Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Оторбаевге оомат ооп…
Учурда коалициянын кайрадан көз жарышынын алдында соодалашуу "катта" кызуу жүрүүдө. Акыркы супсуну сууй элек кабарлардын катарына дагы "свежийи" кошулду. Эмесе мазмунуна абай салгыла. Спикерликтен кадимки Акматты аңтара чапканы үчүн "Ата Мекенчилерге" баш-бакандык "устукан" ыроолоно тургандыгы тар чөйрөдө күбүр-шыбыр кепке алынууда. Бул орунга бул сапар "Ата Мекен" атаманы эмес, экономиканын ичегисин чубай турган, анча-мынча маяна-пулга алымсынбаган Жоомарт Оторбаевдин келиши толук мүмкүн экен. Келсин. Бирок, Оторбаев келсе эле оңолуп кетебиз деш кыйын. Анткени, экономиканын күрөө тамырын кармаганы менен алыскы региондордогу калктын жашоосунан караманча алыс Кайып акенин уулуна шак эле мындай тизгинди карматыш калпыстык болуп калбайбы деген суроолор калкууда?.. Же айдоочу аппарат башчылыгына келсе эле баары болот дей бересиңерби?


Санаага баткан Сакебаев
Тээ А.Акаев доорунан ушул күнгө дейре (кай бийлик алмашпасын) Кудай Тааладан кызмат бактысы ченебей ыроолонгон аткаминерлердин армиясы бар. Алардын катарын бүтүндөй "Сакебаевдер династиясы" ээлейт. Чечмелеп көрөлүбү? Чу эле дегенде буларың алгач Акаевдин "Алга Кыргызстанын" алгалатышка эбегейсиз салым кошкон. Кийин Бакиевдер башчылык кылган доордо да жөн жатпай алардын "Ак Жолуна" кире калып, бириси депутат боло калган жайы бар. Кызыгы, тизме муну менен эле бүтсө жакшы эмеспи. Азыр "Ак Жол" бүтүп, эми СДПКнын доорунда да жөн калбай, дал ушул партия менен депутаттык мандатка жетип отурат. Депутат мырзанын учурда "Ысык-Ата" райжетекчилигинде отурган Сакебаев Алишер аттуу бир тууганына акимдик кызмат аздык кылып жатканбы, кыргыз шахмат федерация президенти боло калып (легитимсиз) аталган федерацияны интрига менен иритип жаткандыгын федерация мүчөлөрү жабыла айтып келишүүдө. Сакебаевдин санаасы эле федерация президенттигин сактап калуу дешет. Эки тоонун чөбүн эңсеген эң жаман болоорун Алишер акең аңдабай жатса керек да. Мындай ач көздүктүн арты жаман болчу эле, деги абайласаңар экен…


"Аксакалдык аруу кеппи же?.."
Оо, сүйүнчү! Кыргыз интеллигенциясынын катарын "Толубайдай сынчы" чыгып толуктады. Мамбет Мамакеев деген. Мамбет агабыз ханзаада Максимдин доорунда анын көзүндөй көз жок экен деп катуу мактаган. Эми ошол аксакалдын сахнада сынчылык өнөрү кайрадан "старт" алды. Кадимки ажо Атамбаевдин эми Мамакеевге "тили" жагыптыр. Муну уялбай эле балп эттирди. Тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы ээ? Мамакеев Максимдин көзүн даңазалаганда ушул эле Атамбаевден "акшакал" деген белек алса, эми өзүнө келгенде кандай белек "ыроолойт" болду экен. Жаштарга дал ушундай "эмгектери" менен үлгү болчу аксакалыбызга ажо АША тезинен "белек" ыроолошу керек. Болбосо, Атамбаевдин улам бир "мүчөсү" жакты деп айласын кетирбегей эле.


Токмок томсоруп туру
Байкасаңар акыркы эле бир жылдан бери аким-өкүм, губернатор, калаа башчыларынын дээрлик басымдуусу "милдетин аткаруучу" деген жарлык менен илең-салаң асылып турушат. Мындай ара-бөк абалда турганда кыкеңдин аткаминерлерине кудай берди дей бер. "Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык" деген саясатка сүңгүп кирип, колунан келишинче кызмат бактысына мас болуп, күлкүңдү толтуруу саясаты менен гана алектенет. Мындай саясат менен ооругандардын катарында Токмок шаар мэринин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкуловду атабай кетиш "опасный" да. Же Бишкек сыяктуу чоң шаарлардан чоң ичип, чоң сугунуп дегендей көнүп калганбы, Медетбек мырза Токмокко мээримин төгө албай туру дешет калаа тургундары. Эң жөнөкөй мисал Токмоктун оорукана, бала-бакча, мектеп сыяктуу жайлары жылуулук берүү бактысынан бат-бат ажырап, андагы иштегендер көк муштум болуп көгөрүп жаткандарын саймедирешүүдө. Ыя, Медетбек мырза кыш чилдеде берилбеген жылуулук, сиз мэр болгондо берилеби? Токмокту анча томсортпоңуз ээй!


Акүйдүн "серый кардиналы" ким?
Бул орун дайыма талаш-тартышта болуп келген. Азыр да талаш-тартышта. Адатта, "серый кардиналдар" акылдуу десе акылдуу, айлакер десе айлакер, бир көргөн адамынын ичи-койнуна кирип, "бали, бали" дедирген, адамды гой кумурсканын тилин да билген адамдар болушат. Мамлекеттеги бардык иштерди көзөмөлдөп, тескеген менен, дайыма көшөгө артында кала беришет.
Саясый ишмердигине тарых баа бере баштаган Роза Отунбаева тушунда Эмилбек Каптагаевди айтышчу. Азыр Фарид Ниязовду айтып жатышат. Антсе да, өлкө башчынын жанында көп жылдан бери ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келаткан Икрамжан Илмиянов ушул орунга татыктуубу деп ойлоп турубуз. Ким билет, баарын убакыт көрсөтөт. Кимиси болсо да, тазараагы болсо эле болду.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??