Оюңду жашыра бил

Мыйзамдын чечмелениши


Адамдарды сенин дилиңде эмне турганын билбеген, андыктан оюн жыйнай албаган абалда карма, жасап жаткан ишиңдин төркүнүн ачпа. Кандай кадамга барарыңды аңдабаган алар өздөрүн коргой алышпайт. Аларды жалган издерге салып, туман түшүрүп кой, алар антип-минтип сенин эмне ойлогонуңду билгенче, кеч болуп калат.

Мыйзамдын
сакталышы

1850-жылы Пруссия парламентинин депутаты, 35 жаштагы Отто фон Бисмарк, өзүнүн кызматтык карьерасынын бурулушунда турду. Күн тартибинде Германиядагы майда мамлекеттерди бириктирүү (Пруссияны кошкондо), Германиянын алсыздыгынан пайдалангысы келген, "бириксеңер көрдүңөр" - деп муштум көрсөтүп турчу, түштүктөгү кубаттуу коңшусу - Австрияга каршы согушуу маселеси турган эле. Пруссия тагынын мурасчысы герцог Вильгельм согушту жактап, парламент деле макул болгонсуп, армияга чакырууга даярданып калышкан. Бир гана король Фридрих Вильгельм IV жана анын министрлери Австрия менен согушка каршы болчу.
Бисмарк атка мингени Пруссиянын күч-кубаттуу болушун жан-дили менен колдоп, ага кызмат кылган. Ал Германиянын биригиши, Австрия менен согуш, Германияны узак убакыт бытыранды абалда кармап турган бул өлкөнүн кыйрашы тууралуу кыялданчу. Мурдагы жоокер, согуш аракеттерин атак-даңкка, жеңиштүү максаттарга алып келчү жол катары караган.
Ал көп жылдар өткөндөн кийин: "Убакыттын башкы маселеси кургак сөз, резолюциялар менен чечилбейт, темир жана кан менен чечилет",- деп айткан адамдын нак өзү болчу.
Ашынган патриот, аскердик даңкты эңсеген Бисмарктын "эртең согуш болот"- деп турган маалда, парламентте сүйлөгөнү баарынын оозун ачырат. Ал: "Түпкү себептерин билбей туруп, согушканы жаткан мамлекеттик кызматкерлерге убал жок. Ал себептер согуш бүткөндөн кийин деле маанилүү болуп кала берет. Согуш аяктаганда көп нерсеге башкача карай баштайсыңар. Ошондо, согушта чолок-мунжу болгон, балдарын жоготкон карапайым адамдардын көзүн караганга кайратыңар жетээр бекен?" - дейт. Бисмарк согуштун кесепеттерин айтып жүрөк түшүргөндөн тышкары, Австрияны айга-көккө жеткире мактап, анын аракеттерин коргоп да чыгат. Бул Бисмарктын мурунку айтып жүргөндөрүнө таптакыр карама-каршы эле. Ошентип, кежигеси кер тарткан Бисмарк, "эмне болсоң ошо бол" дегенсип, согушка каршы туруп алды. Башка депутаттардын көпчүлүгү кыштын күнү чагылган түшкөнсүп, анын мунусун түшүнбөдү, айрымдары добуш бере келгенде колдоп чыкты. Натыйжада король, анын министрлери утуп чыгып, согуш болбой калат.
Бир нече жума өткөндөн кийин тынчтыкты колдогондугу үчүн ыраазы болгон король Бисмаркты министр кылып дайындайт. Арадан дагы убакыт өтүп, Бисмарк Пруссиянын премьер-министри болуп калат. Мына ошондо ал өзүнүн өлкөсүн, баягы "тынчтыкты сүйгөн" королду Австрия менен согушууга алып кирип, күчүнө сыйынган империянын таш- талканын чыгарып, Пруссия башында турган кубаттуу Германияны негиздейт.

