"Азат" үй куруу корпорациясына 45 жыл
Бар болгула,
түндүгүбүздү көтөргөндөр
"Азат" үй куруу корпорациясына быйыл 45 жыл толду. Мына ушул убакыт аралыгында үй куруу корпорациясынын тарыхы менен Бишкек шаарынын тарыхы тыгыз байланыштуу болуп калды. Борборубуздагы шаардыктардын дээрлик 60%ти аталган үй куруу комбинаты тургузган үйлөрдө жашашат. Бул үйлөр 464-сериядагы, же элде айтылгандай, 104-сериядагы үйлөр жана 105-сериядагы 5 кабат, 9 кабат үйлөр. "Азат" үй куруу корпорациясы курган үйлөр борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошуу менен, башка үйлөрдөн ыңгайлуулугу, жарашыктуулугу, эң башкысы коопсуздугу, ишеничтүүлүгү менен айырмаланып турат. Атын атаса, куту сүйүнөт дегендей, корпорацияда өз ишин мыкты билген устаттар эмгектенишет. "Азат" үй куруу корпорациясынын башкы директору Медис Казакбаевич Казакбаев бүт өмүрүн курулуш тармагына арнаган адам. "Азат" корпорациясынын башкы архитектору Алымкулов Урмат Назарбековичти легендага айланган адам десек болот. Борборубуздагы Өкмөт үйүнүн долбоорунун автору ушул адам. "Азат" корпорациясынын башкы куруучусу Абдрахманов Асеин Койлубаевичти, "Азат" корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Жөөтуманов Алымкул Нургазиевичти, 3-курулуш монтаждоо башкармалыгынын директору Мендеев Айдарбек Сагыналиевичти кимдер билбейт. Алардын алды бул үй куруу комбинатында иштегенине 30-40 жыл болуп калды.
"Азат" корпорациясынын ишмердигине берилген мамлекеттик баа катары 105-сериядагы ири панелдүү үй долбоору үчүн аны иштеп чыккан топтун Илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары болушканын айтсак болот. Бул сериядагы үйлөр өз мезгилинде баштагы Советтер союзу аймагындагы турак-жай курулушундагы эң ишеничтүү үйлөр катары да жогору баага татыган.
Эл тарабынан да аталган корпорацияга жогорку баа берилип, ыраазычылыктар айтылып келатат. Өз кезегинде "Азат" корпорациясы арзан жана сапаттуу социалдык турак-жай курган бирден бир үй куруу компаниясы бойдон калууда. Бүгүнкү күндө Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы социалдык турак-жайлар мына ушул "Азат" корпорациясы тарабынан курулууда.
Бүгүнкү күндө "Азат" корпорациясы бүтүндөй республика боюнча жаңы технология менен, тез бүткөрүлүүчү мектептерди курууда. Азыр андай мектептердин саны 12ге жетти. Бул жаңы технология менен курулуучу мектептердин артыкчылыгы "Азат" корпорациясы тарабынан курулуучу мектептер 9 балл жер титирөөгө туруштук берет. Бир эле мисал айталы. Алай районундагы Нура айылында жер титирөө болуп, айылдагы бардык үйлөр урап калганда, "Азат" корпорациясы курган мектеп гана ошол бойдон калып, эч жеринен жарака да кеткен эмес. Ошондой эле бул мектептер ар кандай өрт кырсыгына чыдайт. Эң башкысы, отунду аз талап кылып, кышында жылуу.
"Азат" корпорациясы учурда, 105-сериядагы бүтүндөй союзга таанымал, ишенимдүү жана коопсуз, 9 балл жер титирөөгө туруштук берген үйлөрдү курууну улантуу менен, 12,16 кабат ири панелдүү үйлөрдү курууну пландаштырууда. Анда, "Азат" корпорациясынын жамаатынын ишине ийгилик каалоо менен, алдыда келаткан жаңы жылы менен куттуктайбыз.

