Колтугуңда эмнең бар?


Өткөндө "Алибиге" (№28 (280) "Президенттин колтугундагы коррупция" аталган макала жарыяланып, анда Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Т.Коёналиевдин "кокуй" иштери тууралуу кеп болгон эле. Ошондон бери эшигибиз тынчый элек. Көрсө биз Айсбергдин үстүн эле жазыптырбыз. Деле, "президенттик" аталган, бул сүрдүү ишкананын ичи эбак эле былжып, саңырсып кеткенин кайдан билдик?!

Ыргып кетип, кайра
конгон Р.Ибрагимов
Араң эле турганбы, Президенттин алдындагы Иш башкармалыгынын Автотранспорт бирикмесинин жамаатынын өкүлдөрү алты кулач, беш эли кайрылуусун алып редакцияга келишиптир. Колго тийген фактыларга карасак 200дөн ашык адам иштеген бу жамаатта ынтымак жоктой. Аркы Ак үйгө жакындыктан уламбы "ит ыркырак" илдети буларга да жугуптур. Илдетти алып жүрүүчүлөр, жугузуп жаткандар ким экендигине кызыксак ишкананын башчысы Рашид Ибрагимовду, башкы инженери Тынычбек Шамшыбаевди көрсөтө беришти.
Айтымдарында, апрель окуяларынан кийин жамаат, "таза кандуу бакиевчи" катары Рашид Ибрагимовду ташка алып, кууп чыгышыптыр. Ошондо күтүүсүздөн эле "революционерге" айланган Т.Шамшыбаев аябай кайрат көрсөтүп, Р.Ибрагимовду дыркырата куугандарга жетекчилик да кылып жиберет. Р.Ибрагимов качып барып калың бактын түбүнө отуруп, көкүрөгүн басып, эс алгандан кийин "мени мыйзамсыз иштен алышты" - деп сотко кайрылат. Сот антип-минтип ал ишти караганча, Р.Ибрагимов Автотранспорт ишканасын айлана басып, алдынан чыккан айдоочуларды ажыдаардай арбап, "урган ташыңарды деле унуттум, силер да унуткула, мен кайра келсем, баарыңарды жыргатам"-деп өзүнө тарта баштайт. Акыры, соттун чечими менен кайра ордуна келген Р.Ибрагимов баягы айдоочуларга берген убадасын дароо унутуп, "Нооруз" майрамына карата берилчү сыйлыктан кур калтырып, баарын боз-ала кылат. Атүгүл кварталдык сыйлыкты да бербей кызаңдап "иштесеңер жөн иштегиле, болбосо силердин ордуңарга иштечүлөр табылат" -деп чамына баштайт. Ошондон бери жамаат "ит ыркырак" абалында.
Эң кызыгы Р.Ибрагимовду иштен айдаган "революционер" Т.Шамшыбаев бат эле анын койнуна шып кирип, "киндик" түйүштүрүп чыга калганына "ушу күнгө чейин түшүнбөйбүз"- дешип жамааттын башы маң.

