Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Абидин Темиров, обончу:
"Жүрөктөн чыккан обон гана жүрөккө жетет"
- Абидин мырза, сиз музыка дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз? Адатта, сиздин, менин курагымдагылар космонавт болууну кыялданышчу эле.
- Ооба, туура айтасыз, биздин курактагылар бала кезинде болочокто космонавт болууну кыялданышчу. Ал бир романтикага бай, адамдын жан дүйнөсүнө канат байлатып, көңүлүн өстүргөн мезгил экен. Мен да өзүмдүн теңтуштарымдай эле, космонавт болом дебесем да, сүрөтчү болсом деп кыялданчумун. Актер болгум да келчү. Куруучу болсом кандай болот деп да ойлочумун. Бирок, ошентсе да музыка дүйнөсү мени арбап калды. Музыка дүйнөсүнө, обон дүйнөсүнө кантип арбалып, кантип ансыз жашай албай калганымды өзүм да сезбей калдым.
- Алгачкы обонуңуз кантип жаралды?
- Бул бир күчтүү, жан дүйнөдөн тоо булагындай болуп, агылып чыккан сезим болчу. Мен өзүм адегенде обон чыгарайын деп деле ойлогон эмесмин. Негедир, музыканын сыйкыры мени кандайдыр бир өзүм түшүнбөгөн жакка жетелеп кетти. Алгачкы обон атажурттун ыйыктыгына арналган. Бул убак бала кез болчу. Андан кийинки обонумду бизди окуткан эжекеме арнагам. Ошентип, чыныгы кайрыктарды издеп таап, элге жеткирүү менин милдетим болуп калды.
- Обон кантип жаралат?
- Чыныгы обон жүрөктөн чыгыш керек. Анткени, биз, обончулар обонду өзүбүз үчүн эмес, угармандар үчүн жаратабыз. Алардын жүрөгүн ойготуп, жан дүйнөсүн, делебесин козгогубуз келет. Жүрөктөн чыккан, жан дүйнөдөн оргуп жаралган нерсе гана жүрөккө жетет.
- Антсе да, жүрөктү гана эмес, акыл-эсти аңтарып-теңтерип, ошол обон, ошол музыка менен гана жашап калган учурлар болот го?
- Чыныгы обон кудайдан болсо керек. Андай делебе козгогон, акыл-эсти айран-таң калтырган обондор, кайрыктар, музыкалар дүйнө жүзүндө эсептелүү. Калган кайрыктар ошол Кудайдан келген музыканын, обондордун тегерегинде Жер өз огунда айлангансып, жүрө берет. Адамдын жүрөгүн сыздатып, жашоонун ак менен карасын алаканга салып, акыйкатты, чындыкты издетиш үчүн, бакытка бөлөп, кайгыга салыш үчүн, музыка чоң касиетке ээ болууга тийиш. Огинскийдин "Полонезин" угуп көрдүңүз беле? Эмне деген музыка? Анын жүздөгөн чыгармалары бар. Эл бирок, аны "Полонези" аркылуу гана билет. Огинский аны согуш мезгилинде жараткан экен. "Полонез" бул кайгы-муңдун кайрыгы. Ыйы. Ошон үчүн, ал элге сиңип кеткен. Ошон үчүн эл аны укканда аргасыз көзүнө жаш алып, ыйлайт, муңга батат. Кайгынын, ыйдын эмне экенин түшүнөт. Рыспай Абдыкадыровдун обондорунда да мына ошондой Кудайдан келген кайрыктар бар. "Издейм сениге" окшогон обондор бекеринен жаралбаган деп ойлойм.
- Обон тууралуу ойдо жок ойду айттыңыз. А бизде обончу-чоорчулар көбөйүп кетти го.
- Обонго этиет мамиле кылыш керек. Туура, обончу көп болуп кетти. Тилекке каршы, обончулар канчалык көбөйбөсүн, бычакка сап обон жок. Албетте, өкүнөсүң. Обон деген эмне экенин түшүнбөгөн адамдар музыка дүйнөсүнө аралашпай койсо, бул угармандар үчүн да, өздөрү үчүн да абдан пайдалуу болмок. Обончулук кудайдан келген касиетти элге жеткирүү. Бул чоң түйшүк, чоң жоопкерчилик. Чыныгы обон адамдан аруулукту, сулуулукту, тазалыкты, чындыкты, акыйкатты талап кылат.
- Демек, олтура калып эле обон чыгара калам деген түшүнүк туура эмес турбайбы?
- Обонго кандай мамиле кылсаң, ошого жараша обон чыгат. Элге жетесиң. А жөн гана элдирселдир бир кайрыкты жаратсаң, ал элдин жүрөгүнө жетиши күмөн. Андан башкалар эмес, өзүң деле канагат албайсың. От менен ойнобогондой, обон менен да ойнобош керек.
- Сиз обончуларга өтө сын көз менен карайт экенсиз. Алар таарынып калат деп ойлобойсузбу?
