун оң тарапка бурган ички күчтөр - бул сүйүү, кечиримдүүлүк, туура ойлор. Ал эми адамга ооруну чакыруучу жаман күчтөр - кек, таарыныч, өзүн татыксыз сезүү, кыжырдануу жана жек көрүү болуп саналат.

Даярдаган
Айгерим МАКЕШОВА