Болотбек Таштаналиев




Майрам шаңы
Жаңы жылдык оливье
Жаңы жылда бир
жылмайып коюңуз
***
Бала бакчада жаңы жылдык балаты аяктагандан кийин атасы баласына мындай дейт:
- Уулум сен быйыл бала бакчаны аяктап, эми мектепке барасың. Демек, сен чоң жигитсиң. Ошол себептен мен сага айта турган бир сырымды айтышым керек. Сен болсо аны түшүнгөнгө аракет жаса, эч кандай Аяз-Ата жок. Сага ушунча жылдан бери мен Аяз-Ата болуп келгем.
- Ооба ата мен билем, жада калса биздин огородко мени тыштап кеткен турна дагы сен экениңди буга чейин деле билип жүргөм.
***
Биздин Аяз-Ата Санта Клаусттан эмнеси менен айырмаланат? Жаңы жылда Санта Клаус соп-соо болуп, анан дайыма жалгыз жүрөт. Ал эми биздин Аяз-Атабыз мас болгону аз келгенсип, дайыма жанына бир кызды ээрчитип алат.
***
Эфиопияда болгон жаңы жылда аябай ачка болгон кичинекей балдар бир дүмбүлдүн түбүнө отуруп алышып, Аяз-Атадан белек күтүшөт. Ошентип, алар күткөн Аяз- Ата келет, анан аларды жаңы жылы менен куттуктап, кайра учуп кетүүгө даярданып жатканда кичинекей балдар
- Аяз-Ата бизге алып келген белегиң кана?
- Мен белектерди тамакты жакшы ичкен гана балдарга берем. Силерге болсо эч нерсе жок

Жаңы жылдык дасторкон

Тоок холодеци

1-1,5 кг тоок эти, 2 даана сабиз,1 даана пияз, кургак перец, туз ,сарымсак, 15граммдык эки баштык желатин.

Даярдоо:
Казанга муздак суу куюп тоокту кайната баштайт. Тоок кайнай баштаганда көбүгүн алат. Андан кийин сабиз, пияз, сарымсак, перецти эт сөөктөн ажырап бышканга чейин кайнатуу керек. Эт кайнап бүтөөргө 15 мүнөт калганда, желатинди 3 стакан кайнаган сууга аралаштырып кошот. Андан кийин тооктун шорпосунан этти жана бышкан жемиштерди чыгарабыз. Эми тоокту бөлүп, аны орточо көлөмдө туурай баштайбыз.
Эми шорпону бир аз жылытып, желатиндин көбүгүн кошуп аралаштырабыз. Анан этке шорпону кылдаттык менен куюп, муздаткычта катырабыз. Даяр болгон холодецти көк чөптөр менен кооздоп дасторконго койобуз.

Жаңы жылга
жаңы мода

2012-жыл ажыдаар жылы деп, жүрөктү түшүргөн көңүлдү чөктүргөн, кийимдерди кийүү туура эмес. Ажыдаар жылы болгонуна карабастан, тескерисинче көз жоосун алган назик жана романтикалык көрктүү кийимдерди кийүү модада актуалдуу болуп жатат. Ушул жылы кымча белиңиздин көркүн ачкан корсеттүү көйнөктөрдү кийиңиз. Ал эми, тамак ичкенде өзүңүздү кенен сезгиңиз келсе, 2012-жылда дизайнерлер дене мүчөңүздү бир аз гана кыса тургандай ар кандай узундуктагы кооз көйнөктөрдү дагы сунуштап жатышат. Дагы бир жаңылык 2012-жылды тосуу үчүн териден тигилген көйнөктөр кайрадан мода боло баштады. Эгерде, териден тигилген көйнөгүңүзгө ылайыктуу жалтыраган зергер буюмдарыңызды тагып алсаңыз көйнөгүңүзгө куп жарашып калат. Ал эми зергер буюмдар менен бут кийимдер тууралуу белгилеп кетүүчү нерсе, кара көйнөккө күмүш түсүндөгү шиш таканы кийип ага шайкеш кылып ошол эле төстөгү шакек, мончок, сөйкөлөрдү тагынып алсаңыз ажыдаар жылын тосууга куп жарашып каласыз. Ушул жылы кара, кочкул-жашыл, кызыл, боз түстөгү кийим -кечелер актуалдуу болот.

Айгерим Макешова