Бет бет эмес, бетон болгондо...
Чоочун киши...
Кыргызстанда бийлик алмашканы менен система ордунан жылбай очоюп отурганын, жетекчилер алмашканы менен кой терисин жамынган кадрлар кайрадан эле өз ордуларында калып, мамлекеттин эмес жеке кызыкчылыгынын артынан түшүп келе жатканына кечээ дагы бир ирээт күбө болдук. Бийликтин бийик серелеринде эрке талтаң, эсирген байдын баласындай чалчактап, мамлекет үчүн кенедей пайдалуу иш жасабаса дагы кеңкейип мурдун көтөргөн, Бакиевдин кандуу режиминин башкы жасоолу катары, "бөрк ал десе баш алган" "корбашы", теңдик менен адилеттик үчүн күрөшкө чыккан элге а дегенде муштумун мулуйтуп көргөзүп, акырында аткылоого жол берген Мурат Суталинов капилеттен Кыргызстанда пайда болду. Адатынча эле кара беттик, кашкөйлүгүнө салып, элден бир уялып койгонго жарабай, бийликтен бир сестенип койгонго жарабай, кой уурдап качып жүргөндөй кээкер күлүп, кытмыр жылмайып келди ал. Жок дегенде мамлекеттин чек арасынан сереңдеп кармалып, бажы постунан байкатпай өтүп келүүгө аракет жасап, калп эле колго түшкөн киши болуп келсе кана... Жок антпеди, кудум Бакиевдин бийлиги учурунда жүргөндөй сүзө качырып, ошол өзүнүн тиешеси бар кандуу апрель окуясы боюнча сотко солпоктоп кирип келди!
"Уялбагандан өзүң уял". Ушу тапта бүтүндөй коомчулук бул "чоочун кишинин" Кыргызстанга уялбай кирип келгенинен уялып турабыз. Жок, мулуйган муштумдуу Мураттан эмес, муну мурдараак кармай албаган, мамлекеттик чек арадан ээн эркин өткөрүп, эч нерсе болбогондой ээн эркин жүргөнүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген бийликтен уялып турабыз. О кокуй, кимге ишенгенбиз?! Кимди шайлаганбыз?! Кимди ээрчип, жакшы жашоодон үмүт артып отурабыз?! Жаңылганбызбы?!
Ээх, кайсы арманды айталы.... Апрель окуясынан бери мындай окуялар к-п эле кайталанбадыбы. Ошондо дыргаяктап, жанын оозуна тиштей качкан канча жегич-ичкичтер, канчалаган эл душмандары кайтып келишпеди. Ал кезде го бийлик чыңдала элек дегенбиз, алсызбыз дегенбиз. Эмичи? Албетте, Кыргызстанды канга бөлөй качкан, эски бийликтин эң ишенген жасоолу Суталинов башын канжыгага байлап, тобокелчиликке салып, өзү эле келе бермек эмес. Анын алты төөгө артаарлык амалкөйлүгү ага жол бермек эмес. Бул жерде анын азыркы бийликке ортомчу салганы, Акүй менен Көкүйдүн айрымдары менен шилекей алышып, дос болгону ачыктан айкын көрүнүп турбайбы. Келгенден биринчи келишимди бекитип, кайсыл маалда пайда болушту, кандайча кылмыш иши козголуп, анын арты кимдин колу менен жабылаары, ага канча каражат сарпталаары, айтор бардыгы тең ийне жибине чейин чечилип, шарттар аткарылган соң келгенин биз деле билип турабыз. Билгенибиз менен бирдеме кыла алабызбы, "алы жетпеген акыретчил" болуп, баш чайкап, бийликтин бетине түкүргөндөн башка айла таппай турабыз.
Мына, бир жылдан бери сот эле сот деп кыйкырып, сотторду сорттоп жатат бу бийлик. Чек арадан чычкан өткөрбөй карап атабыз деп жатат УКМК. Эски бийликтин бети курусун, кылмышкерлер менен эч кандай сүйлөшүү болбойт, кармайбыз да жайлайбыз деп, жар чакырып турду ИИМ. Кана жыйынтык? Ушулбу?
Кыскасын айтканда, Мурат Суталиновдун келиши азыркы бийликтин алсыздыгын ачык айгинеледи. Демек, эртең Данияр Үсөнов, бүрсүгүнү Жаныш Бакиев баш болгон бир туугандар чекесинен акырын жылып келе берсе, таң калып кереги жок. Ошондой эле булар камалымыш болуп, суралымыш болуп, аягында анча мынча жазаланымыш болуп, акталып кетсе, акталмак тургай кайра кызматка тура баштаса деле таң калып кереги жок. Анткени саясаттан, айрыкча кыргыз бийлигинен кулак угуп, көз көрө элек нерселердин баарын күтүүгө болот эмеспи...

