Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
 Таанышуу жарыясы




п»ї
 Таанышуу жарыясы


Айлампа
Турсунбек Акун,
КРнын акыйкатчысы:
"Башына целлофан
кийгизип, буттарын
сындырып кыйнашат"
- Кыргызстанда абактардын бүгүнкү күндөгү шарты өтө эле начар дегенге кошуласызбы?
- Эми, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы абактардын абалы жалпы начар дегенге болбойт. Бирок, абак- деген абак. Ал жак курорт эмес. Көп жагынан начар жактары бар. Шарттарды жакшыртыш керек. Кээ бир түрмөлөрдө элементардуу шарттар түзүлбөй жатат. Мисалга, №1 СИЗОдо матрацтар, одеялдар жок болууда. Ар бир абактын акыбалы ар башкача. Кыскасы, "бизде шарт өтө жакшы" деп айтылбаганы менен коңшу мамлекеттерге салыштырганда жаман деп айтууга болбойт.
- БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Бишкектеги маалымат жыйынында кыйноо Кыргызстанда кеңири тараган деп баалады. Сиз буга кандай карайсыз?
- Кеңири тараган, массалык түрдө болуп атат дегенге толугу менен каршымын. Ошентсе да, кыйноо маселеси бар. Тилекке каршы жылдан-жылга кыйноолор өсүп атат. Кыйноо көбүнчө Убактылуу кармоочу жайларда, ПОМдордо,Милицияларда, СИЗОдо болот.
- Кыйноонун кандай түрлөрү колдонулат?
- Көбүнчө башка целлофан пакет кийгизүү, сабап, муунтуп, буттарын чаап, сындырып кыйнап атат.
- Электрошок, газ менен ууландыруу да колдонулат деп атышпайбы?
- Электрошок боюнча азырынча маалыматыбыз жок.
- Сиздер Акыйкатчы инс-титуту катары кыйноолорду болтурбоо үчүн кандай күрөшүп жатасыздар?
- Биринчиден, мен акыйкатчы болгондон баштап, ага чейин дагы комиссияда иштеп турганда атайын кыйноолорду болтурбоо боюнча жумушчу топ түзгөнбүз. Кыйноо болгондугу тууралуу маалымат түшсө, ошол жерге оперативдүү жетип барып, маселени чечип, мыйзамсыз укугу тебеленгендердин укугун коргоо боюнча жумушчу топ Эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар менен биригип,ушуга чейин жакшы иш алып барып келишти. Мунун жыйынтыгы катары биз кыйноолордун алдын алуу, болтурбоо боюнча мыйзам иштеп чыктык. Бул мыйзам парламентте каралып атат. Жогорку Кеңештен өтүп кетсе абдан жакшы болот эле. Себеби, өкмөттүк эмес уюмдар, депутаттар, акыйкатчы институту бардык убактарда түрмөгө кирип текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыр деле абакка биз кирип атабыз, бирок, акыйкатчы институтунан башка эч ким кире албай атпайбы, түн ичинде, дем алыш күндөрү. Кыйноолор так ушул эс алуу күндөрү болууда. Дагы көп жыйынтыктар бар. Мисалы, Нарындын, Оштун түрмөлөрүн кыдырдык. Кыйноого кабылып, жабыр тарткан адамдар менен сүйлөштүк. Мыкаачылык менен кыйнаган милиция кызматкерлерин жазага тартууга көргөзмө бердик. Бирок, укук коргоо кызматкерлеринен жазасын алгандар аз болуп атат.
- Сөзүңүзгө улай, 2011-жылы, он айда ИИМ кызматкерлерине болгону 8 кылмыш иши козголуп, анын экөө гана сотко өткөрүлүп, бирок, эч кандай өкүм чыкпаптыр. Демек, кылмышка шектүүлөрдү кыйнаган кызматкерлер жаап-жашырылып кала берет экен да?
- Бул баягы эле коррупция, тууганчылдык, жердешчилик. Сотторго акча берип койсо, алар соттобой, иш козгосо, бошотуп жиберет. Болуп эле жүргөн биздин каныбызга сиңип бүткөн көрүнүш да. Кудай буюрса, жаңы Президент келди. Жаңы төрага, премьер-министр келет. Баарыбыз биргелешип бул нерсеге катуу турушубуз керек.
- №31 абактагылар Келдибековду "кызматында калсын" деп акцияга чыгышкандыгын айтып чыктыңыз эле. Бирок, аны жаза аткаруу кызматкерлери дароо четке кагып чыгышты эле. Бул тууралуу эмне айта аласыз?
- Бул маалыматты ал жактагы менин адамдарым, кызматкерлерим айтышты. Бул тууралуу менин көп маалыматым бар. Керек болсо, абакта жаза өтөп жаткан адамдар өздөрү чалып "аты-жөнүбүздү айтпаңыз" деп айтышты. Жаза аткаруу кызматынын башчысы Ш.Байзаков мырза менен тактадым. Шейшенбек мырза бул маалыматтын чындыгын тастыктады.
- "Келдибековду коргоп чыккыла" деп сырттан көрсөтмө келгенби же түрмөдөгүлөр өздөрү чыгышуудабы?
- Мунун чын-бышыгын билбейт экенмин. Бирок, так ушул Келдибековдун отставкасына каршы акцияга чыгып атышпайбы. Демек, Келдибековдун кандайдыр бир каналдарынын таасири бар да. Жогорку Кеңештеги Келдибековдун ишин кароо боюнча комиссиянын "экс-төрагага криминалдык чөйрө менен байланышы бар" деген кинесин айгинелеп койду.

