А. Атамбаев канчада турат?
Элибизде "күн чыкканча уктаган пенде таңкы ырыскыдан кур калат" деген кеп бар. Азыркы Президентибиз Алмаз Шаршенович мурдатан эле ошондой режимге көнгөнбү, бийликке келгени санаасы тынып, жайбаракат иштегиси келгенби, айтор иш күнүн чоң шашкеде баштайт экен. Балким мамлекет үчүн мээ чабыш кылып, катуу чарчап, бутун серпкенге жарабай жатып калгандыр. Бирок, ушул жерден бир нерсени айтып коюу керек. Убагында качкын президент Курманбек Бакиев мамлекеттик резиденцияда тээ түн бир оокумга, тагыраагы түнкү саат 2ге дейре кошоматчылары менен күпүлдөп арак ичип отурганына карабай, эртең мененки 7де жаздыктан башын көтөрүп, өзү мактангандай, өйдө-төмөн чуркамыш болуп, анан саат 8ден калбай резиденциядан чыгып кетүүчү дешет.
Бир урганда үч тиш
Талас губернатору Койсун Курманалиеванын жардамчысы Руслан Болотов кайдан экенин ит билсинби, айтор "ак молдодон" аябай урдуруп алган экен, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турганда, көзүнө обладминистрациянын постунда ишин аткарып отурган, милициянын старшинасы Тимур Нурбеков чалдыгып калбайбы. Анан Руслан берениң муштумун абага үч айланта күүлөп, ошол күүсү менен шилтеп калганда, тигинин үч тиши ыргып, үч жакка барып түшүптүр. Обладминистрациянын кире беришинин баары кан дейт. Учурда башы иштебей, муштуму иштеген жардамчынын үстүнөн иш козголду. Ал эми губернатор зөөкүр жардамчысын иштен алабы же канатына калкалап калабы, көз салып турабыз.
Жарга такап...
Кечээ Ө.Бабанов "Ата-Журтчулардан" айбыкканбы, кандай, ЖКга 46 чиновнигинин курчоосунда келди. Жыйындын жүрүшүндө "Ата журтчу" депутат Мыктыбек Абдылдаев эбак эле даярдалып, депутаттарга таркатылып берилген "өкмөттүн иши канааттандырарлык деп табылсын",- деген токтомдун долбоорун көрсөтүп, "эмне үчүн эртелеп мындай деп жаздыңар, андай болсо отчетуңарды угуп убара болбой эле коёлу" - деп жарга такады. Ортого түшө калган спикер А.Жээнбеков "бул тармактык комитеттин сунушу, өкмөттү азыр угабыз",-деп арачалап калды...Антпегенде...Ай, ким билет, ким билет...
Мухтар Өмүракуновго аш берилет
Коомдук ишмер, мыкты саясатчы, меценат, кыргыз мигранттардын "атасы" болгон маркум Мухтарбек Өмүракуновдун жылдыгы 1-май күнү Ат-Башы районунун Акталаа(мурдагы Калинин) айылында өтөт. Бул күнү Кыргызстандын туш тарабынан барган мекенчил уул-кыздар маркумга куран окушуп, анын артындагы эмгектерин эскеришмечи. Аш ортосунда эле жалпы Атбашылыктардын өтүнүчү менен Ат-Башы районунун борбордук көчөсү болгон Чатыр-Көл көчөсүнө Мухтар Өмүракуновдун ысымын ыйгаруу митинг-реквиеми болуп, аягында райондун жаштарынан турган "Чеч-Дөбө" жаштар кыймылынын демилгеси менен маркумдун жаркын элесине арналган райондук деңгээлде мини-футбол боюнча турнир өтмөкчү...
Акыры келди
Ошентип Ө.Бабановдун өкмөтү ЖКга 100 күндүк отчетун берди. Анын келишин көптөн бери күтүп жүргөн депутаттар (айрыкча парламенттик оппозиция) суук-салкын тосуп алышты окшойт. Алардын маанайын билгизгенсип, ара-чолодо Ак үйдүн свети өчүп, микрофондор иштебей, Ө.Бабановдун "чыңкылдаган" үнү угулбай да калып жатты. "Сүйлөп бүтсөң сыртка чыгарсың" - дегенсип түгөл чогулган "Ата-Журтчулар" коридордо күтүрөп жүрүштү. А.Келдибеков улам-улам чылым чегип, өз түтүнүнөн, өзү көрүнбөй калып жатты. "Мынчалык түтөсө чыгып келаткан Ө.Бабановду кайдан көрмөк эле?"- деп биз турдук...Бул учурда Ө.Бабанов "...кечээки стенограмманы жасап, Орусиялык сайттарга короткон акчаларды, жетим балдар үйүнө жумшаса болмок" - деп жыйындагы К,Ташиевге сырдуу жылмайып турган.