Тынчтык
Алтымышев




Кимди ким көрдү, депутатты там басты
Кечээ, Акүйдүн жаракаларынан чыккан айрым үндөр, азыр коалициялык көпчүлүккө "КСДП", "Республика","Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракциялары кирүүгө макулдук берип, өз ара Өкмөттү бөлүшүп алышканы тууралуу жаңырып жатат. Так эмес айыңдарга карасак, ЖКнын спикерлигине Өмүрбек Текебаевди күчтөп макул кылышып, Премьерликке Өмүрбек Бабановду алып келишчүдөй. Каржы министри болуп кайрадан Акылбек Жапаров, Экономикага Равшан Жээнбеков, Коргоо министрлигине Исмаил Исаковду кондурушуп, Бөдөш Мамыровага социалдык камсыздандыруу министрлигин устукан кылышыптыр. Калганын эми көрө жатарбыз, бир гана нерсе Куловдун ИИМди башкаруу ою ишке ашпай, абышка томсоруп калды деп атышат....


Башкасы бүтүп, динди талаша башташты
Кыргызстанда эмне көп, эзелтен эле талаш көп. Биздикилер бийлик талашат, тамак талашат, акча талашат, кызмат талашат, аял талашат, айтор, талашпаганы жок. Азыркы тапта Акүйдөгүлөр бийлик талашып, биринен экинчиси акылдуусунуп, Өкмөт кура албай жатышса, мечитте муфтий Чубак ажынын ордун талаш кызып, ал жак да соттошуп кирди. Кудайдын алдында өздөрүнүн тазалыгы, жалганчылыгы калбай жатканда кайсы сот таза, калыс карап чечип бермек эле?!
Дегеле, кыргыздар "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деп бекер айтышпаса керек. Ислам дини эле эмес, башка диндер боюнча да ашкере билимдүү, саясатка аралашпаган калыс, таза эле арабчыл эмес жүрөгүндө улут деген намысы бар, араб хадистеринен кыргыз макалдарын көп сүйлөгөн Чубак ажынын муфтий болушунан бери эле аны каралай берип кууратышты. Чубактын чуусундай деген кеп да бекеринен эмеспи деп калдык....


Исмаил акеге ичи чыкпай
Ушу тапта президент Алмазбек Атамбаев партиялашы, кечээки оппозициялык үзөңгүлөш акеси Исмаил Исаковдун акыркы кездердеги аракеттерине ичи чыкпай турганы айтылууда. Атамбаев эле эмес, акыйкаттык үчүн деп жүргөн калайык калк деле Исмаил Исаковичтин экс-спикер Ахмат Келдибековго жан тартканына нааразы болуп туру. Чын да. Кечээ, Бакиевдер ак жеринен темир торго салып, генерал чининен ажыратып, акесин окутуп жатканда, Ахмат качан аны коргоду эле? Көзүн май басып, бакиевдердин короосунда күлтүлдөп жүрбөдү беле?! Же жалганбы?
Көрсө кыргыз ушундайыбыздан оңолбойт турбайбызбы, кандашыбызга, жердешибизге жөнү жок жерден жан тартып, колдоп-коштоп акыйкаттыктан таят экенбиз да...