Нурайым
Рысмамбетова




"Душмандар" тил табышабы
Коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр убагында, "Ата-Журт" партиясы кандай да болсо коалицияга кирип калуунун ар кандай амалдарын издеп жатат дешет, акүй тыңшаарлар. Айталы, "атажуртчул" Камчыбек Ташиев эгер оппозицияга калып калса, бүт саясий күчтөрдү бириктирип, бийликтин шайын кетирээрин алдыртан жылдырып, коркутууга аракет жасай баштады. "Биз, оппозициялык блокту кеңири түзүп, бардык конструктивдүү күчтөрдүн башын бириктирип, бийликке кубаттуу атаандаштык жаратабыз" таризинде өктөм сүйлөп жатыр Камчыке.
Көрсө, баягы эле карт бөрү Үсөн аке Сыдыковдун акылы менен Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Калыев баштаган бир топ азаматтар баш бириктирип, Атамбаевдин айласын кетирүүнүн аракетин башташкан тура. Кадамдарынын канчалык туура экенин учурунда эл баалаар...

Өкмөттүн кийлигишүүсү менен экспортко жол ачылды
Кыргызстан коңшу Казакстан респуб-ликасына көп жылдардан бери сүт азыктарын экспорттоп келген. Бирок, ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында коңшубуздун Өкмөтү биздин сүт азыктарыбызга чектөө киргизип, натыйжада атамекендик сүт азыктарын өндүрүүчүлөр күйгүлтүккө түшүшкөн. Анкени, биздин сүт экспорттоочуларыбыз ушул жылдын 9 айынан алганда эле 26,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндө же 23 миң тонна сүт азыктарын экспорттоп, өлкө бюджетине чоң салым кошкон болучу.
Бирок, учурда Өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановдун мындай мамлекеттик деңгээлдеги маселеге өз учурунда баам салып, ыкчам аракеттерди көрүү маселеси оң жагына чечилди. Өмүкө Казакстандын Өкмөт башчысы Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, маселени кабыргасынан койгондо коңшуларыбыз да өз элинин табигый таза азык-түлүктөр менен камсыз болушун ойлонуштубу, импортко болгон чектөөнү алып салууга макулдук берди. Ошону менен иш илгери жылып, кечээ, бажы постунда кармалып турган 20 тонналык 5 сүт ташуучу унаа Казакстандын чегине өттү. Мындай чечкиндүүлүк үчүн ишкерлер бирдиги Өмүкеге ой-даа ыраазычылык билдирип, кош колдоп кубаттап турган кербези.

Феликс мырза "ар-намысчыларга кошулганбы?
Өткөндө Ар-Намысчы эжебиз К. Талиева "Феликс Кулов биздин катарыбызга кошулам десе каршы эмеспиз" деп оозду ачырган. Ары ойлонуп, бери ойлонуп Феликс мырза "Ар-Намысчыларга" кошулайын деген окшойт, бирок, өзү ушул партияда болчу ээ? Иши кылып, Акипресс маалымат агенттигине премьер-министрликке, спикерликке ат салышчулар биздин партияда көп. Бирок, кимиси талапкерлигин коеору белгисиз дептир. "Биздин партияда" дегенине караганда ынтымакка келишкен окшобойбу. Болбосо, "ушу кантип болсун" деп баш чайкап атты эле.













кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??