Мирослав Ниязов, УКМКнын экс-төрага орунбасары:
"Булар оңолбойт!"
- Мирослав Жумабекович, кечээ апрель окуясы боюнча сот ишинде УКМКнын мурдагы башчысы, "издөөдө жүрөт" делген Мурат Суталинов пайда болду. Анын өлкөгө качан, кандайча киргени белгисиз. Буга кандай пикир кошосуз?
- Мен анын эмне себептен, ким аркылуу келгенин божомолдоп айта албайм. Өзү болсо "ушул эле жерде жүрдүм" деп жатат. Демек, аны издеген орган деле болбосо керек. Карап отурсак, бул жерде баягыл эле бийлик башындагы адамдардын элге башканы айтып, эл жок жерде башканы жасаганы, айтканы менен жасаганы төп келбей жатканы ачык көрүнүп турат. Мына ушулар эле "биз таза бийлик курабыз, криминалга каршыбыз, коррупцияга каршы күрөштү баштайбыз, мурдагы мамлекетти жеп ичкендерди жоопко тартабыз" деп кыйкырып, креслого отуруп алып, столду тарс муштап атпады беле?! Кана жыйынтыгы? Мына мурдагы төңкөрүштө дагы ошентип коюшуп, Акаевчилердин баарын бийликке алып келишип, андан ашып түшүшкөн. Мында да бакиевчир кадрлар менен биригишип, аларга бийлик берип жатышып, ушул ахыбалга келишти. Буларга го эч нерсе деле эмес, карапайым элдин эле шору. Криминалдарды деле ак менен карага бөлүп, айтор, азыр бизде бийлик да, укук коргоо органдары да чала иштеп жатышат. Сөз берген соң, анын аягына чыгыш керек, ансыз аракеттин баары жасалма экени минтип калкып чыгат.
- Эми ушинтип эле чекесинен бийлик менен быгышып алып, келе беришеби?
- Аттаңдын көрү, тагдыр ушундай экен, таза адамдар бийликке барбайт экен. Таза эместер ошондой иштерге барып, жаман жакшысы аралашып жүрө беришет экен, эми эмне кылалы. Мына дээрлик эки жылга баратат, ошол апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыкпай жатат. Эмнеге? Күнөөлүүлөр жок, издөөдө жүргөнү үчүн. Ал издөөдөгүлөр болсо минтип, кадимкидей арабызда жүрөт. Демек, бул жерде бийлик айтылган убадасынын өтөөсүнө чыгып, ошол күнөөлүүлөр менен жашыруун кол кармашпай, аларды мойнунан байлап келип, элдин алдына чөгөлөтүшү керек эле. Ансыз эч жыйынтык чыкпайт. Мына Кадыржан Батыров дегени бияктан сайрап атат, аны кармоого аракет кылышкан жок. Бизде ушундай, тил менен чаң чыгара сүйлөп, ишке келгенде майнапсыз аракеттерди көрөбүз. Сөздөн ишке өтүп, өз ишин мыкты аткара турган коопсуздукту, тартип менен укукту коргой тургандар бийликке келмейин, биздин шорубуз арылбайт. Айта берсең, акыл айтып, кыйынсынып жаткандай кабылдашып, жаман көрүшөт. Айтпайын десең мына, издегендери өздөрү менен чогуу жүрөт. Элге берген убаданы унутуп калышат го, сыягы.




