Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Адам өлбөс болсочу
"Он сегиз жаш тоодон аккан булак белең…"
Бул жыл Кыргызстан үчүн оор жоготуулардын жылы болду окшойт. Залкар адамдарыбыздын топурагы сууй электе, элибиз дагы бир залкар уулунан ажырап, кыргыз музыкалык искусствосу чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү обончу Аксуубай Атабаев 12- декабрь күнү жүрөк оорудан кийин жарык дүйнө менен биротоло кош айтышты.
Өзүнүн чыгармачыл өмүрүндө 200гө жакын обон чыгарган Аксуубай Атабаев чындыгында да кайталангыс таланттардын бири болчу. Анын обондору канчалаган адамдардын жүрөгүнө канат байлатпады, канчалаган адамдарды кайгысынан арылтып, канчаларга сүйүнүч тартуулабады. Канчалаган ырчылар анын обондорун ырдап, ырчы катары калыптанбады, атак-даңкка жетпеди.
Ал кыргыз музыка дүйнөсүнүн өзүнчө бир доору. Анын кайсы обонун албайлы, ал кайрыктар мукамдуулугу менен гана эмес, терең философиясы менен да айырмаланып турат. "Он сегиз жашты" эле алсак, ал дайыма жапжаш, дайыма романтикалуу. "Чагылганды" алалы, бул эмне деген кайталангыс обон. Бул обон ар бирибиздин жүрөгүбүзгө чагылгандай "чарт" этип кирип, көкүрөгүбүздө түбөлүккө жашап кала бергени жашырын эмес. Анын "Тоолорун" укканда, дайыма улуу тоолордун арасында жүргөндөй болосуң. Улуу тоолордун залкарлыгын, көөнөргүс касиетин сезесиң. Аксуубай Атабаевдин обондорунун философиясы, касиети мына ушунда.
Биз орто муундагылар а киши менен дайыма үзөңгүлөш жүрбөсөк да, аны менен замандаш болгонубуз үчүн, анын обондору менен жан дүйнөбүз сугарылганы үчүн өзүбүздү бактылуубуз десек болот. Жакшы киши эле, карапайым жана жөнөкөй адам болчу. А кишинин керээзи боюнча сөөгү туулуп өскөн жеринде коюларын угуп, дагы бир жолу улуу адамдын кеменгердигине баа бердик. Асыл адам киндик каны тамган ата конушун түбөлүк кучактап жатайын деген экен. Аксуубай ага, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Сиздин жаркын элесиңиз эч качан унутулбайт! Сиз жараткан обондор кыргыз жашап турганда жаңырып ырдала бермекчи.

Аксуубай Атабаев 1943 -жылы 22 -декабрда "Ысык-Көл" областына караштуу "Аксуу" районунун "Ак- Булуң" айылында туулган. Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатта окуган. Бир жарым жыл Кронштаттагы Аскердик-деңиз флотунда кызмат өтөп, ооруга байланыштуу, бир өпкөсүнөн операция болуп, кыргыз жергесине кайтып келет. 1963- жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына "Хордун артисти" кызматына кабыл алынган.
1970-жылы Бишкектеги ( мурдагы Фрунзе) Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык училищанын элдик аспаптар бөлүмүнө кабыл алынып, комуз боюнча адистикке ээ болгон. 1970-1976 - ж.ж. Кыргыз Улуттук Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театрында музыкант болуп иштейт.
1974-1979-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун маданий- Агартуу факультетин бүтүргөн. 1979- 1982-ж.ж. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист, 1982-жылдан Республикалык кесипчилик-техникалык окуу жайларынын маданият Ордосунун директору болуп иштеген. 15ге жакын ар кандай өздүк көркөм чыгармачылык коллективдерди түзүп, кесипчилик окуу жайдагы таланттуу балдарды элге таанытып, андан ары билим алуусуна көмөк көрсөткөн. Айчүрөк Иманалиева, Гүлнара Кахарова, Алина Жетигенова, Азамат Сарыбаев, Кенже Көбөкова сыяктуу таланттарды элге алып чыкты.
2010-жылы Аксуубай Атабаевдин ысымы өзү иштеп кеткен Республикалык кесипчилик техникалык окуу жайынын Республикалык маданият үйүнө ыйгарылган. Ушул жылы Аксуубай Атабаев ардактуу эс алууга чыккан.
Аксуубай Атабаев - классикага айланган мыкты обондордун автору. "Чагылган", "Он сегиз жаш", "Эне жөнүндө баллада", "Тоолор", "Таалайбек","Айгүл ай" "Жүрөк эңсейт". Анын ырларын кимдер гана ырдабаган. СССРдин эл артис-ти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шаакеева, Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшөкеева, Керим Турапов, Султан Каримов, Гүлнур Сатылганова. Азыр да жаш ырчылар бул ырларга кайрадан өмүр жаратып, аткарып жүрүшөт. Аксуубай Атабаев акыркы жылдары өмүр, жашоо, арман тууралуу көлөмдүү чыгармаларды жазып келди. "Арман дүйнө, жалган дүйнө" аттуу балладасы, Алыкулду кумир тутуп, ага арнап жазган "Алыкул тууралуу ода"(Сөзү А.Өмүркановдуку) аттуу чыгармасы композициялык, обондуулук жактан жаңыча иштелген чыгармаларынан болду.
Аксуубай Атабаевдин кыргыз музыкалык искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, грамоталар, медалдар менен сыйланган. 1988-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган.

