Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери п»ї

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 2
п»ї
"Жыл мыктысы-2011"
Жылдын мыкты судьясы - Бекбоева Динара

Жогорку Соттун судьясы Бекбоева Динара эже да быйылкы жылдын мыкты судьясы деп табылды. "Эр эмгегин эл жебейт" деген адилет сөз бар элибизде. Анын сыңарындай Динара айымдын Кыргызстандын төрт тарабында калыс алпарган ишин баалаган журт арасында карапайым адамдар көп экен.

Жылдын жылдызы - Атай Өмүрзаков

Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиреткени, дүйнө бий сүйүүчүлөрүн таң калтырып, эч кайталангыс кыймыл аракеттер менен адамдын өзгөчө касиетин ачып бергени, кайда, качан болбосун Ата-Журтунун атын бийик көтөрүп, кыргыз элинин мекенчил уулу экенин далилдегени, улам бир бийиктикти багынтууну беттеп, ал үчүн талбай аракеттенген өжөрлүгү үчүн!


Мыкты обончу-Абидин Темиров

Айтылуу Абидин Темиров кыргыз элине маанай көтөрүп, көңүл кушун учурган обондорун тартуулап келет. Окурмандарыбыз да аны жылдын мыкты обончусу катары көргүлөрү келээрин билдиришти.

Мыкты спортчу -Нуриза Оторбаева

Шахмат өнөрүндө өзгөчө орду бар . Дүйнөлүк мелдештерде кыргыз элинин намысын коргоп, байгелүү орундарга ээ болгон. Кыргыз элинин сыймыгы Нуриза Оторбаеванын ийгиликтерине токтоло кетсек, 2010 -жылы Анкарада болуп өткөн Түрк тилдүү элдердин шахмат боюнча таймашында коло медалдын ээси, эл-аралык ийри таймаштардын жеңүүчүсү. Кыргыз эли Нуриза Оторбаевадай чыгаан кыздары менен ар дайым сыймыктанат жана келечекте дагы көп ийгиликтерди күтөт.

Мыкты режиссер-Айбек Дайырбеков

Кыргыздын бермети делинген тасма тармагында эмгектенип, жаш болсо да өз жүзүн көрсөткөн чыгаан талант. Айбек Дайырбековдун укмуштай улутчул мырза экенин ушундан билиңиз, өтүп бараткан жылда "Кыргыз киносу" деген кыпкыргызча аталыштагы кинотеатрды ачып, кыргыздын кинолорун көрөрмандарга сунуш кылды. Сагынып калыптырбыз, суусап калыптырбыз, сүйүнүч менен көрүп жатабыз.

(Уландысы 8-9-беттерде)




Жаңы Өкмөт жакшы иште!
Жаңы Өкмөттүн курамын ЖоКенин депутаттары өткөн жуманын этегинде эптеп бекитип тынды. Былтыр да ошондой болгон. Коалиция деген команданын түзүлмөгү тозокко айланып, акыры Өмүрбек Бабанов айлакердик менен Атажуртту имерип, СДПКны ийге келтирип, коалиция түзгөн, так жаңы жылдын ирегесинде. Бул жолу да ошондой болду. Баягы эле Бабанов өзүнүн Өкмөтүн өткөрүп кайтты. Бирок, көп жагынан көпчүлүктүн буларыңа ичи чыкпай туру. Анткени, таза кадрлар, тажрыйбалуу кадрлар, сүймөчүк кадрлар аз болду. Коррупция менен, кландык башкаруу менен күрөшүп келгендер сыртка тебилип, эпчилдер ээрге отурду. Бирок, элдин дале болсо үмүтү чоң. Өкмөттүн арасындагы айрым адамдар ишти илгерилетип кетет деп бел байлашууда. Ошондой эле болсун. Ылайым Өкмөт жан баккан эмес, эл баккан өкмөт болсун! Ар бир кадамына көз салып, алдыртан карап туралы. Баары ачык болсун.


Бакиров Бековго кантип алмашты?
Жаңы Өкмөттүн курамын бекитүүдө СДПК башкы ролду ойнобой эле, "Республиканын" ана башы чечүүчү күчкө айланганын, ошонун колу менен айрым кадрлар курамга кирбей, өздөй кишилер өйдөлөп кеткенин коомчулук айтып жатат. Эл эле эмес бул кадамдарга ошол партиянын ичиндегилер нааразы болгону, Өмүрбек мырза менен партиянын ичиндеги айрым жигиттер кер-мур айтышып, аз жерден чоң чатак чыга жаздаганын да кулагыбыз чалды. Айталы, Бабанов мырза биринчи долбоорунда партиялашы Мамасадык Бакировду Өкмөттүн аппарат жетекчиси-вице-премьерлик кызматка сунуштап, бир түндүн ичинде аны Төрөгул Бековго алмаштырганы белгилүү болду. Шылтоосу- "Бакиров менен Атамбаев мырза жакшы эмес". Ушул да сөзбү? Көрсө АШАга шылтап коюп, бери жактан бир тобун өзү жайлаптыр да, иттики десе....


Жолуң дайым шыдыр болсун жаңы жыл
Кечикпестен эшигимди ачайын,
Кереметтүү Жаңы Жылым келгиниң.
Кенен жайып дасторконун толтуруп,
Кең пейилден тосуп жатат эл бүгүн.

Касиеттүү ата-баба калтырган,
Каада-салтты калтырбастан
кармай кел.
Кара курсак камын ойлоп элиңдин,
Кап толтура калың түшүм арнай кел.

Ыйык туткан алатоолук элиме,
Ынтымакты, ырыскыны ала кел.
Ыдыратып элди бузуп кыйнаган,
Ыймансызды ырыс отко сала кел.

Жоруктары жолдо калып
кыйкырган,
Жоболоңдуу жол тосконду карагын.
Жолуң дайым шыдыр болуп
Жаңы Жыл,
Жомок сымал ачкын турмуш
барагын.

Арам ойлуу мите курттай жүрүшкөн,
Алкы бузук адамдарды айдагын.
Ата-баба салтын бузган пикеттин,
Ат казыкка чыккыс кылып
байлагын.

Пейли оңолуп берекеси төгүлүп,
Бейпил турмуш болуп
турсун жеримде.
Бешик боосу бекем болуп Мекендин,
Бек сакталсын тынчтык жолу
элимде.

Арабызда жашап жаткан улуттар,
Асыл ойдон достук менен
кол берсин.
Ар бир үйдө мээрим төгүп балдарга,
Арча бешик бакыт үчүн термелсин.

Токтаалы Жапаров






Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 95

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 95

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 95

кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 95

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 95

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/11/1227_2.htm on line 95




а ­е¦Є.НҐй«