Артур Медетбеков,
УКМКнын генералы:
"Бийликтегилер аянтта берген антын
унутушту"
- Артур агай, Бакиевдик бийликтин "ат кошчуларынан" болуп жүргөн Мурат Суталиновдун эч жик билгизбей келип калышын кандай баалайсыз? Деги бул эмнеден кабар берип турат?
- Мурат Суталинов кандайча өттү? Эгер официалдуу түрдө өтсө, издөөдө жүргөн киши катары, дароо кармалышы керек болчу. Баягы качып кеткен жолу менен кайра кирип жатса, анда бул нерсе чек арабыздын канчалык деңгээлде иштеп жатканын айгинелеп турат. Чынында килейген-килейген "Камаздардын" кирип келгени белгисиз болуп, контрабанда агылып эле жатпайбы. Экинчиден Суталиновдун келип калганын Генпрокурор, 7-апрель боюнча сот процессин жүргүзүп жаткан соттордун билбей калышы, дагы бир жолу, биздин бийликтегилер менен анын ортосунда кандайдыр бир деңгээлде өз ара макулдашуу, сүйлөшүү болгонун далилдеп тургандай. Сотто айыпталып жаткан, качып кетип, кайра келишкен мурунку генпрокурор жана башкалардын сотто катышып, үй камагында отурганын көргөн соң, булардын катарына кошулуп, ич ара сүйлөшүп алса болот тура деп келгендегиси го. Чынында, эртеңдерден Жаныш Бакиев деле кирип калса таң калбай деле коюу керек. Билген жокпуз көргөн жокпуз деп туруп, сүйлөшүп алып чечишип коюшат. Суталиновдун келиши жаңы саясий оюндардын башталышынан кабар берип турат.
- Демек 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрү Суталинов бийлик менен сүйлөшүп анан келди дегендеринде чындык бар экен да?
- Эми сен экөөбүз аны көрбөгөн соң айтуу кыйын дечи, бирок, ачык айтканда бул жерден сүйлөшүү болгондой эле элес калып жатпайбы.
-Ал эми издөөдө жүргөн Суталиновдун үй камагына чыгышына кандай пикирдесиз?
- Буга чейин да качып кеткендер ошол эле генпрокурор, ошол эле Жороев дегендер кайра келишпедиби, анан үй камагына чыгарылды. Ич ара бийлик менен сүйлөшүп, кандайдыр бир гарант болгон соң келип жатат да, бул дагы. 7-апрелде жаштар мамлекетте өзгөрүүлөр болсун, өнүгүү болсун деп кан төгүшпөдү беле. Бүгүн бийликтегилер ошондо аянтта берген антын унутуп коюшту.
- Сиздин оюңузча Мурат мырза күнөөлүүбү, апрель окуяларында?
- Эми анын бардыгын сот аныктайт эмеспи. Негизгиси бардыгы мыйзам чегинде болуш керек. 7-апрелде азыркы бийлик төбөлдөрүнүн бир катары Акүйгө кирип сүйлөшүп чыгып жатышкандарын эл билет. Саат 6-7лерде Отунбаева, Дүйшөбаевдер кирип чыгышкандан кийин, Курманбек Бакиев, Үсөновдор баш болгон лөктөр качып кетишти. Ошол жакка Бакиевдер менен жолукканга киргенде эмне боюнча сүйлөшүү болгондугун тактап чыгуу кажет. Себеби, жаңы бир фактылар чыгышы ажеп эмес. Кийин Бакиев өзүнүн айылында 15-апрелге чейин жатты. Убактылуу өкмөт эч нерсе кыла албай отурду, себеби, бийликти толук колго алдыкпы, албадыкпы деген чочулоо бар болчу аларда. Анан качан гана бардыгы куйрук түйүп кеткенден кийин, "оой качып кеткен турбайбы" деп, чуу чыгарып калышпадыбы.

Маектешкен
Бегайым Канат кызы




Мурат го Трахтенберг,
а Кеңешбек Дүйшөбаевчи?
2005-жылдын 24-марты болбосо, 2010-жылдын 7-апрели болор беле, болбойт беле, бир Кудайдын өзү билет. Эгер элдин эсинде болсо, ошол 2005-жылдагы 24-марттагы элдик революциядан бир күн мурда, 23-мартта ошол кездеги президент Аскар Акаевдин Жарлыгы менен Мурат Суталинов КР Башкы прокурору, Кеңешбек Дүйшөбаев вице-премьер-министр - Ички иштер министри болуп дайындалган. Жаңылбасак, ошол эле күнү экөө: "Эртеңки элдик митингге чыгуучуларды басып салууга күч да, кайрат да, акыл да, куулук да жетишет, эмнеге эле көчөгө чыгып башты оорутуп жатасыңар? Суу менен элди таратуучу техника да Акүйдүн жанында даяр турат. Күч структуралары тишине чейин куралданган" деп бир эсе элдин жүрөгүнүн үшүн алып сүйлөсө, бир эсе Аскар Акаевичти бал тилге эритип ишендирип салышкан. Алар канчалык элдин жүрөгүнүн үшүн албасын, элдик революцияны токтото алган жок.
Кыштын күнүндө түшкөн чагылгандай болуп, УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталиновдун капысынан Кыргызстанга келиши, болгондо да сот залында пайда болушу ошол эбаккы унутулуп бараткан окуяны эске салып отурат. Эски достор бири-бирин унутпай, бири-бирин коргоп, калкалап келаткан экен да көрсө, Кеңешбек мырза. Болбосо, Суталинов Кыргызстанда, болгондо да Бишкекте эле жүргөн болсо, анда эмнеге аны УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев көргөн жок деген суроо пайда болот. Муну сөз жок Кеңешбек мырзадан сураш керек. Же Марат Суталинов - Трахтенберг Кеңешбек Дүйшөбаевге өзү УКМКны жетектеп, Израилден паспорт алып койгондо, коллега досуна да Израилдин паспортун жасатып койду бекен? "Карга карганын көзүн чукубайт" деген ушул экен да.

Таңгала турган
күндөр али алдыда
Коалиция тагдыры акыр-аягына чейин чечиле элек. Сүйлөшүүлөр жүрүп атыры. Жогорку Кеңештин төрагасы ким болот, ким Өкмөт башчысы болот, бул да аныктала элек. Антсе да, аюунун терисин бычып жатышат. Коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүү тобуна кирген "Атамекенчи" Өмүрбек Абдырахманов фракция лидери Өмүрбек Текебаев Шералы Абдылдаевди Мамлекеттик мүлк министрлигине, Алманбет Шыкмаматовду Адилет министрлигине дегенди угуп алып, айран-таң калып отурат. Өмүке Америкада Нью-Йорктун өзүнөн да бою узун үйлөрүн көргөндө да мынчалык таңгалбаса керек. Бирок, биз Кыргызстанда жашагандыктан эч нерсеге таңгалбайбыз, таңгала турган, суктана көргөн, өйдө караганда, шапкебиз башыбыздан кулап кала турган, "Даңк" медалдарын ала турган күндөр али алдыда.

"Алиби" пресс