"АКырда" байланган төөдөн кулагандар
"Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл" дейт кыргызда. Быйылкы жылдын эсебинен алганда, "нардан жыгылган" Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков болгон экен. Ата-бабалардын нускасын аткарып, "нардын" буйласын кармап жыгылган Ахматбек мырза болду. Төрагалыктан кетсе да, депутаттык мандаты колдо турат. Буюрса, далайлардын өпкөсүн үзүп, колуна кармата турган күндөрү дагы да алдыда. "Муруту бардын үмүтү бар" деген кеп бар, аны "сындырдык" дегендер өтө катуу жаңылышат. Ахмат мырза, далайлардын кокосуна сайылган тикен болот. Аны көрөсүңөр.
"Нардын" буйласын кармай албай жыгылган Кубатбек Байболов болду. "Ат жалын төшөйт, эшек туягын төшөйт" болуп, жыгылганда да катуу жыгылды. "Моралдык-этикалык нормалар" бир гана Кубат мырзага тиешелүү экен. Кантсе да, эскинин тарбиясын алып калган эмеспи, эсине келе албай, эмне болду деп өзү да таңгалып турат.





"Ити "АКырдан" чөп жегендер"
Асилбек Жээнбековдун бактысы тоодой экен. Саясатка аралашканына аз болсо да, ага АКырдан орун табылды. Мырза экен, улунган-жулунган жок, бирок, Жогорку Кеңештин төрагалыгы ага буюрду. Азыр суктангандан Икрамжан Илмияновго суктанып жатышат. Көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Икрамжан мырза катуу секирик жасап, Атамбаевдин президенттик аппаратынын жетекчи орунбасарлыгына келип олтурат. Адатта, колунда бийлиги, анан байлыгы барларга теле менен ырчы жылдыздарыбыз токол болгусу келчү эле, "жылдыздарыбыздын" арасынан ага токол болгусу келгендер да бар чыгар. Ал бактылуу токол ким болор экен көрө жатарбыз.
Жантөрө аке Сатыбалдиев тууралуу сөз жок. Бу кишинин ооматы жүрүп келген, жүрүп атат, жүрө да берет деп ойлойбуз. Куду "Ленин жил, Ленин живет, Ленин будет жить" деген сыяктуу. Жантөрө аке кимдин доорунда гана иштеген жок. Бирок, качан караба, баягы эле, Сатыбалдиев сууга чөкпөгөн, отко күйбөгөн.
Аалы Карашев деген жигит бар. Атасы Азим Карашевди жакшы билебиз. Акаев доорунда премьер-министр жана парламенттин спикери гана болгон жок, калган кызматтардын баарында иштеди. Өзү да майлуу-сүттүү кызматтарда жүрдү. Жакшы атанын баласы, жакшы жердин күйөө баласы. Аалы мырза Атамбаевдин президенттик аппаратынын бөлүм башчылыгына келгенде, аны кадимки Конституциялык соттун легендарлуу экс-төрайымы Чолпон Баекованын күйөө баласы дегендер да чыкты. Биз иликтеп көрсөк, Аалы Чолпон Баекованын эмес, анын сиңдиси Дариканын күйөө баласы экен. Кайнатасы Жолдубаев Ырыспай медицина илимдеринин доктору, профессор экен. Аалынын жубайы тууралуу азырынча айтпай кое туралы. Ал да ити АКырдан чөп жегендерден дешет.
Акыркы эки жылда ити АКырдан чөп жегендердин катарына Төрөгул Беков кирет. Бу жигиттин гүлү айыл чарба министрлигин айда "аймалап", эми Өкмөттүн өзүнө келди. Сыягы, оңой жигит эмес окшойт. Башта, ал министр болгондо, аны Бакиевдин куйругу дешип жаткан. "Куйругу-муйругу" дегендер, чоң жаңылышыптыр, "өзүбүздүкү" эле экен.
Бек Мамашов




"АКырга" батпай калгандар
Акырга чөп, же жем салып коюп, малды короого киргизгенде акырга батпай калгандар болот. Анысы кандай, бийликтин АКырына батпай калгандар көп болду. Алардын анабашында Азимбек Бекназаров турат. Бакиев доорунда, Отунбаева доорунда Башкы прокурор болуп, ээрден тайыган агабыз Атамбаев бийликке келгенде, АКырга батпай, дагы АКырдын сыртында калды.
Бакиев доорунда "түү" деген түкүрүгү түшпөгөн Адахан Мадумаров президенттик жарышта аты кашаң болуп жүрбөй калды. Акаев доорунда арааны жүрүп, "ити чөп жегендер" Эмилбек Каптагаев менен Кеңешбек Дүйшөбаевге Атамбаев бийликке келгенде АКырдан "жем жей" албай калганы сизди билбейбиз, бизди өтө катуу таң калтырып атат.
Баса, Аликбек Жекшенкулов деген агабыз бар эле, аны унутушту. Ал да АКырдан сыртта калды. Темир Сариев мырза "жем жеген" АКырдан ага "жем" табылбай калганы кызык.