Болотбек Таштаналиев




"Кыңыр иш кырк жылда..."
"Мегаком" 3-муундагы байланыш түйүнүн ишке киргизет, бирок....

Ошентип, айланасындагы алабакандай чуулардын басылбай келе жатканына карабай, жыл ичинде "Мегаком" брендинин алдындагы иштерман жаштар көп алгылыктуу иштерди жасаганга жетишишти. Башкасын айтпаганда да, Өкмөт тарабынан дайындалган жаңы жетекчилик компаниянын мамлекеттин казынасына түшө турган кирешесин арбытып, кардарларынын катарын калыңдатып, эл аралык аренада бул ишкананын кубаттуу экендигин толук далилдей алды. Ошол ийгиликтердин бири катары, учурда "Мегаком" үчүнчү муундагы заманбап байланыш түйүнүн ишке киргизүүнүн алдында турат. Байланыштын эң жогорку сапаты катары белгиленген бул муунду ишке ашыруу үчүн учурда компания бардык акыркы үлгүдөгү жарак-жабдыктарды орнотуп, эскилерин алмаштырып, кардарларын кубантууга шайма-шай турган кези. Бирок...

Бирок, биздеги баягы эле кызыкчылыктардын таасири, жең ичинен жасалган кыйды мамилелер компаниянын бул асыл максатынын ишке ашышына тоскоолдуктарды жаратуууда. Болгондо да мамлекеттик деңгээлде! Тайсалдатпай так үстүнөн түшсөк, азыр бул кадамга өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттигинин айрым атка минерлери, тагыраагы агенттиктин статс-катчысы Абдысалам Сагымбаев бул ишке карандай эле бут тосуп, компаниянын ийгиликтүү иш алып барышына каршыгып турганын уктук. Кыргызстандагы номур биринчи байланыш ишканага, Өкмөттүн казынасына арбын киреше алып келген улуттук деңгээлдеги компанияга мындай мамиле кайдан чыкканы табышмак. Бирок, Кыргызстан чакан мамлекет, катуу ышкырганың калаанын аркы башынан берки башына толук угулуп калат эмеспи. Биз дагы кулак түрүп отуруп, статс-катчынын "Мегакомго" салкын мамиле жасап, ар кандай шылтоолор менен алдын ала түзүлгөн мурдагы келишимдерден кыйкым таап жаратпай, жок шылтоолор менен ишти токтотуп жатканы бекеринен эмес экен. Такталбаган эл арасындагы сөздөргө караганда, так ушул мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызматынан пайдаланып, "Мегакомго" аттандаш болгон "Билайн" компаниясынын жетекчилиги менен жең ичинен келишип алып, ушундай караөзгөй кадамга барып жаткан имиш. Чатак...
Негизи, акыркы кездерде жогорку эки байланыш компаниясынын ичиндеги атаандаштык күч алып, бирок атаандашынан алда канча күчтүү "Мегакомго" ар кандай эрежеден тыш бут тосуулар, кандай да болбосун кардарларды тартып алуу аракеттери болуп келе жатканын да экономикалык сар эсепчилер кан какшашууда. Эми бул иштин баары бир күнү ачыкка чыгып, чыныгы лидер ким экендиги өзүнөн өзү эле ачыкка чыгып калаары турган иш деңизчи. Бирок, эгер чындап эле бул имиш чынга айлана турган болсо, анда бул мамлекеттик агенттик ошол өзү баш ийген мамлекеттин саясатына каршы чыгып, бүтүндөй элди сапаттуу байланыш менен камсыз болушуна кедерги тийгизүү менен бирге, Өкмөт казынасын дагы бир топ кирешеден кол жуудуруп, дегеле өлкөгө душман болуп калып жүрбөсүн?!
Биздин пикирибиз боюнча, бул жерден Байланыш агенттиги чыныгы элдик орган экенин далилдеп, калк үчүн опол тоодой пайда алып келип жаткан "Мегаком" компаниясына өзү биринчилерден болуп шарт түзүп, жаңы муундагы заманбап байланыш түйүнүнүн иштеп башташына эртелеп кам көрүшү керек эле. Анткени, байланыштын сапаттуу болушу аталган компанияга кардарлардын көбөйүшүнө алып келмек. Алардын кардарларынан түшкөн акча асманга сапырылмак беле, айланып келип эле мамлекеттин куржунуна түшүп, ал кайра карапайым миңдеген замандаштарыбыздын чөнтөгүнө бөлүштүрүлмөк да. Муну ошол агенттик кантип билбесин, албетте, бизден мыкты билет, түшүнөт. Бирок, кашайып, жанагы жеке кызыкчылык дегенге жеңдирип жиберишкен окшобойбу?! Ошентсе дагы "эсиң барда этегиңди жап" болуп, ишти мыйзамдуу жолго бурушса, адашкандын айыбы жок болуп, акырындап бул бут тосуулар деле унутулуп калаттыр...

Акжол Бектенов







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??