- Кимде ким музыка дүйнөсүн сыйласа, алар мага таарынбайт, алар туура кабыл алат. Мен музыка үчүн, обондун тазалыгы үчүн күйүп жатам. Көбү обон деген ушу деп эле, элдин табитин, улуттук музыканын колоритин бузуп жатышат. Кээ бир ырларда кыргыздын кайрыктары жокко эсе. Бул чоң күнөө. Бул жашоодо ар ким өзүнүн билген оокатын кылган эле оң. Көбү менин кесибим башка, ырчылык "менин хоббим" дешет да, өздөрү чыгармачылыкта баш оту менен жүрүшөт. Бир адамга жакпаган, жугумсуз обондорду кечке эле бере берсе, эл да обон деген ушу турбайбы деп уга берет, кийинки муундун музыкалык табити да ошого жараша тарбиялана берет. Акыр аягы келип, аң-сезим да ошондой калыптанат. Маселе мына ушунда.
- Сизге кошулам. Сулуулукту - аны жылаңачтабай туруп деле көрсө болот. Бирок, окуган китептерибиз да, көргөн кинолорубуз да, уккан музыкабыз да жеңил-желпи болуп кетти. Биз адамдар да майдаланып баратабыз...
- Кытайдын "ширпотребиндей" обондор, чыгармалар көп болуп кетти. А негизи ар нерсенин өз баасы болушу керек. Чыныгы обон дайыма кымбат жана түбөлүктүү. Карагылачы, канчалаган чыныгы обончулардын көзү өтсө да, алар жараткан обондор жашап жатат. Канчалар Атай, Муса, Жумамүдүн Шералиев, Рыспай, Асанкалыйлардын обондорун ырдап жан багып жүрөт. Элге белгилүү болушуп жатат. Мында эч кандай деле жаман нерсе жок, анткени, алардын көзү өтсө да, алар жараткан обондор ошентип, элге кызмат кыла берет.
- Кайсыл обончуларды чыныгы обончулар деп айтар элеңиз?
- Кудайга шүгүр, кыргыз кудай сүйгөн эл экен, таланттуу обончуларыбыз аз эмес. Айрымдарынын атын эстебей, айтпай кетсем таарынбас чыгар. Мен чыныгы обончулар деп, Түгөлбай Казаковду, Атайбек Бөдөшовду, Каныкей Эралиеваны, Аксуубай Атабаевди (маек Аксуубай Атабаевдин көзү өтө электе алынган - авт), Калыбек Тагаевди, Токон Эшпаевди, Кудайберген Темировду, Жолболду Алыбаевди, Бабаравшан Тургунбаевди, Жеңишбек Шамшиевди айтар элем.
- Чыныгы обонду жаратыш үчүн эмне кылыш керек?
- Кыргыз кудай сүйгөн, көп нерсеге шыктуу эл дебедимби. Биз жашап жаткан жерибиздин өзүндө чоң касиет бар. Бейиштин төрүндөй болгон кыргыздын жеринде кантип чыныгы обондор жаралбай койсун. Өкүнүчтүүсү, кийинки мезгилде чыныгы обондор сейрек жаралууда. Ошон үчүн жаштар эски ырларга кайрылып жатат. Таланттуу обондордун көп жаралбай жатканына, майдаланып баратканыбызга, бир эсе мезгил да күнөөлүүбү деп ойлойм. Мезгил, доор өзү ошондой болуп жатат. Чыныгы обонду жаратыш үчүн көп нерсени билүү абзел. Обончу, дегеле чыгармачыл адам тарыхты, адабиятты, элдин каада-салтын, наркын, үрп-адатын билгенде гана чыныгы чыгармалар жаралат.
- Чыгармачыл адамдар өтө эле назик келет деп айтышат?
- Ал ырас. Чыныгы чыгармачыл инсандар аты көп болгону менен, алар деле эсептелүү. Алар көп учурда апенди сыяктуу, дубана сыяктуу келишет. Кээде, элирип аша чаап кетет, капа кылсаң кайгынын түбүнө түшөт, бир карасаң кежир, тежик, бир сөз менен айтканда чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү абдан татаал. Аларды да түшүнсө болот. Адамдын жан дүйнөсү оргуп-баргып, толкуп-ташып турмайын, чыгарма жаратуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, аларга андай чыгармачыл эргүү келип турган маалда кечиримдүү болуп коюу оң. Обонду кандай барктап, астейдил уксак, аны жараткан адамды да барктап алуу биздин парзыбыз. Чүнчүгөн кезде колдоп, кайгырганда кайгысын бөлүшүп койгон эмнеге колубуздан келбейт. Аларга көп деле нерсенин кереги жок. Көңүлүн жылыткан жылуу сөз болсо болду.
- Бирок, анда алар өтө эле эркелеп, карапайым адамдар аларга милдеттүүдөй сезип албайбы?
- Жок. "Артисттин бир көргөнүн ит көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт" дейт. Чыгармачылыктай азап-тозоктуу эч нерсе жок. Чыгармачыл адам жашоодогу көп нерсенин баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Бактылуу жүргөнүнө караганда, кайгылуу жүргөн учурлары көп болот. Сыртты караңызчы, элдин жашоосун көрүп туруп, кантип жүрөк оорубасын. Чыгармачыл адам жаш бала сыяктуу. Кээде гений, кээде байкуш. Аларды алдап жакшы чыгармаларды жаздырып алыш керек. Алар жараткан чыгармалар, обондор бул элдин байлыгы. Болгону ал байлык, Кудай тартуулаган байлык чыгармачыл адамдар аркылуу жарык дүйнөгө жаралат, келет.

Маектешкен Болотбек
Таштаналиев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??