"Алибиге" сурооңуз барбы?

"Алибиге" сурооңуз барбы? Буюрса, бул рубрика алдында суроо-жооптор үзгүлтүксүз чыга баштайт. Урматтуу окурман калк, сурооңуз болсо, 0778809095 телефонуна кайрылсаңыз, же СМС жөнөтсөңүз болот. Кабарлашкыла, сиздерден кызык-кызык суроолорду күтөбүз.

"Келин жаман эмес, келген жери жаман", бирок...
Мен айыл жергесинде турам. Коомубуз аябай өзгөрдү, кааданы унуттук... Бир гана жаштар эмес, орто муун да салт-санааны биле беришпейт. Азыркы жаш келиндер башкача. Жүгүнгөндү кой, тим эле улуулар менен тең ата болуп алышат. Жаштарга да илгеркилердин насаатынан айтып койсоңуздар.
Абидин Бекматов, Нарын


Кыргызда: "келин жаман эмес, келген жери жаман" деп коюшат. Антсе да, жаңы келген келин эң уяттуу болот. Кайын ата, кайын эне жана сакалдуу киши, сакалдуу зайыптарга бутун сунбайт, аркасын салбайт, шак этип сүйлөбөйт, сылык жүрүштөр менен жүрөт, кайын агалары үйгө келгенде көшөгөнүн ичинде туруп да жүгүнөт.
Төркүлөө - кыз келин болуп күйөөсүнө келгенден кийин эки жыл өтмөйүнчө атасыныкына барбайт. Эки жылдан кийин төркүлөп барат. Кыз төркүлөп барганда ата-эне, туугандарына кийимдер, мал союп, тамактар алып, бир ат жетелеп барат. Төркүн да кызды бүт кийгизип, кайын ата, кайын эне, балдарга чейин кийимдер даярдап кыздын энчисине мал берип, каалаган ат, төөлөрүн берип жана мал союп көп тамактар бышырып куржунга толтуруп, узатат. Муну келиндин кешиги деп талап жешет. Кыз мындан кийин атасыныкына ар дайым бара берет, бирок эркек балдардай энчи кыздарга берилбейт.


Дүйнөдө канча кыргыз бар?
"Кыргыз көппү, жылдыз көппү" көбүртүп-жабыртып айтабыз, дүйнөдө болжол менен канча кыргыз бар?
Исамидин Исаков, Ош шаары

Кытай тарыхчысы Сыма Цзян (ал б.з.ч. 14585-жж. жашаган.) "Тарыхый эстеликтеринде" "26 тарых" ичиндеги Хунндар (оңдор) тарыхынын 50-бөлүмүндө: "…Кийин түндүктө Хун, Ро, Кутча, Динлин, Кыргыз, Сэнле сыяктуу мамлекеттерди багындырды. Ошо менен Хун аксөөктөрү ыраазы болуп Бөдүн (Моэдунь) Теңир Кутту Билге деп аташты" (Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө байыркы кытай тарыхый булактары (б. з.ч. III к. б.з. IX к. ) деп жазып кеткен экен.
2003-жылы 29-августта дүйнөдө канча кыргыз бар экенин кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк 2-курултайында толук эмес болжолдуу такташты. Расмий билингени: Кыргызстанда - 3101,0 млн. Кытайда - 182,0 миң. Ооганстанда - 3,5 миң, Казакстанда - 36,6 миң, Германияда - 8,4 миң,Түркияда - 7,8 миң, Англияда -13,6 миң, АКШда - 1,7 миң, Батыш Европада - 4,9 миң, Монголияда - 6,8 миң, Түштүк Кореяда - 0,7 миң, Австралияда - 0,2 миң, Манчжурияда - 0,9 миң, Иорданияда - 30,0 миң, Тажикстанда - 100 миң, Пакистанда - 0,5 миң, Өзбекстанда - 476,5 миң, Каракалпакстанда - 5,0 миң, Эстонияда - 1,0 миң, Украинада - 3 миң, Сауд Аравияда - 20 миң кыргыз бар.





"Баатыр эне" наамын ала аламбы?...
Мен Оштун Араван жергесинен болом. Атым Гүлсара Бекмурзаева. Жети баланын - 5 кыз, 2 уулдун энесимин. Турмушка байланыштуу эки жолу күйөөгө тийип, биринчисинен 4, экинчисинен 3 бала төрөгөм. Аталары бөлөк болуп, фамилиялары да эки башка. Мен "Баатыр эне" наамын алсам болобу? Айыл өкмөтүнө же дагы башка жактарга кайрылсам, болбойт деген жоопторун айтышат.

Гүлсара Бекмурзаева


Суроого КРнын президентине караштуу мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиева жооп берет: "Жети баласы тең өзүнүкү экенин тастыктаган документи болсо, албетте, "Баатыр эне" наамын алууга болот. Ошондой эле 14 жаштан жогорку курактагы балдары, күйөөсү сот жообуна тартылбаганы шарт. Муну жергиликтүү айыл өкмөтү, ИИМ бөлүмү тастыктаган документ бериши зарыл".