Шапар тепкен
Шамшыбаев
Ишкананын эмгек жамааты, бул экөө атайын "Барбарос" планы менен иш алып барышууда"- деген пикирде. Себеби, Р.Ибрагимов кайра келери менен директордун орун басары Б.Усубакуновду тендердик комиссиянын төрагалыгынан күүлөнүп туруп алып ыргытып, анын ордуна Т.Шамшыбаевди момпойтуп отургузуп коёт. О-уу, Т.Шамшыбаев момурабай калсын. Көп өтпөй Автотранспорт бирикмеси мурда тендер жарыялоонун негизинде автоунаанын тетиктерин 7-8 магазинден алып жүрүшсө, эми бир гана ОсОО "Перекресток" ишканасынан алып калат. Эмгек жамааты "Перекрестоктун" ээлери (Рустам, Махамаджан) менен Т.Шамшыбаев дос, запастык бөлүктөргө бөлүнгөн көптөгөн миллиондорду өз ара бөлүшүп келет"- деген ойду айтышууда.
Редакцияга кайрылгандардын айтымында Т.Шамшыбаев өткөн кылымдын 70-жылдарынан бери ушул ишканада иштеп келаткан аксакал экен. Жашы 66да. Пенсия алат. Адегенде Ч.Айтматовду тартып жүргөн шоопур болуптур. Бирок, орто билимдүү экенине карабастан, 1990-жылдардан камсыздоочу (снабженец), андан кийин башкы инженердик кызматта иштейт экен. 2005-жылы бакиевчилер 7-8 ай башкы директор кылып отургузуп койгон күндөр да болуптур. Ошону менен ишканадагы жогорку билимдүү инженер-техник адистерди Т.Шамшыбаев 20 жылдан бери шапалаксыз айдап иштетип келатыптыр. Бирок, кайрылгандардын айтымында Т.Шамшыбаевге шапалак үйрүүгө дегеле мүмкүн эмес экен. Т.Шамшыбаев президенттин аппаратында, өкмөттө иштеген кишилердин дээрлик бардыгын колго алып коюптур. Алардын айтымында бул "оп-оңой эле"- дешет. Т.Шамшыбаев чоңдордун шоопурлары аркылуу алар менен ысык мамиле түзүп, мамлекеттик же жеке машиналарын ишкананын эсебинен оңдотуп берип, көңүлдөрүн алып турат экен. Ал эми ага кеткен запастык бөлүктөрдү бухгалтерия аркылуу "списать" эткен жагынан "буга теңдеш азырынча чыга элек" дешип баш чайкашат. 2006-2007-жылдары бул бирикмени Президенттин Иш башкармасынын аудит бөлүмү текшерип көргөндө 2,5 млн.сомдук запастык бөлүктөр, материалдар жоголгону аныкталган. Ал текшерүүнүн жыйынтыктары ошол боюнча "жабылып" кала бериптир.
Мунун себебин, учурда Президенттин иш башкармасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Н.Мамбетакунов (ал ушул ишканага 4 жыл директор болуп иштеп, Т.Шамшыбаев экөө "табакташ" болуп жүргөн дешет) менен байланыштырышат. Жогорку фактылардын "оозун баскан" ошол киши деген кагаздарын көрсөтүштү.
"Т.Шамшыбаев ишканадагы Мира Мамбетова деген ишкананын чарба бөлүмүнүн башчысы аркылуу көптөгөн запастык бөлүктөрдүн "кулагын ушалап" ийгенге маш" дешет жамааттын өкүлдөрү. Айтмакчы, материалдык жооптуу кызматта иштеген М.Мамбетованын, мастерс-койдун ачендиги болуп иштеген В.Кучин деген эргулдун да болгону орто билими бар экен. Ишкананын эмгек жамааты айтпаган күндө дагы сырткы көз менен караганда ушул фактылардын өзү эле ишканада билимине, кесиптик даярдыгына эмес, тааныш-билиштик жагына көңүл буруулары оркоюп көрүнүп тургансыйт. Ошентип, Т.Шамшыбаев ишканага тиешелүү, баасы кымбат "Кархер" аттуу эки автоунаа жуугучту таламандын тал түшүндө "ремонт" шылтоосу менен чыгарып кетет. Муну билип калган бирикменин башкы механиги К.Бакиров чыркырап жатып, кайра араң алдырып келиптир. Бир сөз менен Президенттин алдындагы Иш башкармалыгына караштуу Автотранспорт бирикмесинде абал жакшы эмес. Анын эмгек жамааты кайда гана кайрылбасын жыйынтык чыкпай келет. Тескерисинче "арызданасыңар,"- деп Президенттин Иш башкармалыгынын бөлүм башчылары А.Мадумаров, Ч.Абдырахманова айдоочулардын артынан түшүп, ачык эле коркутканында кеп бар. Ушунун баары чындап эле президенттин колтугунда болуп жатканы өкүнүчтүү.

Темирбек
Алымбеков




"Өрдөктөр"


уча баштады


Өмүрбек Бабанов 24-апрелде коалициялык көпчүлүктүн алдында парламенттин иши туурасында отчёт бергендин эртеси интернет-сайттардын бирине "сенсациялуу" кабар чыкты. Анда премьер-министрдин казак миллиардери Булат Утемуратов менен "сүйлөшкөн сөздөрүнүн стенограммасы" жарыяланган.

Албетте, бул "стенограмма" кокустук эмес, ал өз учурунда, өз ордунда пайда болду. Ошол күнү коалициялык көпчүлүк министрлер кабинетинин ишин талкуулап, канааттандырарлык баа берген. Анан Ө.Бабанов 26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдына чыгып, жасалган иштер боюнча отчётун бермек.
К.Ташиев бул "стенограмманы" өзүнө тиешелүү "Саясат кg" интернет сайты менен "Күндарек" газетасына жарыялай салды. 2-апрелде болсо ал парламент трибунасынан ушул маселени иликтеш керек деп кыйкырып чыкты. Бул стенограмманын изи кайда алып барат? Бардыгы ирети менен жасалып жатканы көрүнүп эле турбайбы? Ушундай кара технологияларды колдонгон Максим Бакиев, Алексей Ширшовдор эмне болушту?
Ушундай көө жабуу ыкмасы менен каршылаштарынан өч алуу саясатчыларга аброй алып келбейт.
Алгач, бул кимдир-бирөөнүн интернет-блогунда пайда болуп, анан аны москвалык аты-жыты белгисиз бир басылма көчүрүп андан соң Кыргызстандын аймагындагы сайттарга жарыялап, анан аны оппозиция өкүлдөрү парламент трибунасынан айтып чыкты. Бул сөзсүз түрдө депутаттарга да көмүскө таратылат. Оппозиция лидеринин деңгээли ушул. Иши кылса технологияны да дурустап жасай албагандыгы көрүнүп турат.
Бул боюнча "Де-факто" гезитине чыккан комментарийге орун берели
- "Чындыкка коошпой турган, жасалмаланган иш. Анын үстүнө эптеп чүргөй салганын көрүүгө болот,- деди бул туурасында "Коммерсантъ" газетасынын Кыргызстандагы кабарчысы, белгилүү медиа-эксперт Кабай Карабеков. -Маалымат түз алып караганда, чагымчылдык духка сугарылган. Мисалы, мен буга көңүл буруп да коймок эмесмин. Себеби, мындай маанайдагы маалыматтар мындай басылмаларда биринчи ирет пайда болуп жатканы жок. Бул чагымга заказ бергендерди сырттан издеп кереги жок, алар республиканын ичинде. Болгону кимдир-бирөөлөр максатына митинг менен жетпей калгандыктан, ушундай ыкмаларды тандап алышты".
"Алиби" пресс





Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!