Атилла

(туулган жылы белгисиз- 453-жылы көз жумган)



434- жылдан 453-жылга чейин гунндарды башкарып келген. Чыгыш Рим империясына жана Галлияга кыргын салган жүрүштөрдүн башында турган. Ал баштаган гунндардын биримдиги эбегейсиз мейкиндиктерди багынткан.

Ал доорду "гунндардын өкүмү үстөмдүк кылган доор" - деп атасак болот. 375-жылы Азиядан Кара деңизге жүрүш жасаган гунн уруулары жолунан кезиккен элдерди багынтып, жерлерин ээлеп, багынтып, кээ бирлерин кылычтын мизи, найзанын учу менен шерик кылып, катарына кошуп алып жаткан. Алардын максаты - гунн урууларынын биримдигин түзүү эле.
Атилла бою кичине, кең көкүрөк, кууш көздүү, акылдуу, куу жана эрктүү адам болгон. Анын атасы Мундзук Ругилдин (гунндардын башчысы) бир тууганы болчу. 433-жылы Ругил көз жумган соң, бийлик Атилла менен анын тууганы (бир тууган же аталаш тууганы) Бледанын колуна өткөн. 445-жылы Бледа өлтүрүлүп, Атилла бийлик тактысын жеке ээлеп калган. Ал кезде гунндардын ээлигинде Альпы, Балтика деңизинен Каспий деңизине чейинки эбегейсиз жерлер болгон.
Атилла өзүнүн такка келүүсүн "бешенеме жазылган" - деп түшүнгөн. Буга байланыштуу бир уламыш айтылат: гунндардын малын кайтарган малчы аксап жүргөн уйду байкап, бутунан тамган кандын изин кууп жүрүп отуруп, дат баскан кылыч таап алат. Аны ошол замат Аттилага алып барып берет. Ал "бул кылыч жөн кылыч эмес, аны ыйык деп санаган скифтерге жеңиш алып келген Марс кылычы болушу мүмкүн" - дейт дагы, аны колуна кармап: "Бул кылыч жерде көпкө жатты эле, асмандын амири менен бардык элди багынтуум үчүн менин колума тийип отурат", - деген экен.
Гунндар менен Чыгыш Рим империясынын ортосунда Ругиланын убагында эле жер талаш болуп келген. Истранын жээгин (азыркы Дунай) бойлой отурукташкан уруулар менен Ругила дайыма кармашып келген. Андай учурларда чек арадагы уруулар римдиктер тарапка ооп кетишчү. Ругил да жөн калбай императорго Исла деген элчисин жөнөтүп, "чек арада тең укукта соода жүргүзүп, чек арадагы урууларды кайтарып берсин жана жылына 700 фунт салык төлөсүн" - деген талап кылган. Бирок, тараптар бир сөзгө келе алышкан эмес.
Кийинчерээк, императордун элчилери гунндардын өкүлдөрү менен Марга шаарында жолугуп, бир катар макулдуктарга жетишкен (Атилла менен Бледа башкарып турган кезде). Гунндар падыша тукумундагы балдарды туткунга алышып, көп узатпай аларды өлтүрүп салышкан.
Эки жааттын ортосундагы тынчтык көпкө узаган эмес. 442-жылы Атилла Марга шаарынын епискобун (христиан попторунун башчысы) гунндардын "падышалык күмбөзүн" талоонго алган" - деп айыптап, аны гунндарга берүү талабын койгон. Ал римдиктердин жообун күтпөстөн, Дунайдын аркы жагындагы Римдин түндүк бөлүгүнө сапар тарткан. Анын аскерлери Виминациум (азыркы Костолак), Маргус, Сингидунум (Белград) ж.б. жерлерди басып алышкан. Константинополду басып алуу далалаты ишке ашкан эмес.
443-жылы Херсонестин боюндагы салгылаштан кийин Чыгыш Рим империясынын императору Феодосий II ыкка келүүгө мажбур болгон. Тынчтыкты шарттаган бул макулдук римдиктер үчүн оңойго турган эмес. Келишим боюнча римдиктер гунндарга алгач 6 миң фунт, андан кийин жылына 2,1 миң фунттан төлөп туруусу керек эле. Мындан тышкары, чек арадагы урууларды кайтарып берип, бардык туткундарды бошотуу шарттары да каралган. Гунндарга колго түшкөн империянын жарандары кайтарылып берилген эмес жана ар бир качып кеткен туткун үчүн император 12 алтын тыйындан айып төлөгөн.
Муну менен римдиктердин гунндарга кун төлөөсү чектелген эмес. 447-жылы Атилла гунндардын ич ара мамилелерин териштирип алган соң, Рим империясын басып кирет. Бул жолкусунда римдиктер көптөгөн жерлеринен ажырашкан. Көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Орто Дунай жерлери гунндардын карамагына өткөн.
Мындан көп узабай Феодосий II дүйнө салган. Анын ордун император Марциан ээлеген. Ал салык төлөөдөн баш тартып, "досторум үчүн алтыным, душманыма камдап койгон темирим бар" - деп Атилланын жинин келтирген. Бирок, гунндардын башчысы ага эрегишкиси келген эмес. Анын максаты - Батыш Римди өзүнө каратуу эле. Ага шылтоо гана керек болчу.