Түшүндүрмө

Бисмарк 1850-жылы парламентте сүйлөөгө тилин "кайрап" жатып, ошондогу абалды ийне-жибине чейин иликтеп чыккан. Биринчиси: ал Пруссия милитаристтик маанайда болсо дагы, аскердик күчү жагынан Европанын башка өлкөлөрүнө караганда чабалдык кыларын түшүнгөн. Андыктан арты кайгылуу бүтүшү ыктымал эле. Экинчиси: эгерде согуштан утулуп калышса, анын үстүнө ошол согушту колдоп чыккан болсо, Бисмарктын саясатчы катары күнү батмак. Король, анын консервативдүү министрлери тынчтыкты көздөсө, Бисмарк бийликти көздөгөн. Бул маселени чечүү үчүн ал бардыгын жалган изге салып, өзү мурда колдобой жүргөндү колдоп, башка бирөө айтса күлө тургандай иш жасап, бүт өлкөнүн башын айлантпадыбы. Бисмарктын ошол сөзү үчүн король аны министр кылды, андан премьер-министрликке аттады. Анан Пруссиянын аскердик кубатын күчөтүп отуруп, көздөгөнүн жүзөгө ашырды: Австрия жеңилди, Германия лидер катары Пруссиянын айланасына баш кошту.
Бисмарк шексиз, бардык мезгилдердин эң акылдуу мамлекеттик ишмери, стратегиянын чебери, амалдуусу болгон. Ал учурда анын алысты мелжеген оюн эч ким туйган эмес. Эгерде ал өзүнүн эмнени каалап турганын ачык айтса, "азыр коё туралы, анан "көргөзөлү" - деген болсо парламентте добуш берүүдө алдырып коймок. Анткени, Пруссия Австрияга каршы токтоосуз согушка кирүү абалында турган. Ошондой эле, министрлик кызматты алгысы келип, король менен мышык-чычкан оюнун баштаса, мунусу да жүзөгө ашмак эмес: король амбициясы ашкан немеге ишенери күмөн эле.
Теңирден тескери иш жасап, деле чын пейилден сүйлөп жаткансып, баарынын мээсин тумандатып, түпкү максатынан шек алдырбаган Бисмарк акыры тилегине жетти. Мындай сырыңды жашыра билгендик түбү бийликке алып келет.