Каралбай калган Карпинка
Бишкек шаарынын күн чыгыш жагындагы айтылуу Карпинканы ким билбейт. Үйгө жетпей жүргөн учурда көбүбүз ошерде квартиралап жүрдүк. Баары өзгөрсө да Карпинка баягы эле таз кейпинде. ЖК депутаты Турсунтай Салимов Карпинканы катыра билет экен: "...мунун аянты 40 гектар, 4 - 5 миң киши жашайт, инфраструктура дегенден эчтеме жок. Айрым үйлөргө 100 жылдан ашты. Жыл сайын эле жолун оңдомуш этип, тияк-быягын жамамыш болбой, бул үйлөрдү бузуп, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салуу керек" - дейт. "Ырас айтпадыбы,"- деп элдин көңүлүндөгү маселени көтөргөн депутатка ичибиз жылып калды.
...Канча минут катышты?
Өткөндө парламенттин жыйынына бар болгону 16 депутат катышып, маанилүү маселелер каралбай калган. Алардын жыйынга катышуусу бизге да кызык болгондуктан, кирип-чыккан депутаттарды байкап турдук. Айталы, "Ата-Мекенчи" Ширин Айтматова саат 11. 05те сессияга келип, эки жакты элейе карап, кымбат баалуу телефондон интернетин чукулап, жумшак креслосун нары бери айланта ойноп, анан нары жактагы "Ата-журтчу" Улан Чолпонбаев менен күлүп жайнап бирдемелерди сүйлөшүп, жылуу коштошту да залдан саат 12 35 те чыгып кетти. Ошондо ал болгону 1 жарым саат гана залда отурду. "Ө.Текебаев кыйын болсо ушундай депутаттарды чыгарбайбы"- деген ойдо калдык.
Бөйрөгү чыккан туннель, уйдун өлүгү
"Алибинин" кызматкери "Таласка барып келем"- деп таза жүрөгү түшүп калыптыр. Эптеп апаптап, эсин жыйганда сурасак, "Төө-Ашуу" туннелинин бөйрөгү бери тээп чыгып, азыр аска басып калчудай абалга жетип, ичинен ат агызган суу күркүрөп, адамдын эси чыкчудай болуп калыптыр," - дейт. "Анан ошого эле ушунча болдуңбу" -десек, Манас районуна барып, андагы шарптан кырылып жаткан малды көргөнүн айтат. Жергиликтүү эл шарптан кырылган малынын айласын таппай, өлгөн малды ачык эле талаага таштап жатышыптыр. Айылдын четинде жаткан уйдун өлүгүн өз көзү менен көрүптүр. Жергиликтүү мал дарыгерлери үлгүрбөй жатканбы же кайдыгерби, айтор караган киши жок. Тезирээк чара көрбөсөк болбойт го. Шарп жайылып кетсе, шаабыз жетпей калып жүрбөсүн.
Өзүм "жайлайм" дептир
Бу парламентке бир кирсең имиш кептерден кулагың шишип, калдайып чыгасың. Атын атагысы келбеген бир депутат, Ташиевдерди тиги "Республикачылардын" атаманы Алтынбек Сулайманов токтотуп калганын, "Ө.Бабановду өзүм жайлайм"- дегенин, анткени, Кайсарга ичи чыкпай жүргөнүн кулагыбызга шыбыраганга үлгүрдү. "Анткенинин жөнү бар"- дейт, "шыбырчы". Өткөндө фракциянын 4 жетекчиси Ө.Бабановдон Ч.Турсунбековдун жакын тууганын "кызматка коюп бер" - деп суранышса БӨТ болбой коюптур. Турсунбековдун тууганы да оңой эмес көрүнөт, Кайсардын алдынан тосо чыгып, "ысык" салам берген экен, эртеси эле Ө.Бабановдун буйругу менен тигил сураган кызматына бакыйып отуруп калыптыр. Ушунун баары "алтындай жигит" Алтынбек Сулаймановдун ачуусун келтирип жатса керек.
"Алиби" пресс
