Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ал! Тын!
Курсант Арыкбаев, Аксуу айылынын Жаштар кеңешинин төрагасы:
"Аксыдагы алтындын артында ким тураарын билебиз!"

Редакциябызга атайын Аксыдан ат арытып, бел ашып, жаңы муун өкүлү, Аксуу айлындагы Жаштар кеңешинин төрагасы Курсант Арыкбаев деген жигит келиптир. "Алиби" аркылуу дагы бир алтындын чуусун элге жеткирүү милдети менен. Албетте, биз чындыктын трибунасыбыз да, анан алтын бар жерде Акүйдөгүлөрдүн куйругу кылактай түшөт эмеспи. Жигит менен маек куруп, маселенин өзөгү менен тааныштык...

- Атайын Аксыдан келгиниңизге караганда, айта турган маселе чоң көрүнөт?
- Мен Аксы районунун Аксы айылында Жаштар кеңешинин төрагасымын. Ошол жерде иштейм, ошол жерде жашайм. Силерге келип турганымдын себеби, биздин айылдын Көк-Кыя жайлоосу бар. Ал жерди аралап Карасуудан бери карай Көк-Кыя деген кичине дарыя агат. Аксакалдарыбыздын айтымында 1971-жылы ошол жерде Аксуу совхозу негизделип, коон-дарбыз, жүгөрү өңдүү жашоого керектүү жер-жемиш, дан эгиндер айдалган экен. Бул аймакка биздин ата-бабаларыбыз коюлгандыктан мазар катары да каралып келген. Убакыт өткөндөн кийин, жашоо шартка байланыштуу жергиликтүү элибиз дарыяга жакын отуракташып, анын үстүнө кен бар экендиги аныкталып, колго эле алтын чайкап жүрүшчү. Жакындан бери ошол аймакка 25 кытай жараны жана 1 кыргыз барып алтын казуу боюнча кеңири иш алып бара башташты. Ал жердеги бак-дарактарды кыйып, ар жак бер жагын түрттүрүп түздөп, заматта үй салып отурукташып алышты. Же буларды көзөмөлдөгөн киши жок. Анан сураштырып райондун акими Өмүрбеков Кадыркулга кирсек, ал Көк-Кыя аймагы Аксуу айылына эмес, бизден алысыраакта жайгашкан Кичи Ак-Жол айылына карайт деп койду. Көрсө депутат Райкан Төлөгөновдун иниси Расул Төлөгөнов кытайлыктарды алып келип иштетип жаткан экен. Бирок, 2009-жылы чыккан ОБСЕнин китепчесинде Көк-Кыя аймагы биздин Аксуу айылына карай тургандыгы картада көрсөтүлүп турат, ал эми Кичи Ак-Жолго бул аймак аябай эле алыс. Чын-чынына келгенде жергиликтүү эл бул нерсеге каршы болуп турат. Себеби мал кармаган элбиз, Көк-Кыяга эми жайытка мал барбай калды. Күркүрөгөн-шаркыраган техниканын үнү малды үркүтүп жатат. Санай келсек Аксуулуктардын мал кармаган он кыштоосу ошол жакта экен. Ал жердеги жайытка ылайыктуу аймактын жер кыртышы бузулуп, казылып-чукулуп, бак дарактар кыйылууда. Ал эми акимибиз болсо, кенди иштеткенге мүмкүнчүлүк берген лицензиялардын бирин да көрсөткөн жок, бирок бардыгы жайында дегендей кылып койду. Баарынан мурда эл менен кеңешип, элден уруксат алып иш башташ керек эле да.
- Балким, ал кендин да пайдасы тиймектир?
- Ачыгын айтканда, бизге ал кенди иштетүүдө пайдасынан зыяны көп. Мурда алтын чайкап жүргөн айрым айыл тургундарынын айтымында, бир грамм алтынды күйгүзүп тазалап алыш үчүн чоң өлчөмдөгү сымап колдонушчу экен. А булар бир же эки грамм эмес андан көп өндүрүп жатышпайбы. Анын үстүнө 200 метр жакындыкта дарыя агат. Алтынды дароо эле куюлган бойдон табышкан жок да. Ар кандай химиялык заттарды колдонуп жатышат. Жамгырда ал заттардын баары жуулуп дарыяга куяры ажеп эмес. Көк-Кыя дарыясы барып, Нарын дарыясына куят. Өзүңүздөр билгендей алтын иштетүүдө колдонулган цианид абдан уулуу зат болуп эсептелет. Кичинекей бир алтын кенди казабыз деп, дарыялардын баары булганып жарандарга зыян келтирсе, барынан жогу жакшы эмеспи. Учурда акимдин болгон шылтоосу Көк-Кыя Кичи Акжолдун аймагында экендиги болуп жатат. Бирок, картада башкача көрсөтүлгөн. А кандай гана ишкана болбосун адегенде жергиликтүү бийликтен колдоо алыш керек болчу. Биздин айыл округундагы депутаттардан сурасак, эч кандай уруксат сурашпагандарын айтышты. Акыр аягында мейли ал Аксуу айылынын аймагына кирсе да, мейли Кичи Ак-Жолдун аймагында болсо да баары бир зыяны көп болуп жатпайбы. Мен өзүм силердин гезит аркылуу бийлик төбөлдөрүнө кулак кагыш кылып жатам. Бирок, чынында эч ким көңүл бөлбөй жатат. Эгер бул жолу да эч кандай жыйынтык жок болсо, анда мен Казахстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин бийликтегилерине арыз менен кайрылууга аргасызмын. Себеби бул эки мамлекет тең, Нарын дарыясынан пайдаланышат, аларга да зыян алып келиши толук мүмкүн. Андыктан дарыяларыбыз булгануу коркунучунда турганына, жайыттарыбыздын бузулуп жатышына, экологиябызга катуу зыян келип жатканына кайдыгер карап жаткан биздин бийликке караганда, башка мамлекеттин бийлиги балким чара көрө алаттыр деп ойлоп жатам.
- Райкан Төлөгөнов бу маселени чечип бере алат беле?
- Чынын айтканда, парламенттик шайлоо убагында Райкан Төлөгөнов менен кошулуп, бир машинеде айылга чейин чогуу барганбыз. Ал агитация иштери менен жүргөн экен. Айылыбызга кеткен жолдун таптакыр тамтыгы чыгып калган. Мурда "шыйпыр" болуп, жеткиче жүдөп кетчүсүң. Азыр болсо, ар кай жери одурайып-одурайып тешилип калды. Ошол ийри, өңгүл-дөңгүл жолдо баратып Райкан байкеден "эгер депутат болуп калсаңыз, ушул жолду оңдоого аз да болсо жардам бере аласызбы?" деп сурагам. "Ооба, жолдорду түздөгөнгө сөзсүз салым кошом, мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгабыз" деп айткан. Бирок, ошол сөздөр сөз бойдон эле калды. Азыр жолдор ошол тешилген абалында эле турат. Анан эмнени сурамак элек!?
Эч кандай кен иштетпей эле бардыгын жай-жайына койгула. Бир ууч топ байып алсын деп, карапайым элди ырыскысынан айрыбагыла! Биз буга жол бербейбиз!
Маектешкен
Мирлан Өмүралиев








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??