450-жылы кайсы бир кетирген катасы үчүн катуу тартипте кармалган Гонория (Батыш Рим империясынын канайымдарынын бири) туугандарына билгизбей Атиллага шакек жөнөтүп, колукту кылып алуусун сунуштайт. Баш кошуунун арты менен кандай пайда табарын түшүнгөн Атилла Феодосийден болочок келинчегин сурай баштайт. Ал кыздын себине империянын бир бөлүгүн алууну көздөгөн. Бирок, ал талапка көнбөгөн император Гонорияны Равеннага энесиникине жөнөтүп, ал жактан күйөөгө берип салат. Бул кабарды уккан Атилла жини кайнап, катуу ызаланган.
451-жылдын январь айында ал Галлияга жүрүшкө чыгып, ага Рейн аркылуу бармай болгон. Анын аскерлеринин саны болжол менен 300 миңге (500 миңге деп да айтылат) жеткен.
Гунндар түндүк Галлияны аянбастан чапкан. Римдик аскер башчылар болсо, эч каршылык көрсөтпөстөн артка чегине беришкен. Алардын айынан көп сандаган эл басып алуучулардын эркине калтырылып, көбү кырылган. Ошентсе да Атилла бардык дин өкүлдөрүнө бирдей мамиле жасап, бирдей караган. Болгону, анын аскерлери чиркөө кызматкерлерин жек көрүшкөн.
Ошентип, арадан көп өтпөй гунндар Аргенторат (Страсбург), Ворбетомаг (Вормс), Кельн, Могонтиак (Майнц) ж.б. жерлерди талап-тоноп кетишкен. Ал калаалардын катуусунан казаны, жумшагынан күлү калган.
451-жылы июнда гунндар Орлеанды камоого алышкан. Бул шаардын эли алардын чабуулдарына даяр болушканы менен, "азык-түлүк жетпей калат" - деп чочулашкан. Алар Галлиянын башкаруучусу Аэцийге жардам сурап кайрылышкан. Ал аскер башчыларына тийиштүү тапшырманы берген. Гунндарга алы жетпесин билген Аэций вестготтордун падышасы Теодорихти өз тарабына тарткан.
Ал арада шаар беш жума бою камоодо турган. Шаардын жашоочуларынын акыркы үмүттөрү өчүп, дарбазаларды ачып салышкан. Гунндар калааны талап-тоноп жаткан кезде, күтүлбөгөн жерден Аэций менен Теодорих аскерлери менен каптап киришкен. Атилла артка чегинген. Ал тар жерде эмес, кенен талаада салгылаш жүргүзүү зарыл деп эсептеген. Каталаун талаасында салгылаш жүрүп, ал тарых барактарында "Элдердин салгылашы" деп жазылып калды.
Атилланын аскерлери үч бөлүккө бөлүнүп: ортодо Атилла баш болгон гунндар, сол тарапта остготтор ж.б. басып алынган уруулар, оң тарапта германдык шериктештер турган.
Ал эми Аэций аскерлерин башкача уюштурган: ал өзү баш болуп, римдик атчан жана жөө аскерлер сол жакта, оң флангда Теодорихтин аскерлери, ортого аскерлердин эң алсыздарын - аландарды коюшкан. Теодорих өзүнүн уулу Торисмундду Аэцийдин жанына кошуп берген. Эки жааттын ортосунда гунндардын оң тарабынын согушка катышуусуна тоскоолдук кылчу бийиктик бар болчу. Торисмунд ошол аймакты кармап туруу милдетин алган.
Талаада айыгышкан салгылаш жүргөн. Эки тарап тең душманын качырууга аракеттенген. Аландарды качырып, Атилла ортого кирип барса да, калган эки фланг катуу кармаш жүргүзүп жаткан. Бир учурда каршылаштын сол флангы Торисмунд менен биригип, ал гунндардын лагерине чейин кирип барган. Бирок, аны атчан аскерлер артка чегинткен. Ыңгайсыз абалды байкаган Атилла артка чегинүүнү туура көргөн.
Белгисиз себептер менен Аэций сүйлөшүүгө барууну чечкен. Атилла аскерлерин Галлиядан чыгарып кетүүгө макул болгон. Бул гунндардын башчысынын биринчи жолку жеңилүүсү эле. Салгылашта 150 миң адам курман болгон.
Жеңилүү ызасы Атилланын демин өчүргөн эмес. Ал кийинки жылы эле Италияга кирип барып, катуу кыргын салган. Бирок, ал дагы артка чегинген. Ага чума менен ачкачылык себеп болгон. Ал Марциандан өч алууну каалаган эле. Бирок, гунндардын башчысы тилегине жетпестен 453-жылы Паннонияда (азыркы Венгрия) көз жумган. Имиштер боюнча, аны жаңы алган колуктусу Ильдека өлтүргөн. Ал герман уруусунан болуп, эли үчүн өч алган.
Атилланын өлүмүнөн кийин анын уулдары ич ара чатакташып, бара-бара гунндардын империясы урай баштаган. Аягында гунндар Волга, Урал жерлеринде отурукташкан аварларга (байыркы көчмөн элдердин бири) сиңишип кеткен.



Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!