Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Бул сунушуту Текебаевден мурда Атамбаев киргизген"
- Учурда Ысык- Көлдө чек араны бузуп кирүүчүлөр тууралу түрдүү пикирлер айтылууда. Кээ бирлери кепке келбеген банги мафиясынын өкүлдөрү атайылап жок кылынды деп да жатышат. Аскер адамы катары айтсаңыз кыргыз чек арасын көздүн карегиндей сактоо үчүн кандай чара көрүшүбүз керек?
- Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйрак ашуусу Николай заманынан, падыша доорунан бери пайдаланылып келе жаткан өтө татаал ашуу. Кыштын кыраан чилдесинде атайын чоң даярдыгы бар, жакшы куралданган адам гана ал жерден өтпөсө, оңой менен өтүүгө мүмкүн эмес. Ошол жердеги малчылардын айтуусунда, кытайлыктар мергенчиликке жана өзүнүн кызыкчылыгы менен кыргыздын чек арасынан өтүп келип жүргөнү белгилүү. Ошол эле маалда алар кыргыз элине, кыргыз жарандарына курал кесеп, курал колдонгон эмес.
Мына өткөндө чек арадан 40 км алыстыкта чек арачылар алар менен ок атышууга мажбур болушкан. Демек, 40 км өтүп кеткенден кийин болгон нерсе болуп жатат. Экинчиден, алар динчил экендигин байкап жатабыз. Орус мерген чарбасынын жетекчисин мууздап "Аллаху-акбар" деп кыйкыргандыгын күбөлөр айтышууда. Демек булар диний экстремисттер экендигине шек жок. Үчүнчүдөн, Кытайда 15-январда террористтик акт болуп, эл майып болгон. Менин оюмча мына ошого катышкан же ошолорго шериктеш адамдар кытай бийлигинен качып, биздин чек арага кире качканынан шек санайм. Демек алардын даярдыгы менен мурун жолдун кыйынчылыгын билген адамдар өтүп келгендиги анык болду десек туура келер.
- Айтмакчы, билинбегени менен Кыргызстанда диний кырдаал да кылдын учунда тургансыйт, буга сиздин пикириңиз кандай?
- Парламентте отурган мыйзамчылардын колдоосу жана калкалоосу менен дин жагы өнүккөндүгү баарыбызга белгилүү. Дин бүгүнкү күндө биздин өлкөнү өзүнчө эле сыноо полигонундай пайдаланып жатат. Бизде эмне деген гана дин жок. Ата-бабадан бери тутунуп келген ханафид масхабына төп келбеген ислам агымдары жүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Ошол эле ислам агымынын аркасында жүргөн адамдардын айынан мурдагы жылы Стрельниково айылында атыш, спорт ордосунда жарылуу болгон. Алардын катышуусу менен Дордой, Карасуу базаларында жардыруу болгон. Демек, бүгүнкү күндө Кудайга жол ачкан адилет сөздөрдү таратуучу адамдар автомат, жардыргычтарды пайдаланып, каапырлар менен күрөшкөндү элге үлгү көрсөтүшүүдө.
Ошол эле маалда Афганистандагы моджахеттер, талибандар, Америкадагы өкмөт менен биргелешип, өзүлөрүнүн ишин жасап жатат. Демек, учурда ислам фронту, ислам бир туугандыгы кимдин кызматын кылып жаткандыгы көрүнүп турат. Ошондуктан биздин эл кыраакы болушу керек. Кыргыз эли динден да мурун жашаган. Кыргыз мамлекетинин жетекчилери биз мусулман өлкөбүз дешет. Ал эми Конституцияда светтик өлкө экенибиз даана көрсөтүлгөн. Муну менен биздин элдин эки жүздүүлүгү аныкталууда. Эгер ислам динине берилип, ислам мамлекетин курабыз дешсе, анда ачык айтып, ошол нерсеге референдум өткөрүп өтүшүбүз керек.
- Айрым эл өкүлдөрү өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышат. Сиз бул нерсени колдойсузбу?
- М.Салымбеков бул нерсени 3-ирет көтөрүп чыгууда. Ал киши жөнөкөй адам эмес. Ал киши да бүгүнкү күндө Кыргызстанда болуп жаткан чакчелекей, өлүм житимди, зордук-зомбулукту көргөндүгүнөн, элине боор тарткандыгынан, мыйзамды тебелеп жатышкандыгынан мына ушундай нерсени көтөрүп чыгып жатат. Өз убагында мен да ушул нерсени көтөрүп чыккам. Мен аны колдойм. Анткени, мусулман дини, христиан дининде да өлүмгө өлүм, жазага жаза деп өзүнүн осуятын айтып келген. Демек, алар да адамга мыкаачылык мамиле жасап, зордук -зомбулук кылган адамдар жашоого укугу жок деген сөздү айтышууда. Депутат демилгелеген мыйзам абалга дал келет.
- Жакында Ө.Текебаев "жемкорлук" "мамлекетке чыккынчылык" боюнча мыйзамын сунуштап, ал парламенттен өтүп кетти. Эми Президент кол койсо, бул мыйзамдын шылтоосу менен көп иштер козголгону калды окшойт. Бирок белгилүү болгондой мыйзам артка иштебейт эмеспи? Кандай болуп калат?
- Мунун баары формалдык нерсе. Биз зыяндын салмагын, анын элге түшкөн мүшкүлүн унутпашыбыз керек. Мына учурда бир жарым миллион эл тентип жүрөт. Анын айынан түштүккө башка мамлекеттен келип отурукташып, элдин там-ташын сатып алып жаткан, жергиликтүү элди сүргөн учурлар болуп жатат. Бул нерсенин баары тең бири-бири менен байланышта.
Мына бүгүнкү күндө биз Кумтөрдү алсак, айнек, шуру, сынган мылтыккка жерин сатып жиберген байыркы индеецтердей болуп учурда резервацияда отурабыз. Биз билимдүү болсок да ошол жолдон чыга элекпиз. Анткени, биздин жетекчилер, качып кеткен Акаев, анын жан жөкөрлөрү, андан кийинкилер өз чөнтөк, өз кызыкчылыгын ойлоп, кыргыз элинин байлыгын башкаларга сатып жибергендиги менен биз ушундай начар абалда туруп жатабыз. Элдин байлыгы элге тийиш керек. Ага кол салган адамдар жашоого да укугу жок. Ошондуктан Текебаевден мурун бул сунушту Атамбаев киргизген. Муну биз унутпашыбыз керек.