Бийликтин ачкычы

Көпчүлүк адамдардын ачык китептен айырмасы жок. Алар эмне сезип, эмне койгонун, эмне кылайын дегенин, кез келген жерде айта беришет. Муну алар көп себептер боюнча дайыма жасашат. Биринчиден: эмне кыларын, кандай максаттары бар экенин сүйлөө - адамдын жаратылышында бар. Дегеле, өзүңдү өзүң карманып, абайлап сүйлөп, тилиңди тишиңе катып жүрүү үчүн бир топ күч жумшоого туура келет. Экинчиден: көпчүлүк адамдар "пакизалык, ачыктык баарына жагат"- деген ойдо болушат. Бул чоң жаңылыштык.
Пакизалык, аныгында кескендин ордуна, кебетесин кетире жанчыган курал сыяктуу. Пакиза билип-билбей көңүлгө көлөкө түшүрүп коюшу ыктымал; бирок, өзүң көрүп-туйган, санаага салып, жүрөк ооруткан чындыкты айтканга караганда, адамдар уккусу келген жакшы сөздөрдү айткан алда канча маанилүү. Ал эми бет-келди даалдаган ачыктыктын айынан, сенин кандай кадам жасаарыңды билишип, сенден айбыкпай, коркпой да калышат. Мындай адамдар бийликти кармай алышпайт.
Эгерде бийликте жүргүң келсе, пакизалыгыңды ар жакка ыргытып, өзүңдүн максатыңды жашыра билүү искусствосун үйрөн. Ага жетсеңер - дайыма бийикте болосуңар. Өзүнүн максатын жашыра билүүнү, адамдын табигый касиети, натурасы менен түшүндүрсө болот: биз биринчи инстинктик кабыл алуубуз боюнча - көрүп турганыбызга дайыма ишенебиз. Угуп-көрүп тургандарыбызга ишенбей жашай албайбыз. Алардын артында эмне турганын ар дайым ойлоо бизди чарчатып, жеп бүтмөк. Дал ушул нерсе бир нерсени жеңил жашырып коюуга мүмкүндүк берет. Жөн гана адамдардын алдында сен чыныгы каалаган нерсе катары (каалаганың башка экенин өзүң эле билесиң) бирдемени көрсөтүп кой - баары ошого ишенип калат. Ага арбалган сансыз көздөр, сенин анык максатыңды байкабайт. Адаштырган, жалган, карама-каршы белгилерди коюп, сен адамдарды жазгырып гана тим болбостон, жүгөнсүз эле жетелеп аласың.
Кээде, жан дүйнөңө таптакыр коошпогон кайсы бир идеяны, позицияны колдомуш эткен, алаксытып, көз жазгырган кадам жасоо абдан натыйжалуу чыгат. (Муну 1850-жылы Бисмарк эң мыкты ийгилик менен колдонбодубу). Көпчүлүк - мурдагы көз карашыңды, баалуулуктарыңды чанып, күтүүсүз өзгөрүп, чын пейилден чыркырамыш этип турсаң дароо ишенет. Ушунун баары ар кандай максаттарың үчүн жарактуу; канчалык көзүң көргүсү келбесе дагы эл көзүнчө кайсы бир нерсени ушунчалык жактырып тургандай түр көрсөтүп - душмандарыңды чаташтырып, кур талаага буруп жиберсең болот.
1711-жылы испан тагынын мураскерлиги үчүн согушта англиялык армиянын башкы командачысы, герцог Мальборо, Франциянын маанилүү жолун коргоп турган француздук фортту талкаламакчы болот. Бирок, форт бузула турган болсо, француздар герцогдун - бул маанилүү жолду эмне үчүн басып алмакчы болгонун билип калмак. Ошондуктан ал фортту басып алганы менен ал жерге анча-мынча аскерин калтырып, сыртынан караганда кайсы бир максат үчүн форт өзүнө керек өңдүү түр көрсөтөт. Француз армиясы кайра чабуулга өткөндө, ал фортту алардын кайрып алуусуна мүмкүндүк түзөт. Француздар фортко жетип-жетпей эле, "англичандар кайсы бир максатта пайдаланган жатат"- деп ойлошуп, аны өздөрү бузуп, талкалап салышат. Ошентип, форт талкаланып, жол тазаланып, Мальборого бүтүндөй Франция боюнча аралай чапканга шарт түзүлөт.
Бул ыкманы төмөнкүчө да колдонсо болот: максатыңды ачыкка чыгарба (бул жерде "эмнени жашырып жатат" - дегендей шектенүүнү жаратуу тобокелчилиги бар), бирок, эмне каалаганыңды тамагын айрылганча айта бер, бирок чыныгы көксөгөнүңдү, эгерим билгизбе. Мындай жол менен үч коёнду бир атасың: көзгө өтө эле кичи пейил, ишенимге татыган, ачык адамдай көрүнөсүң. Эч нерседен шек албаган конкуренттериңди ишке ашпаган иштин артынан жиберип, далай убактысын аласың.
Адамдарды адаштыруунун дагы бир күчтүү куралы - жалган пакизалык. Адамдар ак пейилдикти, пакизалык катары бат кабыл алышат. Унутпагыла алар эң биринчи тышкы көрүнүшкө дароо ишенишет, алар пакизалыкты баалап, баарын ошондой көргөндүктөн, сенин ичиңде "ит өлүп" жатканынан шек ала коюшпас. Эгер сен айтып жаткандарыңды чындыктай туюндура алсаң, ал сөздөрүң эбегейсиз күчкө ээ болот. Яго дал ушинтип алдап, Отеллону өлтүргөн: Яго анын терең сезимдерин, Дездемона "көзүмө чөп салып жүрөт," - деген тынчсыздануусун көрүп туруп, Отеллону ишенбей койбой турган абалга жеткирип жатпайбы. Дал ушундай жол менен улуу алдамчы, Сары Бала аталган Вейль карапайым адамдарды сөзүнө ынандырып, ( жасалма акция, байге бербеген ат өңдүү) алдап кетчү да. Бирок, пакиза болумуштун да чеги бар. Өтө эле "күнөөсүздөй" боло берсең шек туудуруп алышың да ыктымал. Ар нерсенин чеги болорун эсиңерден чыгарбагыла, ынандымдуу, ишенимдүүдөй көрүнгүлө, болбосо, алдап жатканың ачылып калышы ажеп эмес.
Ар жагыңда арамзалыгың жатканын жашырган, жалган пакизалыкты кубаттуу куралга айландыруу үчүн ошол пакизалык, ишеним баалуулуктарын колдой бил. Кээ-кезде элге чыгып, бул маселелер боюнча өзүңдүн позицияңды билдирип тур. Албетте, ишке анча тиешеси жок, мааниге ээ эмес маселелердин учугун чубамыш бол. Напеолондун министри Талейран Полишинелдин кайсы бир жашырын сырларын айтымыш болуп жүрүп, элди өзүнө тартып алган. Бул ыкма бир үлкөндүн ишенимине кириш үчүн жасалчу.
Эсиңерде болсун: чыгаан алдамчылар өзүнүн "алдар көсөлүгүн" жашырууда бардыгына барышат. Алар таза эмес иштерин көргөзбөө үчүн, таза адамдардын ишенимине кирүүнү үйрөнүшөт. Таза, пакиза көрүнүү - алардын атам-замандан келаткан "асыл" ыкмасы.

Которгон
Темирбек
Алымбеков







Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!