Максимге жетпеген Кыргызстандын түшүнө Надель кирет

К ыргызстандын укук коргоо тармагы өлкө ичинде жашаган коррупционерлер менен күрөшүп, акырына чыга албай жаткан мезгилде Кыргызстанды тоноого "кол кабыш кылган" чет элдик жарандар кандай кармалышса ошондой жоопкерчиликтен кутулуп кетишүүдө. Тагыраагы укугун билбеген Кыргызстандын укук коргоо тармагынын чала өлгөн жылаандай болгон иш аракети жыйынтык берген жери жок. Максим Бакиевдин өнөктөшү, "Азияуниверсалбанктын" ээси Михаил Надель кандай кармалса, ошондой тездик менен бошонуп кетти.


Италиянын Тренто шаарынын аппеляциялык соту Наделдин жактоочусунун "Кыргызстанда Михаил Надель саясий көз карашы үчүн кыйноого туш болушу мүмкүн" деген жүйөөсүн бетке кармап, өтүнүчүн канааттандырды. Кыргызстан деген мамлекеттин кызыкчылыгын четке сүрүп таштады. "Гарден" мейманканасында эс алып жаткан Надель 12 сааттын ичинде кабагым кашым дебей камактан чыгып кетти. Сот Кыргызстандын ички турмушуна буга чейин дагы көп жолу кийлигишип келген бир катар чет элдик уюмдардын адам укугуна байланышкан мисалдарына таяныптыр. Михаил Наделди Кыргызстандын соту 16 жылга "сыртынан тон бычып", күчөтүлгөн режим менен эркинен ажыраткан. Трентонун аппеляциялык соту Кыргызстан тараптын мындай "сыртынан бычкан" чечимин бир тыйынчалык көрбөй, Наделди камактан бошотуп койду.
Элдин эсинде болсо Улуу Британиянын укук коргоо органдары бир катар оор кылмыштар боюнча издөө жарыяланган Максим Бакиевди кармаган. "Максим Бакиев АКШнын өтүнүчүнүн негизинде кармалган жана эми бул өлкөгө өткөрүлүп берилиши мүмкүн" деп саясат таануучулар божомолдогон эле. АКШнын тартип коргоо органдары Максим Бакиевге "баалуу кагаздар менен мыйзамсыз операцияларды жасаган жана мыйзамдуулукту орнотууга тоскоол болгон" деп айып койгон. Бирок, аталган кылмыш ишин кандай ачса ошондой кыскартып салып, бул тууралуу Кыргызстандын укук коргоо органдарына кабарлап койгонго жараган эмес. Ошентип Американын укук коргоо органдары аркылуу Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп алууга ниеттенишкен. Бирок "сыртынан эркинен ажыраткыч" соттун "Максимди 25 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыраткан" чечимин кучактап, улутунуп отуруп калган. "Сыртынан 24 жылга соттолгон" Белорусиядагы Курманбек Бакиевдин өткөрүлүп берилиши тууралуу сөз Кыргызстан тарап ооз ача электе токтогон. "15 жылга сыртынан соттолгон" Данияр Үсөновдон дайын жок.
Азиз Батукаевди "килемге салып" учуруп жиберген өлкөнүн укуктук тармагынын иши жайында болбогондон кийин башкача мамиле күтүүнүн деле кажети жок экендигин башкалар жакшы билет.
"Алиби" пресс







Пикир: